ЖЫЛДЫЗДАР ЖАРАМАЗАН АЙТЫШКАНДА...

№661 3-июль-9-июль, 2015-ж

Айлардын султаны болгон Рамазан айында жыл сайын өнөр адамдарынын башын бириктирип жарамазан айтып келебиз. Быйыл да бул жакшы жөрөлгөнү улай ырчылар Роза Шакирова, Кубаныч Сатаев, Азиза, Нурлан Насип, Кубаныч Ажыбаевдер комуз, аккордеон, шылдырактарды колго алып жарамазан кербенин баштадык.

Адегенде эле бул жылдын жарамазанчылары «Миң кыял FM» радиосунун эшигин каккыладык. Түз эфир учурунда кирип барган экенбиз, угармандарга сюрприз кылып эфирден да жарамазан айтууга үлгүрдүк. Бизди тосуп чыккан ди-джей Расул Мырзатегин «үйдө эч ким жок болчу, ошентсе да ырымын кылып коёюн» деп жарамазанчыларга кыстырма кыстырып, алардын батасын алды.

Кийинки сапарыбыз «Медиастар» студиясына карай уланды. Баштапкы шаңдан жазбаган жарамазанчылар режиссёр Сүйүн Откеевге болушунча тийишип жатышты. Режиссёр «Баарыңарга бирден клип тартып бергенге алым келбейт го. Андан көрө тыйын эле берейин» деп оңой кутулуу менен убара.

Багытыбыз «Дасмия» ресторанынын жаңыдан ачылган жайкы чарпаясы тарапка бурулду. Шаңдуу ырдап кирген таланттарды ресторандын кожейкеси Айсулуу Мамашева тосуп алды. Даам ооз тийип кеткиле деп сөрүлөрдүн бирине отургузду. Тамактын буруксуган жыты табитибизди ачып жиберет деп орозо кармаган жылдыздарыбыз шаштырып жатты. Кеч кирип, күн салкындай түшкөндө ырчы Анжеликанын сулуулук салонуна баш бактык...

Жигиттерге кыстырма кыстырып, кыздарга айымдарга арналган журнал берген Анжелика "менин да силерге кошулгум келип кетти" деп катарыбызга кошулду.

Күүгүм кирип калганда "Руханият" ассоциациясынын президенти Камалидин Токтосартовдун ак өргөөсүнө келдик. Шаңдуу жарамазанчыларды Камалидин мырза үй-бүлөсү менен тосуп чыгып, жарамазаныбызды айтып бүткүчө кызыгуу менен угуп турушту. Андан соң "Орозо кармаган аксакалдарды ооз ачарга чакырдым эле, алардын үстүнө келдиңер, даам ооз тийбесеңер болбойт" деп үй-бүлө кожоюну ак дасторконго чакырды.

Камалидин мырза куттуу үйдөн куру чыкпагыла деп өзү демөөрчүлүк кылып чыгарган Рыспай Абдыкадыров тууралуу «Ырдын пири Рыспай» деген китепти тартуу кылды. Ал эми жубайы Бактыгүл жигиттерге калпак, айымдардын башына жоолук, баштыктарга таттуулардан салып берип узатышты. Ошентип түн ичинде сапарыбыз карып, ыйык Орозо айында ар бир үйгө ырыскы, кут консун, кармаган орозоңор кабыл болсун деген тилек менен үйлөрүбүзгө тарадык.

"Акактап калдык, тилибиз кургап оозубузга батпай баратат" деп безеленген ырчылар Кубаныч Ажыбаев менен Нурлан Насип ушул берекелүү дасторкондон ооз ачышты.

Ошентип түн ичинде сапарыбыз карып, ыйык Орозо айында ар бир үйгө ырыскы, кут консун, кармаган орозоңор кабыл болсун деген тилек менен үйлөрүбүзгө тарадык.

Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


Жарамазан айтып, көңүл ток кайттык

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(58)
Медиа-портал
05.07.2015. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдан соонун болуптур азаматсыздар супер баары.
Медиа-портал
05.07.2015. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматтар, Кудайым орозо туткандардын орозосун кабыл кылсын, Элибизге ыйман ынсап берсин...
Медиа-портал
05.07.2015. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан скалеттин фудболкасын кийбей , РАМАЗАН МУБАРАК деген жазуусу барын кийип албапсын.
Dadasdasd түзөттү 2015-07-05 19:48:13
SUPER.KG видео
05.07.2015. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы жакшы супер
SUPER.KG видео
05.07.2015. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо сиздер ото эле суперсиздер.Сиздерге ийгилик ар бир кылган иштериниздер ото чон тарбиялык мааниси бар.
SUPER.KG видео
06.07.2015. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары эн соонун ырдашыптыр. Нурланды кошпогондо. Нурландын уну да таланты да жок. Дагы бугун орозо кармап ырдай албадым деп коет. Как будто башка куну жакшы ырдачудай
SUPER.KG видео
06.07.2015. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анжеликага барып кошуп ээрчитип алган жери аябай жакты. Жыыргап кошулуп алдыго.
06.07.2015. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соооонуН
06.07.2015. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар!
06.07.2015. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
высший
06.07.2015. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озу бизде сонун да орозо айындагы жарамазан да конулду которот.Озунчо бир салттай.Ырчылар жыргаптыр биротоло эс алып келишиптир.
06.07.2015. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыңар сонун болуптур! Кубаныч Ажыматов менен Нурлан Насип туткан орозоңор кабыл болсун!
Медиа-портал
06.07.2015. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсынар суперчилер. силерге бир сураныч Баткендик кызды жыланач суракка алган видео чыкты деп журот ММКларда кошсонор жакшы болот эле элдик видеого. Анан ошол жонунудо кобуроок маалымат берсенер ИИМ не чара корду
Медиа-портал
06.07.2015. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mer88, http://www.super.kg/kabar/news/118027/ бул жакта журот
Медиа-портал
07.07.2015. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
damir007, рахмат дамир 007 а видеосун таппай койдум кайда экен
Медиа-портал
06.07.2015. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жарамазан айткандары жакшы, бирок, менин оюмча, булар жарамазан тууралуу чыгарылган ырды гана аткарып коюшууда, жылда жана дайыма эле. А негизи, жарамазандын өзүнүн тексти болот да, ошону айтышса, чындап жарамазан айткан болушмак. Булар ырды ырдап коюшуп оңой кутулуп жатышат жана талапка толук жооп бербей калышууда. Ушуну кийинкиде эске алышса жакшы болмок.
Медиа-портал
06.07.2015. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырчылар да, суперчилер да азамат! Максат азамат изденип иштейт, мыкты уюштуруптур!Ырчылардан Кубаныч Сатаев, Ажыбаев, Роза шакирова чындап катырып ырдашат. Калгандар ээрчип журуптур жон эле..Обону менен жарамазан айткан сонун да, абдан жагат!
06.07.2015. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
орозо кармагандардын орозосу кабыл болсун
06.07.2015. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар онорунор оркундой берсин!
SUPER.KG видео
06.07.2015. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсынар эн мыкты
Медиа-портал
07.07.2015. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кабарчы Максат Орозумбетов азамат жигит экен .
Медиа-портал
07.07.2015. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ото соонун болуптурго))Роза эже деле орозо тутуп койсо болмок)
SUPER.KG видео
07.07.2015. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн жакшы жан дуйного куч кубат берип, духту которот.
07.07.2015. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
орозо туткандар кундузу персик банан жеп кетишиптир го )))
08.07.2015. 03:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
охххооо сонунго Азаматсынар
Медиа-портал
08.07.2015. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Роза эже бар жер шандуу болсо керек дайым тамашалап адамдын конулун которот,Анжелика суйунуп кеттиго жарамазанчыларды коруп эсен аман эки болунуп алсын эми,жарамазан айталы десем шерик жок болуп атат да бул жакта тартынышып жатышат тааныштар кантип койчу уйат болотго деп кыргызстанда болгондо айтмакмын
Медиа-портал
09.07.2015. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эң сонун, супппер!!! Суктанып отуруп көрдүм. Силерге кошулуп ырдап да койдум!!! Мен Бишкекте болгондо жылдыз болбосом да силер менен кошо чыкмак экем!!! Анжелика айткандай, мен да жаштыгымды эстеп кеттим. Кубаныч Ажыбаевдин батасы абдан жакты! Роза менен Кубаныч Сатаевдер да азамат. 2 Кубаныч жана Роза мыты таланттар - эл шайырлары! Силердин чыгармачылыгыңарды, адамдык сапатыңарды баалайм! Бар болгула!
Медиа-портал
11.07.2015. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Расул Мырзатегин деген ди джейди радиодон угуп журуп, коргум келчи. абдан таланттуу ди джей. Супер Инфо сураныч, ушул ди джей баладан кененирээк интервью алгылачы
Медиа-портал
14.07.2015. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн мыкты ийгилик сиздерге
15.07.2015. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
класс
Медиа-портал
27.08.2015. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжелика ХХХ ХХХ баргым келип кетти деп кошулуп кетти го ХХХ ХХХ, ХХХ ХХХ ХХХ эч ким чакырбаса деле.
Модератор admin_media түзөттү 2015-08-27 17:21:47
Медиа-портал
27.08.2015. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
anya, кимдир бирөөнү мазактоого, кемсинтүүгө тыюу салынган! 2 күн БАН!
SUPER.KG видео
29.08.2015. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар! Онорунуздор оркундой берсин! Аябай суктанып олтуруп кордум! Бар болунуздар, аман болунуздар!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо