ДҮЙНӨНҮН ЭҢ ЫЛДАМ ФУТБОЛЧУСУ АРЬЕН РОББЕН

№661 3-июль-9-июль, 2015-ж

Аны ийгиликсиз адам деп күйөрмандары сөз кылышса, өз клубунун футболчулары өзүмчүл деп жаман көрүшчү. Анткен менен ал коомчулукка өзүн футбол генийи экенин далилдей алды. Бүгүнкү биздин каарманыбыз мюнхендик «Бавариянын» вингери, голландиялык футболчу Арьен Роббен болмокчу.

АРЬЕН РОББЕН
Туулган жылы, күнү – 1984-жыл, 23-январь
Боюнун узундугу – 180 сантиметр
Салмагы – 80 килограмм
Учурда ойногон клубу – «Бавария»
Амплуа – Жарым коргоочу

ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ:

  • 4 өлкөнүн: Голландия (ПСВ клубунун курамында), Англия («Челси»), Испания («Реал Мадрид») жана Германия («Бавария») чемпиондуктарын уткан.
  • 2004-жылы өткөн Европа чемпиондугунун коло медалынын ээси.
  • 2010-жылы өткөн Дүйнө биринчилигинин күмүш, 2014-жылкы Дүйнө биринчилигинин коло медалынын ээси.

6 ЖАШЫНАН БЕРИ ФУТБОЛ МЕНЕН ДОС
Таланттуу футболчу Голландиядагы Бедюм деген кичинекей шаарда төрөлгөн. 6 жашында аталган шаардагы клубга кирип, футбол менен машыга баштаган. 12 жашында «Гронинген» футбол клубунун мектебине кирип, 16 жашында ушул эле клуб менен алгачкы профессионалдык келишимин түзгөн.

«ХРУСТАЛЬ АДАМ»
Роббен көптөгөн каймана аттардын ээси: «Сыйкырдуу Арьен», «Бедумдук тайган», «Ракета», «Метеор», «Хрусталь киши» жана башкалар. «Хрусталь киши» кайманы аты да бекеринен коюлган эмес. Ал көп жаракат алып, көп оюндарга катышпай калып келет.

ТРАНСФЕР
2002-жылы 18 жаштагы Роббенди Голландиядагы эң күчтүү клубдардын бири ПСВ «Гронингенден» 3,9 миллион еврого сатып алат. Роббен ПСВнын курамында ойноп Голландиянын чемпиондугун утат, ал эми кийинки жылы клуб күмүш байгеге татыйт. Келечектен көптү үмүттөндүргөн бул футболчуга «Манчестер Юнайтед», «Челси» клубдары көз арта баштайт. Жыйынтыгында 18 миллион евро сунуштаган «Челси» «Ракетаны» сатып алат. Ал эми 2007-жылы «Реал» клубу Роббен үчүн 36,5 миллион евро төлөп берет. 2009-жылы «Бавария» Роббен үчүн 25 миллион евро төлөп, ал аталган клубда ушул убакка чейин ойноп келет.

ӨЗҮМЧҮЛ
Атактуулук Роббенди тескери жакка өзгөрткөн. Ал футбол командалык оюн экендигин унутуп, бутуна тийген топту эч кимге узатпай өзү алып жөнөй турган болгон.
2012-жылы «Боруссия» менен болгон маанилүү беттеште да өзүмчүл Роббен шериктерин түртө салып пенальти тебүүгө чыккан. Жыйынтыгында ал гол киргизе албай калган да, «Бавария» жеңилүүгө учурап, «Бедумдук тайган» эң башкы күнөөкөргө айланган.

ЖАҢЫ АРЬЕН
Ушул окуядан кийин Роббен оң жакка өзгөргөн десек болот. Ал мурункудан да мыкты ойноп, шериктерине коргонууда жана чабуулга өтүүдө көбүрөөк жардам бере баштаган. Кийинки сезон Роббен үчүн да, «Бавария» үчүн да ийгиликтүү болуп, команда 2013-жылы 5 кубокту жеңип алган. Ошондой эле Чемпиондор Лигасынын финалында «Боруссия» менен болгон беттештин 60-мүнөтүндө Роббен өзү гол киргизе ала турган топту өнөктөшүнө берип гол киргиздирген. Ал эми оюндун акыркы мүнөттөрүндө жеңиш алып келген голду өзү киргизип, кайрадан баатырга айланган.

ЭҢ ЫЛДАМ ФУТБОЛЧУ
2014-жылы өткөн дүйнө чемпиондугунда Испания менен болгон оюнда Роббен футболдогу ылдамдык боюнча жаңы рекорд жараткан. Анда ал Серхио Рамосту саатына 37 чакырым ылдамдыкта чуркап ашып өтүп, атаандаштардын дарбазасына гол киргизген. Буга чейин англиялык футболчу Тео Уолкотт саатына 34,7 чакырым ылдамдык менен рекордду кармап келген.

АКТЁРЛУГУ ҮЧҮН «ОСКАР»
Роббен тууралуу «актёрлук курстан билим алган же анда тубаса талант бар» деп тамаша аралаш сөздөр айтылып жүрөт. Чын-жалганын ким билсин, айтор, «Бедумдук тайган» айып аянтчасында ойноп жатканда шамалдын үлп эткен желине деле кулап кала берет.

ҮЙ-БҮЛӨСҮ
Роббен менен жубайы Бернадьен Эйлердин ортосунда Лука, Кайдеген аттуу 2 уулу жана Линн деген кызы бар. Футболчу өзү «Үйдүн босогосун аттаган соң жумушту, футболду унутам. Үйдө мен күйөө жана атамын»,- деп айтып келет.

Нурбек Абдыкадыров
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(11)
06.07.2015. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чынында мыкты мен сыйлаган футболчулардын бири
06.07.2015. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чынында кучтуу Голландиянын мыкты оюнчусу.Тактикасы да жагат.
06.07.2015. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Роббен жок быйыл бавария утулуп калбадыбы Л Ч.
07.07.2015. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла таала мыкты жараткан,тан калыш керек,кучтуу футболист.
07.07.2015. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бедумдук тайган деп туура ле коюптур. 2014-жылы ДЧда кулаганда менда ишенип калган, корсо актерлук чеберчилик менен кулаган экенда, кайран
08.07.2015. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Robben мыкты оюнчу!голандия менен бавариянын журогу десем жанылышпайм
08.07.2015. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкты оюнчу.
08.07.2015. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Он капталдан кирип барып, анын устуно топту удар менен эмес, кооздук менен дарбазага багыттоо боюнча бул оюнчуга эч ким тен келе албайт. Керек болсо Роналду, Месси, Бейл айтор азыркы убакытта эч ким тен келе албайт ушул таланты боюнча.
08.07.2015. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мыкты Фудболисть Биздин Мирлан Мурзаевда Техникасы тез!
09.07.2015. 08:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
малдессс Арьен...өтө уникалдуу тактиканын ээси, Баварияга өтүп оң канатта ойноп баштагандан бери кыйла өзгөрдү..."Robben Street" же "Роббендин көчөсү" деген ылакам менен белгилүү болгон тактикасы менен оң канаттан жара кирип көчөсүнүн 2 тарап варианттын бирин тандаган, сол жака кетсе "гол", түз кетсе голдук пас жаратып ассистент болору белгилүү!)))
22.09.2015. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
as.fanat, Туура айтасын, просто пушка (башка соз жок)...!!!
adjo_krsu түзөттү 2015-09-22 22:57:30
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо