№660 25-июнь-1-июль, 2015-ж
Бүгүнкү маектешим сөзгө чечен. Маек учурунда берилип сүйлөгөнүн көрсөң, өзүң кошо анын жан дүйнөсүнө кирип кетесиң. «Заманыбыздын супер алпаруучусу» Нурзат Токтосунованын калың эл менен бөлүшө турчу кубанычтуу жаңылыгы бар.
– Нурзат, саламатсызбы? Бүгүн өзгөчө кулпуруп турасыз, мындай өзгөрүүнүн сыры эмнеде?
– Кандайсыздар? Рахмат, комплиментиңизге. Эми билбейм, адам ар кандай убакта өзгөрүүнү каалап турат экен. Ошол өзгөрүүлөр жакшы тарапка эле болсун. Ал эми өзгөргөнүм өзүмө байкалбай эле, чачымды бир аз кыскартып, чач жасалгам башкача болуп калды. Менимче, өзгөрүүнүн сыры кубанычта го. Балким, ичтеги кубаныч менен гармония айкалышып жатса керек.
– Жашооңузда да өзгөрүү бар экенин билебиз...
– Ооба, баары жакшы. Турмушка чыктым. Жолдошумдун аты Максат, Нарындан болот, үйдүн кичүүсү. Учурда жолдошумдун ата-энеси менен жашап жатабыз. Мен көпкө чейин турмушка чыкпайм го, ушинтип эле иштеп жүрө берсем керек деп ойлогом. Бирок тагдыр буюрса болот экен.
– Кыз кишинин колун суроо нике шакек салгандай эле салтанат эмеспи, сиздин колуңузду кантип сурады?
– Максат менен эки жылдан бери таанышмын. Ал мен түптөгөн «Нур» мектебинин бүтүрүүчүсү, кийинчерээк менин алпаруучулар мектебимде окуучуларыма сабак берип, чоң жардамчыма айланган эле. Максат сүйүүсүн билдиргенде эле дароо колумду сурады. Баары мынчалык тез болуп кетерин күткөн эмесмин. Чынында, биринчи күлкүм келди. «Мен сени сүйөм, мен сага үйлөнгүм келет. Ооба дебе, жок да дебе, жөн гана ойлонуп көр» деди, болду. Буга чейин аны болочок жолдошум катары такыр карап көрбөптүрмүн. Ушундай күтүүсүз жагдай өмүрүмдө биринчи жолу болду. Көрсө, тегерек-четти карап жүргөн деле жакшы экен. Неля айткандай, Бакыт, Таалайлар жаныңда эле жүрөт тура.
– Анан кантип макулдугуңузду бердиңиз?
– Эми мен жаш эмесмин, баарын анализдеп, ар тараптуу ойлонуп жыйынтык чыгардым. Колумду сураганда эле «ата-энең эмне дейт, эл эмне дейт, сен менден кичүүсүң, бойдоксуң» деп бир топ акыл айттым. Жок, Максат өзүнүкүн берген жок. Он күн артымдан жүрдү, он күнү тең «жок болбойт, мүмкүн эмес» деп туруп алдым. Максат өзү да сөзгө чечен жигит, «менин бактылуу болгум келип жатса, ата-энем эмнеге каршы болсун? Эл сага күйөө болуп береби, бойдок болсом эмне кылайын, сени макул кылдырыш үчүн үйлөнүп, кайра ажырашайынбы?» деп көгөрөт. «Ойлонуп көрчү, эки жыл бою бир эркек жөн эле жаныңда жүрө бермек беле, мен сени сүйөм» деп жатып турмушка чыгууга көндүрдү.
– Жогоруда «эл эмне дейт?» деп айтып калдыңыз, туугандар да айтышса керек бул кепти?
– Ооба, Максаттын тааныштары «ал деген Нурзат Токтосунова да, кийин таштап кетет» дешиптир, меникилер «жаш болсо, кийин сени таштап жашыраагына үйлөнүп алсачы?» деп чочулашты. Айтор, экөөбүз тараптан тең «таштап кетсечи» деген сөздөр болуптур. Бирок Максат экөөбүз бири-бирибизди жакшы билебиз. Максаттын жадакалса бою да көзүмө кичинекей көрүнчү, эми теңешип көрсөм, менден бир топ эле узун экен (күлүп). Ал экөөбүз көп иш-чараларды чогуу алпарып калдык, менин сыйыма татыктуу, ишенимдүү сонун жигит эле. Жасайм дегенин жасап, кылам дегенин кылчу. Ал менен чогуу иштеп ага жакканга деле аракет кылбаптырмын. Эгер Максатка турмушка чыгарымды билсем, бир аз назданып, жакшы жактарымды көрсөтүп жүрмөкмүн да. Максат менин бүт мүнөзүмдү көрдү.
– Ортобузда жаш айырмачылык бар деп калдыңыз, сыр болбосо жолдошуңуз сизден канча жаш кичүү?
– Менден алты жаш кичүү, бирок менден улуу көрүнөт. Көбү «ортодогу жаш айырмаңар билинбей деле калат экен» деп айтып жатышат. Максат бир күнү «жолдошум менден 9 жаш кичүү деп айтып койбойсуңбу, кийин 6 жаш дегенди укканда "аа, 6 эле жаш экен" деп калышат да» деп тамашалады. Абдан тамашакөй, «мен сенин артыңдан 2 жыл упай топтоп жүрүп сүйүүгө алмаштырып алдым» деп күлөт. Мен бир ыр окудум эле, ошондо «азыр мага ыйлаганга ийин керек, мени сооротпой эле койсун, сурабай эле койсун, жөн гана ийин болуп туруп берсин» деген сөздөр бар. Анын сыңары мен ийин таптым.
– Нурзат айым, буга чейин да турмуш курганыңызды билебиз, бул жолу да жаңылып калбасам экен деп чочуладыңызбы?
– Мен баарына даярмын, биз канча жашайбыз Кудай билет. Ушул кыска өмүрдө сүйүктүүңдүн жанында, анын жумуштан келишин күтүп, үй жумуштарын жасап, кайын журтуңа ысык чайыңды сунуп отургандан өткөн бакыт жок. Аялдык бакытка жетүү үчүн аз эле нерсе керек. Максат мурун колумду сураса чорт эле жок деп салмак болушум керек, анткени быша элек болчумун. Ал эми бул жолу чындап эле жалгызсырадым, турмуш кургум келди, ошону да билди окшойт. Үйлөнгөнүбүздү көп кишиге айткан жокпуз, жакын адамдарыбыз эле билет. Ушундай чечимди туура көрдүк.
– Заманбап той болобу?
– Жок, болбойт. Жолдошумдун ата-энеси кыргыздын салты менен сөйкө салып үйдөн алып кетишти. Кайын журтум карапайым, жөнөкөй, абдан түшүнүктүү адамдар. Мага мээрим көрсөтүп тосуп алышты. Чакан той бердик, ошол жетиштүү. Үйлөнгөндөн кийин эле Максат экөөбүз тоого эс алганы кетип, ал жакта бир ай жүрдүк. Кымыз ичтик, ышкын тердик, жолдошум мага күндө кучак толо тоо гүлдөрүн терип берип кубантты. Мындай эс алууда социалдык тармакка сүрөт да жүктөгүң, жадакалса телефон менен сүйлөшкүң келбей калат экен. Телефонумду өчүрүп койсом досторумдун көпчүлүгү түшүнбөй калды окшойт.
– Кеп нугун чыгармачылыкка бурсак, акыркы убакта «Нур» алпаруучулар мектеби кеңейип жатканын байкап жүрөбүз...
– Буюрса, «Нур» мектеби токтоосуз сабак өтчү жер болот. Учурда Ысык-Көлдө жума сайын 6 күндүк семинар өткөрүлүп жатат. Тилекке каршы, биз үч ай бою окуучуларды Ысык-Көлдө кармап турганга шартыбыз жок, ошондуктан кыска семинарларды өтүп эле, сертификаттарыбызды тапшырабыз. Бул өзүнчө эс алуу менен айкалышкан окуу десек болот. Күндө көл жээгине барып көнүгүү жасайбыз, келип тамактанабыз да, сабакка киришебиз. Кечинде болсо баары сахнага чыгып практика жүзүндө өзүн көрсөтүшөт. Жакында Ошто да «Нур» мектебин ачууну пландап жатам. Буюрса, мындан да кеңейебиз.
– Окуучуларыңыздын көбү массалык маалымат каражаттарында иштеп жүрүшөт, аларды көрүп сыймыктансаңыз керек?
– Кээде адам өзүн толук сулуу экенин билбейт. Ушундай адамдар бар «ал сулуу да, ага жарашат, анын атасы бай да, ага мүмкүн» деген шылтоолорду айтып, өзүнүн жалкоолугун актай беришет. Адам кааласа колунан келбеген жумуш болбойт. Мисалы, мен орусча концерт алып барбай туруп эле тарс эттирип «Жылдын тандоосу» деген концертти алып баргам. Алгач сунуштаганда «жинди болдуңарбы, мен кыргыз тилдүү алып баруучумун» десем, «орусча сүйлөп жатпайсызбы, демек, алып бара аласыз да» дейт. Мен орусча алып бара албайм го деп ойлочумун. Жок, сага бирөө ишеним артса, аны кылат экенсиң. Мен окуучуларыма ишеним артам. Менин мектебимди бүткөндөн кийин жумуш таап кетсе экен дейм. Радиодо, гезитте, телевидениеде көп окуучуларым иштешет, ошолордун тизмесин тактап койсомбу деп жаткам. Бир да окуучумду сүйлөшүп жумушка киргизген эмесмин, анткени өз күчү менен жеткен ийгиликтин даамы башкача болот.
– Бул мектептен кандай материалдык пайда табасыз?
– Сөзсүз пайдасын эле карабаш керек. «Маршруттук таксинин айдоочуларына унаасынын ичине адамдар кирбей эле, 10 сомдуктар кирип бараткандай сезилет» деп айтышат го, мен тескерисинче эч качан материалдык пайда табууну көздөгөн эмесмин.
– Маегиңизге чоң рахмат!
Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
13
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Такталбаган маалымат жазып, кимдир бирөөнү каралоого, аны кемсинтип, мазактоого тыюу салынат!
эле озун акылдуу сезип тыпылдай бергени жакпайт.
будьте счастливы