Расул Маматкулов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «ОПЕРА ЫРЧЫСЫ БОЛБОЙ ЭСТРАДАНЫ ТАНДАГАНЫМА КЕЙИБЕЙМ»

№660 25-июнь-1-июль, 2015-ж

Кезинде «Мен бийге чакырсамбы?», «От болдум», «Жамиля» деген ырлары менен популярдуу болгон ырчы Расул Маматкуловду ким билбейт. Узун чачынан улам «кыргыздын Жиммиси» деген атка конгон ырчы убагында далай кыздарды сүйдүргөн. Өзү акыркы жылдары сахнадан анчейин көрүнбөсө да, кызына, уулуна ыр жазып берип, татыктуу орун басарларды тарбиялап жаткан ырчынын атактуулукка карай баскан жолу кандай башталган? Чогуу иликтеп көрөлү.

«КОРЕЙЛЕРДИН ПИЯЗЫН ОТОП, ГИТАРА САТЫП АЛГАМ»
– Мен окуучу куракта Рыспай Абдыкадыров, Түгөлбай Казаковдор катуу чыгып жаткан кез эле. Аны менен катар индия кинолору мода болуп, андагы ырларды жаттап кыңылдап калчумун. Ал кезде магнитофон деген жок, бардык ырларды радиодон укчубуз. Менин музыкага болгон кызыгуум күчтүү болгон окшойт, талаада корейлердин пиязын отоп иштеп, 3-4 күндүк акыма гитара сатып алгам. Ошол учурдагы көпчүлүк ырчылар чыгармачылыгын аккордеон менен баштаса, мен гитара менен баштадым. Аны өзүм эле 7-классымда гитара черткен балдарды көрүп жүрүп үйрөнүп алдым. Коомдук жумуш деп бизди пахта тергени таалага чыгарчу. Талаадан ким биринчи келип гитарага колу тийсе, ошол кечке чертер эле.Мындан сырткары орустардын ырчысы Юрий Антонов, «Машина времени» деген топтун солисттерин туурап ырдайт элек. Мен гитара черткенде классташ кыздарым мени тегеректеп муюп угуп отурушчу.

«МАИ КЫЗМАТКЕРИ БОЛБОЙ, ОПЕРА ЫРЧЫСЫ БОЛУП КЕТТИМ»
– Атам 25 жыл айдоочу болуп иштеген. Жолдон МАИ кызматкерлери тосо берип атам коркуп калганбы, айтор, «сен МАИчи болосуң» дей берчү. Бишкекке досум менен келип Автожол техникумуна тапшырып өтүп кеткенбиз. Бирок окууга каалоом болбой, айылга кетип калдым, досум да мени ээрчип баса берди. Бир жолу гезиттен Опера жана балет театрынын алдындагы студияга абитуриенттер алынып жаткандыгы тууралуу жарыяны окуп калдым. Ал убакта музыкалык ансамблде иштеп жаттым эле, топтогу музыканттар «жок дегенде ошол студияны бүтүрүп кел, сени көркөм жетекчи кылып алабыз» дешкен. Тапшырып, бир жыл окуп, кийин азыркы Кыргыз улуттук консерваториясына которулуп кеттим. Консерваторияда деле билимимди опера классында уланттым.
Студент кезимде эстрада мени көп алаксытып койду, турмуш шартка байланыштуу ресторанда музыкант болуп иштеп жүрдүм. Күндүзү опера классында окусам, кечинде ресторанда ырдачумун. Мага мыкты устат болгон агайым профессор Токтоналы Сейталиевдин угуу жөндөмү укмуш эле, ырдаганымда «түндө дагы эстрадада ырдадыңбы?» деп билип койчу. Өткөндө үйүмдү куруп бүтүргөндө агайымды чайга чакырсам, «балам, сен Опера жана балет театрын куруп алыпсың го» деп тамашалады. Азыркы Опера жана балет театрында иштеген алдыңкы солисттер менин курсташтарым. Мен опера ырчысы болбой, эстраданы тандаганыма кейибейм.

«ПОПУЛЯРДУУЛУК 2000-ЖЫЛДАРЫ КЕЛДИ»
– 1992-жылы ыраматылык композитор Тарас Асанакунов «Мен бийге чакырсамбы?» деген ырды жазып берип, ушул чыгарма менен ысымым эл оозуна алынды. Бирок мага чыныгы популярдуулук 1999-жылы «Ош азем түндөрү» сынагында Гран-прини жеңип алгандан кийин келди деп эсептейм. Ушул сынактан кийин бир дүң болдум.
Сынакка катышып калганымдын да кызыктуу тарыхы бар. Жубайым Катянын кичи мекени Куршабда жүргөн элек. Экөөбүз сыналгыдан сынактын жарыясын угуп калдык. Жеңүүчүгө Волга 3110 үлгүсүндөгү унаа беришет экен. Анан жеңеңер «катышпайсыңбы, ушул Волганы утуп алсаң Жалпак-Ташка айдап барып келебиз, ээ?» дейт. Жалпак-Таштын жолдору аябай жаман да, мен жеңеңерди «сен жакшы машинанын жаман жолго айдайм дейсиң» деп тамашалап жыргаганыбыз эсимде.
Сынакка катышам деп келсем, Гүлшайыр Садыбакасова «сени коноктордун тизмесине кошуп койдук, белекке сыналгы беребиз» дейт. «Эже, мага сыналгынын кереги жок, мобу машинаны айдап кетем, катышуучулардын тизмесине кошуңуз» дедим. Ошентип сынакта жеңүүчү аталып, машинамды айдап кеткем.

«ФОНОГРАММАСЫЗ ЫРДОО ДЕМИЛГЕСИН МЕН КӨТӨРГӨМ»
– 1998-жылы фонограммасыз ырдоо демилгесин алгач мен көтөргөм. Чынында гастролго аябай көп чыкчумун, 6-7 саат тынбай жандуу ырдай берет элем. Менин деңгээлимдеги ырчылар чыгып фонограмма менен, а мен жандуу ырдайм, бирок элдин кабыл алуусу бирдей эле деп кой. Анан бир акылдуу киши «үнүң сенин акча таба турган, үй-бүлө бага турган куралың, кичине аясаңчы» деген кеңешин айткан эле, ошондон кийин ойлонуп калдым.
Өзүмдү улуу композитормун дебейм. Жөн эле мүмкүнчүлүгүмө жараша элдин маанайына ылайык ырларды жазып коём. Ырларым тойлордо көп ырдалат, бийлегенге ыңгайлуу, жаттаганга оңой дегендей. Чыгармаларымды сүйүп уккан күйөрмандарым бар, ошон үчүн 20 жылдан ашуун чыгармачылыкта жүрсөм керек. Кафелерде көп иштеп жүрүп кардарларыбыз өзбек, уйгур, айтор, чет элдик ырларга көп бийлешерин билчүмүн. Бир күнү арданып эмнеге кыргызча ырга бийлегенге болбосун деп, «От болдум» деген ырымды чыгаргам. Ойлогондой эле бардык улут бийлей турган ыр болду. Ал эми «Мерседес» деген ырымды «кыргыз кыздарын темирге теңеди» деп сындап жүрүшөт. Бул ырдын сөзүн Манас Бердибеков жазган, ошондо ыраматылык көзү ачыктык кылып «эл кандай түшүнөт?» деди эле. «Мерседес» деген деле татынакай кыздын аты болгон, ошол кыздан кыргыздын кыздары кем эмес деген мааниде эле жазылган болчу.

«БОЛОТ МИҢЖЫЛКЫЕВ ЧАЧЫМДЫ КӨРҮП КҮЛӨ БЕРЧҮ»
– Жаш кезде италиялык ырчы Тото Кутуньонун ырларын кууп укчу элек. Ошонун чач жасалгасын туурап жаш жигиттер жарашса да, жарашпаса да чачты узун кылып өстүрүү мода болуп кеткен. Мен да модадан калбай чачымды өстүргөм. Маркум Болот Миңжылкыев бизден экзамен алып калганда студенттердин баары коркчу, кабагы такыр жазылбаган киши эле. Бирок мени эмнегедир жакшы көрчү, чачымды сеңселтип аудиторияга кирип келсем «ну, итальянец, ну что делаешь, аа?» деп күлүп калчу.
Ыраматылык Калый Молдобасанов да опера классынан сабак берип калды, укмуш тартипти бекем кармайт эле. Берген партияларын жаттабай келсең, нота жазылган барактарды ыргытып жиберет, артынан өзүм кошо аудиториядан учуп чыкчумун. Бир жолу аскердик комиссариаттан текшерүүдөн өтүп калдык. Карасам эле жанагы мода кууп чачын өстүргөн балдардын баары чачы жок таз болуп чыгып жатышат. Мен чуркап барып эжейиме «эртең концертим бар эле, концерттен кийин алдырсам болобу?» десем, макул болду. Ошентип баары таз чыккан аскер комиссариатынан мен узун чачымды сактап калгам. Азыр достор менен бильярд ойноп жеңилип калганда «чачыңды алып салайынбы?» дей беришет. Мен «чачымды аскер комиссариаты ала албай койгон, сен өмүрү ала албайсың» деп тамашалап калам.

«ЖУБАЙЫМ ҮЙДҮН МОТОРУ, МЕН ДАЙЫМА РУЛДАМЫН»
– Жеңеңер Катяны биринчи жолу концертте көрүп тааныша албай койгом. Анда арыкчырай сулуу кыз эле (күлүп). Ошол концертте тийишип, артынан куусам да таанышпай койгон. Бир күнү үй алайын деп жарыя боюнча бир үйгө барып, дарбазасын каккыласам, Катя ачып жатпайбы. Ошентип кайра таап алдым. Жылдызыбыз келишти, үйлөнүп алдык. Ошол киши менен өмүр бою жашагың келерин адамды бир көргөндө эле түшүнөсүң. Катя менин бекем, ишеничтүү тылым. Бирди эки кылган жакшы сапаты бар. Өзүм чыр-чатактан алыс адаммын, бирөө менен айтышпайм, жубайым сүйлөй бериши мүмкүн, а мен дароо эшикти жаап чыгып кетем. Бирок жыйынтыгы мен айткандай болот, жубайым үйдүн мотору, мен дайыма рулдамын. Балдарга кам көрүү, үй түйшүктөрү баары жеңеңердин моюнунда, мен орчундуу маселелерди гана чечем.
Эл мени унутуп калат деп коркпойм, анткени артымда өнөрүмдү улоочу мураскерлерим бар. Айгеримге канча ыр жазып бердим, ошол ырлардын дээрлик көбү хит болуп жатты. Ал эми Руслан даяр кадр, ырчы кылсаң болот. Кичүү кызым Аянаны юрист кылсамбы дегем, бирок ал да жакшы ырдайт. Кээде бул кызым Айгеримден да ашып өтөт го деп ойлоп кетем.

ИБРАГИМ ЖУНУСОВДОН ЖАКШЫ ЫРЧЫ БОЛОМ ДЕП...
– Ибрагим Жунусовду ырларын кассетадан угуп мен ушундан жакшыраак ырчы болом дечүмүн. Кыргыз эстрадасында түштүк диалектисин коё бербеген Ибрагим Жунусов менен Расул Маматкулов деп айтышат экен. Бул негизи жылдап келген нерсе, чынында «а» тамгасын башкача айтып ырдап коёбуз. Бая күнү досторума «бир жаңы ыр чыгардым «Кокон гилас» деген» десем, кайра окшоштуруп айта албай кыйналышты (күлүп).

АШКАНАДА...
– Тамакты келиштире жасайм. Айгерим «тамакты сиз жасаңызчы» деп суранганда жасап берем. Анан кызым «эмнеге сиз жасаган тамак бат эле түгөнөт, атайын аз жасайсыз, ээ?» дейт. Мен «даамдуу тамак жегиликтүү болот, апаң тамак жасаса биз тоёбуз, кошуналар тоёт, кошунанын иттери тоёт» десем күлөт. Бир күнү жеңеңер аябай катуу кылып нан жасаптыр. «Бул нанбы?» десем, «ооба, бышкан нан» дейт. «Сеники курал болуп калыптыр, бул нан менен башка бир чапсаң адам өлүп калат» десем кийин нан жасабай койду.

Катя Маматкулова, жубайы:«ДҮЙНӨ КАРАҢГЫ» ДЕГЕН ЫРЫН МАГА АРНАГАН»
– Расул ырларын эч ким жокто, жанына көк чайды коюп алып жалгыз калганда жазат. Кокусунан түнү ойгонуп калсам, «уктай бер, сага арнап ыр жазып жатам» деп коёт. Кимге арнап жатканын Кудай билет, өзүм деле такып сурай бербейм. Бирок «Дүйнө караңгы» деген ырын мага арнаган. Экөөбүз 25 жыл жашап биринчи жолу түшүнбөстүктөр болгон кез. Расул бильярдды көп ойнойт, бир күнү үйгө конок келмек, ал болсо бильярд ойногону кеткен. Балдарым менен түнү бою Расулга алмак-салмак чалып такыр алдыра албай койдук. Таң атканда кызуу болуп келип машинасынын ачкычын ыргытып уктап калды. Ошондо таарынып балдарымды алып, муздаткычка тамак-ашын даярдап, баарыбыз телефондорубузду өчүрүп, эч кимге эч нерсе айтпай Ысык-Көлгө кетип калганбыз. Бизди аябай издептир, кошуналардан, досторунан сурап барыптыр. Анан кошуналар «келбесеңер болбойт, Расул жаман болуп жатат» дешти. Ошондо үйдө отуруп «Дүйнө караңгы» деген ырын жазган экен. 4-күн дегенде Айгерим «ата, биз Ысык-Көлдөбүз» деп сатып коюптур. Түн бир оокумда жетип келип, баарыбызды кучактап ыйлаганы эсимде.
Үй-бүлөдө ишеним болбосо, туруктуулук болбойт. Мен өзүмдү эч качан Расулдан бийик койгон эмесмин, биздин үй-бүлө анын мыйзамы менен жашайт.Негизи эле уулу да, кызы да атасынын айтканынан чыгышпайт. Расул келип калса кичүү кызым чуркап дарбазаны ачып, келип чай коюп тыпылдап турат.

Токтоналы Сейталиев, СССРдин Эл артисти, агайы: «ОПЕРА ЫРЧЫСЫ БОЛУУГА МЫКТЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ БАР ЭЛЕ»
– Расул атына заты жарашкан жигит. Атактуу опера ырчысы болууга мыкты мүмкүнчүлүктөрү бар эле. Качан эстрадага өтүп кеткенин мен деле байкабай калдым, билсем жибербейт болчумун. Жаш кезинде чач десе чач, каш десе кашы, өң-келбети келишкен зыңкыйган жигит эле.
Адамгерчилик сапаты өтө бийик, мүнөзү жумшак, эч кимдин көңүлүн оорутпайт. Үнүндө да мүнөзүнө окшош жумшак, назик тембр бар. Студенттердин арасынан айырмаланып турчу, жакшы окуйт эле. Ошондо эле бул баладан бир мандем чыгарын туйчумун. Бирок азыр деле өзүнчө кадыр-баркка, сый-урматка ээ. Жакында таята болгону турат. Менимче, консерваторияда алган билими чыгармачылыкта чоң пайдасын тийгизди.

Мадан Кашкынчиев, классташы: «РАСУЛ МЕНЕН ЧАЛГЫНГА ЧОГУУ ЧЫКСА БОЛОТ»
– Расул экөөбүз 1988-жылдан бери достук катышыбызды үзбөй келебиз. Бул жылдарда экөөбүз ысык-суукту,жакшылык-жамандыкты чогуу басып өттүк. Ал ишенимдүү дос, чалгынга чогуу чыкса болот. Эсимде, биз 7-8-класста окусак керек эле. Балдар менен тыйын чогултуп «Эскимос» деген балмуздак жейбиз дедик. Ал балмуздак 11 тыйын болчу, 7 бала 33 тыйын чогулттук. Асфальт жолдо балдар менен баратсак чоң класста окуган орус бала велосипед тээп баратыптыр. Расулдун колунда рогаткасы бар болчу, ошону менен асфальтка атса, жолдогу ташка тийип, ал таш барып орус баланын далысына тийди. Эми бул орус бизди өлтүрөт дегиче болбой эле Расул рогаткасын жанындагы бир балабызга кармата салып жатпайбы. Тиги орус бала келип рогатка кармаган баланы жаактан ары бир чапты. Анан бир бүтүн балмуздакты жаакка жеген балага берип жубатканбыз. Ал эми эки балмуздакты алтообуз бөлүп жедик. Тиги таяк да жеди, бүтүн балмуздак да жеди. Классташтар чогулганда ушул окуяны көп эстейбиз.


«Айгерим 3,5 жашынан мени ээрчип бийлеп жүрүп чыгармачылыкка аттанган. Сиңдиси Аяна да чыгыш бийин бийлеп эжесинен кем калышпай ырдап жүрөт».

«Үй-бүлөм менин тылым, улуу кызым Жанна турмушка чыгып өз жолу менен кеткен. Айгерим жакында төрөйт. Руслан менен Аяна өзүбүздүн колубузда».


Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


Расул Маматкуловдун чыгармачылыктагы басып өткөн жолу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(38)
SUPER.KG видео
27.06.2015. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аябай жакшы киши.Ак конул.Бир жолу минтип айтканын уктум эле"уйдо майда проблемаларды жубайым чечет,чон проблемаларды мен чечем,бирок уйлонгонубузго 20жылдан ашты,бир да жолу чон проблема боло элек"-дегенин)))))
Медиа-портал
27.06.2015. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
соонун маек мынча жонокой э Расул байке ийгилик уй булолук бакыт
Медиа-портал
27.06.2015. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ИИй тим эле Расул ага болтойуп ширин го суйлогондору да орду орду менен абдан бир сындуу,жонокой экени байкалып турат.Жубайы деле ачык айрым жаркылдаган айым экен.Уй булонуз менен бактылуу болунуз ишинизге ийгилик,коп жашаныз.
Медиа-портал
27.06.2015. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
туура уй булодо ушундай тартип болот.бактылуу болунуздар.
Медиа-портал
27.06.2015. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
сонун агай да ушул,азаматсыз Расул агай ден-соолук,ийгилик болсун ар дайым.
Медиа-портал
27.06.2015. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне учун комментарийлер азайып кеткен
Медиа-портал
27.06.2015. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырлары дагы жагымдуу,озу дагы акылдуу адам,Ийгиликтерди каалайбыз!
Медиа-портал
27.06.2015. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы маек болуптур.Уй булоолук бакыт.
SUPER.KG видео
27.06.2015. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жонокой адам Жонокой маек
SUPER.KG видео
27.06.2015. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аябай жакшы маек болуптур. Браво супер инфо! Расул байке азаматсыз сизди коруп балалык мезгилдерим эсиме тушуп кетти, ырларыныз ар бир жакшылык тойлордо жанырчу аябай популярдуу уккулуктуу шандуу жагымдуу ырлар. Анда кобунчо уйлордо той откоруп айыл дунгурочу. Азыр ресторан кафе болуп кылбадыбы. Сиздин интервьюнузду биринчи жолу угуп атам. Жонокойлугунузду бааладым бар болунуз!
Медиа-портал
27.06.2015. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чынында абдан талантту адам, үнү сонун, ырлары да жакшы. Силерге үй-бүлөөлүк бакыт, чыгармачылык ийгилик."Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы" дейт эмеспи,таң калам да, Айгерим башканын кызы дей бергендерге. Анын чын-төгүнүн билсеңер мүйүз чыгабы башыңарга? Ошол башыңарды өз проблемаларыңарга оорутсаңар,өз балдарыңарга Расулдай көңүл бурсаңар, көбүрөөк пайда болор эле
Медиа-портал
29.06.2015. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jypar.i,)))))))байкасаныз, аны сизден башка эч ким жазбаптыр))))
SUPER.KG видео
28.06.2015. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айгерим менен Маликадан интервью алыныздарчы?
Медиа-портал
29.06.2015. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы киши экен
29.06.2015. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
janna degenda kyzy bar bele?
Медиа-портал
29.06.2015. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеке оюум,жемелебей жок...Расул байке бир топ акылдуу экени корунуп эле турат,мен лично женешаны тааныбай,кечирип койгулаго,ХХХ ХХХХ ХХХ ХХХ ХХХ Айгерим атасына окшоп кетет суйлогондору,анан Расул менен Айгерим жагымдуу корунушот ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-06-29 17:41:43
Медиа-портал
29.06.2015. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gooool, кимдир бирөөнү кемсинтип, анын кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат! Эскертүү!
29.06.2015. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Расул байкенин Жанна деген кызы бар экенин биринчи угушум.Балдарыныз менен бактылуу омур сурунуз!
29.06.2015. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
operaledi,мен да биринчи жолу угушум
29.06.2015. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми Расул да..Айгерим да на любителя. Балким,булардын да поклонниктери бардыр.
29.06.2015. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Расул байке аёсизди уй булобуз менен жакшы коробуз Айгерим аман эсен коз жарып алсын
30.06.2015. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул Расул байкебизди жакшы кором да ииий. Аябай мээримдуу адам. Соонун уй булоо. Коп жашаныз.
30.06.2015. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кичуу кызы берки Маматкуловдордон 2 эсе сонун ырдайт тура!)
30.06.2015. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бардык ырларын суйуп кгам.дагы жаны чыгармаларынызды кутобуз
01.07.2015. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уйун реклама кылып корсоткондо Жанна аттуу кызын айтышкан эмес болчу. биринчи жолу уктум.
01.07.2015. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менда Жаннасын эми угуп атам неге айтпаган буга чейин же мен укпадым бекен.
01.07.2015. 04:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да биринчи жолу уктум Жанна деген кызы бар экенин
01.07.2015. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанна деген кызы бар экенин эми эч айтпайт элего Айгеримда эжем деп маектерде айтпаган же мен укпай калганмынбы?
01.07.2015. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул жагы кызык болду го... эми Жанна кызын билмей сайын жаныбыз жай албайт..
02.07.2015. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маек болуптур.Жаннаны мн Айгеримди апасы Расул агабызга тиерде ээрчитип келсе керек.Ошон учун маектеринде айтылбайт.
Медиа-портал
05.07.2015. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жакшы адамдар экен.Суйлогондору жасалмасыз жонокой.Чон жетишкендиктери дагы да боло берсин.Жакшы уй булоо экендиктери корунуп турат.Абдан сыйлап калдым.
07.07.2015. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oto zhonokoy adam eken)
09.07.2015. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аяна кызын багып алган деп бир газетадан окуп калдым эле. Чынбы калппы билбейм.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо