№660 25-июнь-1-июль, 2015-ж
"Жорго минген жолдо мас, жубайы сулуу күндө мас" дегендей, эзелтеден эр жигит ат жакшысын тандап минген. Бүгүн болсо заман шартына ылайыктап темир тулпар айдаганга өттүк. Шаардын кыйма-чийме жолдорундагы кумурскадай жайнаган унаалардын арасында тыгында туруп ырчы Майрамбек Осмонов менен рулда маек курдук.
Үлгүсү – Тойота Эстима
Чыккан жылы – 2004-жыл
Түсү – Ак
Узундугу – 5 метр
Туурасы – 1 метр 80 сантиметр
Кыймылдаткычтын көлөмү – 2400 сантиметр куб
Орундуктардын саны – 7
Май чыгымдоосу (100 чакырым) – 12 литр
Баасы (АКШ доллары) – 6200
– Майрамбек мырза, алгачкы жолу рулга отурган күнүңүз эсиңиздеби?
– 2004-жылы шайлоодон тапкан акчама эски үлгүдөгү (старушка) Ауди машина алдым. Көрүнүшү, жүрүшү чыкыйган кыздай болчу. Балдарымдын апасы тың чыкма «эми бул машинең айдалбай тура берип дөңгөлөктөрү чирийт» деп намысыма тийгенинен шаарга айдап чыктым. Абдрахманов-Москва көчөлөрүнүн кесилишине жеткенде жол чыракта троллейбус токтоп туруптур. Артына келип машинамды токтоттум. Жашыл жанганда сигнал берип башташты. Же троллейбус жылбайт. Тушума келип «айдабайсыңбы!» деп колдору менен жаңсап өтүп жатышат. Аларды карагандан уялам. Унаамды бир аз артка жылдырып, чыгып кеткенге тажрыйбам жетпейт. Качан троллейбусту оңдоп, айдап кеткенче бүткөн боюмду тер басып күтүп турдум. Элден оолак барып кийимимди сыксам сууга түшүп кеткендей эле болуп калыптыр.
– Мынчалык кыйналганыңызга караганда айдоочулук күбөлүктү сатып алгансыз го?
– Чынын айтыш керек, айдоочулук күбөлүктү сатып алгам.
– Сулуу кыз, күлүк ат эзелтеден эркектин назарына биринчи түшчү нерсе эмеспи. Унаада баратып сулуу айымдарга көз кысып койсоңуз керек?
– Үйдөн шаарга чыгып баратканда чоң жолго чейин жолуккан эркек-аял болобу салып алам. Маанай жакшы болгондо «бир сөйкөңүз түшүп калыптыр, эшикте аба ырайы кандай?» деген өңдүү тамашаларды айтып калам. Чөөлөргө окшоп арт жакка өт, алдыма кел деп көз кыса элекмин. Ашыкча кетсең «сиз ажы белеңиз, молдо белеңиз?» десе өлдүң да.
– «Ат аяган жер карайт, куш аяган көк карайт» деген накыл кеп бар. Унааңызды аяп жер караган учурлар болобу?
– Бирөөгө машинемди бербейм. Илгери бирөөдөн машинесин сурасам, «андан көрө жеңеңди ал» деп айтты эле. Мен аялымды алып кет деп кесир сүйлөбөйм. Сурап келген адамга «кокус талкалап алсаң мынча миң сом бересиңби?» деп сурайм. Сумманы укканда өз жолуна түшөт.
– Унааңызды өзүңүз оңдой аласызбы?
– Дөңгөлөгү жарылса, майы эскирсе алмаштыргандан башкасы колдон келбейт.
– Майрамбектин МАИчилер менен мамилеси кандай?
– МАИ кызматкерлерине байма-бай түшөм (Майрамбек мырза суроого жооп берип баштары менен "эшекти сөз кылсаң кулагы көрүнөт" болуп, ала таякчандар тосуп калышты. Интервью берип жатканын түшүндүрдү да, учурдан пайдаланып МАИ кызматкерлерин өз кызматын мыкты билгенин айтып, ар дайым сый көрсөтүшөрүн кошумчалады эле, сууга түшкөн данектей мурундары барбайып, жылуу сөзгө ичи жылыган ала таякчандар бизге ак жол каалашты).
– Эреже бузуп айып пул төлөгөн учурларыңыз болгонбу?
– Буга чейин акча бере элекмин. Биз көбүнчө тойлордо жүрөбүз да. Тойдон келатканда токтотуп калышса, кызматкери келери менен баштыктын оозун ачып, "ооз тийгиле, силер да той бергиле, келгиле, мени коё бергиле" деп тамашалайм. Тааныган соң коё беришет. Мындан сырткары МАИ кызматкерлеринин гимнинин авторумун. Билгендери «гимндин автору» дешип көпкө кармашпайт.
– Шашканда ылдамдыкты канчага чыгарасыз?
– Эсимде, Ауди үлгүсүндөгү унаам менен саатына 120 чакырым ылдамдыкта кетип баратсам алдымдан уй чыгып калды. Андан качып оңго бурсам, машина чыгып, солго буйтасам дагы уй чыгып калса болобу. Кудай сактап кырсыкка кабылбай өтүп кеткем. Ошондон кийин өзүмө саатына 100 чакырымдан ашырбайм деп сөз бергем.
– Техниканы экинчи абак деп коюшат. Кылт этсе кырсык каш-кабактын ортосунда болуп кетет. Кокустук болгон учур болгонбу?
– Былтыр орозого үч күн калганда Кара-Балтадан келе жатып кырсыкка кабылдым. Жанымда шеригим бар болчу. Трассада келатканда көзүм ирмелип баратканын билем. Маршруттук таксини сүзгөндө ойгондум. Кийин көзүм ирмелген жерге барып, кырсык болгон жерге чейинки аралыкты эсептесем бир сааттай убакыт экен. Көрсө, көзүм ачык, бирок мээм чарчагандыктан эс-мас абалда бир саат жол жүрүптүрмүн.
– Унааңызды өзүңүз сатасызбы же тааныштар аркылуу саттырасызбы?
– Бир жолу базарга чыксам баштан аягыма чейин карап «сен дагы машина сатасыңбы?» деп таңыркагандар болгон. Биз деле кадимкидей эле адамбыз да. Курсагыбыз ачса көчөдөн самса сатып жейбиз дегендей.
Таанышым күнүгө үйүнө чакырып, акыркы кыямын, кантын коюп жатып Мерседес үлгүсүндөгү машинесин саткан. "Канча бензин кетет?" деп сурасам, «12 эле литр» деген. Ишенип алыптырмын. Көрсө, бензинди жутат экен. 14 айда куйган бензинимдин акчасын эсептесем 123 000 сом болуптур. Анан сатайын деп базарга алып чыксам өтпөйт. Базарга каттай берип көнүп да бүттүм. Бир күнү башка улуттагы жигиттер сураганынан 5 000 долларга берем десем, кымбат деп кетип калган. Арадан көп өтпөй баягы жигиттин бири коңгуроо кагып, "машинени алайын дедим эле" дейт. Баалашып ошол эле суммага алып кетти. Ачкычты алып жатып "100 чакырымга канча бензин керектейт?" деп сурады эле, мага саткан адамдын жообун кайталап, "12 эле литр" десем кудуңдап айдап кеткен. Бир күнү баягылардын бири чалып, «Бул Майрамбекпи? Сен цыган экенсиң» деп телефонун коюп койду. Көрсө, ал жигиттердин улуту цыган экен. Ошентип цыгандарды алдап машинемди сатып ийгем.
– Машинанын түсүнө көңүл бурасызбы?
– Ооба. Авария болгон унаам күмүш түстө болчу. Мурдагы үч машинамдын түсү жашыл болчу.
– Бирөөгө машина айдаганды үйрөттүңүз беле?
– Эч кимге үйрөтө элекмин. Буюрса, балдарыма үйрөтөм.
– Машинаңызды өзүңүз жууйсузбу?
– Өзүм эле жууйм. Акчадан качкандыктан эмес, кыймыл-аракетте болоюн деп жууйм.
– Азыркы унааңыздын эмнесине кызыгып алгансыз?
– Кенендигине. Аркасына музыкалык аппаратураларды жүктөгөнгө ыңгайлуу.
– Канчанчы кожоюнсуз?
– Экинчи
– Күнүнө канча литр май коротосуз?
– Айына 7000-8000 сомго бензин куям.
– Маегиңизге рахмат!
Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
3
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
абдан майда киши экен, оз аялын тын чыгаар деп...
бир аз суйлоо этикасын ондоп койсо,
ырынызды гана эмес интервьюнузду да эргуу м.н корот белек