Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Гүлзада Рыскулова: «ТУРМУШКА ЧЫККАНЫМДЫ АЙТУУНУ КААЛАГАН ЭМЕСМИН»

№662 10-июль-16-июль, 2015-ж

Жагымдуу ырлардын аткаруучусу Гүлзада Рыскулова жакында эне болуу бактысын күтүп жаткан кези. Жеке жашоосундагы сүйүнүчтүү кабарлары менен бөлүшкөн ырчы айым биздин гезитке эксклюзивдүү маек куруп берди.

– Саламатсызбы? Жеке жашооңузда өзгөрүүлөр болгонун билебиз, күйөрмандарыңызды, эл-журтуңузду бул сүйүнүчтүү кабарыңыз менен шашпай кабардар кылайын дедиңизби?
– Эмнеге экенин билбейм, бирок чындап эле кабарлагым келген жок. Жашырган жокмун, жөн эле каалаган жок окшойм. Жеке жашоомдун эч кимге кызыгы жок болсо керек деп ойлочумун. Көрсө, кызык экен да (күлүп). Былтыр Бишкекте жеке концертимди бергенден кийин июнь айында турмушка чыккам. Кыргыздын каадасы менен ата-энебиз сүйлөшүп үйлөнгөнбүз.

– Жолдошуңуз тууралуу маалымат бере кетпейсизби, аны менен кантип таанышып калдыңыз эле?
– Жолдошумдун аты Бакыт, менден 3 жашка улуу. Экөөбүз былтыр Ош шаарында жеке концертимди бергени барганда таанышканбыз. Концерт учурунда мага өзгөчө шарт керек болот. Ошондо эжеме «мага жакшы шарты бар жер үй керек, мейманканага жайгаштырбагыла» деп сурангам. Мейманканада жашасам, энергиямды жоготуп алам. Жер үй таап беришти, короо жайы, бүт шарты бар экен. Биринчи күнкү концертим бүтүп, үйгө келгенибизден кийин кечинде дарбазаны бирөө такылдатып калды. «Кимге келдиңиз эле?» десем, «мен үйүмө келдим» дейт. Көрсө, биз жашаган үй ошол мырзаныкы экен. Ыңгайсыз болуп, дарбазаны ачайын десем, иним эжем экөөбүздү сыртыбыздан кулпулап кетип калыптыр. Ошентип үйдүн ээси дарбазаны ашып өтүп кирген. Ошол мырза менин азыркы жолдошум (күлүп). Келгенде тааныштык, сүйлөштүк, сөз арасында ал «үйлөнүшүм керек эле» деп айткан эле. Мен маани деле бербептирмин, ичимден гана «аа, жакшы кыздар менен тааныштырыш керек экен» деп койгон элем, өзүмдү такыр ойлобоптурмун. Оштогу концертимди ийгиликтүү бердим, Бакыттын үйүндө жакшы эс алдым. Негедир ошол үйдүн аурасы мага киргенде эле аябай жаккан болчу. Кетип жатканымда кайнатам куюлуштуруп таамай сөздөр менен батасын берген. Ошондо эле анын үй-бүлөсү экөөбүздүн келечегибизди көрүп коюшкан окшойт.

– Ортодогу сезимдер кантип тутанды?
– Мен Өзгөндө чыгармачыл топ менен видеосюжет даярдап жүргөндө кайнагам чалып, «сени биз келин кылып алып калалы десек кетип калыпсың» деп тамашалаган эле. Бишкекке келгенде Бакыт экөөбүз телефондон тынымсыз сүйлөшүп жүрдүк. Сезимдер бара-бара ойгонот экен. Анын жанда жок сабырдуулугу, тазалыгы, чечкиндүүлүгү, боорукерлиги сезимдеримди багынтты. Ал Бишкекке келип шаардын четиндеги Боз-Бөлтөктөгү чоң желектин астында колумду сураган. Ал убакта менин да ага болгон сезимдерим ойгонуп, Бакыттын мага керектигин түшүнүп калган элем. Ооба деп айткан жокмун, бирок унчукпай гана макул экенимди билдирдим. Кайын журтума ыраазымын, жолдошум үйдүн кичүүсү болгонуна карабай биздин Бишкекте жашообузга макулдугун беришти. Дайыма алкап «өнөрүңдү таштаба, ырдашың керек» деп турушат. «Акылым жок» деген клибимдин бет ачары Оштогу телеканалдардын биринде болгондо кайненеме чалып, «апа, клип кандай экен, менин ушундай акылы жок келиним бар экен деп ойлоп калбадыңызбы?» деп күлсөм, «ой, баягы тажатма клиптерге караганда жакшы болуптур» деп таң калтырбадыбы.

– Жолдошуңуз сиздин ырларыңызды мурун укчу бекен?
– Өзү «сенин ырларыңды эми гана түшүнүп келе жатам» деп айтып калат. Негизи, ал кыргызча ырларды көп укчу эмес экен. «Сага үйлөнгөндөн кийин эле угуп калдым» дейт.

– Уулуңуз Мейкин жашооңуздагы жаңы адамды кандай кабыл алды?
– Мени бул маселе башында аябай ойлондурган. Мейкин Бакытты көрө электе аябай эмоционалдуу кабыл алды. «Мен турганда сизге эмне кереги бар, өзүм чоңоюп багам...» деген сөздөрүн айтты. Баламдын чоңойгонун ошондо билдим. «Жашоодо сенин ордуң башка, күйөөнүн орду башка» деп баарын майдалап түшүндүргөнгө аракет кылдым. Мейкин ата-энемдин колунда айылда болчу, биз үйлөнгөндөн кийин Бакыт «Мейкинди өзүбүзгө алдыралы, бала мага көнүшү керек» деп сунуштады. Уулум жарым жылдан бери биз менен жашап жатат. Бакыт менен аябай тез тил табышып кетти. Мейкиндин азыркы абалын көрүп ага баары бир ата мээрими керек болуп жүргөнүн байкадым. Балама «ата дейсиңби, байке дейсиңби өзүң бил» дегем, азыр ата деп жүрөт. Экөө кечке каткырып ойноп мени чарчатышат.

– Жакында эне болуу бактысын күтүп жатасыз, анда үйдөгү эки мырзага эркелеп эле жатыптырсыз да?
– Ооба, алар мени аябай бөпөлөп, экөөнүн ортосунда эрке айым болуп жатам. Буюрса, сентябрь айында көз жарам. Мейкин кээде чуркап келип курсактагы иниси менен сүйлөшүп, күндө чопо чоор ойноп берет. «Баланы курсактагы кезинен баштап эле тарбиялаш керек» деп айтышат го, биздин тарбиябыз эчак эле башталган.

– Чыгармачылыгыңызга кайрылсак, кандай жаңылыктарды жаратып жатасыз?
– Былтыр «Толгонуу» деп аталган концертимде улуттук баалуулугубуз болуп калган «Манас» эпосубузду 3-4 мүнөттүк чыгарма кылып иштеп, музыканттардын коштоосунда ырдаган элем. Эми аталган эпостун Манас баатырыбызды сыпаттаган бөлүгүн музыкалаштырып, ыр сыяктуу кылып жаздырдым. Клибине сценарий да жазылып жатат.

– Акыркы клибиңиз тууралуу сурагым келип жатат. «Акылым жок» деген ырыңыздын клибинин идеясы кимге таандык?
– Идеясы Айдай Атабекова деген сүрөтчү кызга таандык. Аталган чыгарма менен аялдардын ички дүйнөсүн, алардын дүйнөсүнүн бийик, эркин абалын чагылдыргым келген. Кээ бири бул ырды тамаша иретинде кабыл алса, кээ бири «чындап эле аялдар акылыбыз жок болот» деп моюндарына алышты. Чынында эле кээде айымдар акылдуу болобуз деп жашообузду татаалдаштырып алабыз. Аялды биз гүлгө салыштырабыз, бирок гүлдө качан акыл болчу эле, ал жыпар жыт, кооздук гана берип турчу нерсе да. Мен да айымдарды жаратылыштын бардык кооздуктарына салыштыргым келди. Ал эми клип имидждүү эксперимент катары жасалган эмгек болду.

– «Аял киши үй-бүлө менен чыгармачылыкты чанда гана чогуу алып кете алат, болбосо сөзсүз бирөөсү аксайт» дешет, сиз кайсынысын аксатат элеңиз?
– Мен эч бир жагын аксаткым келбейт. Анткени үй-бүлө, ден соолук, чыгармачылык, айтор, баарын бир баланста кармап алып кетсе болот. Дүйнөдө баарына жетишкен ийгиликтүү адамдар бар да. Үй-бүлө деле чыгармачылык, ал да убакытты, көңүл бөлүүнү талап кылат. Мага мурда чыгармачылык маанилүүрөөк болчу. Бирок үй-бүлө кургандан кийин ал ойлор өзгөрөт экен.

– Маегиңизге чоң рахмат, аман-эсен көз жарып алыңыз!
– Рахмат!

"Жолдошум уулум Мейкинди өз баласындай кабыл алды".


Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


“Жолдошум кыргыз желегинин астында колумду сурады” дейт Гүлзада Рыскулова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(29)
Медиа-портал
10.07.2015. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу болгула!
Медиа-портал
10.07.2015. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Айзат очень милая, приятная и красивая девушка.
SUPER.KG видео
11.07.2015. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгунуздар.аман-эсен коз жарып алыныз
Медиа-портал
11.07.2015. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болуңуз Гүлзада эже!!! Куш бооңуз бек болсун!!!!!
SUPER.KG видео
11.07.2015. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Артындагы фон аябай кооз сулуу болуптур, Гулзаданын ырдоо стилине купкана жарашып калыптыр.
Медиа-портал
11.07.2015. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылулук каалайм.
SUPER.KG видео
11.07.2015. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуз,эсен аман коз жарып алын.
SUPER.KG видео
11.07.2015. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bash jagynda yrdagan kaisy yry mumkun bolso juktop koigula4y???
Медиа-портал
11.07.2015. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соооонуун го!бактылуулук каалайм,аман эсен коз жарып алыныз Гулзада айым.
Медиа-портал
12.07.2015. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуз Гулзада! Аман эсен коз жарып алыныз.
SUPER.KG видео
12.07.2015. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айзат тез тез корунуб турчу
Медиа-портал
13.07.2015. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун маек болуптр.Уй булоолук бакыт каалайм
SUPER.KG видео
13.07.2015. 03:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кээ бироолор Айзат, кээ бироолор Гулзада дешет. Эки аты барбы?
Ырлары уну уккулуктуу мага аябай жагат
13.07.2015. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээх адаш бактылуулардын катарын толуктаныз, ушинтип кобойуп журо берели.
13.07.2015. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болунуз.Жолдошу менее уулун окшоштуруп койдум.
13.07.2015. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Gulzada eje baktyluu bolun!sizdin yrlarynyz maga ayabai jagat.
13.07.2015. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болунуз!азамат экен,суйлогонун карачы тимеле нукура кыргызча суйлойт экен.
SUPER.KG видео
13.07.2015. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу бол!!!
13.07.2015. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баарынан да Мейкинге жакшы болуптур,ылайым кармашкан колунар туболуко бек болсун.
13.07.2015. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жылдызы бар жылмайганы озуно жарашкан Эже экен бактылуу болсун!
13.07.2015. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ырдайт,уну бар.эсен аман коз жарып алсын
14.07.2015. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
отто жакшы эжей, отто жакшы ырчы,ото жакшынакай жар жана мээримдуу эне бакыты ар качан сизди коштоп журсун эсен аман тороп алыныз
14.07.2015. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай Таала бактын берсин, ооомин!
14.07.2015. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
туура кылат омур бою бир эле бала менен озу жалгыз отмок беле! Турмушта ордун тапкан болсо эн чон бакыт! Бактылуу болгула!
15.07.2015. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жездебиз м.н бактылуу омур сурунуз
16.07.2015. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар дайым бактылуу болунуз, аман эсен коз жарып алыныз.
16.07.2015. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуз,аман эсен коз жарып алыныз.Чыгармачылык жолунда да,турмуш жолунда да ийгиликтер коштосун.
17.07.2015. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен чынында тааныбайт экенмин, бирок Бакыт жана жакшылыктарды каалайм. Улгулуу уй булоолордон болунуздар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо