Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЫЗ ТӨРӨДҮҢБҮ, ДЕМЕК, ЭКИНЧИ АЯЛ АЛАМ

№663 17-июль-23-июль, 2015-ж

– Тагдыр деген кызык нерсе. Маңдайымдагы тиши түшүп, чачын ак баскан, көзү жалтак тиктеген адамды карап ар ойго чөмүлөм. Ал неберелерин ойнотуп жатканы менен, көз кыры менде. Кызык, 57 жашында абышка болуп калган бул адам менен жашап, андан төрт кыз төрөгөнүмө ишенбей да кетем. Жаш болчубуз, ошондуктан жаңылыштык кетирдик деп да актана албайбыз. Анткени төрт кыздуу болуп, ак-караны ажыратып калган учурубуз эле.
Нурдин экөөбүз катуу сүйүшүп жүрүп үйлөндүк. Ата-энемдин каршы болгонуна карабай терезеден качып чыгып турмушка чыккам. Илгеркилер бекеринен «ата-эненин батасын албай никеге турбагыла» деп айтпаса керек. Бирок мен Нурдинден башка эч кимди көрө албадым, жалындатып сүйдүрүп, көзүңдү байлап, акылыңды уурдап алат тура.
Жолдошум тун кызыбыз төрөлгөндө аябай сүйүнгөн:
– Эмкиси уул болсун, ээ, жаным?- деп маңдайымдан сүйүп, кызын көтөрүп алып маңдайы жарыла кубанган. Бирок биз күткөн уул кечиге берди. Жараткан эмнеден качсаң ошого жармаштырып коёт белем, төрт кызды удаа төрөдүм. Биздин үй-бүлөдөгү трагедия ошондон башталды.
– Мен эмне, тукумсуз каламбы? Мага уул керек!- дечү.
Кайненем да «жаман катын кыз тууйт, кыз тууса да кыш тууйт» деп мээмди жеп салчу болду.
– Кудай бербеген уулду колум менен жасап аламбы, апа?- дедим бир күнү жаным ачый.
– Деле тилинин чыгып калганын көр, сен биринчи балама уул төрөп бер, андан кийин үнүңдү көтөрүп сүйлө!- дейт албууттана. Кичүү кызым Жаңылай бир жашка чыгып калганда Нурдин такыр үй бетин көрбөй калды. Айылда мындай нерсе жашырылбайт эмеспи, анын бир аял менен мамилелеш болуп жүргөнү угулду. Жашоомдо мындан өткөн оор күн болбосо керек. Нес болуп калдым. Өз көзүм менен көрүп, ишенгим келди. Кечкурун айтылган дарекке бардым.
– Уул төрөп бер, асылым, сенден мындан башка эч нерсени күтпөйм,- деген Нурдиндин эркелетип жатканы угулду.
– Ошон үчүн эле келип жүрөм дечи?- деп назданган аялдын үнү кулагыма шак этти.
– Артымда туяк калса дейм. Кыз эмне, эртең бирөөнүн катыны болот, чоңойтуп койсо кетти ошол боюнча...
Ушу сөздөрдү угуп, эшикти шарт ачып кирип бардым.
– Кыздарымдан айлан, ошол кызга жетпей калгың бардыр! Ушунча жыл жашап кантип ушунчалык мээримсиз, караңгы жан экениңди байкабадым? Аттиң, сага кор болгон кайран өмүрүм!
Жаным сыздай ыйлап кетип бара жаттым. Үйгө келип кыздарымды кийинте баштадым. Кантсе да кыя албаса керек, Нурдин тез эле аркамдан жетип келиптир.
– Токто, Мээрим, сүйлөшөлү,- деди ал.
– Сүйлөшүп бүттүк, уул төрөп бере турган аялыңа бара бер.
– Макул болсоң, ал аялды экинчи кылып алайын. Ал мага уул төрөп берет, көзүм жетип турат. Түшүнчү, мага уул керек!
– А кызчы, кызды мен өз колум менен жасап алыптырмынбы?
– Төрт кыз менен кайда барасың?
– Бирөөгө малай болсом да эптеп чоңойтом, сенин ишиң болбосун!
Ошентип кыздарымды ээрчитип борборго баса бердим. Артымдан чуркап келишин, кыздарды талашып «кетпе» деп кечирим сурашын күтүп жаттым. Бирок күйөөм кайтып келген жок.
Борборго келип көп кыйынчылыкты көрдүм. Тикмечи болуп иштеп жүрүп иштин көзүн таап, тез эле тигүү цехин ачтым, бутума турдум. Убакыт учкан куш тура, тез эле кыздарым бой жетти. Кагылайындарым, баары акылдуу чыкты, өз күчтөрү менен жогорку окуу жайына өтүп, биринен-бири кыйын чыгып, оорумду колдон, жеңилимди жерден алганга жарап калышты. Бактылуу аял болбосом да, бактылуу эне болдум. Эң кичүүсү Жаңылай мыкты врач болуп чыкты. Бир күнү аны менен түштөнүп отуруп сүйлөшүп калдык.
– Апа, биздин бөлүмдө бир чал жатат. Мени тиктей берет, сүйлөсөм ыйлап жиберчүдөй терс бурулуп кетет. Аябай таң калам.
– Аты ким?
– Нурдин дегендей болгон.
Чочуп кеттим. Дароо кызымды жетелеп алып ал көрсөткөн палатаны көздөй бет алдым. Кирип эле тааныдым. Ал дагы дароо тааныды, өңү бозоро түштү.
– Кандайсың?
– Сиздер таанышсыздарбы?- деди кызым.
– Таанышпыз, бул сенин атаң болот. Уулдуу болуп, бактылуу болгон чыгарсың?- дедим эриндерим титирей.
– Сен табалабасаң деле тагдыр мени өзү жазалады. Сенин өчүңдү беш эсе кылып алып берди. Уулдуу болдум, кара жерге кирсин, уул аты болгону менен акылсыз чыкты. Кайрымсыз уул ооруп калганымда апасы экөө кошулуп кууп чыгышты. Кечирим сурабайм, анткени кечирбейсиң, болгону кыздарымды көрүп алганга уруксат бер,- деп ыйлап жиберди. Ушу учурда жанымда турган Жаңылай атасына учуп жетип кучактай берди.
– Атаке, ата, биз сизди күтүп жүрбөдүкпү!
Каның менен куруп кал, канча жыл көрбөсө да атакелеп турган кызымды көрүп жаным жанчылды. Мен бул жакта калып эле кыздарым атакелеп кабыл алышты. Ата мээримине зар
болгон байкуштарымды кой дегенге оозум барбады.
Азыр атасы Жаңылайдын колунда. Тагдырдын тамашасы менен зарлаган уулдан көрбөгөн ырахатты кыздарынан көрүп отурат. Кыздарым ачык айтышпаганы менен, мени кечирип, экөө чогуу жашаса деген ойлору бар. Бирок аялдын көңүлү бир калса жаман тура. Өткөндү унута албадым, жүрөгүм ушунча сууган экен. Маңдайымда турган тиши түшкөн чалды боор ооруу менен гана карап отурдум.

Мээрим


Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(83)
21.07.2015. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай ушинтип эле таразалап коет
21.07.2015. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ээх адамдар кызык элебиз да уулбу-кызбы акыл эси 12 саны аман торолсо ошого кубанышыбыз керек го, кээ бироолор кызыл эт наристеге зар болгондор канча, кудайымдын бергенине тобо келтиреличи!
21.07.2015. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ээ биринчи жоктон жана жалгыздыктан кудайым сактасын.Кыздуу болгон
отоо эле жакшы,кыз энеге да
атага да мээримин бирдей
тогот,боорукер болушат.
Мындайлар кооп кездешет
4 кыздан кийин уулдуу болгондор.Негизгиси сабырдуу
болуш керек.
21.07.2015. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Салам достор.уулбу кызбы омуру,ыйманы,ырыскысы,м,н берсин деп тилейли аллахтан.аллах сурагандарды эч кур кылбайт.
21.07.2015. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кызды да уулду да аллах берет,жараткан.ошомдуктан эчтемке айта албайбыз
22.07.2015. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Салам баарынарга! Эркектерди тушунбойм, жасап алабызбы, кудайдын бергени дебей пландаштыруу керек.. Негизи эле кудай берсин. Бирок пландаштырса болот элементарный эле медицина. Овуляция жургон куну же бир кун мурда кошулсанар созсуз уул болот!!! А эгер кыз кутсонор анда овуляциядан 3 кундон 9 кунго чейин мурда кошулгула да эки кун калгандан тартып кошулбагыла ошондо созсуз кыз болот.Овуляция менструация келген кундон баштап санаганда 14-куну болуп отот туугандар.Пайдам тийсе Аллах ыраазы болсун!
23.07.2015. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
avaz-t02,кыйраттын,медицинада дагы азыр эч ким 100% гарантия бербейт овуляция дагы,кудайым бешенеге уул жазбаса жок,жаратканым кааласа уул,кааласа кыз,каалабаса такыр эч нерсе бербейт.
22.07.2015. 06:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
kim bolso da jaratkandyn bergenin alabyz. egerde jawoo plandagandai bolo turgan bolso anda baardygybyz ele baktyluu bolup jawap kalbait belek, baaryn plndap alyp. erten emne bolorun ech kim bilbeit
22.07.2015. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кино тартса болчудай
22.07.2015. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
чопту карласан козго саят дегендей Алла кызды берген уул баланыда берет шугур кылып жашаш керек
22.07.2015. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Овуляция ,башка дейсинер анын баарына гарантия жок. Биринчиден Аллахтын бергени,ал эми экинчиден ошол эле медицинаны ала турган болсок,баланын кыз же уул болушу 100% эркектен гана коз каранды. Анткени аял xx гана хромосома,ал эми эркек xy хромосоманы алып журот. Эгер эркектин x хромосомасы оплодотворение болсо-кыз, y хромосомасы оплодотворение болсо -уул болот. А аял ошол эркек жасап койгон нерсени гана 9ай которуп омурткасы сыздап,жаны ооруп жарык дуйного алып келет.
22.07.2015. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи,кыз же бала болоору толук турдо эркектин уруктугунан коз каранды болот. Ошон учун Оздорунон корсун аялын Урушпай
22.07.2015. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошол хх менен ху хромосомалары как раз пландаштыруудан натыйжа берет.. (хх) же кыздын уруктук клеткалары 9 кунго чейин жашайт экен жатын тутугундо бирок ото жай сузот, а (ху) же уулдун уруктук клеткалары болгону 2 кунго чейин гана жашайт бирок ото тез сузот, Овуляция жургон куну же бир кун мурда кошулса уулдун уруктук клеткалары энелик клеткага тез жетип уруктанат. Овуляция жургон кунду билуу абдан пайдалуу. Кудай жата берсен бербейт, аракет кылсан берет урматтуу окурман! Аллаху Акбар!
24.07.2015. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
avaz-t02, молодец!
27.07.2015. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
avaz-t02,азыр медицинага да эч ким гарантия бербейт. Баары Аллахтын каалоосу. Биз ошо овуляция боюнча экинчибизди пландаган элек. Бирок эркек эмей эле бул да кыз болот деп УЗИден айтышты. Так что баары Аллахтын гана каалоосу менен. Китайский календарь, японский календарь, кандын жаңыланышы, овуляция күнүн эсептөө баары без толк б.а.
22.07.2015. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар баланын оз ырыскысы болот деп коёт го. Алла адамдарды ар тараптан сынап корот. Сиздин куйоонуз эркек балалуу болом дегенинен. Алла таллабыз сыноо жонотуп кайра-кайрадан кыз бала берип сынап коргон. Сыноодон отпой калган биздин тууганыбыз. Ошондуктан достор Аллахтан сууранганда полун эмес. Алты саны аман ырыскысы менен сурайлы. Кудайым кааласа бир убакта берип коёт.
22.07.2015. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
салам супер инфо ушул сыяктуу баштан откоргон окуяларды сиздерге кантип жазсса болот
23.07.2015. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazi8889, саламатсызбы!
lira@super.kg электрондук дарегине жөнөтсөңүз болот.
23.07.2015. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайдан коркбогон гана адам ошентип айтат. Кызбы балабы, баары от Аллаха. Кааласа, бала бербей да коет. Тооба кылбайбы
23.07.2015. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде да ушуга окшош тагдырыбыз. Апам 1 мени тороду анан 2 синдим Гулзат торолду анан 3 кыз Нурзаты торогондо атам наразы болду эле анан аны алып койду коптук кылыптыр деп анан 4 бала Тулу андан кийин 2 кыз тороду апам
23.07.2015. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kyz je bala toroluusuno tuzdon-tuz erkekke bailanyshtuu. Ayalyn kunoologon erkekterge tushunboim...
24.07.2015. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bizdi da atbyz 4kyzdy chanyp erkek toroi turgan a9l algan...
24.07.2015. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даа....
25.07.2015. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
узкомозглый мужик! пол ребенка 100% зависит от мужчины!!!!!!!!
25.07.2015. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх жашоо, Коруп туруп адамдар кордой кадам ташташат. Пендечилик кылып койобуз..
Бизде да торт кыз бир уул. Эч качан атам, кызым коп деген эмес. Ар дайым "менин беш байлыгым бар" дечуу.
26.07.2015. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Умей ценить то, что дано тебе всевышний!
26.07.2015. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бизде да ушуга окшош окуя бар. бир эжем 7 кыз торогон. жездем коп ичип, уул торобойсун деп эжемди сабачу. Бир куну башка аял алды анысы уул тороп берди. уулун бир аз чонойткон сон жездемди уйунон кууп чыкты. жездем кайра эле баягы 7 кызына келди. азыр ошол кыздарынан эле коруп жатат бактылуу карылыкты.
26.07.2015. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин да эки кызыбыз бар.Жолдошум уул торобосон мен башка аял алам деп коркутат.Ала берсин ушул созу учун да мен башка торобойм.Кыздарымын омурун берсин аллахым.
10.07.2018. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
madamx,Кой антпеңиз, жолдошуңузга теңелип кыздарыңызды кыйнап аласыз го анда. Эркектер айта берет,кайта берет. Антип кесир сүйлөбөй күйөөңүздүн жетпеген акылын сабырдуулук мн толуктап, үй-бүлөөнү сактап калуу баягы эле байкуш аялдан экен акыркы кадам. Кудай буйруп уулдуу болуп, уулдун да сыйын көрүң!
26.07.2015. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
А менин куйоом болсо биринчибиз кыз болушун ушунчалык каалаган эле бирок биз эки уулдуу болдук кудайга шугур. Еуйоом озу торлгондой жакшы корот.
26.07.2015. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз беш бир тууганбыз 4кыз бешинчибиз уул. Апам айтып калат 4кызды торогондо да атам бир да жолу кыз торойсун деп наалыбаган экен. Сабырдын тубу сары алтын дейт эмеспи.
28.07.2015. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз 6 бир тууганбыз.Беш кыз,кенжебиз уул.Атам төрт кызга чыдап жүргөн экен,анан бешинчибиздин атын Уулкан деп койгон,бирок наалыган эмес.Кайра ошол сиңдимди иштен чарчап келгенде да ойното берчү.Анан иним төрөлгөн да.Азыр ал да чоңоюп калды,атам тамашалап бизди "жинди кыздар" деп,иним экөө күлө беришет.Биз эркек кылган иштин баарын кылабыз,атам менен өллө сырдашабыз,атам бизге турмуш жөнүндө көп сүйлөп берет.Бирок эч качан бизди "көпсүңөр" деген эмес.
02.08.2015. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кудайга мин жолу рахмат айтам 2 уулум бар шугур кылам
10.07.2018. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздеда 4кызбыз атам эч наалыбаган тескерисинче менин 4кызым бар апасын кошкондо 5кызым бар деп сыймыктанат
10.07.2018. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздики уч кыз.кудайым бергенин унутпасын буюрса уулду болоорбуз
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо