Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖУБАЙЛАРДА ЖАШ АЙЫРМА КАНЧА БОЛУШУ КЕРЕК?

№661 3-июль-9-июль, 2015-ж

«Кайгыга салдың агаңды картайган кезде жолугуп»деп Раймалы сыздагандай, коомчулукта жубайлар ортосундагы жаш айырмачылык кызуу талкууга алынып келет. Күйөөсү улуу болсо да эч нерсе эмес, аялы улуу болуп калса, талкуунун таш майданында калды дей бериңиз. Жаш айырмачылык жубайлардын жашоосуна кандай таасир берери тууралуу «Paradise Sun» психологиялык жардам берүү борборунун психологу Айзада Танаева жооп берет.

ТЕҢ ЖЕ БЕШ ЖАШКА ЧЕЙИНКИ АЙЫРМАЧЫЛЫК
Жубайлардын ортосундагы 5 жашка чейинки айырмачылык психологияда идеалдуу шайкештик делинет. Күйөөсү аялынан же аялы күйөөсүнөн улуу-кичүү болгону мааниге ээ эмес. Анткени экөөнүн жаштыгы, өспүрүм курагы бирдей атмосферада өттү. Кызыкчылыктары, ал тургай көргөн кинолору, уккан музыкасы, кийинүү стили да бирдей.

ЖАКШЫ ЖАГЫ
Сексуалдык жактан бирдей деңгээлде болушат. Негизи адамдар 40 жашка чейин акыл жагынан да, физиологиялык жактан да өнүгүп-өсүп турган учур. Ошондуктан бул түгөйлөрдө бактылуу, ынтымактуу үй-бүлө куруу мүмкүнчүлүгү жогору.

ЖАМАН ЖАГЫ
Талаш маселе жаралса бири-бирине баш ийгилери келбейт. Амбициялары бийик «сен андай кылсаң, мен мындай кылам»деген нерседен көп уруш чыгат. Бири-бирине жол бербей тентек улактардай көпүрөдө тура берүү көп кезигет.

КЕҢЕШ
Эркектерге:
Аялыңыздын кызыкчылыгын да эске ала жүрүү керек. Мисалы, балдарды багуу, үй-тиричилик аялдын гана иши эмес, кээде ал дагы көңүлүн ачып туруусу керек. Аялдарга: Күйөөңүздүн кайсы бир себеп менен жумуштан кеч келишин же сизге өтө көңүл бурбай жатканын түшүнүү менен кабыл алыңыз. Бири-биринин мүнөзүнө түшүнүү менен карап, артка чегингенди билүү кажет.

6-15 ЖАШ АЙЫРМАЧЫЛЫК

Аялы күйөөсүнөн 6-15 жаш улуу болгону – кыргызда чанда кезикчү көрүнүш десек болот. Мындай аялды тандаган мырзалар энесинен мээрим аз көргөн же энесинен эрте айрылган болушу мүмкүн. Алар энеден албай калган мээримди, камкордукту, түшүнүүнү улуу аялдан издешет жана таба алышат.

ЖАКШЫ ЖАГЫ
Аялдар өзүнөн кичүү мырза менен турмуш курганда физиологиялык, психологиялык жактан катуу жашарышат. Өзүнүн экинчи өмүрүн сүрүп жаткандай, жаңыланууда болушат. Эркек да аял тараптан жылуу мамилени, камкордукту сезип, өзүн чыныгы мырза катары сезе баштайт. Башкача айтканда, чоңоёт. Мындай союзда экөө тең өзүнө керектүү нерселерди таба алышат.

ЖАМАН ЖАГЫ
Баары бир жаштык деген жаштык. Эркек бардык жагынан толуп турган учуру, ал эми аялдын физиологиясында төмөндөө жүрүп, темпераменти басаңдай баштайт. Андан улам өзүнө ишенбөөчүлүк пайда болот. Эркек мындай учурда коомдун талкуусунан көбүрөөк чүнчүйт. Бирок жеңип кетүүгө мүмкүн болгон маселе.

КЕҢЕШ
Аялдарга:
Жакшы жашап кетүү үчүн өзүңүздүн улуу экениңизди баса көрсөтүп, күйөөңүздү катуу көзөмөлдөбөңүз. Эркектерге: Аялыңыздын улуу экенине басым жасабай, анын дайыма жаш, сулуу экенин айтып мактап турганыңыз оң.

Күйөөсү 6-15 жашка улуу болгон учур да көп кездешет. Негизи түгөй тандоодо кичине кезиндеги тарбия, ата-энесинин ага болгон мамилеси да таасир этет. Өзүнөн улуу эркекти тандаган кыздар атасы менен апасы ажырашып кетип же каза болуп, айтор, ата мээримин көрбөй калган кыздар болушу мүмкүн. Алар материалдык жана моралдык жактан эркектен коргоо издешет.

ЖАКШЫ ЖАГЫ
Бул окутуучунун жана окуучунун союзу десек болот. Күйөөсү улуу болсо, аялына акыл айтып, кайсы бир деңгээлде тарбиялап, өзүнүн мүнөзүнө карата калыптандырып алат. Аял болсо өз учурунда жолдошуна жаштык, өзүнө ишеним, жашоосуна жаңы көз карашты алып келет. Мындай никеде өз ара түшүнүшүү болсо, көпкө созулат.

ЖАМАН ЖАГЫ
Эркекте жаш аялдын каалоолорун толук канааттандыра албай жатам деген коркунуч пайда болот. Аялдын эркиндигин чектеп, кызганып уруш чыгарышы мүмкүн.

КЕҢЕШ
Аялдарга:
Күйөөңүз менен көбүрөөк убакыт өткөрүңүз. Аны ар түрдүү сынап ого бетер намысына тийгенден алыс болуңуз. Эркектерге: Жаш аялыңызды көрүнгөндөн коруй берсеңиз, ого бетер алыстатып аласыз.
15-20 жаштан ары улуу болгон учурлар да кезигет. Мындай союзда көп учурда материалдык кызыгуу чоң роль ойноп кетерин психологдор айтып келишет. Эгерде эркектин же аялдын материалдык жагы акcап калса, тез эле ажырашууга алып келиши мүмкүн.

НУМЕРОЛОГДУН МҮНӨЗДӨМӨСҮ
Нумерологдор жаш айырмачылыкка мындай мүнөздөмө беришет (аялы же күйөөсү кичүү-улуу маанилүү эмес).
1 жаш. Чечим кабыл алганга экөө тең чапчаң болуп, мыкты шайкештикти түзүшөт.
2 жаш. Романтиктердин союзу. Жубайлардын ортосу тез эле сууп кетиши мүмкүн. Канча аракет кылышса да үйдө акча турбайт.
3 жаш. Эмоция аябай көп болуп, жубайлар бири-биринен тез чарчап калышат.
4 жаш. Сүйүү жана достукту камтыган гармониялуу союз.
5 же 10 жаш. Бул нумерологияда ийгилик алып келе турган сан. Экөө тең ийгиликке жетишип, никедеги балдар лидер болуп чоңоюшат.
6 жаш. Жубайлар урушууга дайыма даяр болушат. Мындай учурда бири-бирине жеңилип берүү пайдалуураак.
7 жана 14 жаш. Бул сан магиялык күчү бар сан. Катуу сүйүшүшөт, эгер бири-биринен кол үзүшө турган болсо, өтө оор кабыл алышат.
8 жаш. Чексиз бактылуу болушат. Түшүнүшүү менен коштолот.
9 жаш. Мындай түгөйлөр жаш баланы элестетишет. Экөөнүн бири бала кыял болуп чыга келиши мүмкүн.
11 жаш. Уруш-талаш көп боло турган сан.
12 жаш. Бейишке да, тозокко да орун бар. Бири-бирине жөлөк да, каршылаш да боло алышат.
13 жаш. Мүнөздөрү келишсе, бир топ убакыт чексиз бактылуу боло алышат.
15 жаш. Кимиси улуу болсо, атанын же эненин ролун аткарат.

Нуржамал Жийдебаечва
kenesh@super.kg

«Супердин» сурак бурчу
ЖУБАЙЛАРДЫН ОРТОСУНДАГЫ ЖАШ АЙЫРМАЧЫЛЫК КАНЧА БОЛУШУ КЕРЕК?

Жылдызбек Абдраимов, 33 жаш:
– Күйөөсү менен аялы тең же күйөөсү 8 жашка чейин улуу болгону туура. Бирок сүйүү болсо, жаш анчалык деле роль ойнобой калат. Эгер эркек өзүнөн улуу аялга сүйбөй эле материалдык жагын карап үйлөнсө, кийин ар кандай жагдайлар, түшүнбөстүктөр жаралышы мүмкүн.

Бермет Турсалиева, 37 жаш:
– Жубайың сенден жашыраакпы, улуураакпы, кеп анда эмес. Эки адамдын бири-бирине, дүйнөгө, турмушка, жер жүзүндө болуп жаткан ар кандай окуя, кубулуштарга болгон көз карашы шайкеш келиши керек.

Айбек Аманбеков, 21 жаш:
– Менин оюмча күйөөсү улуу болушу керек. Себеби аялзаты табиятынан эртерээк карышат эмеспи. Кыргызда «алганың менен тең кары»деген сөз бар. Эгерде үй-бүлөдө жубайынын жашы кичүү болсо, күйөөсү менен ынтымактуу жашап тең карыйт деп ойлойм.

Медер Борбуев, 50 жаш:
– Негизи эркек улуу болушу керек. Бирок жубайлардын ортосунда сүйүү болсо, айла жок, жашына карабай, тагдырга баш ийет да. Эң негизгиси, жубайлардын ортосунда сый болуп, бири-бирин түшүнүп, ынтымактуу жашашы кажет.

Алина Жетигенова, 50 жаш:
– «Сүйүү жашка карабайт»деген сөз бар эмеспи. Анын сыңары менин жолдошум өзүмдөн кичүү. Ортодо сүйүү болсо улуу-кичүүгө карабай жакын адамыңды барктап, бири-бириңди түшүнүүгө, кызганыч сыяктуу сүйүүнүн ар кандай сыноолоруна чыдоого туура келет.

Абдысатар Эргешов, 61 жаш:
– Эркек аялдан 5-10 жаш улуу болушу зарыл. Эгер аялзаты улуу болсо 20-30 жыл жашаган соң физиологиялык жактан зыянын тартышат. Дагы бир маселе – аял психологиялык жактан күйөөсүнөн өзүн улуу сезип, башкаргысы келе баштайт.

Айпери Эрматова, 23 жаш:
– Менин жеке пикиримде азыркы жаштар улуу-кичүүгө карабай деле калышкан. Эң негизгиси жубайлар ынтымактуу жашап, бири-бирин түшүнүп, бири-бирин колдоп жашашса болду.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


Эмне үчүн мырзалар өзүнөн улуу айымдарга үйлөнүшөт?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(39)
Медиа-портал
05.07.2015. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунон улуу жаштардай эркелебейт дейт кошула албайм москвада кв.да бир же озунун кызы менен тен бир балага тийип алган эми корсон эркелешин оозун ачылып калат бирок ошо эже канча жолу боюнан алдырды мен билгенден учту боюнда болсо жанакы бала жинденип мен машина алышым керек антишим керек деп чыр салат эже макул макул деп эртеси алдырганы жонойт ушу турмушпу
Медиа-портал
05.07.2015. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйуу чын эле жашты карабайт.Баарынар суйгонунорго жетип окунбой омур сургуло)))
06.07.2015. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Адистин кенеши кенеш бойдон гана калат.А жашоодо такыр башка жаштагы айырмачылык Бешенеге жазганын короорбуз деп.бекеринен айтылбайт да.Кимди жазса ошого гана насип болот.
Медиа-портал
06.07.2015. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мага психологдун кенешин макулдабайм анткени озунон кичуу кызды алгандын себеби ар бир аялдын психологиясы эркектикинен 3,4 эсе жогору болот аны айтып жаткан психолог билбесе уят.
06.07.2015. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эгер муноздору келишсе 10 жаш улуубу 30 жаш улуубу жакшы жашай беришет. характер чон роль ойнойт кобунчо кызгнычтан анан башка бироону жактырып калгандан уруш болуп ажырашкандар толтура. Мен бир 80ге чыккан абышканы укам аял алып тез эле ажырашып кете берет экен, себебин билишсе ага аялдар чыдабайт экен корсо кунуго туну менен зынкылдатып чыгат экен, байкуш 65-75 теги кемпирлер андайга чыдабайт экенда. Эркектерге кенеш канча жашка чыксанарда аспабынар иштен чыгарбай сактангыла ошол биздин утук.
Bors түзөттү 2015-07-06 15:33:46
Медиа-портал
06.07.2015. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм деее ошондой дениз!!! АР бирибиздин мандайыбызгы жазганы бар да, Алладан ыймандуу , адептууу жар сурашыбыз керек, дуа кылыш керек!
SUPER.KG видео
06.07.2015. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоодо баарын кутууго болот
07.07.2015. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озунордун идеалдуу адамынарды тапканда гана бактылуу болосунар. Суйуу сенин улуу же кичуу экенине кылчактап да карап койбойт
07.07.2015. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кырктагы эркек кыз алат, кырктагы кызды ким алат деген макал кайдан пайда болгон?
17.12.2018. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ascasheri,кырктагы кыз бай болсо жапжаш жигит таап алат дегени да бар
07.07.2015. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ayal kishi kichuu bolgonu jakshy
07.07.2015. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде 5 жаш экен кудай буйруса идеальный уй-було болот экенбиз да )))
08.07.2015. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озуну классташына уйлонсочу, мен классташымды суйом келечекте уйлоном дейм. эмне болот экен айтып коёстарбы "СУПЕР ИНФО"
24.07.2015. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ularik_kg,сен уктуң го,эгер ушуга үйлөнсөм болобу- деген суроо туулса, демек сен ал кызды анча сүйбөйсүң,сүйүү эч нерсеге: жашка, сулуулугуна, социалдык абалына карабайт да
08.07.2015. 03:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жубайлардын ортосунда 4-5-6 жаш болсо бири бирин тушунуу менен карап бактылуу болууга ынгайлуу жашго менимче мага ушул жаш жагат
08.07.2015. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менденн жолдошум 8 жаш улуу уйдо бир талаш ьартыш башталганда эле сен жашсын деп басып кетет
08.07.2015. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AizaSumaya,ekoobyz okshosh ekenbiz menin joldoshymda segiz jash ylyy birok sen aitkandai sen jashsin degeni tyyry chigip kalbadibi.
08.07.2015. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин келечекте жолдошум 2 жаш кичуу , азыр жакшы баары , талаш тартыш жок. Уйлонуу тойдон кийин озгоруу болуп кетпесе экен :)
09.07.2015. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен жолдошум менен тенмин жашаганыбызга 3жыл болду баары жакшы адамдын озунунон да болот да
10.07.2015. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой иииий Алина жетигенова 50 жашта экен. суротто 35 жаштагылардай корунот, баракелде.
10.07.2015. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биз анда идеальдууу пара экенбизда 5 жаш аралык
11.07.2015. 08:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер
11.07.2015. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Илгери илгери болсо керек суйу жашка карабаганы азыркы кылымда жок 100000000000000% ишенем азыр еркек кишиге акачасы коп аял болсо 10жашар балада озунон улуну алат керек болсо путинда проблемасын рдшать еткен кемпир болсо путинда алат
12.07.2015. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын журоктон барибир Бактылуу болсо болдуго!!
24.07.2015. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары буйруктан болот деген ойдомун. Психологдон кечирим сурайм, азыр көп адамдардын "кээ бирки" деген сөздү колдонот экен, кээ бир деп эле айтылат да
Медиа-портал
28.07.2015. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Порталдын жалпы ишмердүүлүгүнө байланыштуу сын-пикир же сунуштар болсо, admin@super.kg дарегине кат жазсаңыз болот.
02.12.2015. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оа достор туура айтасынар куйоосу аядынан чон болушу керек менин да куйоом озумдон 5жаш улуу турмушта уй-будодо уруш болот ошондой учурда ал менин мен анын жашын эске алам менден чон дегендей кылып.
17.01.2016. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
4жаш эн сонун го
Атамдар да
Чон энемдер да ошондой болгон))))
09.06.2016. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
хэхэ менин куйоом менден 6 жаш кичуу,менден мурун озунон 2 жаш кичуу кыз менен жургон.экообуз тьфу тьфу коз тийбесин, коз карашыбыздан жакпаган нерсени билип коебуз. Бирок уйду ал башкарат себеби ал озун менден улуу алып журот, экообуздун сырткы келбетибиз да окшош ,жаш айырмачылык билинбейт .Эки балабыз бар, уйлонгондо эч ким деле жаш айырмачылыгыбызды сураган эмес. Бирдей корунобуз.Уйлонгондон кийин кайын журтум билген менден 6 жашка кичуу экенин. Менин туугандарым аябай коркушкан.
17.08.2016. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин жолдошум менден буйруса 8 жашка ч он болот
05.01.2018. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде жигитим экөөбүздө сегиз жаш айырма бар менимче туура эле ойлорубузда бир
18.12.2018. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Күйөөм бир жаш чоң.Ошо бири-бирибизге баш ийгибиз келбей жаткан учур.
19.12.2018. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоодо баары болот. Үй бүлөөдө казан аяк кагышат. Жаш айырмачылыка чейин аял менен эркектин дүйнөгө көз карашы окшош болушу керек. Ортодо чыныгы сүйүү болсо жаш айырмачылык билинбейт. Адам ачуусу келгенде артка чегинүүнү билүүсү керек. Эркектер чыныгы мырза болуп, аялга окшоп сөз талашпаса, аял адам тилин тартып өз айыбын сезип кечирим сурайт.
Мен аял-күйөөсү тең же күйөөсү бир нече жаш улуу болсо дейм. Күйөөсү кичүү болсо биздин эл өмүр бою сөз кылып,көргөн жерде кичүүлүгүн баса белгилеп
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо