Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Мирлан Баеков, ырчы: «ЖАН ДҮЙНӨМДӨ КРИЗИС»

№664 24-июль-30-июль, 2015-ж

Бир кезде «Кызыл өрүк» атка конгон, учурда көптөгөн тойлордо «Ата тилеги» аттуу ыры менен кыздарды турмушка узатып жаткан Мирлан Баеков деген ырчыны баарыбыз эле билсек керек. Көптөн бери бул ырчынын хит ырларына күбө болбой калгандыктан, анын жаӊылыктары, максаттары тууралуу кеп козгоону эп көрдүк.

– Салам, Мирлан! Эмнеге көрүнбөй кеттиӊ деген суроону менден башкалар деле берип жатышса керек?
– Саламатсыздарбы? Ооба, туура айтасыз, көчөдө болобу же дүкөндөнбү, айтор, ушул суроону көп укчу болдум. Өткөндө жол тыгында туруп калсам бир байке машинесинин терезесин ачып «ой, «кызыл өрүк» иним, эмне чыкпай калдыӊ?» дейт. «Бүттү, сахнаны таштадым» десем, «койчу, ай» деп чочуп жатпайбы.
– Чын эле сахнаны таштадыӊбы, эмнегедир «Кызыл өрүк» сыяктуу хит ырлар жаралбай жатат?
– Таштабай калайын, бойдок кезде тынбай ыр жазып, эргүү бат-баттан келчү. Азыр өзүмдүн студиям, даяр ырлар деле бар, алардын үстүнөн иштегенден жалкоолонуп, моюнум жар бербейт. Жаздырган күндө деле жакпай калат, кайра иштеп чыксам анысы да жакпайт, кыскасы, ишим алдыга жылбай кыйналып жатам.
– Эмнегедир мукактанып сүйлөй албай жатасыӊ, тынччылыкпы деги?
– Баары жакшы, болгону жан дүйнөмдө тынчтык болбой жатат. Чыгармачыл адамдардын көӊүлү ток, баары жайында болсо, жакшы чыгармалар жаралат деп ойлойм. Мен үй-бүлөмө алаксып, чыгармачылыктан алыстап кеттим окшойт. Кайсы бир деӊгээлде үй-бүлө чыгармачылыкка тоскоол болуп, артка тартат экен. Эмне кыларымды билбей турган убагым. Анын үстүнө үй баштап алып, оюм чыгармачылык менен үй-бүлөмдөн сырткары усталарга да бөлүнүүдө. Кыскасы, жан дүйнөмдө кризис болуп жатат.
– «Там салуудан тажадым, экинчи үй салбайм, сатып алам» дегениӊ бар эле...
– Ооба, айылдан атама, бул жактан иниме үй салып, курулуш иштеринен тажаганда айткам. Бирок сатып алганда өзүӊ каалагандай үй кымбат экен. Ошондуктан кайра эле өзүмдүн оюмдагыдай долбоор чийдирип, үй сала баштадым. Буюрса, Туӊгуч кичирайонуна өзүмө окшош тыпырайган мансарда тибиндеги үй салып жатам.
– Азыркы учурда үй салуу оӊой эмес, анын үстүнө кризис болуп, элде той да аз болууда...
– Мен жалаӊ чыгармачылыктан тапкан каражат менен жашайм. Кудайга шүгүр, орозо учурунда деле тойлорго чакыруулар болуп жатты. Азыр деле тыным жок. Көбүнчө казак туугандар «Кызыл өрүктүн» оригиналы» деп чакырышат. Казакстанда ырчылардын ставкасы 10 миӊ доллар, мен миӊ доллар эле алам. Бул акча казактарга аз болгону менен, бизге көп эле. Кыргыздарды сураштырсаӊ эле тууган болуп чыгат. Жездеӊдин жеӊесинин келини сенин бир тууган балдызыӊ болуп чыгышы толук мүмкүн (күлүп). Айла жок, бекер же арзаныраак ырдаганга туура келет.
– Тойдо жүрүп, кызыктуу окуяларга көп туш болсоӊ керек?
– Мени көбүнчө кыз узатуу тойго «Ата тилеги» деген ырыӊды ырдап бер» деп чакырышат. Мен ырдап жатканда ортого кызды атасы менен бийлетип, ыр бүтөрдө күйөө баласына же кудасына тапшырышат. Бир тойдо ушул ырды ырдап жатсам атасы менен кызы ыйлап бийлеп жатышкан, аларды көрүп элдин баары көзүнө жаш алды. Бир убакта апасынын жүрөгү кармап жыгылып калса болобу?! Элдин баары ызы-чуу түшүп, эптеп ырымды бүтүрүп, өзүмдү күнөөлүү сезип аябай жаман болгом. Кудагыйдын бетине суу чачып жатып араӊ эсине келтиришкен. Ошондон кийин бул ырды кыз узатууда ырдагандан корком. Мурда образга кирип, кызын узатып жатканда ичи ачышкан атадай кайгырып ырдачумун. Азыр күлүмсүрөп ырдап калбадымбы.
– Шайлоо алдында ырчыларды партиялар бөлүп алышчу эле. Сен кайсы партияга ырдайын деп жатасыӊ?
– Бир партиядан сунуш түшкөн, ойлонуп жатам. Негизи кыргыз элине иштей турган партияга ырдасамбы дегем, бирок андай партияны көрө албадым. Эми кимиси акча көп берсе, ошонусуна ырдай берет окшойм, мен деле үйүмдү бүтүрүшүм керек да. Батирден батирге көчүп тажадым. Азыр да туугандарыбыздын батиринде турабыз. Арзаныраак төлөйбүз, чык деп да айтпайт, үй салып бүтмөйүнчө ошол батирден чыкпайм.
– Кепти үй-бүлө жаатында улайлы, үйдө кандай атасыӊ?
– Уулум Рамир 2 жашка чыгып калды. Рамир деген Мирландын уулу дегенди түшүндүрөт (күлүп). Жакшы эле атамын, балам азырынча жалгыз болгондуктан көзүн эле карап турам. Ошондуктан уулум эрке дагы, эркек дагы дебейминби (күлүп). Мурун гастролго айлап кетип калсам, азыр баламды көрбөй 3 күн араӊ чыдайм. Ал эми экинчисин үй салып бүткүчөктү пландабай турабыз.
– Билишимче, жубайыӊ Созул да чыгармачылыкка жакын болсо керек?
– Жубайым жакшы ырдайт, музыкалык билими бар. Туугандардын той-тамашасында чогуу ырдап коёбуз. Ырдап чыгам десе каршылыгым деле жок.
– Аялзаты белек алганды жактырат эмеспи, бала менен үйдө отурган жубайыӊдын көӊүлүн кантип көтөрөсүӊ?
– Романтикадан алысмын, өмүрүмдө кызга гүл берип көргөн эмесмин. Жубайым кээде «сейил бактын жанында жашайбыз, жетелешип баспайбыз» деп таарынып калат. Дайыма 8-Мартта гастролдо болуп калам. Бирок кеч болсо да белек ала келем. Ал болсо жылда менин туулган күнүмдө сөзсүз белек берет. Быйыл бергенде да уялып калгам, эмки туулган күнүндө сонун белек бербесемби. Уулумду төрөп бергенде аябай кубангам. Жашоонун баары алдыда, бутубузга туруп алалы, тапканымдын баары жубайыма белек болот деп ойлойм.
– Ачууӊ чукулбу, аялзатына кол көтөрүп көрдүӊ беле?
– Сыртымдан билинбегени менен ачуум бат келет, чыдамым түгөнгөндө кыйкырып жибермейим бар. Негизи аялзатына кол көтөргөндү жаман көрөм. Бирок турмушта ар кандай болот экен, бир жолу келинчегимди жаакка чаап ийгем.
– Анда жубайыӊ менен дүкөн кыдырып, кийим тандашканга сабырыӊ түтпөсө керек?
– Негизи үйдө акчаны жубайым кармайт, мен бат эле коротуп салам. Жубайым акчага үнөмдүү, аны тамашалап «сен каржы министри болсоӊ, Кыргызстанды бат эле бутуна тургузмаксыӊ» десем, чычалап «ме анда, өзүӊ карма» деп калат.Бирок «канча короттуӊ, каякка жумшадыӊ, эмнеге кымбат көйнөк алдыӊ?» деп такыр кийлигишпейм. Керек буюмун өзү эле сатып алат. А мен кийимди өзүм тандап алам, көбүнчө Казакстанга, Орусияга гастролго чыкканда алам. Өткөндө Кытайга барганыбызда кийимдер арзан экен, 5 жылга жеткидей кийим алып келдим.
– Кайын журтка кандай күйөө баласыӊ? Эркектер кайнене-кайнатаны апа-ата дегенге көнбөй кыйналышчу эле?
– Нарынга күйөө баламын, ал жактан кой союш керек дегенди угуп калам. Кой сойгонду толук билбесем да, колумдан келет. Барганда «жардам берейин» десем, «Микибай, жөн эле кой» деп мени аяп турушат. Улуу күйөө бала болгонума карабай эркемин, балким, ырчы деп эч нерсе жасаткысы келишпейт окшойт. Биз үйдө ата-энебизди «ата, апа» дечүбүз, Созулдардын үй-бүлөсүндө «мама, папа» дешет экен. Башында «мама, папа» деген өөн учурап, айта албай кыйналгам, азыр көнүп калдым. Ушул жашка келип үйлөнгөндө «мама, папа» дейм деген түшүмө кирген эмес.
– Маегиӊе рахмат!

"Мурун гастролго айлап кетип калсам, азыр баламды көрбөй 3 күн араӊ чыдайм".

"Кичинемден үй салып, курулуш иштеринен тажагам".

Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


Мирлан Баеков: "Көңүлүм чөксө кайгылуу, кубансам шаңдуу ыр жаратам"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(22)
Медиа-портал
25.07.2015. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жакшы маек болуптур ишинерге ийгилик жаны ыр кутобуз.
SUPER.KG видео
25.07.2015. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Көптөн бери күткөн маек.ишиңе ийгилик.
SUPER.KG видео
26.07.2015. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун! Чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз! Аягында ырдаган ыры не деп аталат?
SUPER.KG видео
26.07.2015. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо жааматы Бактыгул Бадыевадан,Айжамал Кабыловадан,Малика Динадан,Бегимай Карабаевадан Ж.б.коптон бери маек кура элек жылдыздар менен да маек кургулачы же уйундо конокто болуп дегендей кызыктуураак болмок...
27.07.2015. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы маек болуптур ачык жашырбай атып бериптир уй булолук бакыт каалайм
27.07.2015. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялы сулуу экен.
27.07.2015. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
аялын жаакка чапканын айтпай эле койбоптурда
27.07.2015. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Созул аялын кече биринчи каналдан коруп тан калдым. Мирланга соз бербейт кен бунун. тушунугу ушундай болсо керек.
27.07.2015. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылык ийгилик уй булоолук бакыт.
27.07.2015. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маек.аялы сулуукен.аял деген ошондой тыкылдаган болсо,былжырабай.Кыйын аял экени билинип турду ктрк дагы оюнда.уй булолук бакыт.
27.07.2015. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо Данияр Эрматовдон да кабар алып койгулачы. Биз сагынып калдык.
28.07.2015. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
perim.ai, саламатсызбы!
Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук. Рахмат!
27.07.2015. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула
28.07.2015. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мирлан байке озу жакшы адам, туз жургону учун артынан ушак ээрчибейт. ийгилик каалаймын
28.07.2015. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уй булоонуз менен бактылуу болунуз.
28.07.2015. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирлан азамат!
28.07.2015. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо сиздерден сураныч,ктрк дагы АЛА ТОО прог.алыпбаруучулары Мирбек Молдакунов,Мирбек Маматалиев тууралуу кенири маалымат же маек курунуздарчы.Аябай жакшы кором ошол жигиттерди.сураныч
29.07.2015. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
hello.kg, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
29.07.2015. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
0
Супер инфо жааматы Бактыгул Бадыевадан,Айжамал Кабыловадан,Малика Динадан,Бегимай Карабаевадан Ж.б.коптон бери маек кура элек жылдыздар менен да маек кургулачы же уйундо конокто болуп дегендей кызыктуураак болмок...
29.07.2015. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
JJAN, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө жөнөтүп койдук.
30.07.2015. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аялы аябай сулуу экен. Мага жакты
31.07.2015. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баласы соонунго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо