СУЛУУЛУК КАНЧА ТУРАТ?

№661 3-июль-9-июль, 2015-ж

Кыздар, силер деле жок дегенде бир жолу жасалма кирпик өстүрүп көрсөңөр керек. Мисалы, мага сулуулуктун мындай түрү жаккан эмес. Өзүмдүн табигый кирпиктеримдин түшүп калганы аз келгенсип, бул нерсени жасатуу үчүн дагы бир топ акча төлөйсүң. Кызыгы, дайыма эл көзүндө жүргөн айымдарды байкасак, дээрлик баары кирпик өстүрүп жүрүшөт, алардан бул тууралуу сурап көрдүк...

Асема Токтобекова, актриса: «ЭКИНЧИ ЖАСАЛМА КИРПИК ЖАСАТПАЙМ»
– Мындан 2 жыл мурун кирпик өстүрүп көргөм. Анда бул нерсе жаңы мода болуп баштаган эле. Норка деп коюшат, мен ошол норка кирпик жасатып 1000 сом төлөгөм. Ошондон кийин өзүмө кирпик өстүрбөйм деп сөз берип, андан көрө табигый кирпиктеримди жакшылап карайын деп чечкем. Жасалма кирпигим эки жума кармалып, андан кийин түшө баштаган. Өзү эле түшсө мейли го, ага кошулуп табигый кирпиктерим да түшүп калган. Кээде жасалма экенин унутуп, көзүңдү ушалап жиберсең бүттү, төгүлө баштайт. Мындан улам жасалма сулуулук табигый нерсеге татыбасын түшүндүм.

Сайкал Садыбакасова, ырчы: "ЖЫЛЫНА ЭКИ ЖОЛУ ӨСТҮРӨМ"
– Сахна адамдары дайыма эл көзүндө жүргөндүктөн, өзүнө карап сулуу болуп жүрүүсү зарыл деп эсептейм. Ушул максатта бир жылда эки жолу жасалма кирпик өстүрүп, бир жолку акысына 4000 сом төлөйм. «Керемет» кирпиктерим 2 айга чейин кармалат. Көп кыздар «табигый кирпиктерим түшүп калды» деп наалышат, менде андай болгон эмес. Себеби алгач сапатына жана жасап бере турган адамдын тажрыйбасына карайм. Болбосо кээ бир сулуулук салондорунда эптеп эле жасап коюшат. Жыйынтыгында сулуулук да жок, өзүңдүн кирпиктериң да түшүп калат. Жылына кирпик үчүн эле 8000 сом коротом.

Алиман Дуйшеналиева, актриса: «СУЛУУЛУК ӨЗ АКЫСЫН АЛАТ»
– Мен азыр жасалма 3D деген кирпиктин үч эсе коюу түрүнөн өстүрүп жүрөм. Негизи мындай жасалма сулуулукка чанда гана кайрылып, 2-3 жылда бир өстүрөм. Жасалма кирпиктер 2 айга чейин жетет. Аларды аябай кылдаттык менен карайм. 3D болгондуктан коркпой эле бетимди жууйм, бассейнге деле бара берем. Бирок дайыма кирпиктеримди аяп турам. Бирок алардын көпкө кармалуусу аларга чаптаган желимдин (клей) сапатынан көз каранды. Кирпиктер түшүп калат дегенге кошулбайм. Мисалга, менин майда, көзгө көрүнбөгөн эле кирпиктерим түшөт. Жасалма кирпиктердин жакшы жагы – аны өстүрүп алган соң такыр боёнбой жүрө берсең болот. Сулуулук баары бир өз акысын алат. 2 айлык жасалма сулуулук үчүн акча төлөп, өзүмдүн айрым кирпиктеримден айрылып жатканыма өкүнбөйм.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(14)
06.07.2015. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жасалма сулууктан коро бар нерсенин баркын.билуу.керек.
06.07.2015. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ozumdun kirpikterim tuwup kalaby dep jazatpai jurom.
06.07.2015. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да жасаткам биринчи жолкусунда сонун болгон эки жарым ай жургом, кийинкисинде 2 жумада эле тушуп калган...сапатына конул буруш керек экен!
06.07.2015. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен 2 жыл мурун жасаттым эле, кайра 1 кундон кийин жулуп салгам
10.07.2015. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ailam14,кокуй неге?жулуп койсо эле чыкса не кайра кирпигини тубунон жулат го
06.07.2015. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыкпапмын.
06.07.2015. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
. Бирок алардын көпкө кармалуусу аларга чаптаган желимдин (клей) сапатынан көз каранды. Кирпиктер түшүп калат дегенге кошулбайм.


Клей деп кашага алып коюптур арабызда киргиздер да бар да хе хе хе)))))))))
A3A түзөттү 2015-07-06 23:35:35
07.07.2015. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
A3A,men mizaly ozumdu kirgiz dep eseptebeim.siz emne magazinge barganda Maga super Jelim berinizchi deisizbi.Klei dep kunumduk aitylgan uchun kyp kyrgyzdar dele Klei deit Jelim debei
07.07.2015. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Vivienдин материалдарын жана сапаттуу клей менен остуртсонор кирпик тушпойт. Мастер дагы ошол тармакта иштеген тажрыйбалуу болушу шарт. Ал эми норка, шелк деген жон эле МИФ! Кирпик эч кандай норкадан же башка нерседен жасалбайт.
07.07.2015. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздар андан коро витамин В суйкогуло кашка кирпике, осот, коюуланат. табигый сулуулук.
08.07.2015. 03:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
табигый сулуулукка не жетсин
09.07.2015. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир нерсе жасатаардан мурда, эркектин козу менен бир карап койгула. Баарына эле жараша бербейт кирпик.
09.07.2015. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козго кылдат мамиле кылам. Айланасына майда бырыш тусуусунон корком. Боек да коп чаптанбайм. Болбосо кычышып ушалай берет экенмин.
01.08.2015. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айланайындарым 1,2 бала торогулочу!анан сулуулугунарды коробуз!?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо