ИЙГИЛИКТИ БАГЫНТКАН МОДЕЛДЕР

№664 24-июль-30-июль, 2015-ж

Кыргызстанда моделдик чөйрө жетиштүү деӊгээлде өнүгө элек болсо да, бул жаатта аздыр-көптүр ийгилик жаратып, эл оозуна алынып калган кымча бел кыздардан уучубуз куру эмес. Өлкөбүздөгү моделдердин алдыӊкылары сулуулар сынагын уюштуруп, чет өлкөдө журналдарга тартылып, жаш моделдерди тарбиялап келет. Бүгүнкү сиздин сыныӊыздан өтчү сулуулар моделдик кесиптин келечегин көрүшөбү, кеп ошол тууралуу болсун.

Жамиля Ишенбаева, модель: «АЗЫР БИШКЕКТИН ТЕӉ ЖАРЫМЫ ЭЛЕ МОДЕЛЬ»

Толук аты-жөнү – Ишенбаева Жамиля Бакытовна
Туулган жылы, күнү – 1994-жыл, 26-март
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – КУУнун кыргыз-европа факультетинде 4-курста окуйт
Бою – 173 см
Салмагы – 53 кг
Параметри – 85-60-90
Жетишкендиктери – «Супер сулуу-2009», «Азиянын супер модели. Кыргызстан-2011», «Дүйнөлүк туризм сулуусу-2011», «КУУнун сулуусу-2013»

-Испаниядан окуудан келгениме үч жумадай болуп калды. Ал жакта моделдик бизнес менен алектенем деген оюм жок болчу. Кокустан эле чогуу окуган тайпалашым сүрөтчү досу менен тааныштырып, ал аркылуу Испаниядагы журналдар менен байланыш түзүлдү. «Life magazine», «Summer» деген испаниялык журналдын башкы бетине чыкканга жетиштим.
Кыргызстанда «Мода жумалыгы» көргөзмөсүндө моделдер 3 күндө араӊ 1500 сом табышса, ал эми Испанияда 3 күндө 1500 евро иштедим. Чынында, моделдик кесипти
Кыргызстанда кесип деп эсептебейм. Бизде аталган кесип менен акча таап жан бакмак түгүл, арзан косметика каражаттарын алганга каражатыбыз жетпейт. Мен Кыргызстанда моделдик карьерамдын келечегин көрбөйм жана улантпайм. Анткени эл арасында сенин дарегиӊе жаман-жакшы сөздөр айтылат экен. А мен жаш кызмын, турмушка чыгышым керек. Бизде модель кыздар арасында атаандаштык күч алган, анткени азыр Бишкектин теӊ жарымы эле модель. Бизде көрө албастык күчтүү, испандар болсо мактап эле турушат, көчөдөн сулуу кыз көрсө бири-бирин чакырып көрсөтүшүп, суктанышат.

Айкөл Аликжанова, модель: «БИЗДЕ МОДЕЛДЕРДИН ЭМГЕК АКЫСЫ ӨТӨ ТӨМӨН»

Толук аты-жөнү – Аликжанова Айкөл Аликжановна
Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 30-август
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – КУУнун алдындагы Экономика жана финансы институтун бүтүргөн
Бою – 170 сантиметр
Салмагы – 52 килограмм
Параметри – 84-62-89
Жетишкендиктери – 2011-жылы «Кыргызстандын интеллекттүү периси», 2012-жылы «Туризм сулуусу жана фотого мыкты чыккан периси», 2014-жылы «Кыргызстан сулуусу» сынактарынын жеӊүүчүсү

-Мен моделдик менен 20 жашымдан баштап алектене баштагам. Алгачкы жылдары эмгек акы деген эмне экенин билчү эмесмин, себеби атымды таанытуу үчүн иштечүмүн. Алгачкы жолу 200-300 сом эмгек акы төлөшсө керек эле, бул 1-2 мүнөт подиумда басып койгон үчүн жакшы эле акча го (күлүп). Бирок модель кыздар кыйраткан деле акча табышпайт, уюштуруучулар бир жолу подиумга чыкканы үчүн 300-500 сом төлөшөт. Аябай сыйлуу, барктуу модель кыздар эле 700-1000 сомго чейин алышпаса. Мурун акча маселесин мен иштеген моделдик агенттик чеччү, азыр болсо өзүм чечем. Жаӊыдан бул кесиптин даамын татып жүргөндө жаныбарлар менен фотосессия болуп калды. Элестетиӊиз, пил менен сүрөткө түшүп жатам, жанымда өзүмдөн эки эсе чоӊ пил турат. Ошондогу сезимдерди унутпайм, сүрөтчүнүн жардамы менен гана жакшы сүрөттөр чыккан.

Мага моделдик кесиптин артынан бир топ эшиктер ачылды. Мисалы, бул чөйрөгө жаӊы келгенде жергиликтүү бир сүрөтчү кастинг аркылуу моделдерди тандап алып, 4 жумалык сабак өткөн. Анын 2 жумасы Дубайда болмок. Ал мүмкүнчүлүк да буюрган. Бул нерсе мага чоӊ тажрыйба болгон. Сүрөткө туура түшүүнү ошондо үйрөндүм десем болот. Дагы бир ийгилигим – «Дүйнө сулуу-2014» сынагына катышып, мекенибиздин намысын коргоп келгеним. «Кыргызстан сулуусу-2014» наамын алып, бул сынакка барарда уюштуруучулар каражат таба албай калганынан өзүм ар кимден сураганга аргасыз болгом. Сынакта жеӊишке жетпесем да, кийинки барчу кыздарга кеп-кеӊешимди бере тургандай тажрыйба топтоп келдим. Модель болгусу келген кыздарга бул нерсени кошумча кесип катары гана кабыл алса болот дейт элем. Мен деле учурда моделдик мектебимди башкарып, дагы башка жумуштар менен алектенем.

Адинай Кемелова, модель: «МОДЕЛДИК КЕСИП МАГА УНУТУЛГУС ТАЖРЫЙБА»

Толук аты-жөнү – Адинай Кемелова
Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 6-февраль
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – КУУнун экономика жана финансы факультетин аяктаган
Бою – 174 сантиметр
Салмагы – 51 килограмм
Параметри – 88-60-89
Жетишкендиктери – 2007-жылы «Дүйнөнүн туризм сулуусу» сынагында 2-орунду алган жана 2009-жылдагы «Бишкек сулуусу», 2011-жылдагы «Азия сулуусу» сынактарынын жеӊүүчүсү

-Кыргызстанда моделдик бизнес анча жакшы өнүгө элек болгондуктан, подиумга бир басып койгонуӊ үчүн чет өлкөлүк моделдердей көп акча албайсыӊ. Жарнамалык келишимдер аркылуу же ири көргөзмөлөрдө гана каражат табышыӊ мүмкүн, бирок көп эмес. 2007-жылы биринчи жолу подиумга чыкканым үчүн гонорарга дизайнердик көйнөк белекке беришкен. Мен эч качан төлөнчү каражаттын баасын өзүм сүйлөшчү эмесмин. Анткени моделдик агенттикте иштегендиктен каражат маселесин алар чечип, мен тийиштүү пайызын гана алчумун.
Моделинг – менин эӊ сүйүктүү хоббим. Ошондуктан кыйынчылыктарды сезбейм деле. Албетте, биринчи фотосессия, подиумдагы биринчи көрктүү басуу толкунданткан. Азыркыга чейин андагы сезимдер, денемди баскан калтырак эсимде. Чет өлкөдө модель катары иштеген жокмун. Эл аралык моделдик агенттик менен иштешүү боюнча сунуштар болгон, бирок окуума байланыштуу баш тарткам. Азыр убакыт болгондо гана көргөзмөлөргө катышып калбасам, өзүмдүн негизги кесибим боюнча эл аралык компаниянын биринде котормочу, эсепчи болуп эмгектенем.
Моделдик карьера мен үчүн унутулгус жана кызыктуу тажрыйба. Тактап айтканда, ар түрдүү образдарды бере алуу, тартиптүүлүк, анан принциптерине жана аракеттерине болгон ишеним. Модель дүйнөсүнө жаӊы кадам шилтеген кыздарга айтарым – ар кыл сынактарга катышып кастингдерге баргыла, бирок жан дүйнөӊөрдү өзгөртпөгүлө демекчимин.

Динара Абдыкадырова,
Лунара Бекиева
star@super.kg


Ийгиликти багынткан кыргыз моделдер

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(59)
27.07.2015. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Орункул жакшынакай экен, а биринчи кыз кимге, кандай азаматка жар болоор экен...
27.07.2015. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Турмушка чыгышым керек жашмын дейт.Анан ушинтип суротко тушуп гезиттин бетине чыкканы эмнеси?Аял киши сулуулугун туболук омур жарына гана корсотуш керек.Дуйного даназалоонун кереги жокго дейм.жеке ойум.
28.07.2015. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Elusha88,турмушка тийишим керек дедиго,турмушка чыгышым керек десе жакшы го. Негизи мурда күйөөгө, же турмушка чыктым деп айтылчу эле. Азыр түз эле тийем деп калышыптыр.Мага Жамиля таптакыр жаккан жок,аябай өзүн мактаптыр го "мени Испанияда баары карады" деп,алар муну азиятка деп эле караса керек, сулуу деле эмес экен, тескерисинче сүймөнчүксүз экен. Калгандары баары жакты,бирок баары эле кыргызча сүйлөгөндө такалат экен
27.07.2015. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биринчи кыз бир жолу чечинип албаптыр тообо десе
27.07.2015. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чечинип эле албаптырда биринчи кыз пай пай пай жаман болуптур
27.07.2015. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Gundula,чечинип эле алыптыргоооо,же ушул кийип турганын кийим дейсинерби?
27.07.2015. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ии достор тим эле койгулачы.ар кимдин башы озундо,эси болсо эсине келет.жакшы соз тууганына жакпайт деген соз бармеспи кыргызда жаман корунуп не кыласынар.кудай ыйман берсин
Медиа-портал
27.07.2015. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1 чи вообе жаккан жок.бети 10 тонна крем кашы жасалма.бар жогу эле ошончо крем чаптап жасанса сулуу болуп калат.мага естественный кыздар жагат.
28.07.2015. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
1 номердеги уят модель деп еле жыланач тушкон болбойтго
Мага Айкол аябай жагат
28.07.2015. 05:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуу кыздар бактылуу болушсун. Ичи куйгондорго конул бурбай, максатынарга жетип, кыргыздын чыгаан кыздарынан болгула.
28.07.2015. 05:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Албетте булар сахна жүздөр болгон үчүн макияжсыз жашай алышпайт,Айжамал баардык жактан топ келишкен жылдыздуу кыз экен.
28.07.2015. 06:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сүйлөгөн сөздөрү да ордунда Айжамалдын.
28.07.2015. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уялбайбы жыланач болуп суротко тушуп анан бут элге денесин коргозуп,
28.07.2015. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
У Айколя губы не красивые
28.07.2015. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы админ!Боюду кантип бат остуруу жонундо маалымат бериниздерчи?
28.07.2015. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чыйралдым дебей чыйрылдым дейт го Шабралиева,дегеле баарынын соз байлыгы начар экен
28.07.2015. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тошту ачып суктандырып чакырасын шайтанды, жаккын келип денен менен озун баштап жаманды..
28.07.2015. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атын чыкпаса жер ортто,деген макал биздин чыланач суротко тушкон модель кыздарга тиешелуу экен десек болчуудай.
29.07.2015. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул моделдер бактылуу болушсун!
29.07.2015. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биринчи кыз "Турмушка тийишим"- керек дейби??
29.07.2015. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гезиттин бетине чыгарбай Эле койбопсуздар...
Медиа-портал
29.07.2015. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жамиля КУУда окуйт болуш керек!!
29.07.2015. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жумада гезиттер,тез эле сатылып кеткендир,бетин коруп эле ко0бу алып.)))
29.07.2015. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар кыздар, Кыргызстанда ушундай сулуу кыздар коп болсун
29.07.2015. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудаууу
30.07.2015. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи кыз суротко жакшы тушуптур
31.07.2015. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оохоо
01.08.2015. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айколду менин жашым сага дал келсе, созсуз алмакмын эмне кылып болсода!
01.08.2015. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага 3чу кыз жакты
03.08.2015. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ushintip jylanachtanyp iygilik jaratpai ele koidum!!!!!
03.08.2015. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанге негизи сулуу кыздар ото коп! Болгону арасынан решительныйлар жана акчасы барлар гана суурулуп чыга алат!
Медиа-портал
12.08.2015. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оооой Шабыралиева жарды кымбат модельмин дейби?! Айжамал Осмонова Кыргызстанды №1 модели да еще аябай жылдыздуу кыз экен
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо