№661 3-июль-9-июль, 2015-ж
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги популярдуу музыка аткаруучулар арасында өтчү II Эл аралык «Мейкин Азия» фестивалын 22-26-июль күндөрү өткөрүүнү пландоодо. Фестивалга Азия жана Европа өлкөлөрүнүн мыкты аткаруучулары катышып, ал эми конок катары Кытай, Орусия, Япония,Түркия, Түштүк Кореядан ырчылар келишмекчи. Иш-чаранын жүрүшүн түркиялык «TRT Avaz» телеканалы чагылдырып, 25тен ашуун өлкөдө көрсөтөт. Кошумчалай кетсек, аталган фестиваль алгачкы жолу 2013-жылы кыргыз бермети Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп, казак ырчысы Димаш Кудайбергенов жеңүүчү аталган. Ал эми 2014-жылы аталган сынак 16-20-июлга белгиленип, бирок фестиваль акча каражатынын жоктугуна байланыштуу өткөрүлбөй калган.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |