Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ФАРШТАЛГАН ЖАШЫЛЧАЛАР

№660 25-июнь-1-июль, 2015-ж

Жай – аптап менен алышуунун эле маалы деп ойлосоңуз, жаңылышасыз! Кыргызстанда жай – организмди керектүү витаминдер менен камсыздоочу учур. Азыр капуста, болгар калемпири бышып, жүзүмдүн жалбырагы жетилген кез. Андыктан бул азыктардан жеңил жана даамдуу рецепттерди сунуштайбыз.

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Койдун же уйдун этинен фарш – 0,5 килограмм
Ак күрүч (өзгөн күрүчү болбойт) – 200 грамм
Пияз – 2 баш (орточо көлөмдө)
Жумуртка – 2 даана
Укроп – бир боо
Ашкөк (кинза) – бир боо
Райкан (мүмкүн болсо жашылынан) – бир боо
Туз, мурч, лавр жалбырагы
Соус үчүн – кефир же айран
Орточо чоңдуктагы ак кочан капустасы, болгар калемпирлери (жашыл, сары, кызыл), жаңыдан жетилип келе жаткан, ката элек жүзүм жалбырактары

УНИВЕРСАЛДУУ ТУУРАМЖЫ
(капуста жалбырагы, болгар калемпири, жүзүмдүн жалбырагы фарштоого колдонулат):
Чуңкур идишке фаршты салабыз. Пиязды майда төрт чарчы калыбында туурап фарштын үстүнө салабыз. Ашкөктү, укропту да майда туурап, күрүчтүн таш-күрмөгүн тазалап, муздак сууга таза жууйбуз да, буларды да фаршка кошобуз. Эми татымына жараша туз, мурч салып, үстүнө эки жумуртканы чагып, колду таза жууп алып, жакшылап мыжыгып аралаштыруу кажет.

ФАРШТАЛГАН ЖҮЗҮМ ЖАЛБЫРАГЫ ЖЕ ДОЛМА
Долма – түрк элинин улуттук тамагы. Аны жасоону үйрөнүп алсаңыз, ал сиздин үй-бүлөңүздүн да сүйүктүү даамына айланат. Ал үчүн короодо өсүп турган жүзүм жалбырактарынын жаңыдан жетилип келе жаткан, ката элек, кочкул күрөң-жашыл түстүү жалбырактарын чогултуп алыңыз.

Даярдоо ыкмасы:
1. Жалбырактарды таза жууп, сабактарын түбүнөн жулуп, 2-3 саат муздак сууга чылап коюңуз. Андан соң жалбырактын тамырлары көрүнүп турган тарабынан алаканга салып, ортосуна кичинекей туурамжыдан салып, сүрөттө көрсөтүлгөндөй ороп чыгыңыз. Жалбырактардын четтеринен туурамжы көрүнбөгүдөй майда, бекем жана тыкан ороо кажет.
2. Оролгон жалбырактарды казанга тегиз жана тыгыз тизип чыгабыз. Тизген соң үстүн жапкыдай кылып муздак суу куябыз. Өзгөчө даам жана жыт берүүсү үчүн суунун үстүнө 1-2 даана лавр жалбырактарын таштап, бир аз туз себелеңиз. Ашкөк, укроп, райкан сыяктуу көктөрдү таза жууп, туурабай эле боосу менен таштап коюңуз. Бул иштер бүткөн соң тарелка менен жакшылап бастырып, үстүнөн казандын капкагын жаап, отко коюп, кайнап чыккан соң жай отто 25 мүнөт бышырасыз. Алгач бирөөнү алып даамдап көрүңүз, күрүчү бышкан болсо, долма даяр.

ФАРШТАЛГАН БОЛГАР КАЛЕМПИРИ
Долма сыяктуу эле ыкма менен болгар калемпирлерин фарштап, бышырууга болот. Болгону калемпирди уруктарынан тазалап жатканда оозун чоң ачып, жарбай этияттык менен тазалоо керек. Калемпирлерге туурамжыны оозуна чейин толтурбаңыз. Анткени күрүч бышканда көөп чыгат да, туурамжы калемпирлерди жарып сыртка чыгып кетет. Туурамжы калемпирден чыгып кетпесин деп чочуласаңыз, анда картошканы аарчып, жууп, ар бир фаршталган калемпирдин оозуна бир тилимден салып коюңуз. Туурамжыларга толтурулган калемпирлердин учун казандын түбүн, ачылган оозун өйдө каратып тегиз тизип чыккан соң үстүн жапкыдай кылып суу куябыз. Эми ныктап, лавр жалбырагын, райкан, көктөрдү салып, бир аз туз себелеген соң тарелка менен жакшылап бастырып, казандын капкагын жабабыз. Кайнап чыгары менен отту басаңдатып, жай отто 25 мүнөт кайнатабыз. Туурамжыдагы күрүч бышса эле фаршталган болгар калемпири даяр.

ФАРШТАЛГАН КАПУСТА ЖАЛБЫРАГЫ
Даярдоо ыкмасы:
1. Капуста жалбырактарын фарштоо үчүн алгач аны жумшартып алуу кажет. Капустанын өзөгүн дарбызды кескендей үч бурчтуу кылып кесип алып салуу керек. Ошол кесилген тарабын идиштин түбүнө каратып салып, үстүнө кайнак суу куюп, жаап, жай отто 5 мүнөт кайнатып алуу зарыл. 5 мүнөттөн соң отту өчүрүп, жайык табакка чыгара туруңуз.
2. Жумшартылган капустанын жалбырактарын ажыратып чыгабыз. Ар бир жалбыракты ортоңку өзөгүн бойлото узунан экиге бөлүп кесип алабыз. Сүрөттө көрсөтүлгөндөй даяр туурамжыдан салып, тегиз, тыкан ороп, көмөч казанга же казанга тизе баштайбыз. Баарын тизип болгон соң үстүнөн бир аз ашыра суу куюп, жагымдуу жыт жана даам пайда болушу үчүн лавр жалбырактарын, райканды жууп тазалап, боосу боюнча эле туурабай салып коёбуз. Даяр болгон соң үстүнө табак же тарелканы бекем жаап, анын үстүнөн көмөч казандын же казандын капкагын жаап, отко коёбуз. Кайнап чыкканда дароо отту басаңдатуу керек. Жай отто 25 мүнөттө даяр болот. Казанды байкап туруңуз, эгер суусу тартылып баратса бир аз кайнак суу куюп жиберүүгө болот. Алгач бирөөнү алып, ичиндеги күрүчтү карап көрүңүз, күрүч бышкан болсо, демек, тамак даяр.
Капуста жалбырагын фарштоодо көпчүлүк анын эки башын да бекитип салат. Сиз бекитпеңиз. Сыртын жип менен байлап убара тартуунун да кажети жок. Жакшысы казанга тегиз жана тыгыз тизип, капкактан мурун тарелка менен бастырууну унутпаңыз. Мына ушундай кылсаңыз, оролгон жалбырактардын эки ачык тарабынан туурамжынын ширеси шорпосуна чыгып, шорпого салынган лавр жалбырагынын, райкандын даамы туурамжыга сиңип, даамдуу бышат. Ал эми оролгон жалбырактардын үстүнө бастырылган тарелка алардын ачылып, чачырап кетпесине кам көрөт. Тамагыңыз даамдуу болсун!

СОУС Бул тамактарга кефир же айрандан соус дайындап, дастарконго чогуу берүүгө болот. Ал үчүн ашкөк менен укропту майда туурап, айранга салып, үстүнө бир аз мурч сээп, жакшылап чалып коюу керек.

kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(12)
29.06.2015. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мммм... рахмат суперсинер))
29.06.2015. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оо сонунго долманы жасаганды билбейт элем эми уйронуп алдым рахмат супер инфо
29.06.2015. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде жаз келгени ушул кавартак(жузумдон)Галубсы(балгар)Карамдан(капуста)эки кундун биринде даярдап жейбиз.Бул даам туштук элинин даамдары экен.
30.06.2015. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун супер
30.06.2015. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Райкан деген эмне admin?
30.06.2015. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Райкан деген эмне айтып койгулачы сураныч?
30.06.2015. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tavsan, кок чоп тамактарга кошулат даамдуу кылат ал тамактарды негизи райхан деп да айып калганын укканмын. Жыты сонун мятный бир нерсеге окшош
01.07.2015. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tavsan,ал базилик(орусчасы)
01.07.2015. 04:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Raikan degen emne?
01.07.2015. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Райкан деген жалбырак лавровый листке окшогон бирок свежий
01.07.2015. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оххх сонунго жузумдун жалбырагына фарш ороп биздин кичинекейибизде энем аштын устуно кошо демдеп бышырып берчу оттто ширин даамдуу, пайдалуу болот элего чиркин
02.07.2015. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Райхан кырмызы тусто аябай жыттуу. эмне ошону да билбейсинерби. эгин эгесинерби кыргыздар. короз гул деген гулду билсенер керек тусу да осуу формасы жалбырагы да ошого окшош болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо