«ЭГИЗ КЫЗДАРЫМДЫН БИРИ ЧАРЧАП КАЛДЫ ДЕГЕНГЕ ИШЕНБЕЙМ»

№660 25-июнь-1-июль, 2015-ж

Салтанат Сабырбекова аттуу каарманыбыз «Каракол шаарындагы төрөт үйүнүн дарыгерлери 8 ай мурун эгиз болуп төрөлгөн наристелеримдин бирин өлүү түшкөн деп алдап жатышат» деп эсептейт.

«КИНДИГИНЕ МУУНУП КАЛГАН ДЕШТИ»
-2014-жылдын 18-августунда кесарево жолу менен эгиз төрөдүм. Кан басымым көтөрүлүп, ичим жарылып жатсам эгиз төрөлгөн кыздарымдын бирин врачтар «киндигине муунуп калыптыр, өлүү төрөлдү» деп жолдошумдун колуна салып беришиптир. Операция жасаарга чейин кан басымым көтөрүлүп ооруканага барсам, патологияга 1 жума жаткырышты. Ичимдеги балдарымдын абалын врачтар күнүгө 3-4 маал текшерип, жакшы карашты. Салмактарын өлчөп, КГТга (ред. кардиотокография – курсактагы баланын жүрөгүнүн согуусун тыңшоочу аппарат) тартып, экөө тең кыз экенин жана экөөнүн тең жүрөктөрү согуп жатат дешкен. Өөрчүүсү, баш мээлери, жүлүн, буту-колу, айтор, баары жайында болчу. Эгер бирөөнүн моюнуна киндиги оролуп, өлүп калган болсо ошондо эле айтышмак да.
17-август күнү төрөт үйүнүн УЗИсине тартышты. Кечки саат 7-8дер болуп калган. Дарыгерлер «экөө тең кыз, жүрөктөрү согуп жатат, бирок жайгашышы туура эмес экен, кесарево жолу менен төрөйсүң» дешти. Кан басымым көтөрүлүп, төрөттөн кийин жандандыруу бөлүмүнө жатып калдым. Жолдошума төрөт кабыл алган врач наристелер оролуп жаткан жеринен сырттан көрсөтүп, «бирөө бир жума мурун эле ичтен өлүп калыптыр» дептир. Жолдошум алардын жүрөктөрү согуп жатканын аппарат аркылуу текшерилгенин айтса, «бир баланын жүрөгүнүн согушу жаңырык болуп угулушу мүмкүн» деген экен. Таң калганым, анда өлүү төрөлгөн баланы тирүүсүнүн жанына ороп туруп эмнеге жаткызып коёт?

«БИРӨӨСҮНҮН ЧАРЧАП КАЛГАНЫН БИЛГЕН ЭМЕСМИН»
-Эртеси өлүү төрөлдү деген баламдын сөөгүн торттун коробкасына салып, жолдошума беришиптир. Мен эсиме келип, балдарымды сурасам, апам «кызым өзү ооруп жатса» деп айттырбай коюптур. Окуя тууралуу сөөктү жерге беришкенден кийин гана уктум.Ошол күндөн тартып кызымдын чарчап калганына ишенбей, менде күмөн саноо пайда болду. Үйгө чыгып келгенде ымыркайдын денесин жуугандар «Бала абдан салмактуу экен. Башына сары суу толуп кетиптир. Сөөктүн турганына бир топ болуп калган сыяктуу. Торттун коробкасынан алганда баланын бир кат териси сыйрылып, коробкага жабышып калып калды» деп айтышты. Кийин кызымды караган балдар дарыгери «Эгиздин түгөйү кана? Эгер ал чарчап калган болсо, ал тууралуу маалымат кагазың барбы?» деп сурап калды. Ошондо ага болгон окуяны айтып бердим.

«ДОКУМЕНТТИ ЖАСАП КОЮШСА КЕРЕК»
-Ооруканадан чыгып жатканда баланын жана төрөгөн пациенттин абалын маалымдаган «обменная карта» алгам. Анда берилген датасы 2014-жылдын 23-августу деп турган. Диагноз деген жеринде «эгиз, экөө тең тирүү» деп жазылыптыр. Укук коргоо кызматкерлерине кайрылардан мурун «обменная карта» алганы кайра бардым. Бул жолу мага 27-августтагы мөөнөт менен, диагноз деген жерге «эгиз, бирөө өлүү төрөлгөн» деген кагаз беришти. Ал эми картанын каттоо номери өзгөртүлгөн эмес. Менимче, документти жасап коюшса керек. Ысык-Көл облустук прокуратурасына жогорудагы эки картаны тең тиркеп, арыз менен кайрылдым. 8-июнда мага кат жөнөтүштү. Алар «Текшерүүнүн жүрүшүндө баланын төрөткө чейин ичтен чарчап калганынын себебин патологоанатом тактаган эмес. Баланын ичтен чарчап калгандыгы тууралуу перинаталдык күбөлүк берилген эмес» деген жыйынтык чыгарды. Бул тууралуу прокуратура тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлигине билдирүү жасалганын жана Ысык-Көл ОИИБине көмүлгөн баланы эксгумация (ред. казып алып текшерүү жүргүзүү) кылып, экспертиза дайындоону тапшырган.

«КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛО ЭЛЕК»
Окуя боюнча Ысык-Көл ОИИБинин тергөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары РУСЛАН БЕРДИБАЕВ төмөнкүдөй маалымат берди:
-Салтанат Сабырбекованын арызы боюнча Каракол ШИИБи тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат. Окуя боюнча кылмыш иши козголо элек. Эксгумация жасоо боюнча облуста адистер жок болгондуктан борбордон эксперттерди чакыруу иштери жүргүзүлүп жатат. Эксперттер дайын болсо казуу иштери башталат. Эгер экспертиза көмүлгөн баланын ДНКсын ата-энесине таандык эмес деп тааныса, анда Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн тиешелүү кызматкерлерине кылмыш иши козголот.
«Эне жүрөгү сезбеген эч нерсе жок. Кызымдын түгөйү түшүмдөн кетпей койду. Түш көрсөм эле кыздарымды чогуу эмизип жатканым, бирин колумдан алдырып жиберип, ага жете албай жаткан башаламан түштөр кире берет. Менин көйгөйүмө укук коргоо кызматкерлери жакшылап көңүл буруп, эгер кызым тирүү болсо, колума кайтарып беришер деген үмүттөмүн»,- дейт каарманыбыз. Окуяны биз да акмалап, жыйынтыгын окурмандарыбыз менен тааныштырып турмакчыбыз.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(19)
29.06.2015. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишиниз онунан чыксын.
29.06.2015. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым ай озун сактай кор,азыркы врачтарга озу ишенич жок,ошол учун торот убагында жанында жолдошу же жакындары туруш керек,кыжалат болбонуз тируу болсо албетте табылат.
29.06.2015. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эне журогу сезбегендечи, ийгилик.
29.06.2015. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тирүү табылып,бооруңузга алып алыңыз.
29.06.2015. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын,врачка кун тушпосун болду го,торогон энени боздотуп наристесин сатып жиберишкендер Алланын жазасында.Кантип коркушпайт.
29.06.2015. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тогуз ай журогунун устундо жатса,анан жарык дуйного алып келгенде алдап коюшса бул туура иш эмес.Кудайым тилегинизди орундатсын.Бир кудайга маалым
29.06.2015. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камера коюп койбосо булар токтобос болду
29.06.2015. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Скрытый камера коюп ак халаттардын аччуу жерин ачыш керек
29.06.2015. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ким, кайсы врач кылсада эгиздин шеригин кайтарып берсин демекмин
29.06.2015. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер-инфо гезитинин жалпы жамаатына ийгилик. Ушундай жонокой элдердин чиновниктерге, тиешелуу жерлерге жетпеген ундорун жеткизип атасыздар. Адамдар да сиздерге ишенген учун келип атышат. Коп-коп жардам берип жатасыздар!Эми ушул биздин суйуктуу гезит аркылуу, чындык, жардам тийген уй-було, жарандар тууралуу да гезит бетине жазып чыгасыздар деген ойдомун!Анткени ушу сыяктуу билдируулор гезит бетине чыккан сон гана кээ бир чиновниктер кыймылдай башташаарын копчулук эле билебиз.
operaledi түзөттү 2015-06-29 20:50:00
30.06.2015. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эне журогу сезбегенде эмне?Табылып калсын ылайым.Ак халатчандар тиешелуу жазасын алышсын!
01.07.2015. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Табылып калсын Буюрса кудайым онунан берип
01.07.2015. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эне баласын ар качан ойлойт журогу сезет, сыздайт. Врачтарга учурда ишеним калбаганго бул.Аллах кубо баарына аллахым врачтардын козун ачып журогуно эненикиндей сезим берсин, эгиздин шеригин кайтартуу учун врачтарга ынсап жана ыйман берсин.
06.07.2015. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бала курсакта 5 кун болсо олгонуно анда тиги аялдын жатыны ирип кетмек мен деле ичимде чарчап калган балам нормале чыккан
06.07.2015. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
врачтар алдын ала план кылса керекда ошого атайын аны билдирбешке наркоз сайган кесарево деп тигил аял озун билбей калса туулганын билбей калатго деп менимче анан дагы бир Алла бир оздору билет бирок баардык кылган иштерине тигил дуйнодо жооп беришет
08.07.2015. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак халатчандарга ишенчуу элек,наоборот коркуш керек болуп калды.
08.07.2015. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам
21.07.2015. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары бирдей эмес жакшы врачтарда коп кызымды торогондо аябай жакшы караган бардыгы бирдей эместа
31.07.2015. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу супер!ушул окуянын жыйынтыгы болуп жатабы билдирип койсонуздар сураныч.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо