Райхан Абдувалиева, ырчы: «ЭКИ ЖЫЛ МУРУН ООРУП, БУТУМ БАСПАЙ КАЛГАН...»

№663 17-июль-23-июль, 2015-ж

«Көзүмө ысык келишкен, көк моюн сындуу көгүчкөн.
Көрүнбөй калса сагынтып, көксөтүп убай жегизген.
Көңүлдүн кушу жубайым, көкөлөп учкан периштем...»
Бул ырды укканда өзгөчө кайрыктары, назик ыргактары менен башка ырчылардан айырмаланган Райхан Абдувалиеваны эстейбиз. Ырчы артка кылчайып, басып өткөн жолу тууралуу өзү баяндап берсин.

ЧЫГАРМАЧЫЛЫККА ЧЫЙЫР
-Мен Ноокатта төрөлгөнүм менен, ата-энем жашоо шартка байланыштуу 5 жашымда Ысык-Көлгө көчүп келишкен. Экөөнүн тең кесиби доктур болгонуна карабай, чыгармачылыкка жакын эле. Атам комузда кол ойнотуп, күүлөрдү чертчү, апам жакшы ырдачу. Ата-энемдин ошол таланттары ырчы болушума түрткү болду. Атам күү черткенде комуздун башын тиштетип койчу, мен комузду тиштеген боюнча күү угуп жатып уктап калчумун. Ошентип 6 жашымда комуз чертип, 8 жашымда чоң күүлөрдү ойноп калгам. Музыкалык мектепти бүткөндөн кийин, музыкалык училищени аяктадым. Андан кийин азыркы консерваторияны бүтүрдүм.
Комуз боюнча Чалагыз Исабаевден сабак алгам. Ал эми гитараны модадан артта калбайын деп үйрөнгөм. Студент кезде да жаным тынбай 4 жерде иштедим. Бут кийим
тиккен фабрикада чыгармачыл топтун көркөм жетекчиси элем. Андан сырткары Улуттук филармонияда Карамолдо Орозов атындагы оркестрде 2 жыл иштедим. Кыргыз радиосунда үн режиссёру да болдум. Ага катар №62-мектепте музыка мугалими болуп иштегем. Мектепте балдарга музыкадан сабак берип, комуз үйрөтүп, аларды телевидениеге чыгарып жүрчүмүн. Эфирде алып баруучу «өзүңүз деле ыр аткарып койбойсузбу?» деп калды. Тынчтык жөнүндөгү ырды гитара менен ырдап, алгачкы жолу телеге чыккам. Ошентип балдардын артынан чоң сахнага чыгып кеткем.

«МИТИНГ, ПИКЕТ ДЕГЕНДИ БИЗ БАШТАГАНБЫЗ»
-Ортодо турмушка чыгып, коомдук иштерге аралашып да жүрдүм. 1990-жылдары кыргыздын жаштары батирлеп калганбыз. Көрүнгөн орустун үйүндө баш калкалап кыйналып жүргөндө Жыпар Жекшеев, Казат Акматов, Топчубек Тургуналиевдер лидер болуп жаштар уюмун түзгөнбүз. Ал кезде баары орусча сүйлөп, шаарда жалаң орустар болчу. Бишкектин тегерек четине кыргыз айылын курабыз деп Ак-Өргөө, Көк-Жар, Маевка жаңы конуштарын басып, элге алып бергенбиз. Митинг, пикет дегенди биз баштаганбыз. Сагынбек Момбеков менен да ырдачумун, кыргыз жерлери орусча аталып калган деген «Кайдигерлик» деген ырларын ырдап патриот болуп, Кыргызстанды 10 жолу кыдырып концерт бергенбиз. Демократиянын алгачкы кадамдарын биз баштаганбыз десем да болот. Чоңдорубуз бизди пайдаланып кетти, үй алып беребиз дегендердин бири жок. Ошентип элге жер алып берип жүрүп, өзүмө жер да албаптырмын. Эл алса эле тоону томкоргонсуп сүйүнүп жүрө берген экем. Сокулуктан баштап Нарынга чейин жөө жүрүштөрдү уюштурчубуз.

«ПЕРИШТЕ» ТОБУНУН ЖАРАЛУУ ТАРЫХЫ
-1991-жылы Майрамбек Осмоновдун «Периштем» деген ырын ырдап атым таанылган. Ошол кезде аябай катуу ооруп калдым. Доктурга жатып, канча жолу дарылансам да айыкпай койдум. Ошондо бир карыя «кызым, сен аябай катуу көзүгүп кетиптирсиң, ырымын кылбасаң өлүп калышың мүмкүн» дегендей кылды. Ноокатта атам экинчи үй-бүлөсү менен жашайт. Барсам, тууган-уруктар болуп 50 чакты киши тосуп алды. Үйгө киргенде эле башым айланып сулк жыгылдым. Адам көзүккөн учурда жашагысы келбей, эч нерсеге көңүлү тартпай, үстүңдөн оор жүк басып кыйналат экенсиң. Ажы, молдолор дем салып, кара кой союп, арча түтөтүп ырым-жырымын жасашты эле, аябай катуу уктап калыптырмын. Ойгонсом, жеңилдеп баягы катуу ооруганым түшүмдөгүдөй эле сезилип кетти. Ошол жерде бир ата «кызым, эл сени Райхан эмес, Периште деп таанышат. Көз тийгенде кийим аркылуу чыгарат же дагы бир нерсе түзүп көздү ошого өткөрүп жибериш керек» деп калды. Макул деп «Периште» деген жетим-жесирлерге, бей-бечараларга, колунда жок таланттарга жардам көрсөтүү максатында коомдук бирикме түздүм. Анан «Периште» фольклордук, «Периште» эстрадалык деген эки топ ачтым. Эки топту каржылайм деп чачым агарып кетти. Кыйналганда фольклордук топту жаап, эстрадалык топту калтыргам. Мына, бүгүнкү күнгө чейин жашап келе жатат.

«ТУРМУШ ДЕГЕН ТАТААЛ ЭКЕН»
-Студент кезимде каратэ менен машыкчумун, сөз айтып артымдан ээрчиген жигиттерди тепкилеп салар элем. Тентектигимден жаныма жигит жолочу эмес. Кыздай болуп созулуп жигит жандап деле жүргөн жокмун. Өткөндө Акыл Серкебаев деген аяшым «Студент кезиңерде шоктонуп жүрсөңөр, биз бузулган кыздар деп ойлочубуз. Тескерисинче, ыйманыңар менен турмушка чыгып, акыл калчап иш кылып кыйын болуп кеттиңер го» деп күлөт. Кызымдын атасы менен бир жыл сүйлөшкөн соң ала качып кеткен. Чүйгө турмушка чыккам, жылдызыбыз келишпей ажырашып кеттик. Ырдаганыма да каршы болгон. Эгерде мага татыктуу жигит болгондо, мүмкүн, жашоомдон ырды деле чийип салмакмын. Бирок ажырашып кеткениме өкүнбөйм, эгерде жашай берсем, мындай бийиктиктерге жетмек эмесмин. Учурда анын үй-бүлөсү бар. Ал же мен күнөөлүү деп анын турмушуна шек келтиргим келбейт. Негизи бул теманы козгогонум туура эмес. Кызым турмуш куруп, кайын журт күтүп калды. Өзүм небере күтүп калганда өткөн турмушумду жарыя кылып отурсам балдарымдын алдында уят болуп калам го. Албетте, экинчи жолу турмушка чыгып, бактымды сынап көргөнгө аракет кылдым, бирок болгон жок. Эми күйөөнүн санын көбөйтө бербейин деп өзүм үчүн жашап жаткан чагым. Азыр жеке ишкердик менен алекмин.

«ЖАШОО УЛАНА БЕРЕТ ТУРА»
-Биздин үй-бүлөлүк бизнесибизди апам баштаган, ага жардам берип жатып, мен да аралашып кеттим. Буюрса, 10 жылдан бери чакан ишкана ачып, жүздөй кыз-келиндерди жумуш менен камсыз кылуудамын. Эки жыл мурун апам кайтыш болуп, катуу стресске кабылып, бутум баспай калган. Бирок тырышып отуруп сакайып, жумушумду улантып кеттим. 10 килограммга арыктап, чоң болуп калган кийимдеримди жакындарыма таркатып салдым. Боюм кичинекей да, анан толуп кеткенимде сахнага чыккандан да уялып калган элем. Азыр баары жакшы. Кызым Көлгө турмушка чыкты, учурда Москвада турушат. Сонун кудагыйым бар, жаркылдаган, шайыр, акылдуу, 6 тилде эркин сүйлөгөн күйөө балалуу болгом. Маданияттуу, мыкты жигит мени мамалап эле көзүмдү карап турат. Кызым экөө жумуштарыма жардамдашышат. Жыл сайын балдарым, кудагыйым болуп дүйнө кыдырып, эс алып келебиз. Бир арманым – уулдуу болбогонум. Кээде ойлоп коём, жакшы күйөөгө тийсем, көп бала төрөп үйдө отурмакмын деп. Бирок Кудайга шүгүр, кызым жакында эркек неберелүү кылат. Ошол жетет. Анын үстүнө күйөө балам да өз баламдай. Тегерегимде адам көп жүргөндүктөн карыганда жалгыз калам деп коркпойм.

"6 жашымдан бери чыгармачылыктын казанында кайнап келе жатам".

"Кызым Бегимай менен күйөө балам Айбек бизнесиме жардам беришет".

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


Райхан Абдувалиева: "Бут тосуулар болуп, унааӊды жардырабыз дешкен"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(25)
SUPER.KG видео
18.07.2015. 05:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эжеке бакыт каалайбыз. Балам жок деп капаланышыныздын кереги жок,жакшы нерсенин баары алдыда.
Медиа-портал
18.07.2015. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кучтуу Айым
20.07.2015. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жади ни туурап кийген го ,такыр формалары жакбаит ушу ырчынын. 80жылдардан чыкбай калгандай.
20.07.2015. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар кимдин озунун кайталангыз табити бар, ар кимдин табитин сыйлаш керек!
20.07.2015. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Каратист болчум,жанымдагыларды уруп сабачым деген баягы эле глупосттор. Айла жок мыйыгынан кулуп коесун,пышш деп.
20.07.2015. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ийгилик эже. аялдык бакытты сахнадан издегенге окшойсуз. Негизи аялдын орду уй булоодо.
20.07.2015. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озунун жаш курагына карабай кылыктана бергени жакпайт ушу эженин
20.07.2015. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
экинчи фото такыр окшобой калыптыр, чачыны да окшошпойт, озунун курагына ылайыктуу сонун форма, прическаларды колдонбоптур, атыны эле укпасам ырларын билбейт экем
20.07.2015. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бешенене жазганы ушул да.
20.07.2015. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тим эле озунорду идеальный адам сезип жазыпсынарда.
20.07.2015. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эч ким оорубасын дечи,бирок жанагы эсим ооп,туда-сюда дегендери фантазиясы го. Барынарга ден соолук.
20.07.2015. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Izdeim_seni., PeRa, жеке айтышууларга жол жок! Билдирүүлөрүңөр өчүрүлдү! Эскертүү!
Медиа-портал
20.07.2015. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болунуз.жакшы коробуз сизди
Медиа-портал
20.07.2015. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аябай жакшы эже экен гоо
20.07.2015. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы маек болуптур бирок кызым уул торойт деп айтып атканы туура эмесго дейм Алладан улуу келип биринчи айткан болбойт Алланын бергени болот да
21.07.2015. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AFRODITA-89,molodez, tuura aitasyn!
21.07.2015. 08:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
AFRODITA-89,ай узи деген барда,кайсы кылымда жашап атасын деги?
21.07.2015. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Izdeim_seni.,УЗИ жон гана болжол Кудай эмес, Кайсы кылымда жашасам да Кудай бир!!!
20.07.2015. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнегдир ушул эженин уну жоктой эле сезиле берет жана ырдаган ырлары да абдан женил... Эмнеси болсо да бар болунуз, ден соолукта болунуз!!!
21.07.2015. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AlbertEnshtein, кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болууну сунуштайм!
21.07.2015. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин ежекебиз жадиден калышпайтго я...
21.07.2015. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
койногу аябай соонун экен бирок платогу жаман корсотуп коет экен анын ордуна женин кошуп койсо анданда соонун болмок
22.07.2015. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коз тийет дегени чын адамдын созу , козу тийбесин дейт го озу.Жакшы маек болуптур иштеринизге ийгилик
23.07.2015. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Райхан эже, жаман создорго конул бурбаныз. Аллах шыфаасын берсин. Аминь.
tatata түзөттү 2015-07-23 02:37:11
23.07.2015. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tatata, жеке билдирүүнү купуя менен жазыңыз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо