Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЮРУСЛАН ТОЙЧУБЕКОВДУ ИИМ ИЗДЕП ЖАТАТ

№661 3-июль-9-июль, 2015-ж

Ички иштер министрлиги «Элдик лотереянын»айрым мыйзамсыз иштери калкып чыкканын билдирди. Экс-чиновник Юруслан Тойчубеков мыйзамды аттап өтүүдө «Элдик лотереяга»жардам көрсөткөн деп шектелүүдө. Тагыраак айтканда, ал Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматын жетектеп турганда «Райдер Ассошиэйтс Лимитед»(«Элдик лотерея»соода маркасы) компаниясынын директору, Түркиянын жараны Хасан Чифтчи ушул эле өлкөнүн жараны Танжу Кылычка компаниянын Кыргызстандагы филиалын ачууга макулдугун берген.
2013-жылы аталган компаниянын Кыргыз Республикасындагы филиалы өлкөнүн Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынан лицензияга ээ болгон. Аталган лицензияны кызматтын мурдагы жетекчиси мыйзамсыз берген деп шектелүүдө. Ошондой эле Тойчубеков өз буйругу менен компанияны пайдадан түшүүчү 10 пайыздык төлөмдөн бошотуп койгон. Мыйзам боюнча, бул 10 пайыз мамлекеттин казынасына төлөнүшү керек. Ушул пайдадан түшчү салыктын өзү эле 31 миллион сомдон ашкан. Ал эми Юруслан Тойчубеков дайынсыз болуп жаткандыктан, ага издөө жарыяланды. Ага карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция беренеси боюнча кылмыш иштери козголду.
ИИМдин Тергөө башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Утемисовдун билдиргенине караганда, «Элдик лотерея»өз ишин токтотту.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(5)
06.07.2015. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
31 эмес 1 миллионун эле берсе кармагандар да козун жумуп алат
06.07.2015. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанагы эле мышык чычкан оюну да.
06.07.2015. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылмыш кылгандардын баарына эле издоо жарыяланды деп чыгышат,эч бир камалды,сизодо дегендерин укпайбыз.Же биринчи эле буларга эскертуу берип коюшабы,жакында камаласын башка мамлекетке барып жаша,качып кет деп.
07.07.2015. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jana bir janylyktan okugam biro aityptyr bul okmot salgan uido ele jashait dep.vy chte shutite men munu jakshy bilem ХХХ ХХХ. ozunun bizdin uidun janynda biz zavodu bar bolchu kytailar menen ishteshken. ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-07-08 17:45:26
08.07.2015. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bemaKG90,
Эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтип, такталбаган маалымат жазып анын кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо