Мелис Мырзакматов: «МЫЙЗАМ МЕНЕН АДИЛЕТТҮҮЛҮКТҮН ОРНОШУНА «АТА МЕКЕН» ЖАНА «УЛУТТАР БИРИМДИГИ» БАРДЫК КҮЧҮН ЖУМШАЙТ»

№662 10-июль-16-июль, 2015-ж

(Кайрылуу «Ата Мекен» партиясынын Ош шаардык уюмунун 4-июлда Ош шаарында болуп өткөн конференциясында жасалды)

Урматтуу Өмүрбек Чиркешович! 
Урматтуу конференциянын катышуучулары!
Жалпы журтка жакшы маалым, жакында «Улуттар Биримдиги» элдик партиясы менен «Ата Мекен» социалисттик партиясы стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимге кол койдук. Эмне үчүн биз мындай кадамга бардык? Мен «Улуттар Биримдиги» партиясынын лидери катары саясий уюмдун миңдеген мүчөлөрүнө, биздин идея менен көз карашыбызды колдогон он миңдеген тарапкерлерибизге жана республикадагы жалпы шайлоочуларга ачык жана так жооп бергим келет.
Биринчиден, «Ата Мекен» партиясы Кыргызстанда алгачкы уюшулган тажрыйбалуу партиялардын бири болуп эсептелет. Ал 1992-жылы 7-ноябрда түзүлгөн күндөн баштап өлкөдөгү демократиялык процесстердин алга жылышы, адам укугу жана басма сөз эркиндигинин сакталышы үчүн талыкпай күрөш жүргүздү. Партия чейрек кылымдык тарыхында саясий күрөштө такшалып, адилеттик жана акыйкат үчүн башкаруучу режим менен тайманбай тирешип келди.
Экинчиден, «Ата Мекен» түзүлгөн күндөн тарта өз идеясы жана саясий принциптери үчүн күрөшкөн өлкөдөгү бирден бир авангарддык саясий уюм экени анык. Партия Кыргызстандагы социалисттик идеологиянын түзүүчүсү боло алды. Ал социалдык катмарга багытталган рынок экономикасын куруу боюнча өз жолун тандап алды. Асыресе, социалисттер экономикалык радикализмге каршы туруп, мамлекеттеги социалдык акыйкаттык, теңчилик жана экономикалык демократия үчүн күрөшүп келүүдө. Ошол үчүн партия жаратылыш байлыктары жеке инсандарга, үй-бүлөгө же кайсы бир кланга эмес, жалпы элге кызмат кылсын деген принципке таянып иш кылат. Алардын бул позициясы «Кумтөрдөгү» мөңгүлөрдү сактоо боюнча күрөштө таасын көрүндү.
Үчүнчүдөн, бүгүн бийлик «Улуттар Биримдиги» элдик партиясынын мүчөлөрүнө жана жеке мага саясий куугунтук жүргүзүп жатканда жалгыз «ата мекенчилер» акыйкат сөзүн айтуудан айбыкпай, эч кимден коркпой, бизге өнөктөштүк колун созо билди. Себеби акыйкат тебеленип, чындык чыркырап жатканда өжөрлөр менен күжүрмөндөр гана жалпы агымга каршы тура аларын «Ата Мекен» партиясы конкреттүү иши менен далилдейт. Бул партия 2005 жана 2010-жылкы элдик күрөштүн башында туруп, саясий кармашта өзүнүн өжөрлүгүн көрсөтө алды.
Төртүнчүдөн, Ош шаардык кеңешиндеги «Улуттар Биримдиги» депутаттык фракциясы илгери үмүт, аруу тилек менен баштаган эстакадалык көпүрөнүн курулушунан бийлик кыйкым издеп, жасалма кылмыш ишин ачып жатканда башкаруучу коалициянын ичинен жалгыз «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бул курулуш түштүк борборуна абадай зарыл экендигин айтып чыкты. Эстакадалык көпүрө ордолуу Ош үчүн экономикалык гана эмес, саясий да чоң мааниге ээ экендигин турмуш далилдеп отурат. Демек, биз баштаган асыл иштер баары бир турмушка ашарына мен терең ишенем!
Бешинчиден, мамлекетибиз келечекте кайсы тарапка багыт алып өнүгөт: демократиягабы же кайрадан авторитардык башкаруугабы деген собол бүгүн күн тартибинде турганда, биздин «Улуттар Биримдиги» партиясы, албетте, «Акыйкаттык, Теңдик жана Эркиндик» деген баалуу принциптерге таянат. Адилеттүүлүк үчүн күрөшүп жүргөн менин партиялаштарым бул жаатта «Ата Мекен» партиясы бизге ишенимдүү пикирлеш, оор кырдаалда жөлөк болгон өнөктөш боло алат деген чечимге келишти.
Алтынчыдан, «Ата Мекен» партиясы Кыргызстандагы жаңы саясий системанын туруктуу концепциясын сунуштап, аны иш жүзүнө ашырууга аракет жасоодо. Анын башкы өзөгүн таза шайлоого негизделген саясий атаандаштык түзөт. Мамлекеттик бийлик саясий оппоненттерин негизсиз куугунтуктаган авторитардык башкарууга жол бербеши керек.
Биз өз башыбыздан кыйын кырдаалды кечирип жаткан саясий уюм катары өлкөдө коррупция менен трайбализмге, уруучулук менен үй-бүлөлүк башкарууга бөгөт койгон мамлекеттик бийлик болушу үчүн күрөшөбүз. Ошон үчүн биз таза, эл ишенимине ээ болгон профессионал кадрларды тартуу менен өлкөбүздү жана экономикабызды оңдойбуз. Фундаменталдуу бул маселелерде «Ата Мекен» социалисттик партиясы менен «Улуттар Биримдиги» элдик партиясынын пикири жана багыты бир!
Жетинчиден, Кыргызстандын Эгемендүүлүгүн, Улуттардын биримдигин, Саясий туруктуулукту сактоого, өлкөдө Мыйзам менен Адилеттүүлүктүн орношуна «Ата Мекен» жана «Улуттар Биримдиги» партиялары бардык күчүн жумшайт.
Өзгөчө элди терең түйшөлткөн мамлекеттик бийликтин тазалыгы жана мыйзамдуулуктун сакталышына бирдиктүү аракеттенүүбүз зарыл!
Ошондуктан биз ушул жети принципти туу тутуп, тарых алдындагы жоопкерчиликти сезе билүү менен, парламенттик шайлоодо «Ата Мекен» партиясын колдоону жана аны менен чогуу шайлоого катышууну чечтик.
Биздин бул кадам элдин аруу-тилек, ой-мүдөөсүнөн жаралган жоопкерчиликтүү чечим!
Урматтуу саясий өнөктөштөр!
Конференциянын кадырман катышуучулары!
Өзүмдүн жана «Улуттар Биримдиги» элдик партиясынын саясий кеңешинин мүчөлөрүнүн атынан конференциянын ишине ийгиликтерди, ал эми жыйындын делегаттарына чың ден соолук, мекенчил патриоттук дух жана кажыбас кайрат каалайм!
Келечекте «Улуттар Биримдиги» жана «Ата Мекен» партиялары Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн чыңдоого, калкыбыздын улуттук биримдигин бекемдөөгө өзүнүн татыктуу салымын кошот деп ишенем.

Мелис Мырзакматов,
 «Улуттар Биримдиги» элдик партиясынын төрагасы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(14)
13.07.2015. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баштаган ишинерге ийгилик!
13.07.2015. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик, жакшы ой мамлекетти онуктурот!!
13.07.2015. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошентип .................. ммммммммм
13.07.2015. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебаев президент болгусу барго . Мырзакматов алданбаса болгону анткени Текебаев ушунча жыл иштеп келди бирок жыйынтык жок.
13.07.2015. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элдин копчулугу М Мырзакматовту О Текебаевке кошулат деп ойлогон эмес (мен да) анткени ММК Радио маалыматтардын негизинде М Мырзакматовту кетирген бирден бир каршылашы деп ойлоп келген, жана туштук жергесинде Мырзакматовтун шойлоочуларын Ата-мекен партиясы жакпайт чындыгында. Ал эми экоо мындай кадамга барганда чын эле О Текебаев эл учун иштеп келгенбииии деп ойлонуп калат экенсин
13.07.2015. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мелис Мырзакматов призденттике татыктуу инсан
13.07.2015. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барынан да бириксе аты кызык болуп жатат. Улуттар биримдиги-Ата-Мекен элдик-социалисттик партиясы.
14.07.2015. 05:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче Текебаев президент Мырзакматов премер министр болсо дуркуроп онукмокпуз.
14.07.2015. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мырзакматов ошко кайтып келгенби а
15.07.2015. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээ Мелис мырза алданып калбаныз. Сизди баардык Кыргызтан колдойт болчу. Мен сизди депутаттык шайлоодо өзүнчө партия болот деп күткөн элем. Бирок Ата-мекен партиясына кошулганыңызга эл нааразы. Себеби Кыргызстанда эгемен болгондон бери Ата-мекен ЖК да иштеп келе жатат. Эч кандай өзгөрүү болбоду го. Мен сизди башка партияга кошуоууңузду өтүнөм урматтуу Мелис Мырзахматов.
15.07.2015. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
hakker_a, Ата Мекен партиясы эл деп иштейт, Мелис деле жинди эмес да ал да иштеген партияга кошулуп атат. Башка партияга кошул - дейсин кана кайсы партияга кошулат Ата Мекенден башка?
16.07.2015. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бирин Президент, бирин прьмер болсон татыктуу кызмат кылчудайсынар
19.07.2015. 06:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мырзакматов эл сиз менен!
22.07.2015. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мелис Мырзакматов Кыргыз элине дагы даалай эмгек синирет деп ишенем
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо