Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АДИЛЬ ТУРДУКУЛОВ АЯЛЫН КАРЫЗГА БАТЫРЫП, ТӨЛӨБӨЙ ЖҮРӨБҮ?

№660 25-июнь-1-июль, 2015-ж

«Прогресс фонду» коомдук фондунун төрагасы, оппозициядагы жаш саясатчылардын бири Адиль Турдукуловдун жубайы Чолпон Касымбекова редакциябызга кайрылды. «Өлкөнү башкарып жаткандарды көз ачырбай сындап жүргөн бул инсандын үй-бүлөгө болгон мамилесин коомчулук билип, анан чечим чыгарса деген тилекте келдим. Өз үй-бүлөсүн эптей албай жатып, бирөөлөрдү сындап отурганына жол болсун»,- дейт Чолпон айым.

«БИР ЖЫЛДАН БЕРИ АЖЫРАШЫП ЖҮРӨБҮЗ»
– Адиль Турдукулов экөөбүз 8 жылдан бери мыйзамдуу никеде турабыз. Ортодо 7 жаштагы кызыбыз жана 4 жаштагы уулубуз бар. Тилекке каршы, бүгүнкү биздин жашоодо ажырашуу деген кеп жаңылык деле болбой калбадыбы. Биз дагы мамиленин келишпестигинен эки айрылыш жолго түшүп, акыркы бир жылдан бери мен ата-энемдин үйүндө жашап жатам. Эки балабыз мени менен калды. Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, төбөм менен жер казсам дагы балдарымды өзүм эле багып алам. Мен силердин гезитке балдарым каралбай калды, аларды бага албай калдым деп окурмандардын боору ачышын каалап келген жокмун. Коомчулукта төбөсү көрүнүп, журналист кесибин аркалап, элдин маселесин чечүүгө жан үрөмүш болуп жүргөн Адиль Турдукуловдун эң жөнөкөй «кичинекей мамлекетин» эптей албаганын ачыктоону туура көрдүм. Бирок биз ажырашып жатканда, мен ага «ажырашуу маселеси экөөбүзгө гана тиешелүү болсун. Ансыз деле балдардын психологиясы бузулуп жатат. Эгерде аларга тиешелүү маселе чыгып калса, биологиялык атасы жана энеси болгондон кийин, чогуу чечели, жоопкерчиликтен качпайлы» дегем. Менин мындай сунушум аткарылбай, балдарынан безип жүргөнүнө, мен ал адамды 7 жылдан бери жашап билгендиктен анчейин таң калган жокмун. Бирок адам катары, балдарынын атасы катары жоопкерчиликтен качпайт деп жаңылыптырмын.

«АЛГАН НАСЫЯСЫН ТӨЛӨБӨЙ, МАГА ООДАРЫП КОЙДУ»
– 2013-жылдын апрель айында Адиль Бишкектеги насыя берүүчү компаниялардын биринен 150 миң сом насыя алган. Үч жылга берилүүчү насыя үчүн менден суранып, ата-энем сатып берген автоунааны күрөөгө койгон. Ал алган насыясын төкпөй коюп, компания менин машинамды алып койду. Унаамды чыгарып алыш үчүн Адилдин 137 951 сом карыз акчасын насыя берген компанияга төлөп беришим керек.
150 миң сомдон 137 951 сомго сумманын азайышын да түшүндүрө кетейин. 2015-жылдын январь айында оппозициячыл топ АКШга сапар тартты. Арасында Адиль да бар болчу. Бирок анын карызы бар болгондуктан, чек ара кызматы сот токтомунун негизинде ага Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүүгө тыюу салып койду. Ошондо ал өзүнө керек болгондо кайдан жайдан 27 миң сом таап келип компанияга төлөп, сыртка чыгууга уруксат кагазын ала коюп, кечиксе да топтун артынан Америкага барып келди. Ошол кездерде Адилге кайрылып, «жок дегенде балдарга сүт алып берип койчу» десем, ошону да алып берген эмес.

«БАЛДАР БАЛА БАКЧАДАН ЧЫГЫП КАЛЫШТЫ»
– Кызым менен уулумду кезегинде Адиль өзү келишим түзүп, шаардагы жеке менчик бала бакчалардын бирине бергенбиз. Ал жакка да атадай болуп акысын төлөбөй жүрүп, карызыбыз 59 миң сом болуп кетти.
Июнь айынын башында 1 жылдан бери толук кандуу үй-бүлө болуп жашабагандыгыбызды эске алып, бизди ажыраштыруу тууралуу арызды сот кароодо. Муну менен эмне дегим келип турат? Адиль Турдукулов коомдо болуп жаткан ар түрдүү кырдаалдарга, мамлекет башчыларына жана алардын ишмердүүлүгүнө тиешеси болсо болбосо деле сын тагып, күнүнүн дээрлик бардыгын интернеттеги социалдык тармактарда ар түрдүү постторду жарыялоо менен өткөрөт. Колун жоорутуп, маңдай тер төгүп, майда иштен баштап, бийиктикке жетүү деген нерсе түшүнө да кирбейт. Ал асмандан «топ» этип түшө калып, оңой-олтоң мамлекеттин бир майлуу-сүттүү жерине отуруп калууну көздөгөн адам. Эл адамы болом деп дымагы көккө жеткен, эзели эч нерсеге ынанып, эч кимге ыраазы болбогон, топук кылбаган саясатчы сөрөйдүн анык жүзүн эл билип алышы керектигин туура көрдүм. Бул чындыктан кийин Адилден баарын күтсө болот. Пиар, жалган, виртуалдуу, самындын көбүгүндөй болгон образын сактоо үчүн керек болсо балдарынан да баш тартууга барарын билип туруп коомчулуктун көзүн ачуу ашыктык болбойт.

Жаш саясатчы Адиль Турдукуловдун жубайынын оюн угуп, бул боюнча Турдукуловго да байланыштык. Анын да пикирин кийинки сандарыбызда бермекчибиз.

"Акчасы төлөнбөгөндүктөн бала бакчага алып келбегиле деген кат келди."

Күрөөгө коюлган Чолпон Касымбековага таандык унааны насыя берүүчү компания мыйзамдын негизинде алып койгон.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(51)
29.06.2015. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Аялы эмнеге айтпайт, айтып чыкканы туура болду! Коомду алдыдагы күтүлүп жаткан коркунучтан сактоо иретинде кайрылып жатат деп түшүндүм. Адил мырзанын колунан келбеген эркектик ишти аялы кылып жаткандай, балдарын багып жатканынан эле билүүгө болот. Ал эми тиги күйөөсү уяты болсо, ПР үчүн дагы өзү жакшы көргөн, жок дегенде карызга батырган баткактан сууруп чыгаар
29.06.2015. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Aialy aitkany jakpady.emnesi bolsoda baldarynin atasy 8 jil chogu jashagan elge jaryialoonun keregi jok ele.Akylsyz aial erinin syrin achat.bekerinen ajirashkan emes.
29.06.2015. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Силерге айтып койуш оной Кредит иштебесен мээне эле куч акчаны кайдан табам деп. Аялы деле куйгондон жазып ататда.
29.06.2015. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эми озунун да пикирин окуйбуз да, актанып , аялга тенелип ал да аялынын абийирин тогоор бекен? Же эркек бекен? Аны да коробуз
29.06.2015. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Майрамбек Осмоновдукунан кийин ушинтип гезитке чыгып урушмай акыркы тепкич окшойт.
29.06.2015. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Jazyp en tuura kylgan!!!!
29.06.2015. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Адильдин андай байлыкка оной жетуунун жолун коздогон,айткан созуно турбаган,2 жуздуу экенин сиз 7 жыл чогуу жашап,кечээ эле биле калдынызбы?Адамдын кандай экенин билуу учун 1-2 жыл,иногда 1 кун деле жетиштуу го дейм.Ошондой начар адам болсо,2-баланы неге тородунуз?Сиздин деле куйоонуздон айырманыз жок окшойт го.
Адиль карабай атса,озунуз иштеп багыныз.Машинага жармашып албай,сатып карыздарыныздан кутулунуз.Жалгыз сиз эмессиниз мындай кырдаалга туш болгон.Эрлуу аялдар деле иштеп,балдарын багып
29.06.2015. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мин жаман болгон кундо да,ал сиздин балдарыныздын атасы.Балдардын психологиясына доо кетпейби,эмне кереги бар бутун олкого жайып.Экоон чон адамдай эле чечишип алгыла оз ара.Ошондой болбой баратса,сотко кайрылыныз.Ошол акчаны чогуу каржылагандырсынар.Иштениз бербей атса эл катары.Колу-бутунуз соо болгондон кийин.Кыргыз аялзаты азыр баары эле иштеп журушот уй-булосун багып.Оной оокатка конгон бироо экенсиз да.
29.06.2015. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Аялы эми чыдай турсун биртике, Бугун дагы аны митингден кордум. Акцияга катышканы учун акча алса, анан буюрса карызынан кутулат))
29.06.2015. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мммм даа,странные люди...
29.06.2015. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Экинчи жактын оюну да угайлычы анан талкууу кылабызго.
29.06.2015. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
бул японияда элчиликте иштеп жургондо жер титироодо Кыргыз элин уят кылып ал жактагы Кыргыз жарандарын сурап койбой биринчи качып келген.тышкы иштер министрлигине япондор абдан нааразычылыгын айтышкан экен. ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-06-30 11:36:48
29.06.2015. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
OSHO, А. Турдукуловдун мамасы 69 гимназияда Директор болуп иштеп баштаганда окуучулар акча толоп башташкан! Ага чейин мектеп окуучулары акча толобой эле окушчу, анан мамасы келип айт сайын 200-300 сомдон толоттуруп койгон.
29.06.2015. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Жанында журсо ураарга, камчыдан откон курал жок
Койнунда жатып керилип, аялдан откон душман жок...
Тушунсонор керек маанисин....
30.06.2015. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
dastanbik,эркек эркекче болуш керек. Азыр аялдар эркек да аял да. Ошон учун конуп калышкан аялдарга куноону оодара салып....
Deniza88 түзөттү 2015-06-30 14:11:22
29.06.2015. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
аялынын конулун кок таштай калтырыптыр,кээ бир эркектер уй-булоону 3-4 орунга коет
29.06.2015. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ушундай адам сымаалдар анан эл-жерге куйгөн "партиот"болуп айкырып жүрүшөт.Жынында жургөн саралаев дегени деле мындан алыс кеткен эмес, аянын таштап...
ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-06-30 11:40:08
29.06.2015. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
байкуш....эрди эр кылган жер кылган да катын!!!
30.06.2015. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
temuch, OSHO,
Эскертүү! Такталбаган маалымат жазып, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат!
30.06.2015. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ээ адамдар озунордун жоопкерчилигинерди сезсенер боло. Канча уй булоодо мындан да жаман проблем алар бар, канча аялдар аларды жашырып чыдап келишет, уят эй эркектер. Оз уйбулонорду татыктуу багалбайсынар,анан кантип мамлекетти башкарып салым кошосунар. Кантип биз сильная нация болобуз?
30.06.2015. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Биздин эркектер эптеп эле аялынын этегине жармашып бекер жашоо откорсок дегендей эле болуп калды. Ар намыс уят сыйыт деген кайда кетти.Аялдарга тенелип тилдерин эки метр кылып айтышып кайра куноону аялдарга оодара салышпай оздорунун уй булосун тузуктоп багышса боло!
30.06.2015. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Аялы туурале кылган жузун ачып. Эртен чондордун бутуна оролошуп, шыйпандап журуп, бир креслону ээлеп отуруп алса, элдин жугун которбой эле, ошо креслосу менен кошо элдин жонуна минип алып ХХХ ХХХ Мен жубайын колдойм.
Модератор admin_media түзөттү 2015-06-30 14:35:48
30.06.2015. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kg.lady, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
30.06.2015. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Акылдуу аял олуп баратса да мынтип уй-булосунун сырын ачпайт. Куйоосунун да таштап кеткен себеби белгилуу... Катуу кызыгып аткан болсонор куйоосунун да созун угуп анан талкуулагыла, бир жактуу жыйынтык чыгарбай.
30.06.2015. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Бекер еле реклама болтатда турмуш деп койот балким кийинчерээк жарашып калышса аялы озу эле уят болотко турмушта бир адамда еле кууно болбойт эки жакта тен болот аялы чыдап турса болмок балдары учун жок дегенде иштеген адам чарчайт нерв коротот уй булого кээде конул бура албай калат аял деген кичине чыдамкай болуш керекда .
30.06.2015. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аялы азмаз чыдап турса болмок экен.Себеби жанагы АКШдан келген 150 т жүктөн кичине болсо да тиймек.
01.07.2015. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Күйөөсүнүн да маегин окуп адан кийин гана бир жактуу комментарий калтырбасам...А то Булардыкы жөн эле спиктакильдей эле туюулуп жатат... Азыр Кыргызстанда болуп жаткан ар бир кыймылды саясий оюн деп атоого болот
03.07.2015. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Даа бир нерсе айтууга кыйын Адиль мырза эми аялын жамандайт. Аялы кайрадан редакцияга кайрылат, айтор, бүтпөс түгөнбөс макала болотго чамасы......
03.07.2015. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бул катынын сабыры жок экен койнунда жаткан куйоосун шерменде кылган.Кыргыздын аялдары канчалаган кыйынчылыктарда тылдарда иштеген кайыштым деп айтпаган.Адил деле бошобо жатса керек да.Адилдин колуна да кар чычат .Ошондо уят болуп каласын.
04.07.2015. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Душманды алыстан издебе деген туура соз да.Тооба 7 жыл бирге тутун булатып жакшы,жаманды бирге чечип журушуп эле душман бп чыга калганына жол болсун.Экоондо тен бар куноо бир жакта эле болбойт.Эркекти хан кылган да жинди кылган да аял эмеспизби.Андыктан мындай кадамды ото терен ойлонуп анан аттанса болмок.Не бсо да сабыр берсин демекмин.
05.07.2015. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адильдин аялы акылсыз экен деп ойлоп койдум!кимдин бироолор жаздырып жаткандай сезилет, кантседе уй булоолук проблемаларды элге жарыялоо жакшы иш эмес,мындай нерседен эч нерсе озгорбойт!Адильдин аялы койнундагы жаткан аялынданда корк бар кун душманга айланат деген кооптонууну жаратат
05.07.2015. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азырынча Чолпон айымдын созуно кошула албайм, Адиль мырзанын да созун угалы. Анан гана бир тараптуу бирдеме айтууга болот деп ойлойм.
05.07.2015. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карыз кагаздарынан бери алып келгенин бизге,аны сотко алып бар ошолорго далилде,балдарынды частный школго эмес элдин балдары эле окуган мектепте окусун,миндеген жалгыз энелер,мен да эч кимге догурбай эле багып журобуз,бери карап кулуп,ары карап ыйлап коюп,бут мамлекетке чуу которбой,гезиттерге арызданбай эле зынкыйып иштеп балдарды багып эле отурабыз,арыздансан казанына эч ким аш салып бербейт,пешенене жазганын коросун да,озуно берсин куч кубат
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо