ТАМАШОУЧУ САМАТ ҮЙЛӨНДҮ

№664 24-июль-30-июль, 2015-ж

Тамашоучу Самат Эркинбеков сүйүктүүсү Чолпонайга баш кошту. Бизге берген маектеринин биринде «башында ойлогом, бул орусча сүйлөгөн кыз болсо, кантип сүйлөшөм деп» деген эле. Минтип эми эки жаштын башы биригип бир үйдө түтүн булата башташты. Саматтын жакшы саамалыгы менен куттуктап, жаӊы жашоосунан кабар алдык.
– Самат «кабыргалуу» болушуӊ менен! Жаӊы жашоо кандай болуп жатат?
– Рахмат. «Бир баш жакшы, экөө болсо андан да сонун» демекчи, бактылуу болуп жатам. Эки-үч күндөн бери үйдө той. Тууган-урук, кошуналарды чакырып үйгө той бердик. Чоӊ тойду 20-август күнү кичи мекеним Токмок шаарында өткөрөбүз.
– Үйлөнүү тууралуу чечимге качан келдиӊ?
– Чопа экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүзгө эки жылдан ашты. Баш кошуу тууралуу пландаганыбызга көп болду. Үйүмдүн курулуш иштери бүткөндө үйлөнөм деп жүрчүмүн. Бардыгы даяр болгондон кийин үйлөнүүгө да убакыт келди.
– «Катын албай кайын ал» дейт эмеспи, кайын журтуӊ тууралуу айта кетсеӊ?
– Кадамжайга барабыз дегенде чоӊ апамдар, туугандар «жолдо кыйналабыз го» дешти. Бирок жеткенден кийин чарчоо эмне экенин билбей деле калдык. «Алыстан келдиӊер» деп бизди эки күн коноктошту.
– Баткендик жеӊелердин сынынан жакшы эле өттүӊбү?
– Мен сүрдөө эмне экенин билчү эмесмин. Ал жактын салты боюнча күйөө баланы жеӊелери сатып алышат экен. Машиненин ичинде отуруп мени соодалап жатышканда кызыктай болдум. «Жөн эле кире берейинчи» десем, «салт ушундай» деп болбой коюшту. Элдин алдына барып жүгүнгөндө өмүрүмдө сүрдөө эмне экенин биринчи ирет билдим. Ал жакта «күйөө баланы Пайгамбар сыйлаган» деп укмуш урмат көрсөтүшөт экен. Төрдө, калыӊ салынган төшөктө отуруп кайын-журттун сыйын көрүп кайттым.
– Салт демекчи, каада-салтта айырмачылыктар болот эмеспи. Түшүнбөстүктөр жаралган жокпу?
– Бир аз айырмачылык бар экен. Биз алдын ала аларда колдонулган салттар боюнча даярданып барганбыз. Эч кандай түшүнбөстүк жаралган жок.
– Келиндин колунан чай ичебиз дегендер четинен чыгып жатса керек?
– Чолпон түштүктүн салты боюнча таӊ атпай күнүгө короону шыпырып жатат. Туугандар «келиндин колунан чай ичели» дешсе, келинчегим ысык чайын берүүдөн тажабай келиндик кызматын өтөп жатат.

star@super.kg


"Тамашоучу" Самат: “Үйлөнгөнүмө ишенбей кетип жатам”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(95)
Медиа-портал
28.07.2015. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу бол дайыма
28.07.2015. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгулаа.
28.07.2015. 06:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озуно куюуп койгондой окшош го. Бактылуу болгула.
28.07.2015. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аялы жакты ...
28.07.2015. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула саматты сыйлайм мыкты тамашоучу мыкты актер баарын катыра,аткарат азаматсын самат
28.07.2015. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялы экоо окшош экен э.
28.07.2015. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экоо аябагандай окшош экен фудболкалары.
28.07.2015. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Самат дуйнодо эн бактылуу уйбулолордон болушунарды тилеймин
28.07.2015. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо Самат бактылуу болгула. Түбөлүкө бакыт, өчпөс сүйүү каалайм.
28.07.2015. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самат менен 4 же 5 жыл мурун түшкөн сүрөтүм бар эле че то жок го)
28.07.2015. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялы моодаланбай толук эле салынып түшбөйбү десең жолукту. Жакшына жарашмак)))
28.07.2015. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
pepeshka-12,сен кызык окшойсуң,жоолукту жакшынакай эле салыныптыр го, кандай салыныш керек анан,жөн эле бөйрөктөн шыйрак чыгара бериштин эмне кереги бар???
29.07.2015. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jypar.i,кашын жаап,унуройуп бир караган адамды коркутуп жибере тургандай салынса болмок деген го...))))))
Медиа-портал
28.07.2015. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула. Экоо пара экен.
28.07.2015. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула
28.07.2015. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула! эрке куйоо бала болуптурсунда бизге...
28.07.2015. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самат бактылуу бол. Эми аяш аба болуп ойнойт экенсинда тамашаларда.
29.07.2015. 07:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуздар Аллахым озу жар болсун сиздерге!
29.07.2015. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Артынды бала бассын, алдынды мал бассын деп каалоо айтсанар тура болот. Себеби малды алдына салып айдайсын БАЛАНЫ эмес, ал Эми бала сенин урпагынды улоочу, артында осуп келе жаткан жаш муун. Кап этпейсинер макалды ондоп койдум.
29.07.2015. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!!!
29.07.2015. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула ылайым коломтнордун оту очпой. ынаалаган блдардын уну жанырып турсун.Кармашкан колунар узулбосун.
29.07.2015. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!
SUPER.KG видео
30.07.2015. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо ырчы Чолпонай м.н Эрнист Уметалиевден интервью албайсыздарбы?Эмнеге Эко рекордстун концертине Чопа келген жок?
30.07.2015. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куш боонор бек болсун Самат!!
31.07.2015. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айзат Болотбек кызы, кабарчы жакты))...
31.07.2015. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Faridaga uylonuptur dep kire kalypmyn ;)
31.07.2015. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кадамжайдын каеринен болот экен кыз
01.08.2015. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу бол красавчик
02.08.2015. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу бол
13.08.2015. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чолпоша Кадамжайдын озунон болот,40 летте окуган.Озуно тын кыз болчу!Бактылуу болгула!!!
Медиа-портал
31.08.2015. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келинчеги сулуу экен
22.09.2015. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самат аябай эле жылдызы жок.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо