Гүлшайыр Садыбакасова, Кыргыз Эл артисти: «АПАМ МЕНИ АТАМДЫН КААРЫНАН КОРГОП ТУРЧУ»

№664 24-июль-30-июль, 2015-ж

Эне – баланын жүрөгүндө түбөлүк өчпөгөн махабат менен сагынууну, ар дайым эӊсөөнү жана аяр мамиле кылууну бийик деӊгээлде алып жүргөн образ. Эне жөнүндө канча ыр, чыгарма жазылбады, бирок баары бир анын сөз менен жеткире алгыс касиетин эч ким кагаз бетине түшүрө албагандай. Бул ирет эне-баланын ортосундагы мамиле тууралуу «Кыз-Бурак» тобунун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова кеп салат.

«ЭНЕНИ ЖОГОТУУ КАЙГЫСЫ ООР ЭКЕНИН БИЛБЕПТИРМИН»
– Апам Салиянын улуу журту – Оштогу Толман айылы. Анын теги-түгү Кудаяр ханга, Исхак ханга барып такалат. Ал былтыр 90дун ашын ичерине бир ай калганда каза болду. Катуу ооруган жок, кыйналган жок, батасын берип сүйлөп жатып эле үзүлүп кете берди. Эртеӊ менен жумушка батасын алып чыккан элем, түштө тилден калып сүйлөбөй калыптыр. Келип «апа» десем мени тиктеп турат, бирок тааныбайт. Ошентип Кудайдын жазмышы менен аны чын дүйнөгө узаттык. Өзүм 62 жашка чыксам да энени жоготуу кайгысы оор экенин билбептирмин. «Өмүр менен өлүм бири-бирине ушундай ширелишип турабы, бири узатып, бири тосуп кала береби?» деген туӊгуюк тереӊ ойлор менен алпурушуп жүрүп 8 килограммга арыктап кеттим. Ал акыркы 15 жылдан бери менин колумда болчу, сөөгүн да өз үйүмдөн узаттык.
Апам турмушта 13 бала төрөп, анын тогузу жашоосун уланткан. Мен ошол тогуз бир туугандын улуусумун. Ал мага «сен балдардын тунусуӊ, сен кандай жол менен кетсеӊ, инилериӊ, сиӊдилериӊ ошол жол менен кетет» деп көп айтчу. Айткандай эле бардык ини-сиӊдилеримди окутуп-чокутуп ата-энемдин батасын көп алдым.

«БАЗАРЛАР, ООР ТУРМУШ МЕНИ ТАРБИЯЛАДЫ»
– Ата-энем 40 жылдан ашуун мектепте мугалим болуп иштешкен. Мугалимдин айлыгы 9 баланы багууга кантип жетсин. Үйүбүздө бак-шак өтө көп болчу. Мен 1-класстан тарта эле короодогу жер-жемиштерди терип базарга алып чыгып сатчумун. Наманган, Фергана, Кызыл-Кыя шаарлары мага өтө жакын. Анткени дал ушул шаарларда соода кылдым. Ушул базарлар, оор турмуш мени тарбиялады. Жер-жемишимди сатып бүткөндөн кийин киного кирчүмүн. Анан да пластинка сатып алып, ага ырларды жаздырып барып үйдөгүлөргө уктурар элем.
Атам комузда ойносо, апам темир комуз чертчү. Добулбастын колго кармап ойногон түрүн түштүктө чилдирман деп коюшат. Апам ошол чилдирмандын түрүн жасачу. Менин урма аспапта ойноп калганыма да анын тийгизген таасири зор. Апам атама караганда оор басырыктуу, акылман, тартынчаак жан болчу. Мен атамды тартып калгам. Биздин мүнөзүбүздө жалындап күйүп кетмей сапатыбыз бар, апам ошол жалынды акырын өчүрүп калыпка салып койчу.
«Түндүктүк келин» деген тасмада 90 пайыз апамдын мүнөзүн ойнодум. Ал эч качан келиндерине катуу айткан эмес. Биз үйүнө барганда келиндерине катуу айтып койсок, бизди тыйып турчу. Эӊ эле катуу айтканы «кой, балам, эсиӊе кел!» деп үнүн өктөм чыгарып койгону. Ага караганда атам бизди аскердик тартипте тарбиялады. Мен өтө шок элем, бир нерсе кылып келсем апамдан эмес, атамдан коркчумун. Апам көп эле жолу мени атамдын каарынан коруду.

«КҮЙӨӨГӨ ТИЙ ДЕП АЙТА АЛБАЙ, ЖЕӉЕЛЕРИМДЕН АЙТТЫРГАН»
– Кыз бала чоӊойгондо ата-эне «эртерээк тынып, бир жерден орун-очок алса экен» деп тилеп калышат. Мен да бойдок жүрө берип 27 жашымда турмушка чыккам. Ошону апам өзү айта албай, жеӊелеримди ортого салып, «Гүлшайырды турмушка чыгаргыла, жашы өтүп жатат, атасы мени бул жакта жеп койду» деп айттырып жибериптир. Анан көп жыл артымдан чуркап жүргөн Абдрасул деген классташыма турмушка чыктым. Апамдын кубанганын да, кайгырганын да билгизбей тымпыйып жутуп койчу сырдуу мүнөзү бар эле. Күйөөм менен ажырашканымда «сен эми күчтүүсүӊ да, сага эчтеке болбойт, жашап кетесиӊ» деп күлүп койгон. Апамдан алган жакшы сапатым – ак көӊүлдүгүм. Бирөө менен урушсам унутуп коюп кайра сүйлөп алам да, «ий, бул менен урушуп кетпедим беле» деп эстеп кетем.

«АПАМ МАКТАСЫН ДЕП ТАНДЫРГА НАН ЖААП...»
– Апам тандырга кыпкызыл кылып нан жаап, артынан бир тандыр кылып самса бышырчу. Самсасы улам бышкан сайын биз жанында отуруп жеп түгөтүп койчубуз. Ошол нандай, самсадай даамды андан кийин эч жерден жей албадым. Көрсө, эненин сүйүүсүнөн, мээриминен жасалган тамак бөтөнчө болот тура. Бир жолу 5-классымда апам мени мактасын деп өзүм нан жапмак болдум. Камыр жууруп, нан жасадым, тандырга от коюп агаргыча күттүм. Анан нандарды тандырга жабыштырсам эле баары агып түшүп калып жатпайбы. Бетим көө, кирпиктерим күйүп калган, өзүм ыйлап алгам, болбой эле күйгөн нандарды жулуп алып жатам. Анан бир туугандарым апам келери менен «апа, Гүлшайырыӊыз жаман нан жапты» деп баары мени жамандап кирбеспи. Апам менин күнөөлүү болгон түрүмдү көрүп эле мактап кирди. «Азамат, кызым, биринчи жолкусунда баарында ушундай болот, сен да үйрөнөсүӊ» деп жубатканда аябай таӊ калган элем.

«МАГА КЕЛГЕН АЖАЛДЫ АТАМ АЛЫП КЕТТИ»
– Апамды жакшы көргөнүм менен, атамдын кызы элем. Атам каза болордо мен катуу ооруп , алты ай бою ооруканадан чыкпай калгам. Акырында дарыгерлер «кызыӊардын дарты катуу, мына өлөт, өлөт» деп калышкан. Ал мага ооруканага тынбай каттачу. Ошондо жарыктык атам апама «Салия, ушул бала өлгөнчө мен эле өлүп калсам экен» деп айтып, менин амандыгымды көп тилениптир. Ошентип мага келген ажалды атам өзү суранып, тиленип жүрүп алып кетти. Атам каза болорго бир күн калганда мен ооруканада жатсам терезеден адамдын жарты башы, бир көз, анан бетинде көп сепкили бар жарты бет келип мени тиктеп туруп учуп кеткен эле. Көрсө, ошол ажал экен. Эртеси эле атам жүрөк оорусунан көз жумуп кете берди. Акыры атам таап келген табып мени бутума тургузду. «Ата-энеси бар адам дайыма кичинекей бойдон калат» деп айтышат, мен ата-энесиз жашоону көрүп эми чоӊойдум десем болот.

"Апам менин колумда кєп жыл жашап калгангабы мени аябай жакшы көрчү. Балдары баары чогулуп меникине келгенде чоӊ майрам болуп, апам ырдап-бийлеп чакан концертти өзү эле коюп койчу".

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


“Апамдан ажыраганда аябай жалгызсырадым” дейт Гүлшайыр Садыбакасова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(22)
Медиа-портал
25.07.2015. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
дайым энелерибиз бар болсун!!!!!!!!
SUPER.KG видео
25.07.2015. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулшайыр эже абдан кайраттуу адам да бактылуу болунуз
Медиа-портал
25.07.2015. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым сизге узуун омур бакыбат жашоо берсин .
Медиа-портал
25.07.2015. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эже анча мынча эркекмин деп калп эле тош каккан эркектерди жолго салат,ушул кайратыныздан жазбаныс,алла талаам дайыма сизге куч кубат ден соолук берсин.Маанилуу маек болуптур ыйлагым келип кетти акырында.
SUPER.KG видео
25.07.2015. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы маек болуптур . ушул эженин суйлогону жагат .
SUPER.KG видео
25.07.2015. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх аябай сонун маек болуптур
Медиа-портал
26.07.2015. 08:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sonun maek boptur! :)
Медиа-портал
26.07.2015. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көп жашап,уул-кызыңыздын сый-урматын көрүңүз☺
Баардык апаларга ден соолук,узак өмүрдү Аллахымдан суранам!
Медиа-портал
26.07.2015. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн соонун маек болуптур эжекеге ден соолук каалайм.
27.07.2015. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атам каза болорго бир күн калганда мен ооруканада жатсам терезеден адамдын жарты башы, бир көз, анан бетинде көп сепкили бар жарты бет келип мени тиктеп туруп учуп кеткен эле. Көрсө, ошол ажал экен.

Жүрөктү түшүрөт экен..
29.07.2015. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lazygirl,aitpanyz. Menda jurogum titirep ketti
27.07.2015. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эне олбосун. Апан жок уйго да келгин келбей калат экен. Келсен да уйун сууз бир нерсе жетишпегендей эле боло берет экен. Мен да апаман ажыраганга бир юыл болду. Айлан жок жвшоон улана берет экен башка эч нерсе кылалбайбыз курандан башка
27.07.2015. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эже азаматсыз! Апаныздын келбетинен эле корунуп турат бактылуу, ыраазы экени. Жараткан бейишин берсин.
27.07.2015. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулшайыр ака азаматсыз,сизди эркек муноз деп, ака деп коюшат беле калп айтбасам.Же мен калп эле балп эттирдимби айта коюп.
27.07.2015. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз Гулшайыр эже.Кайратыныздан жазбаныз апанызга Аллахым жаннаттан орун берсин.Кыз кыз дейбиз мына кыздын кызматы.Кыздар ушундай куйумдуу болот.Кыз деп жээриген байкелер!
27.07.2015. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да апамы сагындыым....
SUPER.KG видео
29.07.2015. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ажал келген учурун угуп жатып денем чымырап кетти, Гулшайыр эжеге узун омур, денсоолук каалайм.
30.07.2015. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулшайыр эже, апаныздын умутун актаган кызысыз! Апаныздын гана эмес Сиз эл кызысыз!
30.07.2015. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апасына абдан окшош экен,бирок мүнөзү,сүйдөгөнү жагат."Түндүктүк келинде" кайнененин образын абдан сонун жараткан, далайлар менин кайненем ушундай болсо деди болуш керек.Өмүрлүү болуңуз,бир өкүнүчтүү нерсе, жанында баркын билген жубайынын жоктугу
30.07.2015. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Apalar aman bolsunchu en negizgisi....
31.07.2015. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Темир аял!! иш билги жана мүнөзү түз.Кеменгер,көздүү жана создүү адам катары баалайм,сыйлаймын!
07.08.2015. 02:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайыма эле ата-энелерибиз бар болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо