Жан Воинов, бийчи: «АКШДА БУЛЬВАРДА БИЙЛЕП АКЧА ТАПЧУМУН»

№662 10-июль-16-июль, 2015-ж

Жан Воинов – Кыргызстанда Атай Өмүрзаковдон кийин эле бий өнөрү менен өлкө желегин желбиреткен бийчи. Спортчу Александр Воинов менен шоувумен Ассоль Молдокматованын уулу учурда Голливуд жылдызы болууга бүт аракеттерин жасап жаткан кези экен.

– Салам, Жан! Жакында эле бий академиясын ачканыңды билебиз. Өзүң АКШда жашасаң, бул жактагы окуучуларыңды ким карайт?
- Саламатсыздарбы?! Ооба, акыркы жылдары АКШда жашап, окуп жатам. Бишкекке келгениме 3 ай болуп калды. Кыргызстанда жаш муундарды бий искусствосуно тартуу максатында бий академиясын ачканбыз. Аталган академияны жалгыз ачкан жокмун, спорттук курулмалар жана Спорттук камсыздоо башкармалыгынын директору Эдил Касенов, ишкер Вячеслав Хан аттуу агалар материалдык жактан жардам көрсөтүштү. Бий академиясында бийге катышууга мүмкүнчүлүгү жок, аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары, интернатта окуган, кароосуз калган балдар да келишет. Мен АКШга кеткенде бийден сабак берген жакшы хореографтарыбыз бар, окуучулар ошолордун колунда калышат.

– Өзүңдү буга чейин футболдо, боксто сынап көргөнүңдү айткан элең, бирок кантип бий өнөрү сени арбап алды?
- Футбол менен профессионалдык деңгээлде машыктым, бокс менен бир аз алектенип жүрдүм. Бирок ар кайсы тармакта жүрүп, өзүмдү чыгармачылыктан таптым. Мунун себеби бар, анткени кичинемден апам Ассоль Молдокматованы ээрчип сахнада жүрүп, чыгармачылыктын көп түйшүктөрүн көрүп чоңойдум десем болот. Апам мени жалгыз таштачу эмес, дайыма жанына ээрчитип алчу. Чыгармачылык дегенде мен бир эле багыттагы өнөрдү түшүнбөйм. Мисалы, чыгармачыл адам бийчи, актёр, ырчы боло алат. Андыктан чыгармачылыкка жакын бардык багыттарды өздөштүргүм келет. Келечекте актёр, ырчы болуп калышым да толук мүмкүн.

– Көптөгөн сынактарда жеңип жүрөсүң. Айтсаң, бул ийгиликтерге жетүүңө ата-энеңдин белгилүүлүгү жардам бердиби?
- Мисалы, менин апамды Лос-Анжелесте ким тааныйт? Америкада атаң миллионер болсо да, сен эч ким эмессиң. Ата-энемдин аты Кыргызстанда популярдуулуктун кайсы бир тепкичин багындырууда жардам берсе бергендир, бирок чет өлкөдө баарына өзүм жетишип жатам. Деги эле ата-энемдин ким экенин көп жерде айта бербейм. Кээде мени менен таанышып, анан ата-энем жөнүндө уккан учурлар болот. Мен жетишкен ийгиликтин баары – бул өзүмдүн аракетим, 6 жылдан бери бий менен машыгып топтогон тажрыйбам. Бизде ийгиликтүү адамдарды көрө албагандар көп кездешет. Бирок ким кандай иштесе, ошону тиштейт. Өзүмдү супер таланттуумун дебейм, бирок менде өжөрлүк сапат бар. Алдыма койгон максатыма жетмейинче тыным албайм.

– Учурда Голливуд жылдызы болсом деген аракеттерди көрүп жатыпсың...
- Ооба, Голливуд жылдызы болсом деген тилектеримди акырындан орундатып жатам. Окуучуларды тарбиялап, алардын ири сынактарга катышуусун каалачумун, ал тилегим аткарылды. Эми ошол окуучуларым менен турнеге чыгып, бий командам менен дүйнөнү кыдыргым келет. Учурда мен жашаган Лос-Анжелес шаарында жөнөкөй адам жок, баары таланттуу, эптеп телевидениеге чыгып, киного тартылып «жылдыз болсом экен» деп жан талашкандар. Ошолордун арасынан суурулуп чыгуу оңой иш эмес.
Америкада популярдуу болбосом да, мени бий чөйрөсүндөгүлөр азыноолак таанып калышты. Бардык жерде өзүм аракет кылдым, бульварда бийлеп акча тапчумун. Ошол жактан америкалык продюсерлер мени байкап калышты. «Black Eyed Peas» тобунун менеджери Поло Молина менен иштешип жатам. Аталган топтун солисти Will.I.am менен таанышып баарлаштым. Актёр Том Хэнкстин уулу Чед Хэнкске бийден сабак берип жүрдүм. Майкл Жексон, «Битлз» тобу, Бейонсе, Рианна, Леди Гага ырдаган Америкадагы эң чоң аренада бийлегенге мүмкүнчүлүк алдым. Бул менин эле эмес, Кыргызстандын жетишкендиги деп ойлойм. Анткени кайсы өлкөдө бийлебейин, дайыма кыргыз желегинин астында чыгам. Мен үчүн мунун баары кыял болчу. Америкадагы көптөгөн атактуулар менен таанышып, «Голливуд жылдызы болсом» деген каалоом мурункудан да күчөдү. Чыгармачылыкка дайыма убакыт тапса болот. Мен мисалы, автобуста баратып да кулагымда наушник болсо бийлей берем. Америкалыктар көрүп суктанышат, ал эми Бишкекте ошентип бийлесем «акылы жайында эмес» деп ойлошсо керек эле.

– Америкада жылдыз болууга аракеттенип жатсаң, ал жакта биротоло калып калуу оюңда барбы?
- Азыр орус шоу-бизнеси, казактар да, кала берсе биздин шоу-бизнес да америкалык ырчыларды карап түздөнүшөт. Бирок мен ал жакта биротоло жашап калсам, өлкөмдү сатып кеткен болом. Жүрөгүмдө патриотмун. Андыктан баары бир Кыргызстанга кайтып келем. Атам көптөгөн спортчуларды чет өлкөгө жиберчү, апам бир топ чыгармачыл адамдарды тарбиялады. Мен да ата-энемдин жолун улап, Америкадан топтогон тажрыйба, чеберчилигимди бизден кийинки муун менен бөлүшкүм келет. Негизи эле чет өлкөдөн окуп, таанылып келген инсандар бизде саналуу, алардын эмгегин аябай баалайм. Учурда Америкада окуп жүргөн режиссёр Руслан Акунду, бийчи Атай Өмүрзаковду өлкөсү үчүн иштеген инсандардын катарына кошот элем. Анткени чет өлкөдө билим алуу, популярдуу болуу абдан кыйын, бирок көбү аны түшүнө бербейт.

– Өзүңдөн бою узун кыздар менен мамиле куруп көрдүң беле?
- Менден бир топ бою узун кыздар менен да, бою кичинекейлер менен деле мамиле куруп көргөм. Боюмдун кичинекейлиги мени оңтойсуз абалга калтырбайт.

– Ал эми жеке фронтто абал кандай?
- Сүйлөшкөн кызым жок. Азырынча убактымдын көпчүлүк бөлүгүн чыгармачылык ээлеп жатат.

– Маектин жүрүшүндө жалаң орус тилинде баарлаштың...
- Кыргызча билем, түшүнөм. Сүйлөгөндө акцентим бар, ошондон уялам. Акыркы жылдары Америкада жашап жүрүп, азыр орус тилин да унутуп бараткан кезим.

– Маегиңе чоң рахмат!

"Апам менин жакын сырдашым, кеңешчим".

"Окуучуларымды көбүрөөк чет өлкөгө сынактарга жибергим келет".

Бийчи көптөгөн жарнамалык роликтердин жүзү болуп келет.

Лунара Бекиева
star@super.kg


Жан Воинов: "Голливуд жылдызы болгум келет"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(23)
Медиа-портал
10.07.2015. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Удачи тебе, Жан.
SUPER.KG видео
11.07.2015. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик
Медиа-портал
11.07.2015. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик иним алга
SUPER.KG видео
11.07.2015. 03:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Балдарына ушундай тарбия берген апасы АССОЛЬ айым Азамат!Бардык жерде жетишет.
Медиа-портал
11.07.2015. 07:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец Ассолду кумир тутчуумун кичинемде.
Медиа-портал
11.07.2015. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баракелде ийгилик.
SUPER.KG видео
13.07.2015. 03:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тилегине жет.
13.07.2015. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ниетине жет кыргызстанды дуйного тааныткан адам бол.
13.07.2015. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Патриоттуулугун бааладым.Азамат апасынын тарбиясы да.
13.07.2015. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызча сүйлөбөгөнү өкүнүчтүү деле эмес, азамат жигит экен, "Кыргызстан"
деп турат экен...
Алга!
13.07.2015. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат
13.07.2015. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мододей Жан,тилегин ордундалып голивуд жылдызы болушуна тилектешмин,обожаю Ассольду
13.07.2015. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат,патриот жигит тура!Сыймыктанам!Ийгилик сага иним.
13.07.2015. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ИЙГИЛИК!!!
13.07.2015. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Америкалыктардын "Шаг в перед" деген киносуна тартылса оо анда супер. Молодец малыш
13.07.2015. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец , желаю удачи во всем. Тилеген ой максаттарына жет!
13.07.2015. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жан такой светлый мальчик, видно что ни болеет звездной болезнью! Простотата украшает людей, азаматсын Жан ийгилик сага иним!
13.07.2015. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апасы кукла Санта Барбара Барби го.
14.07.2015. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ананайын Жан, алыс кетпейле оз апанды карасан, кыргызча, орусча, англис тилдеринде эркин суйлойт. Ассоль суйлосо аны уккун эле келет...
16.07.2015. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы бийлейт экен таланттуу бала экен бирок мен Ассолдун ушул эле баласы бар деп ойлогом 4 балалуу турбайбы калган балдары жонундо кайдан окусам болот админ маалымат бере аласыздарбы!
16.07.2015. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AFRODITA-89, Ассольдун 2 баласы бар, улуусу
Жан, кичуусу Шабдан
Медиа-портал
19.07.2015. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жан Саша Воиновдун баласы. Ассольдун эки куйотсунон эки баласы бар. Чону жан кичуусу Шабдан.
SUPER.KG видео
02.10.2015. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атайга жетпейт баары бир
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо