Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КАБАКЧАДАН ТАМАК ЖАСАЙБЫЗ

№662 10-июль-16-июль, 2015-ж

Жашылча-жемиш сатып алууга базарга барып, кабакчага (кабачки) көзүм түштү. Килограммы 15-20 сомдон экен. Бул жашылчадан кандай тамактарды жасадым, рецепттерин сизге да сунуштайм.

КАЙЫК

Керектелүүчү азыктар:
Кабакча – 2 даана
Сыр (голландский) – 100 грамм
Сабиз – 1 даана
Пияз – 1 баш
Сарымсак – 1 тишче
Помидор – 1 даана
Татымына жараша туз, кара мурч
1. Кабакчаны жууп, узунунан экиге бөлүп, ортосун бычак менен кылдат оюп алабыз.
2. Сабизди, кабакчанын өзөгүн, пиязды майда чарчы туурайбыз.
3. Көмөч казанды ысытып, май куюп туурагандарыбызды кичине куурабыз да, майда тууралган сарымсак менен помидорду салып, туз, кара мурч кошуп аралаштырып эле оттон алабыз.
4. Даяр болгон массаны ортосу оюлган кабакчалардын ичине салып, үстүнө сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды себелейбиз. Анан 170 градус температурада ысып турган духовкага салабыз, 15-20 мүнөттө тамагыбыз даяр болот.

КУЙМАК
Керектелүүчү азыктар:
Кабакча – 1 даана
Ун – 3 аш кашык
Жумуртка – 2 даана
Өсүмдүк майы – 70 грамм
Татымына жараша туз, кара мурч
1. Чуңкур идишке жумуртканы чагып алып, кара мурч, туз кошуп көбүртө чалабыз.
2. Кабакчаны таза жууп, сүргүчтөн өткөрөбүз (кабакча өтө бышып кеткен болсо, сыртын аарчып салабыз).
3. Сүргүчтөн өткөрүлгөн кабакчаны, унду жумурткага кошуп аябай аралаштырабыз.
4. Даяр болгон массаны 1 аш кашыктан майы ысыган көмөч казанга салып, орточо отто эки тарабын кызарта бышырабыз. Кетчуп, каймак кошуп жей берсеңиз болот.

ФАРШТАЛГАН КАБАКЧА
Керектелүүчү азыктар (4 порция үчүн)
Кабакча – 4 даана
Сабиз – 2 даана
Пияз – 2 даана
Сарымсак – 4 тишче
Фарш (уй, кой этинен) – 500 грамм
Каймак – 1 стакан
Татымына жараша туз, калемпир
Кабакчаларды жууп-тазалайбыз, эгер өтө бышып кетсе, сыртын аарчыйбыз да, түптөрүн кесебиз.
Анан кашык, бычактын жардамы менен ичиндеги өзөгүн оюп алабыз.
1 даана пиязды төрт чарчы туурап, 1 даана сабизди майда сүргүчтөн өткөрөбүз. Аларды фаршка кошуп, мурч, туз салып аралаштырабыз.
Даяр болгон массаны кабакчалардын ичине салып чыгабыз.
1 пияз менен 1 сабизди төрт чарчы туурап, өсүмдүк майы куюлган чуңкур мискейге чала куурабыз да, татымына жараша туз кошуп, майда тууралган сарымсакты кошобуз.
Мискейге туурамжы толтурулган кабакчаларды тизип, үстүн жапкыдай суу куюп демдейбиз.
Тамагыбыз 30-40 мүнөттө бышат, ага каймак кошуп, жашылча-чөптөр менен кооздоо табитиңизди ачат.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(10)
13.07.2015. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кабакча деген эмне тушундуро койсонор админ же билгедер сураныч
13.07.2015. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Edik_86, кабачки
кабачок
м. бот.
кабакча (кичинекей сүйрү ашкабактын бир түрү).
13.07.2015. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кабачки - бадыранга окшогон, бадырандан чонураак, ачыгыраак тусто болгон жашылча.
14.07.2015. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да коргон эмес экенмин же маани бербеген окшойм...
14.07.2015. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кабачки менен сабиз пияз кошуп оромо кылса да сонун болот
15.07.2015. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тооба кабачкини билбеген адамдар да бар экенда
17.07.2015. 04:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кабачки,ашкабактын бир түрү десе болот
17.07.2015. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой аябай жакшы кором кабачкиден жасалган даамдарды
20.07.2015. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сүрөтү туратго кабачки ошол абдан бат бышат картошкага кошуп пюре жасап балама берем даамду и пайдалуу билбегендер биле жүргүлө
11.04.2016. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россия жергесинде бардык магазиндерде бар-орустар аябай алышат экен мен да ушул жака келип биринчи жолу кордум бул кабачкини бирок билбейт элем аны кантип колдоноорун эми билип алдым рахмаат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо