№660 25-июнь-1-июль, 2015-ж
Кыргыз телеканалдарынан тамашалуу «Большие люди» теледолбоорун көрүп эле жүрсөңүздөр керек. Көрөрмандардын купулуна толуп, кызыктуу берүүлөрдүн бирине айланган бул долбоор казак туугандардын телеканалдарынан дагы көрсөтүлүп келет. Эмнегедир Кыргызстанда көптөн бери бул долбоор көрсөтүлбөй калды. Ошондон уламбы көпчүлүк аталган долбоордун жаратуучусу Эльдияр Кененсаров казак туугандарга соодалап жиберген деген күбүр-шыбырлар пайда болгон эле. Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабачу эле деп, кептин чындык жайы барбы деген суроо менен Эльдияр Кененсаровго кайрылып, мындай жооп алдык:
– «Большие люди» долбоорун эч ким саткан эмес. Мурда бизде эле көрсөтүлсө, эми аталган долбоор Казакстанда да көрсөтүлүп жатат. Бул долбоор коңшу өлкөнүн көрөрмандарынын дагы кызыгуусун жаратууда. 2011-жылдан тарта «Алга Жастар» жана «Большие люди kz « скетч-шоу алкагында көрсөтүлүп келүүдө.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |