ИЗДЕЙМ СЕНИ

№662 10-июль-16-июль, 2015-ж

«ТАЯКЕМ УЛУКБЕКТИ ИЗДЕЙБИЗ»
– Саламатсыздарбы, «Супер-Инфо» гезитинин жалпы жамааты. «Издейм сени» рубрикаңыздар аркылуу жардам күтөм. Менин апам Роза Султанова бир тууган иниси Казматов Улукбек Султановичти издейт. Ал 1970-жылы туулган. 2010-жылдын 22-июнунда Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Луговое айылындагы үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Темир алып-сатуу иштери менен алектенчү. Көргөн-билгендер болсо кабарлап коюшабы деген үмүттөбүз. Улукбек таяке, эгер ушул бил­дирүүнү окуп калсаңыз, бизге сөзсүз кабарлашыңыз. Баарыбыз күтүп жатабыз.

Жээниңиз
Айсулуу Максыталиева. Тел.: 0556 188 229

«ТАЙПАЛАШТАРДЫ ТАПСАМ ДЕЙМ»
– Мен КМУнун химия факультетинин «А» тайпасын 1992-жылы аяктаган бардык тайпалаштарым менен байланышууну каалайм. Тааныгандар болсо кабарлашкыла.

Жылдыз
Тел.: 0702 300 170

«ЗАМИР, КАЙДАСЫҢ?!»
– Мен 1990-жылы туулган Замир деген баланы издеп келем. Ал Баткендин Кызыл-Бел же Кара-Бак айылынан болсо керек эле. Экөөбүз Бишкектен таанышып, сүйлөшүп жүрчүбүз. «Ош базарда» иштечү. Замир, эгер мени унута элек болсоң байланыш, бул мен Мээрим.

Тел.: 89232738923

«БИР ТУУГАН УРАИМОВДОРГО ИЗДӨӨ САЛАБЫЗ»
– Сузак районунун Боз-Чычкан айылынын тургундары бир туугандар Ураимов Максат Абдумухтарович менен Ураимов Эркин Абдумухтаровичти издейм. Бул эки жигитти көрүп-билгендер болсо кабарлап койсоңуздар.

Кочкорбай Эшпаев
Тел.: 0777 876 658

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­­тү­лүү­гө тийиш.
Тел.: (0312) 32-33-28


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо