«We`ll be» бий тобу АКШнын Калифорния штатында бий боюнча өтө турган “World Hip Hop Championship” деген эл аралык чемпиондукка барууга даярдык көрүшүүдө. Эске салсак, аталган топ былтыр да бул сынакка катышып, жарым финалга чейин жеткен эле.
“Быйыл бул хип-хоп бийи боюнча Дүйнөлүк чемпиондуктун 14-сезону 1-августтан 9-августка чейин өткөрүлүп, ага 50дөн ашуун мамлекеттин өкүлдөрү катышышат. Былтыр барып тажрыйба топтон келгендиктен быйыл сөзсүз жеңишке жетишүүгө аракет кылып жатабыз. Бул сынак оор, Орто Азиядан Кыргызстан эле катышып жатат”,- дейт топтун мүчөсү
Эрмек Керимбаев. Азыр мекендештерибиз аталган сынакка катышуу үчүн демөөрчү издеп жүргөн чактары.