ЕГОР КРИД

№661 3-июль-9-июль, 2015-ж

Түнкү клубда, маршруттук таксиде, дүкөндө, деги койчу кайсы жерде болбосун «О Боже, мама, мама, я схожу с ума» деген ырды кулагыңыз эшитип жатса керек? Түшүндүңүз да окурман, мен Орусиянын сахнасына дал ушул ыры менен дүң этип келген ырчы Егор Крид тууралуу айтып бергим келип турат. Ал жөнүндө топтогон маалыматтарым сиздин купулуңузга толот деген ойдомун.

«ЛИЦЕЙ МЫРЗАСЫ» АТАЛГАН
Мындай атактуу хиттин аткаруучусу Егор Крид Орусиянын Пенза шаарында 1994-жылы 25-июнда туулган. Аны жердештери Егор Булаткин деп таанышат. Атасы Николай Пенза шаарындагы жаңгакты кайра иштетип чыгаруучу компаниянын жетекчиси, ал эми апасы Марина ошол эле ишкананын жетекчисинин орун басары. Мындан улам пензалыктар «Булаткиндердин жер төлөсүндө тыйын чычкандар эмгектенишет» деп тамашалап коюшат. Кыскасы, болочок жылдыздын жашоосунда жетишпестик, кыйын жашоо деген сыноолор болгон эмес. Бирок ал дайыма бардык нерсеге өзүм жетем деп айтчу. Жаштайынан тырышчаак, алдыга койгон максатынан кайтпаган жигит тууралуу анын класс жетекчиси Андрей Бояров мындай дейт: «Эсимде, ал менин классыма 9-класста келди. Аны биринчи жолу көргөнүмдө жүрөгүм түшүп кала жаздаган. Чачы такырайтып кырдырылган, кулагында сөйкө, денесинде чегилген сүрөттөр. Жаңы эле түрмөдөн чыгып келген баладай көрүнгөн. Бирок анын сырткы келбети жан дүйнөсү менен дал келбейт экен. Егор бат эле классташтары менен достошуп кетти. Ал жаштайынан адилеттикти сүйгөн, таланттуу, аракетчил жигит болчу. Жадакалса мектепте окуп жүргөндө сынакта «Лицей мырзасы» деген наамды утуп алган жайы бар».
Ал эми азыр ырчы туулуп-өскөн шаарына кээде эле ата-энесин көргөнү келип турат. Жердештерин кубантканы – ырчы жигиттин мурдагыдай жөнөкөй бойдон калганы.

ИНТЕРНЕТТЕ АТАКТУУ БОЛГОН
2011-жылы Егордун «Любовь в сети» аттуу ыры интернетте хитке айланган. Интернет ааламында жылдызга айланып жаткан жигит тууралуу атактуу рэпер Тиматинин да кулагы чалат. Жогорудагы ырын угуп жактырган соң Тимати жаш талантты Москвага чакырып, чогуу иштешүү сунушун киргизген. 2012-жылы кол коюлган келишимдин жемиши 2014-жылы жарык көргөн «Самая, самая» аттуу ыр менен келди окшойт. Анан албетте, Егор Орусия жана Орто Азиянын жылдызы болуп чыга келди.

СҮЙҮҮСҮ СҮРӨТТӨРДӨ
Кыздардын жүрөк оорусуна айланган бул жигиттин сүйүү романдары тууралуу сүрөттөр айтып берсин.

  1. Алгачкы сүйүүсү болгон Вика аттуу сулуу ырчынын классташы эле. Жакындарынын айтымында, Егор сүйүүнү эмес, музыканы тандап кеткен.
  2. Ырчылык доору башталган соң ырчы Диана аттуу модель кыз менен кол кармашып жүргөн. Бирок сүйүктүүсүнүн гезит-журналдарга жарым жылаңач сүрөттөрү көп чыккандыктан экөө эки ажырым жолго түшүшкөн.
  3. Андан кийин Егор атактуу актриса Анастасия Заворотнюктун кызы менен да мамиле курууга аракет жасаган. Бирок бул ирет Егордун чырайы жаш кыздын акыл-эсин ээлей албады өңдөнөт.
  4. Учурда Егор менен ырчы Нюшанын ортосундагы сүйүү оту тутанып жаткан кез. Экөө башында элден жашыруун сүйлөшүп жүргөн болсо, эми акырындап ачыкка чыга башташты. Жаш, таланттуу жана жалпы элдин сүймөнчүгү болгон бул эки жылдыздын ортосундагы сүйүү бул ирет үй-бүлө курууга жеткиреби, аны убакыт көрсөтөт.

Тимати Егордун жалкоо экенин айтып келет.

«Самая, самая» аттуу ырдын клиби интернетке жүктөлгөн соң дароо 10 миллион көрүүчү топтой алган.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(8)
06.07.2015. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул ырды кайдан жуктосом болот?
06.07.2015. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
07.07.2015. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
damir007,Чон рахмат жуктоп алдым
06.07.2015. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайдан алсам болот ушул ырды
06.07.2015. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Если что мен кридоман;) •_•
22.01.2017. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
hayley, Кыргызстанда Кридомандар кобойсун
08.07.2015. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
21 жаштабы, жаман уулу коруп журупмун бул ырчыны.
17.07.2015. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уже бул модасы буттуго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо