№661 3-июль-9-июль, 2015-ж
Казакстандын Актөбе облусунун активисттери өлкө ажосу Нурсултан Назарбаевге кыргызстандык актриса Айтурган Темировага «Казакстандын Эл артисти» наамын ыйгаруу сунушу менен кайрылышты. Анткени Айтурган Темирова легендарлуу советтик снайпер, казак кызы Алия Молдагулова тууралуу «Снайпер» деген тасмада Алиянын ролун жеткире аткарган. Актрисанын бул эмгегин баалаган казак эли аны аталган сыйлыкка татыктуу деп эсептешти. Улуу Ата Мекендик согушта каршылаштардын 78 жоокерин окко учурган көзгө атар Алия Актөбе облусунан болот. Аталган облустта эстелиги да бар, бул жылы анын 90 жылдыгы белгиленип, иш-чарага Айтурган Темирова да чакырылган.
Эске салсак, былтыр Кыргыз Эл артисти Айтурган Темированы Нурсултан Назарбаев II даражадагы «Достук» ордени менен сыйлаган.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |