Рахат Божокоева, актриса: «МЕКТЕПТЕ АВТОРИТЕТ БОЛЧУМУН»

№661 3-июль-9-июль, 2015-ж

«Ак куу моюн, чийме каш кыздары сулуу кыргыздын» демекчи, Таттыбүбү эжекебиздин орун басарлары кыргыз киносунда күндөн-күнгө көбөйүп барат. Бүгүнкү коногубуз мына ошол кыргыздын тың чыкма кыздарынын бири, сымбаттуу, чырайлуу, назик, түрдүү образда өзүн көрсөтө алган Рахат Божокоева.

– Кандайсың, Рахат? Учурда алпаруучу болуп иштеп жүргөнүңдү билебиз, жаңы өздөштүрүп жаткан кесибиң жагып жатабы?
– Саламатсыздарбы? Ооба, жагып жатат. Алпаруучу болуп иштегениме бир айдай болуп калды. НТСке мени Мира Шүкүралиева эжекем чакырган эле, видеопробадан өтүп, алып баруучулукка кабыл алындым. Азыр сезонду жаап эмгек өргүүсүнө чыктык, буюрса, бир айдан соң кайра экранга кайтып келем. Жумуштун оңою болбойт дешет эмеспи, анын сыңары башында бир аз кыйналдым. Орусча ойлонуп, аны кыргызчага которуп сүйлөп жиберген учурларым болду. Бирок макал-лакаптарды жаттап, бат эле алпаруучулукту өздөштүрүп кеттим.

– Сенин мындан сырткары фотомодель экениңди да билебиз...
– 14-15 жашымдан баштап гезит-журналдарга тартыла баштагам. Боюм 165 эле сантиметр, ал эми мода дүйнөсүндө кыздар үчүн стандарт 170 сантиметрден жогору да. Ушул себептен көпчүлүк мода көргөзмөлөрүнө катыша албай калам. Ошондуктан көбүнчө сүрөт аркылуу кийимдерди жарнамалайм.

– Азыр интернет ар бир адамдын жашоосунда актуалдуу роль ойноп жаткан кези, сен интернет менен кандай мамиледесиң?
– Азыр кайда барба элдин баары телефонун чукулап отурганын көрөсүң. Өзүм интернетти ченеми менен пайдаланам. Бул оокаттын жакшы жагы – алыста жүргөн адамдар менен сүйлөшкөнгө мыкты шарт түзүп берет. Мисалы, менин досторум Сахалинде, Францияда, инилерим Америкада жашашат, алар менен интернет аркылуу гана байланышып турам. Жаман жагы – адамдар деградация болуп баратабыз, жөнөкөй эле мисал, жаныңда туруп эле социалдык тармактан куттуктоо жибергендерди түшүнбөйм. Мен үчүн жандуу эмоция маанилүү. Негизи эле телефон чукулап интернетке киргенге караганда, китеп окуган жагат. Үйдө чакан китепканабыз бар, ыраматылык атамдын саякаттап жүрүп ар кайсы шаардан чогулткан китептерин азыр мен окуп жаткан кезим.

– Китеп окуганды жакшы көргөн Рахат кичинекейинде кандай кыз эле?
– Аябай тартиптүү, созулган кыз болчусуң дешет. Апам «эртең менен кандай көйнөк кийгизип жиберсем, кайра ошол бойдон кирдетпей келчүсүң» дейт. Эсимде, үйдө атам, апам, байкем болуп интерактивдүү оюндарды ойночубуз. Ал кезде Максим Галкиндин «Ким миллионер болгусу келет?» деген берүүсүн көп көрчүбүз, мен да ага окшоп үйдөгүлөргө суроо узатып ойночумун. Ал эми мектепте авторитет элем. Жоош болгонум менен, эч ким катыла алчу эмес, теңтуш кыздарым коркушчу. 5-6-класста топ-топ болуп кыздар өзүбүзчө тайпа түзүп, мен ошол тайпадагы кыздарды башкарып калгам. Класста староста, мектепте премьер-министр болдум, азыр да агай-эжейлерим, классташтарым менен жакшы мамиледемин.

– Балким, ошол курактагы сүйүүлөрдөн эстеп кетерсиң...
– Мектепте балдар артымдан калбай чуркачу. Бир жолу мугалимим мени чакырып, партадагы «Рахат Божокоева, мен сени сүйөм» деген жазууну мага жуудурткан. «Эмнеге башкалар жазса мен жуушум керек?» деп жинденсем, «сенин атың жазылып турат, сен жуушуң керек» деп койгон. Бирөөлөр мени сүйгөнү үчүн өзүм парта жууп отурган күндөр көп эле болду.

– Сулуулугуң, белгилүүлүгүң маселе чечүүдө жардамга келеби?
– Бир жолу съёмкага кечигип такси менен шашып баратсам МАИ кызматкери тосуп калды. Таксинин айдоочусунун документтери туура болбой бир топ күтүп калдым. МАИчи жаныма келип мени карап таанып, «чоң кыз, сиз Рахат Божокоева деген актриса кызсызбы, каякка бара жаттыңыз эле? Түшүңүз, башка такси кармап кетиңиз?» дейт. Эми качан такси кармап, качан жетем деп турсам ал айдоочуга «бактыңыз бар экен» деп коё беришкен.

– Божокоева деген фамилияң өзгөчө угулат, ошондо чоң атаңдын атыбы?
– Ооба, чоң атамдын аты Божокой болгон (күлүп). Ал менин төртүнчү чоң атам. Буюрса, бул фамилияны бизден кийинки урпактарыбыз да өзгөртпөй улантат деген ойдобуз. Байкем экөөбүз 7 атабызды эмес, 10 атабызды билебиз. Атам көзү тирүүсүндө үйрөтүп кеткен эле.

– Пластикалык операцияга көз карашың?
– Кырсыкка кабылып операцияга муктаж болгон адамдарды түшүнөм. «Ушул жерим жакпай жатат, оңдоп коюңузчу, сулуураак көрүнөйүн» дегендерди түшүнбөйм. Мага адамдардын бул жоругу «сен мени сулуу эмес кылып жараттың, мына сулуу болуу өзүмдүн колумдан деле келет» деп Кудай менен тең тайлашкандай сезиле берет. Келбетти өзгөрткөнчө, жан дүйнөнү өзгөртүш керек деп ойлойм.

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Интрига, ушак-айыңдан алыс, түз жүргөн адаммын" дейт Рахат Божокоева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(79)
06.07.2015. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Emnege Elina Abai kyzynan interv'u albaisynar?
06.07.2015. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Козумо суктанышат дейби?Албетте боеп койсо баарынын эле козу татынакай болуп калат.Мактанганы жанан жасалмалыгы ашыкча экен.
06.07.2015. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ХХХ ХХХ Бактыгул, Элина, Айя Садырованы да жазгылачы.
Модератор admin_media түзөттү 2015-07-06 13:13:17
06.07.2015. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sezimay, nurikgulya,
Саламатсыздарбы! Сунуштарды тиешелүү бөлүмгө жеткирип коебуз, рахмат! Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикир, сунуштар болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
06.07.2015. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баягы эле орусча ойлоном,авторитет болчум,кыздар менден коркушчу,премьер министр болчум деген эле глупосттор. Аллергия болом ушундай маектерди окуганда
07.07.2015. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Izdeim_seni.,aaaaitpa)))))
06.07.2015. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рахатта табыйгый сулуулук бар. Косметика ото эле ашыкча болуп калган.ийгилик каалайм
24.07.2015. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayzyrek89,кайсы жеринде косметика ашык болуп калыптыр, тескерисинче косметиканын изи деле көрүнбөйт го
06.07.2015. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
«Ак куу моюн, чийме каш, кыздары сулуу кыргыздын»...
Эгер мурунку кыргыз кыздары жөнүндө айтылса, "керме каш" десе болмок, "чийме каш" десе, бүгүнкүнүн кыздары да, ээ, б.а. татуаж да ))) Ошондо кашы чийилгендер сулуу болобу )))
06.07.2015. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Боенгону озуно вообще жарашпаптыр!Кун ыссыкта мынча боенгон.
Анан ушул кыздан эле интервью ала бересинерби?
06.07.2015. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
chanel11ойун кыска панята деген нерсе жок экен не созсуз депутаттарга жагыш керекпи суйлогон созунду ойлонуп жаздын бекен же эмне азыркы кыздар депутаттарга жагыш учун жашап калгансынарбы сага толтура созум бар эле болгону сайттын эрежелерине туура келбейт да
06.07.2015. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
супер инфо коптон бери нон стоп тобундагы чолпонайдан интервию алып бериниздерчи деп келем тилегимди орундатпай койдунар дагы бир жолу сиздерден сураныч
07.07.2015. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Taalai_kg, саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирип коебуз, рахмат!
24.07.2015. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Taalai_kg,Чолпонайдын кыргызча интервью берээрине ишене албай турам
Медиа-портал
06.07.2015. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылдыз оорусу менен оорубай жакшынакай эле жооп бериптир го
07.07.2015. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир жакшына эле жоопр бериптир го. Мага окшоп шашып суйлогон кыз экен) Козу жакшына болсо айтат да анан. Бизге бироону жамандатып эле койсо озу!
SUPER.KG видео
07.07.2015. 04:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
откондо эле алды эле интервью, ай Максат ошо озуно эле ылайыктап жаткан окшойсун, свиданияга чакырганда эмне кылышты озунон угайын, билейин деп хехе))
07.07.2015. 08:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйом дечи киносундагы Рахатка окшошпой калыптыр.
07.07.2015. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
тыкылдаган тын кыз корунот,негизи эле рахаттыкындай келбетуу кыздар сейрек кездешет бизде,эл алдында озун токтоо алып жургонго аракет кылат а негизи озу тыкылаган кыз экени байкалат
Медиа-портал
07.07.2015. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
san4ik.B, эскертүү!
Ар бир колдонуучу эреженин талабына ылайык өз ой-пикирин жазып калтырууга укуктуу! Башка колдонуучунун өздүгүнө асылбай билдирүү жазыңыз! HAPPY.GIRL, san4ik.B,
Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар!
07.07.2015. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Маи кызматкери жаныма басып келип чача пачааа ужжжас ашыкча мактанып кетиптирго!))
07.07.2015. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурдагыдай жакпай калды ушул актриса эже. мурда аябай жакчу
07.07.2015. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
биздин ырчылар баардыгы эле авторитет болуп чонойгон окшойт,баардыгы эле озун мактайт го эркектер менен мушташып журчум деп
08.07.2015. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жылдыз оорусу баардык еле маданият чойросундо жургондордун башынан отсо керек. Ал оору бул актрисабызды да багынткан сыяктанат. Ертереек сакайыпкет! Ал еми сулуулугуна соз жок.
24.07.2015. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Binnur,эч кандай жылдыз оорусу жок эле турбайбы, жакшынакай берилген суроолорго жооп берип жатпайбы, бөйрөктөн шыйрак чыгара бербесек
08.07.2015. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рахат Божокоева кыргыздын эн таланттуу актрисаларынын бири, чындыгында журогу таза,жан дуйносундо кири жок кыз.Рахат Аллга,онугуп оркундой бер, жеке жашооно да ийгилик.
08.07.2015. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Боенгону гезит же сайт тарабынан сунушталса керек менимче, атайын фотосессияга боенуп барган го. Мага жакты, эмнеси жаман??? 20 жашында айрымдар мурунун таза аарчый албай журушот ата-энесинин акчасына курсак тойгузуп. А бул 20 эми чыгыптыр, тыкылдап алдыга койгон максаты дадил, озуно тын кыз экенго. Адамдар мындай боорго теппей жайдары жакшы маанайды дагы жандыргылачы. Сынатып элееее койсо эээ, интересно ушул терс ойлорду жазып жаткандар эмнени кыйратып жатты экен? Жашоосуна нааразы немелер го э
11.07.2015. 03:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jalgyzdyk,
ээн туура айттын, сага кошулам бут создоруно.
24.07.2015. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jalgyzdyk,сага 100% кошулам
Медиа-портал
08.07.2015. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менимче козун ашыкча бойоп алганго кинодо клиптерде жакшына эле чыкчу азырак бойонсо сонун эле кыз
08.07.2015. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жаныдан осуп келе жаткан жаш талант Рахат!!! Эч кимдин созуно конул бурбай осо бер, Ийгилик сага!!!
Кудай сага сулуулукту да,талантты да, акылды да берген ондонот.
Ушул калыбындан жазбай ак жолундан адашпай, барга коппой, жокко чокпой келечекте жакшы аты менен тарыхта кала турган кыздардан болушуна тилектешмин.
08.07.2015. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
атактуулук, акча, бийлик адамды озгортот экен да э :-)
11.07.2015. 03:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай бойнуп суротко тушуп аткан турбайбы. Интервью сунда бойонбой эле жакшынакай отурат го. Анан жонокой эле суйлоптур го жылдыз оорусу менен оорубай эле. Анан дагы чынында эле сулуу кыз, коздору аябай сулуу.
11.07.2015. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде баары жасалма эле болуп калыптыр, негизи Рахаттын откондогу маеги мага жаккан жонокой кыздардай болуп корунгон, ал эми мунусу болсо кичине элге корнунуп калдым деп боюн которо бериштин кереги жок да, жонокой болгондой кийин ошондой элебойдон калса гана, эн негизгиси журокто дейт мен аны коро алган жокмун, журокто сырткы келбети анча маанилуу эмес болсо анда неге мынча боенуп келдин
24.07.2015. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
persik2603,боёнбой эле турса деле, эмнеге боёнупр келдиң депсиң го,өзүнүн эле көз-кирпиги,чачы го
SUPER.KG видео
14.07.2015. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи жүктөлгөн видеодо макияжы бар (аябай боенгон) болчу го. 2 жолу тарттынарбы? Терс комментарийлерден улам кайра жөнөкөй болуп интервью берген экен(((
Медиа-портал
14.07.2015. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Парламенттин алдындагы фотосессиясы жакшы экен)))



Медиа-портал
14.07.2015. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи,негизи деп коп айтат экен
20.07.2015. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик сага! Эми жылдыз оорусу менен ооруса мейли, убагы келгенде озу токтолот да.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо