Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

8-АВГУСТКА ЧЕЙИН НОМУРУӉУЗДУ КАТТАТУУГА ЖЕТИШИП КАЛЫӉЫЗ

№664 24-июль-30-июль, 2015-ж

SIM-картаны каттоо
*112# командасы менен номур катталган же катталбаганын текшеребиз.

АЛГАЧ НОМУРУӉУЗ КАТТООДОН ӨТКӨНБҮ ЖЕ ЖОКПУ, ТЕКШЕРИП АЛЫӉЫЗ
Номериӊиз каттоодон өткөнбү, текшериӊиз. Каттала элек болсо 8-августка чейин убакыт бар. Ал мезгил да жакындап калды. Урматтуу окурман, байланыш биздин күнүмдүк жашообузда өтө маанилүү болуп калды, мындан улам сиздерди байланышсыз калбасын деп SIM-картаӊызды каттоодон өткөрүүгө чакырабыз.
SIM-картаӊыз каттоодон өткөрүлгөнбү же жокпу, мобилдик телефонуӊуздан *112# командасын терип биле аласыз. Эгерде номуруӊуз каттоодон өткөн эмес болсо, МegaCom сизди жакынкы убакытта номуруӊузду каттатып алууну билдирет. Бул мобилдик байланыш менен колдонуп жүргөндөргө да, жаӊыдан SIM-карта алып жаткандарга да тиешелүү. Мобилдик байланыш жаатындагы суроолорду жөнгө салуу үчүн Кыргызстандагы бардык уюлдук байланыш компанияларынын ар бири абонент менен келишим түзүүсү милдеттүү. Кыргыз Республикасынын «Жылуучу радиотелефон байланыш кызматтарын көрсөтүү» токтомуна ылайык, 2015-жылдын 8-августуна чейин өз байланыш оператору менен келишим түзбөгөн абоненттерге байланыш кызматтарын көрсөтүү токтотулат.


КЕЛИШИМДИ КАНТИП ТҮЗӨ АЛАСЫЗ?
Номуруӊузду каттоодон өткөрүүнү МegaCom компаниясынын ар бир сатуу жана тейлөө борборунда же фирмалык салонунда өздүгүӊүздү тастыктаган документ (паспорт, аскердик билет, айдоочунун күбөлүгү) аркылуу жүргүзө аласыз. Эгерде абоненттин жашы 16га толо элек болуп паспорту жок болсо, ага SIM-картаны ата-энеси же туугандары сатып бере алат. Бул эреже чет элдик жарандарга да тиешелүү. Номурду каттоо акысыз жүргүзүлөт.
Сизге жакын сатуу жана тейлөө борборлорунун жана фирмалык салондордун так дарегин *500 командасы аркылуу же МegaCom расмий сайтынан онлайн режиминде «Филиалдык түйүнүнүн жана каптоо аймагынын интерактивдүү 3G-картасы» сервиси аркылуу биле аласыз. Толук маалыматты *400 (MegaCom абоненттери үчүн чалуу акысыз) номуру аркылуу алууга болот.
Персонификация тартибинен өткөн абоненттер бир катар шексиз артыкчылыктарга ээ болушат, анын ичинде чалуулардын деталдоосун алуу, мобилдик алдамчылыктын алдын алуу, SIM-карта жоготулган учурда номурду сактап калуу, номурду ыкчам калыбына келтирүү, абоненттик тейлөө мөөнөтүн сактоо, кошумча бонустар, кошулган кызматтар жана опциялар, кийин төлөнүүчү роуминг жана башка кызматтар.
SIM-карталарды персонификациялоо – мобилдик коопсуздук жана ишенимдүүлүк!

Сүйүн Кулматова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
29.07.2015. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Бейтааныш адамга каттап бербегиле" деп эскертип койбопсунар. Себеби бир жигит бейтааныш адамдын сим картасын өзүнүн атына каттатып берген экен, ал адамдар бир кызды зордуктап салышат, сим карта менен издегенде жанагы жигит чыгып калат. Ошентип башына иш арттырган.
30.07.2015. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир адамга бир эле симка уруксат берилсе болмок,а то азыр симканын баркы жок!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо