№662 10-июль-16-июль, 2015-ж
Бул ирет ырчылардын арасында «сарышка» атка конгон, таланттуу ырчы Назгүл Токтакунованын үйүнө конокко бардык. «7-классымда бул үйгө көчүп келгенбиз, быйыл мектепти бүткөнүмө 10 жыл болуптур. Ошондон бери атам бул үйдө жыл сайын оңдоп-түзөө иштери менен алек болот. Дагы деле мага жакпаган жерлери бар» деген ырчы үйүндөгү эрежелери менен тааныштырды.
ЧАЙ МАЕК
– Назгүл, бул үйгө көчүп келгениңерге канча болду?
– Биз 6-кичирайондо 4 бөлмөлүү батирибизди 2000-жылы 6 миң долларга сатып, бул үйдү 10 миң долларга сатып алганбыз. Жалпы аянты 11 сотых.Башында келгенде чакан, эки кабат болчу.
– Үй сыртынан чакан көрүнгөнү менен ичи аябай кенен экен...
– Ооба, биз 3 бир тууганбыз, эки агам, анан мен. Улуу агам Токмокто үй-бүлөсү менен турат, 3 баласы бар. Биз менен кичүү агам, жеңем, 4 кызы менен жашашат. Ошондуктан неберелери төрөлүп, үй-бүлөдө адам көбөйгөн сайын атам үйдү чоңойтуп жатат. Атамдын кесиби инженер-архитектор болгондуктан өз колу менен үйдүн кошумчасын курган. Негизи атам биздин үйдүн тумары десем болот. Акча тапкан, бизди баккан, үйдү кооздоп, бардык шарт түзүп берген, үйгө береке-кут алып келген да атам.
– Кыз бала атанын үйүндө конок деп коёт. Өз үйүңдү кандай элестетесиң?
– Эч кандай элестетпейм, Кудай буюрган үйгө бара берем. Калганын өзүбүз жасап алабыз.
– Үйдө эрке окшойсуң?
– Албетте, жалгыз кыз болсом эркемин да. Ата-энем «кыз бала үйдүн коногу» деп такыр урушушпайт. Эмне айтсам, аткарышат.
Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Мээримдуу уй булоо экен. Женеси жакты мага аябай.
Саламатсызбы! Сиз сураган ыр биздин порталда бар, шилтеме: Назгүл Токтакунова "Слёзы сентября" www.super.kg/media/audio/103761/