АТАСЫНЫН БАЛАСЫ

№663 17-июль-23-июль, 2015-ж

Үй-бүлөдө эркек баланы тарбиялоодо ар улут ар кандай мамиле кылышат экен. Мисалы, европалыктар көбүрөөк эркиндик беришсе, айрым улуттар кичинесинен катуу тарбиялап чоңойтушат. Бүгүнкү макалабызда үй-бүлөдө атанын эркек балага берген тарбиясы канчалык маанилүү, биздин белгилүүлөр кандай ата деген суроолорго жооп алабыз.

Ильяз Абдыразаков, ырчы: «БАЛАМ МЕНИ ИЛЯШ, НАНАНЕЙ ДЕП ЧАКЫРАТ»
– Баланын адамды айыктыруучу өзүнчө дарылык касиети болот. Кээде жумуштан чарчап келип уулум Розанды өпкүлөп, көтөрүп, эркелетип койсом, чарчаганым сезилбей калат. Анын элжиреткен кылыктарын көргөндө маанайым көтөрүлөт, жиним келип жатканда аны көрсөм, ачуум тарап кетет. Балам кичинекей кезинде ата болгонум анча сезилген эмес эле. Атанын сүйүүсү бала чоңойгон сайын күчөйт окшойт. Уулум мага окшобой эле, кээде мен ага окшошуп кетем. Аны менен отуруп алып ойнойм, дүкөндөн 10 машина алам десе, ошонун баарын сатып алган учурлар болот. Көзүнө көрүнгөн оюнчукту алып бер дей берет, мен да анын ою менен болуп, каалаганын аткарып коём. Чоңойгондо кандай болуп өзгөрөт билбейм, бирок азыркы кези баарынан таттуу, ширин. Мени ата дебей, "Иляш", "нананей" деп чакырат.
Мүнөзүнүн оор басырыктуулугу мага окшош. Кээде жини келип кыйкырып ыйлап жибергенде апасына окшошуп кетет (күлүп). Жумшак атамын, катаал ата боло албайт окшойм. Менин бере турган тарбиям ушул, эркелетем, каалаганын жасайт, өз эркине коём, тарбияны бала бакчадагылар бере берсин. Мени да атам «кааласаң мектепке бар, каалабасаң барбай эле кой» деп өз эркиме коюп чоңойткон. Үй-бүлөдөгү тарбия – бул пайдубал эле, ал эми чыныгы тарбияны турмуш өзү берет.

 

 

Кубаныч Сатаев, ырчы: «УУЛУМ ТОЙДОН АКЧА ТЕРИП КЕЛЕСИҢБИ ДЕП КҮТӨТ»
– Ата эркек балдарга үлгү болушу керек. Себеби бала үйдөн эмнени көрсө, көчөдө ошону жасайт. Мен үчүн бала менен атанын ортосундагы идеалдуу мамиле – бул ортодо дайыма сыйдын болуп турганы. Биздин элде каада-салт, менталитет деген бар, андыктан өзүбүздүн жөнөкөй эле улууну урматтоо, сыйлоо, төргө өткөрүү, салам айтуу деген кыргызча тарбияны колдоном.
Эки уулум бар, улуусу Алишах, кичүүсү Санат. Уулдарым акылына кирмейинче эркин кармайм. Анткени тентектик кылып койсо урушуп кага берсең, бала коркок болуп калат. Кызбы, эркекпи төрөлгөндөн баштап эле ата мээрими керек. Анткени эне менен бала бир бүтүн, наристеге энелик мээримден да бөлөк сезим бар экенин туйдуруш үчүн балага атанын мээрими жардамга келет деп ойлойм. Мен ата мээримин аз көрүп калдым, ошондуктан балдарыма толук кандуу мээрим төгүүгө аракет кылам. Эркек балдар удаа төрөлсө атаандашып калышат экен. Алишах менен Санат да бат урушуп, кайра бат эле жарашып алышат. Кечээ Ысык-Көлдөн келе жатып машинадан Алишах менин «Келбейлиби бир басып» деген ырымды, Санат болсо «Ак бата» деген ырыма кой деп чырдашып мушташа кетишти. Мен кичүүсүнө көп болушуп коймой жайым бар эле, Санаттын каалоосун орундатып койдум.
Тойго кетип баратсам Алишах «ата, тойдон акча терип келесиңби?» деп күтөт. Кайра келгенде «ата, акча терип келдиңизби, жүрүңүз дүкөнгө» деп жетелеп кетет. Гастролго кеткенде «атам качан келет?» деп апасын тажатып сурай беришет экен.

Эрнист Бөрүбаев, ырчы, тамада: «ЭРКЕК БАЛАНЫ ЭРКЕ ЧОҢОЙТСОҢ, БАЛЭЭНИ БАШЫҢА ҮЙӨСҮҢ»
– Уулум Денис 12 жашта, аны төрөлгөндөн бери эле өзүм жалгыз тарбиялап келем. Мусулманчылыкта эркек бала 12 жашынан тартып намаз окуйт эмеспи, уулум быйыл намаз окуй баштады. Өзү медреседе билим алат. Баланы тарбиялоодо өзгөчө ыкмам деле жок, бирок бала ата-энеден коркуп турганы жакшы. Бир нерсе кыларда "ата-энем эмне дейт, урушпайбы?" деп чочулап турушу керек. Өз эркине коюп койсоң оюна келгенин жасап башка чыгып кетет. Эркек баланы эрке чоңойтпош керек, эркелетип чоңойтсоң балээни башыңа үйөсүң.
Мен өтө «строгий» атамын, аша чапканда какыс-кукус деле кылып коём. Баламды биринчи көргөндөр "сенин эле көчүрмөң, жадакалса басканыңардан бери окшош экен" деп айтышат. Мен өзүм кичине кезимде кара жумуш кыларда айылдагы досторумдун баарын ээрчитип келип иш кылдыртчу элем. Өзүм болсо колумду кырсылдатып аларга сүйлөп берчүмүн. Бая күнү уулум эшикте досторуна иш кылдыртып, өзү манжаларын кырсылдатып сүйлөп отурат. Кысталак деп аябай күлкүм келди, андан өзүмдү көргөндөй эле болдум.

 

 

Бакыт Байсариев, шоумен: «БАЛАМА АЗЫРЫНЧА ДЕМӨӨРЧҮ КАТАРЫ ЭЛЕ КЕРЕКМИН»
– Уулум Азиретали 3 жашта. Эркекти 5 жаштан кийин тарбиялаш керек, ага чейин өз эркине коём. Балдарыма эркиндикти чеги менен берип, каада-салтты да чеги менен колдонуп тарбиялагым келет. Бирок баары бир кыргыздын тарбиясына эмне жетсин, ат жалында ойноп, кымыздан кере жутуп, кой союп жиликтеген кыргыздын мырзаларынын баркы мурун бир топ бийик эле. Бирок заман, мезгил бир ордунда тура бербейт да.
Илгери атабыздын үнү сырттан угулса тынч отуруп калчубуз, ал кезде атага болгон сый-урмат башкача болсо керек эле. Азыр болсо үйгө кирерим менен балам мени басып жыгылат. Түнкү саат 2-3төрдө келсем, эртең менен ал бала бакчага кетип калат, кайра келсе эле мен жок болсом сагынат да. Уктап жатсам бетимди чапкылап, мурдумду, көзүмдү чукуп, курсагыма чыгып секирип ойготот. Балама азырынча демөөрчү катары эле керекмин. Эң жакшы көргөн жумушу – мени менен дүкөнгө бармай. Кичинесинде ботко бышырып бербесем да, памперс которуу боюнча профессионал болчумун. Сыналгыдан көрүп, гезитке интервьюларым чыгып калса, «кана, мен жокмун го?» деп сурап калат.

Лунара Бекиева
star@super.kg


Жылдыздар кандай ата?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(33)
SUPER.KG видео
18.07.2015. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ильяздын баласы копия го....бетиндеги уячасынан бери....
SUPER.KG видео
18.07.2015. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Омурлорун берсин
SUPER.KG видео
18.07.2015. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ильяздын баласы копия чын эле баарыныздарга уй булолук бакыт каалайм
Медиа-портал
18.07.2015. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ииий божоктор соонун балдар экен!чындап эле азыркы балдар коомго жараша баардыгы эле интернет болуп калбадыбы. бактылуу болушсун. ирландын баласы деле озуно окшош экен.
SUPER.KG видео
18.07.2015. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kubanych Sataevdin kichuu balasy sonun eken)
SUPER.KG видео
18.07.2015. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баланыздар озунуздорго копия экен,омурлорун берсин Ильяздын баласы айрыкча аябай окшош экен
SUPER.KG видео
18.07.2015. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяздын баласы укмуш озуно окшош экен.сатаевдин кичуу баласы таенесине окшош экен.
Медиа-портал
18.07.2015. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяз ушундай арыгыраак болгону эле жакшы жарашат экен молодец баласынын окшоштугуна тан калдым озундой таланттуу болуп чонойсун
SUPER.KG видео
18.07.2015. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Иии кичинекейлер бактылуу омурлуу болушсун
Медиа-портал
18.07.2015. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ширин балдардын келечеги кең болсун!
Медиа-портал
19.07.2015. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяздан кобурооок интервью албапсызлардааа. Баарына уй булоолук Бакыт каалайм.
Медиа-портал
19.07.2015. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
БААРынын балдары ширин экен Ильяздын Розаны тим эле помпоша экен озунун эле копиясыго Ильяз бир семеирип кетти эле кайра калыбына келип калыптыр. Кубаныч байке баласак экени корунуп турат эки ббаланы тен карап тамактандырып, ойнотуп, тазалап журот кандай сонун!!!
20.07.2015. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу ырчылар кайсы жумушунан чарчап келишет?
20.07.2015. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Izdeim_seni.,жолдон акчаны шыпырып алсанда чарчайсын...
20.07.2015. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kobra86,чарчаит деп дыйкандарды,деги эле жумуш кылып кечке жук которуп кыймылда жургон адамдар айтса жарашат. Эми звезда болуп алгандар га айла жок да,чарчай беришет.
20.07.2015. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Izdeim_seni.,кызык ар кимдин өз жумушу бар да. Келери кечке тиргилик деп жүрөт баары эле. Жылдыз болсо да жылдызга ылайыктуу иши бар. Дароо эле жаман сөздү жалп этиресиңер.
20.07.2015. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Izdeim_seni.,
кандайча чарчабайт, элдин конулун алайын, элге жаман корунуп калбайын, туура эмес суйлоп албайын деп болгон энергиясын миндеген адамдарга тартуулашат. А то эртеси айтып чыгасынар эптеп эле болуп калыптыр деп. Анан чарчабагандачы.
21.07.2015. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Izdeim_seni.,ар бир иштин кыйынчылыгы бар артистер жыргап журот дейсинби
20.07.2015. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иии жаным Ильяздын Баласы соонун экен
20.07.2015. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айланайындар, баланарга Coca-Cola бербегилечи! Ден-соолукка зыян экенин билебиз го баарыбыз!
20.07.2015. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kubanych Sataevdin tarbialoosu jakty maga,sebebi atanyn kozundo sur,jurogundo suiuusu bolush kerek dep esepteim.
20.07.2015. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрнист Борубаевтин жазганын коруп кулуп алдым))))
21.07.2015. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бардыгы омурлуу болсун!
21.07.2015. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
наристелерибиге кыпкыргызча эле ат койсок жагымдууго дейм арапчадан коро кошунамын баласынын аты мак бул деп койду жакында козкарашынар канда силер же демократи деп эле койо берсе болобу элуу жылда эл жаны жууз жылда жер жаны демекчи элуу жылдан кийин кыргызча аттар жоголуп кетпесе экен дегеним
21.07.2015. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0

админ менин кометим эмне чыкпай атат
22.07.2015. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Edik_86, саламатсызбы!
Комментарийлериңиз чыгып жатат.
22.07.2015. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Розанчик красавчик)
22.07.2015. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билишимче Мединага Ильяз, ал оюндагыдай жоош кыз болгону үчүн үйлөндү эле го.))"Бакырып, ыйлаганда апасына окшоп калат" дегенине таңыркап олтурам. Же жооштон жоон чыгат дегендей болдубу, же кандай...))
25.07.2015. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Илияз баласын эрке тарбиялап жатыптыр Эрнис Борубаев маладес
26.07.2015. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иншааллахх!
Балдары атасынын жолун жолдосо!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо