220 килограммдык Барчынай: «КҮНДӨН КҮНГӨ ТОЛУП БАРАТАМ»

№663 17-июль-23-июль, 2015-ж

«Мени таразасына тарткандан коркуп, ээлери түшү­рүш­пөйт. Ошондуктан курулуш материалдарын саткан базарга барып таразага түшүп келем»,- деген 38 жаштагы Барчынай Эталиева Пиквик синдрому менен жабыркайт. Акыркы жолу апрель айында таразага түшкөндө 221 килограмм чыккан.

ПИКВИК СИНДРОМУ
Пиквик синдрому – бул альвеолярдык гиповентиляция (толук кандуу бир калыпта дем ала албоо) менен коштолгон семиздик. Уйку апноэсинин (дем алуу кыймылынын токтоп калышы) кичине тибине кирет. Пиквик дартынын болжолдуу түрдө келип чыгышын адистер тукум куучулук, кош бойлуу учур жана төрөттөн кийинки абал, нерв системинин катуу чыңалуусу, травма жана жугуштуу оорулар деп белгилешет.

«ТУРМУШУМ ИЙГИЛИКСИЗ БОЛДУ»
Барчынай айымдын абалы тууралуу угуп ага байланышсам, үйүнө чакырды. Чындыгында, мен аны мынчалык толук деп элестеткен эмесмин. Оорусуна байланыштуу ал сүйлөп жатып эле отурган жеринде уктап кала берет экен. Биздин маек бүткөнчө бул бир нече ирет кайталанды.
– Мен мурда аябай арык болчумун деп айтпайм. Студент кезде, окууну бүтүп иштеп жүргөн чагымда деле боюм узун, салмагым 80 килограмм болчу. Иним жана агам бар, бир үйдүн жалгыз кызымын. Үйдөгүлөр эркелетип чоңойтушту. Апамдын каршылыгына карабай өзүмдөн улуу адамга турмушка чыгып алдым. Жаш кезде «турмушка чыккандан кийин балдарды төрөп үйдө жатканда эч нерседен кем кылбай бага турган адамга турмушка чыгам» деп көп айтчумун. Балээниби?! Жолдошум мен ойлогондой болуп чыккан жок.

«СТРЕСС СЕМИРҮҮГӨ АЛЫП КЕЛДИ»
– 2007-жылы апамдан айрылып калдым. 2009-жылы көз жардым. Бул учурда жолдошум экөө­бүздүн да мамилебиз солгундап калган. Үй-бүлөлүк маселе, ажырашуу, апамдан айрылуу, баланын түйшүгү, мунун баары мага сокку болуп чүнчүп кеттим. Семирүү маселеси ушул мезгилден башталды десем болот. Күндөн күнгө салмак кошуп толо баштадым. Азыр мен өзүмдү бир өсүмдүктөй сезем. Эртең менен туруп күндүн чыкканын карайм. Күн өткөн сайын өсүмдүк сыяктуу менин салмагым да өсүп барат. Убактым дээрлик 4 дубалдын ичинде өтөт. Мурун кызымды өзүм бала бакчага алып барчумун. Бир күнү кызымдан бир кичинекей бала «сенин апаң эмне мынча чоң?» деп сураса, кызым «ал азыр ооруп жатат. айыкса арыктап, кичирейет» деп актанып коёт. Сай сөөгүмдүн сыздаганын сурабаңыз. Ошондон кийин кызымды өзүм алып барбай, кошуналардан жеткирип коюшун суранып калдым.

«КӨЧӨДӨН БААРЫ МЕНИ КАРАШАТ»
– Көчөдөн мени улуу-кичүү, жаш-карынын баары карайт. «Карасаң, кандай килейген аял», «Мына бул аялдын семирип алганын карасаң, эй» деп кобуранып өтүшөт. Алар менин оорудан улам толуп кеткенимди билишмек беле? Бир жолу элге аралашайын деп чыгып, жумуштарым менен коомдук транспортко түшүүгө туура келди. Аңгыча алдыдагы эки орундукта улгайган эки аял отурган экен. Мен киргенде кыргызча түшүнбөйт деп ойлошту окшойт, «эми бул батпайт» деп бир топ нерселерди сүйлөп калышты. Мен кыйналып жатып бир кишилик орундукка отуруп, «батам» деп койсом, унчукпай эле отуруп калышты. Адамдар эмнеге абалы начар, жардамга муктаж, коргоочусу жок, алы жок адамдарга үстөмдүк кылып, ого бетер басмырлашат? Ушундай адамдардан улам мен дагы 4 дубалдын ичине камалып калдым.
Акыркы эки жылдан бери кант диабети менен да жабыркап келем. Эндокринолог тамакты мүнөздөп жешим керектигин айтат. Бирок мынча көлөмдүү организмди же­тиштүү азык менен камсыз кылып турбасам, кыйналып кетем.

«ЭЛ-ЖУРТТАН БАШКА ИШЕНЕРИМ ЖОК»
– Күнүмдүк тамак рационум кадимки нан, камыр тамактар, колдо болгон азыктар. Мамлекеттен алган 2000 сом пенсиям бар. Башка киреше булагым болбогондуктан азык-түлүк, тамак-аштын баарына эл жардам берип жатат. Элден айланса болот. Өткөндө пенсионер аял алган пенсиясынан бир аз акча көтөрүп алып келиптир. «Албайм» десем караманча тырышып болбой таштап кетти. Жапжаш туруп кары-картаң адамдардын жардамына муктаж болуп калганыма боздоп ыйладым.
Өзүбүздүн дарыгерлер алдымдагы май баштыкчасын алып салса болорун, бирок андан аркысына кепилдик бере алышпасын айтышты. 20 миң АКШ доллары болсо чет өлкөдөн операция жасап, ашказандын жартысын алып салышат экен. Азыр мен жалпы элден, колунда бар ишкерлерден, өкмөттөн жардам суроого аргасызмын. 1 сомдон болсо да чогултуп, мага жардам берген боорукер адамдар чыгат деген ишеничтемин. Айыгып, ашыкча салмагымдан арылып алсам иштеп, кайра кайтарып бергенге макулмун. Мен дагы бактылуу энелерге окшоп, кызымды жетелеп сейил бактарда, көчөдө сейилдегим келет. Мен жок болсом кызымдын багар-көрөрү жок калат. Себеби апам каза болгондон кийин бир туугандарым менден жүз үйрүп кетишкен.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(52)
20.07.2015. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жок дегенде 100 кило болуп толгондо аракет кылыш керек болчуда эми кыйын арыкташ анаболический стероид ичиш керек ошол жардам берет гарантия кайра 70 75 болуп калат
20.07.2015. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аноболический стероид ушуну кайдан тапса болот сураныч айтып койгулачы
20.07.2015. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AygulSumaya, бизде кыргызстанда атайын сатылбайт аптекада бар бир канча турлору аны айласы кеткен ото семиздер колдонсо болот сизге жаны чыккан зыяны жок препарат спортивный магазиндерден алса болот аты бруталин
21.07.2015. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
105кг мен россиядамын бул жактанда тапсам болобу
21.07.2015. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Erlan_92,мен россиядамын 105кг мын бул жактанда тапсам болобу
21.07.2015. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AygulSumaya,Пусть говорятка келген 500кг жарым тонналык аялдын арыктаганын кордунорбу, ошонун ыкмаларын, дарыларын корсонуздор балким жардам берер, Инеттен Пусть говорятты май айындагы беруусун таап корсонуз!
21.07.2015. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AygulSumaya, россияда баарын тапса болот
22.07.2015. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Erlan_92,эмне деп издеймин атыны айтып кой кай жерден
20.07.2015. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым шыпаасын берсин,умутунузду узбон сакайып кетес ИншаАллах
20.07.2015. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах шыпаа берсин ылайым.
20.07.2015. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Америкада 1 тонналык айымды деле айыктырып коюшту го,Барчынай эжени колдосок буйруса жакшы болуп кетет
21.07.2015. 08:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ajara.,ал америкада.
20.07.2015. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колдон келген жардамыбызды берели кыргыз элим!
20.07.2015. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым озу берген дартты алгысы келсе кайра алат! Аллах шыпаасын берет сиз бир гана Аллага ишенин ИншаАллах
20.07.2015. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барчынай эч качан умутунду узбо,озунду психологиялык жактан дагы мен арыктайм деп даярда,семирип баратам деп истерика болбо,кудай буюрса баары жакшы болот.
20.07.2015. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым шыпаа бере корунуз
20.07.2015. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах озу шыпаасын берсин!! Амин..
20.07.2015. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дартты берген кудай дабаасын кошо берсин.
20.07.2015. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Appei 38 gana jash ekenda eee,demek araket kylsa 100%bolot.Kapa bolbonuz Barchyn eje,kudakaalasa kyrgyzstandagy en figurnyi aiymdardyn biri bolup ketes ali.
20.07.2015. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алдында бар жок дебей колдон келген 1 сомбу жүз сомбу берсе 20 мин доллар чогулат.. дагы бир келинге көлдө 128 мин долл..деп турцияда жасайт чогулду ошол дел
20.07.2015. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суперинфо жардам фондун арбир облустарга раёндорго уюуштургула ыйманду элибиз коп жардам берет.
20.07.2015. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир автоунанын акчасы экен Кыргызстанда 1 млндон ашык автоуна барго
20.07.2015. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кундо биз кола,самсы ж.б.зыян тамактарды жеп ичебиз. Келгиле бир коланын же самсынын акчасын которобуз. Бир кундукун эле которсок коп акча болот. Эженин кызына журогум ооруп кетти,кудай тилегин берип айыгып кетсин апан. Мен да бардык тааныштарыма тлф берем,бирдик салып койгула деп.
20.07.2015. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Izdeim_seni.,Бир колы менен бир Самсонун акчасы эмне болмок эле. 10 колы м.н 10 самсонун акчасын берели.
22.07.2015. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
hairullo,мен кола менен самсыны мисал кылып айттым. Коп тукурсо кол болот дейт ошо мааниде. Ким канча которсо оз эрки. Бул эженин айыгып кетишин каалайм,кызын аяп кеттим.
20.07.2015. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым шыпаа берсин
20.07.2015. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым шыфаасын берсин.Дуа кылалы ...
21.07.2015. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой Кудайым ай азырак ойлонуп журуш керек экенда учурда менде да проблема коп болуп стресс, депрессия болуп ыйлап сыгылып журом озумду колго албасам кийин опасно боло турбайбы Аллах озу сактасын! Мен озумду семизмин деп эсептеймго 58 кг болуп алып
21.07.2015. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sms аркылуу толосо болот бекен кантип жонотсо болоорун толугураак жазып койгулачы
21.07.2015. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Sizge.kat,Электрондук кошелек 0555 702 274 номеринде.Ушуга бирдик салсаңыз, счетуна түшөт.
21.07.2015. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин кошунам дагы ушул оору менен ооруйт азыр эч жакка чыга албай калды, ал эженин 6 баласы бар ошолор жакшы карашат эми эн улуу кызы да ушундай болуп ооруп калыптыр.
22.07.2015. 06:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jaratkan Allahdyn bul da bolso synoosu. In waa Allah jakwy bolup ketesiz dep iwenebiz
22.07.2015. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дартын берген Аллах шыпаасын кошо берет. Жакшылыктан умут узбонуз. Кызыныздын али коп жакшылыгын коросуз.
22.07.2015. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жидкий каштан дегенди ичип корсочу.Ичкендер 102кг арыктагандар бар
23.07.2015. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шыпаасын берсин кудайым
23.07.2015. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эже кобурок кордо ичиниз гуручту сууга бышырып сузмо кошуп ичиниз 1 кундо эки жолу соз суз эртен менен кечинде ошондой бир жумада 4кл арыктайсыз эч кандай дары ичпениз
25.07.2015. 06:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allah jardamchin bolsun! Ozuno da kizina da ayabay boorum achip iyladim :((((((
26.07.2015. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин дагы арыктагым келет. 18 жаштамын 77 кг чыгам
02.09.2015. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх,жалган дуйно... Кечээ бар киши бугун жок. Барчынай эже бул жашоодон отуп кетиптир.
09.09.2015. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир нерсе адамдын ниетине жараша болот. Эгер адам Аллахтын жардамынан умут узбой иншааллах арыктайм десе, Аллах Таалам да пендесинин ниетине жараша жашоосун озгортот. Аллахтын берген дартына кооз сабырдуулук корсотсо , Аллах Таалам анын артынан коп жакшылык берет. Аллахтан умут узбонуз.
09.09.2015. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
agnesa,Аллах Таалан ал эжени алып кетиптир, кыйналбасын деп.
26.08.2016. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уратту супер инфо жамааты ушул айымдын тагдыры не болду бир кабар алып койунузрарчы сооп учун сураныч
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо