Дайыр Исмадияров, ырчы: «СҮЙГӨНҮМДҮН ЖАКШЫ СӨЗҮНӨ АРБАЛАМ»

№665 31-июль-6-август, 2015-ж

Дайыр Исмадияров сүйүктүүсүн ачыкка чыгарып, үйлөнүү тууралуу жаӊылыгы менен бөлүштү. 5 жылдан бери «эмдиги жылы үйлөнөм» деп келген жигит быйыл чындап эле үйлөнөбү? Анын жүрөгүн кандай кыз багындырды? Маек ушул тууралуу болсун.

– Дайыр, кандайсыӊ? Үйлөнөйүн деп жатканыӊ тууралуу туулган күнүӊдө айтып калдыӊ эле...
– Салам! Ооба, буюрса, үйлөнөм. Бирок быйылкы күздө иштеп калат экенмин. Ошого байланыштуу үйлөнүү тойду эмки жылдын күз мезгилине калтырууга туура келди.
– Жар салып жаткан үйлөнүү тоюӊ орундалабы? Дегеним, берген интервьюларыӊда 5 жылдан бери эле «эмдиги жылы үйлөнөм» деп айтып келесиӊ?
– Мен ал кезде сүйлөшкөн кызым бар деп айтчу эмесмин да (күлүп). Эгер жолуктуруп калсам үйлөнөм дечүмүн. Буюрса, эмки жылы сөзсүз үйлөнөм.
– Үйлөнүү тоюӊду кандай өткөрсөм деп кыялданасыӊ?
– Кыялданган деле жокмун. «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеӊет» дегендей, азырынча пландай элекпиз. Бир гана Ошто өтөрү анык болду.
– Сенин жүрөгүӊдү ээлеген селки тууралуу билгим келип турат...
– Азырынча ал кыз тууралуу эч нерсе айта албайм. Аты-жөнү, кайсы жерлик экени сыр бойдон калсын. Жадакалса досторума тырышып жатып араӊ тааныштырдым.
– Эмнеге?
– Мага азыр ушундай ыӊгайлуу болууда.
– Ал кыз сени кайсы сапаттары менен арбап алды?
– Көбү укмуш модель кызды ээрчитип жүрөт деп ойлошот экен. Бирок ал модель болбосо да, мен үчүн сулуу. Жөнөкөй, оор басырыктуу, сырдуу кыз. Мода куубайт, шиш такага кызыкпайт. Ага өзү аркалаган жумушу болсо эле болду.
– Ушунчалык сыр кылып жатасыӊ, сүйүктүүӊ сенден улуубу же кичүүбү?
– Менден кичүү (күлүп).
– Ушул кыз өмүрлүк жарыӊ болоруна кантип көзүӊ жетти?
– Экөөбүздүн таанышканыбызга 2 жылдын жүзү болсо, сүйлөшкөнүбүзгө 4 ай болду. 2 жыл аралыгында кыз-жигит болуп сүйлөшкөнгө чейин сыртынан байкап жүрдүм. Акыры эч ким менен сүйлөшпөгөн, дискотека, түнкү клубдарга барбаган түз жүргөн кыз экенине ынандым. Сүйлөшүп баштаганда деле болушунча сынадым.
Бир күнү телефондон жөн жерден эле «болду, сүйлөшпөйбүз», «давай, до свидание», «мен башканы алам» деп аны сынамакка уруша кеттим. Ошол күнү катуу шамал болуп, менин унаамдын жанында турган унаага мамыча кулаганда интернеттеги баракчама «Кудай сактады, аман калдым» деп жазсам, ал биринчилерден болуп «Амансыӊбы? Эмне болуп кетти? Мейли, сага тийбей эле коёюн, иши кылып аман болчу» деген билдирүү калтырыптыр. Ошондо чындап эле жүрөгүнөн орун алганымды сездим. Мына ушундай сыноолордон кийин аны өмүрлүк жар кылып алуу чечимин кабыл алдым.
– Аны сүйөсүӊбү? Же сүйүү никеден кийин жаралат деген ишеничтесиӊби?
– Менин мүнөзүм начар, айтканымдан кайтпаган көк бетмин. Ал болсо менин башымды айландырып, өзү каалагандай кылып алат. Ушунчалык акылдуу кыз, мени алдап отурбайт. Болгону жакшы сөз сүйлөп коёт, мен ошого арбалып, аны ээрчип кетем. Балким, сүйүү ушундайдыр.
– Эми кеп нугун чыгармачылыгыӊа буралы. Психолог кесибиӊди шоу чөйрөгө алмаштырганыӊ үчүн өкүнбөйсүӊбү?
– Ар бир адам кээде кылган ишине өкүнөт болуш керек. Бирок мен азыркы абалыма өкүнбөйм. Чыгармачылыгым өркүндөп-өсүп жатат. Анын артынан көп досторду, кеп-кеӊештерин берген эже-агайларды таптым.
– Ырчылык кесибиӊ атактуулукту алып келбесе, 5 жыл коротуп окуган кесибиӊе кайтат белеӊ?
– Чыгармачылык жан дүйнөмө жакын нерсе. Аны баштагандан кийин тийиштүү жыйынтыкка жетмейинче артка кайта албайсыӊ. Азыр деле мугалимдер «жаш, сага окшогон кадрлар керек, каалаган учуруӊда мугалим кылып алабыз» деген сунуштарды айтышат.
– Мурдагы өзгөндүк айылдык жигит, кыргыз эстрадасынын учурдагы көз күйдүргөн бойдогу Дайыр Исмадияров ырчы болууда өзүнө кандай тапшырмаларды койду эле?
– Биринчи кезекте ырчы катары ордумду, стилимди табуу болчу. Көп болбосо да хит ырларды жаратуу эле. Ал нерселер аткарылды. Ашыкча кыялданган адамдардан эмесмин. Отуруп алып оюӊ менен айга учпай, аракеттенип гана ийгиликке жетесиӊ. Өзгөргөнүм – мурда жаӊы телефондордун, автоунаалардын артынан кууп, элге «крутой» болуп көрүнгүм келсе, азыр ал нерселер калды.
– Атактуулугуӊду жоготуп алуудан, сага болгон кызыгуу таркап кетет деп коркпойсуӊбу?
– Жок, мен андай адамдардын катарына кирбейм. Чыгармачылыгымда бир тыныгуу болуп калса, кайра сахнага кайтып келүүдөн коркпойм. Бул текеберлик эмес. Болгону максатыма жетмейинче тырышып жүрө берем.
– 30 жылдан кийин өзүӊдү кайсы жаатта көрө аласыӊ?
– Кийинки 10 жылдыкта өзүмдү саясатта көрөм. Себеби гастролдо жүргөндө элдер эмнегедир муктаждыктарын бизге айтып келишет. «Депутаттарга айта баргыла» деп каттарын беришет. Эл кыдырып, эл адамы болгондон кийин аларга жардам беришим керек. Андыктан өзүмдү саясатта сынап көрөм. 15 жылдан кийин сөзсүз түрдө саясатчылардын катарынан көрүшүӊүз толук мүмкүн. Буюрса, бизнесимди өнүктүрүп, продюсерлик борбор ачам.

МАЕК СОӉУНДА...
– Сендеги эӊ баалуу деген кайсы сапаттар элдерде болушу зарыл?
– Чынчылдык, бир аз өзүмчүлдүк, жөнөкөйлүк менен катар амалкөйлүк керек.
– Бир учурда бир нече кыз менен сүйлөштүӊ беле?
– Бул гезитке чыгат да, ээ?
– Ооба.
– Азыр эмес, өткөн чакта 2 кыз менен сүйлөшкөм (күлүп).
– Блондинкабы же брюнеткабы?
– Менин кызым жөнүндө сөз болуп жатабы, же?..
– Табитиӊ тууралуу...
– Анда табигый брюнетка, менин оюмча, алар жаш көрүнөт.

"Сүйүктүүм чыгармачылыктан алыс адам".

Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(57)
03.08.2015. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмки жылга чейин далай кыздар менен суйлошотко.
03.08.2015. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тим эле сыр деп жатса мен ойлопмун Каныкей энебиздей сулуу окшойт деп.Вкус да бар экенда.боенгонду билбегенден кийин,мынча чаптанган.кызы жонундо айтпай атып суротун койгонуна олойунбу
03.08.2015. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
hello.kg,ошону айтсан мага Дайыр жакчу бирок вкусу анча эмес экен ыймандуу, сулуу кыз депмин корсо кадимки эле чаптанган кыздардан экенда
06.08.2015. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
hello.kg, бир кыз менен суйлошуп журуп урушуп оч алам деп журуштулего бир жылы. Ал кыз да ырчы болсо керек эое
03.08.2015. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Качан болсо мактанып психолог экенин айтат,же бир психологго окшоп маанилуу.орчундуу суйлосо башымы кесип береин.эптеп септеп бутконда
03.08.2015. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
hello.kg, jakpasa nege okuisunar deim da
03.08.2015. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эч нерсесин айтпаса атын дашын каяктык экенин анан суротун кандайча коргозду далпы дуртка чо та .....
03.08.2015. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суроттогу кыз точнабы?
03.08.2015. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чыгармачылыгынызга ийгилик! Бирок менин оюмча кыз жандуу окшойсуз. Кооп эле жолу берген маектеринизде кыз жонундо кооп мактанасыз же бир жолу уйлонуп койо калбадыныз.
03.08.2015. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Быйылкы куздо уйлонот экен десем келерки кузго)))))ага чейин ким бар ким жок..унчукпай эле турбаптыр)))
03.08.2015. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
beka1207,бойдокчулук менен коштошкусу келбей жургондур да)))
03.08.2015. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Тойду кутовуз эми.
03.08.2015. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Дайыр акоу бактылуу болунуз! Тилеген максаттарынызга жетиниз! Эми созсуз уйлонунуз!!!
03.08.2015. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!!!Аябай татына экен кызы
03.08.2015. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула бирок мен кызды башкача элестеткем жаш деп чон корунот экен
03.08.2015. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мени соссуз саясаттан коросунор дейтго.ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-08-04 09:33:48
04.08.2015. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulnaz.GS, - эскертүү!
Кимдир бирөөнү мазактоодон алыс болуңуз!
03.08.2015. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тен тени менен,.тезек кабы менен
04.08.2015. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
менин мурунку аялыма окшош го че то ХХХ ХХХ макул эми бактылуу болгула!
Модератор admin_media түзөттү 2015-08-04 09:36:46
04.08.2015. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bs_boykg,- эскертүү!
Кимди бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
04.08.2015. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улуу корунот экен.Эмнеси болсо да бактылуу болсун.Азыр уйлонуп жаткандарды коргондо ушулар омур бою бактылуу болсун ажырашпай деп тилеп койюш керек.
04.08.2015. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мандайына жазганын алатта чон корунобу куник корунобу бойонобу боюнбойбу насип
27.08.2015. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
boston___,Туура айтасыз, оюнузга кошулам.
04.08.2015. 08:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
"Быйыл иштер калат экем"-деп ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-08-04 09:40:14
04.08.2015. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mela,
Эскертүү! Кимдир бирөөнү мазактоого тыюу салынат!
04.08.2015. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
''Давай, до свидание'' дегененине олойнбу
05.08.2015. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сыр болуп турсун деп аты жонун жашырып айпаптыр дагы кайра суротун илип койгону кызык болуптурго
05.08.2015. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Obboo, Uwu bala kuiguzot da...Timele synap...meili emi,glavnoe baktyluu bolsun. Devuwkasyn syndabai ele koyoyun emi))
05.08.2015. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сынчынын сынаар отугу майрык болдунарго!!! Сынап аткандар кандай адамдар болду экен э )))Кандай болсода бакыт тилеп койгулада калганы кудайдын айтканы болотда.
06.08.2015. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мактанчаак экен.алдыда эмне болушун Аллахтан башка эчким билбейт.депутат болом дегенин жон эле койбоптур,ага чейин ким бар ким жок дегендей.коро албастык эмес бирок бул жигиттин конулго толоор ырлары деле жок.Ал Эми кызына келсек озуно жакса болдуда.Ар кимдики озуно ай корунот козуно дейт беле
rahat.87 түзөттү 2015-08-06 00:33:05
06.08.2015. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rahat.87,жакшы тилек Жарым ырыс дейтго
06.08.2015. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айпери Кубик кызына окшошго
06.08.2015. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ээээ бир жакшы соз айтпайсынар да коммент таштаганда.Кандай адам?,кандай кыз жагат?,эмне кереги бар?....Дайыр ырчы ошондуктан бизге негизи жакшыы конулду которчу ырларды тартуу кылып турса болду.Кызды анча эмес дейсинер,Кыргызымдын кыздары баары сулуу.
07.08.2015. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жанын жап эле ар кимди кызым дей берет экен да. интервью супсак илип алар эч нерсе жок баягыле окшош суроого жаттап алган жооптор.
07.08.2015. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрте күндө жар салыптырго. 1 жылда пландары озгоруп кетсе эмне болот?
08.08.2015. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Otkondo bawka kiz chikkan superge. .toluk kiz ele. ..)))
08.08.2015. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайырды мен башкача ойлойт элем,кичине конул сууй кетти,эмне максат тилек пландары болсода элге алдын ала мактанбай эле койбоптур,ото кызыл тез онот дегендей эми аткарылса жакшы айткан нерселерин,анан аткарылбай калса обидно уятка каласын,эн жакшысы азыркы заманда СЫРЫНДЫ озундон ата-эненден бир тууганындан башка билбей койгону дурус,дос дос дейбиз достун бири Омардын досу болду боору ооруса бооруна тебип койду!
08.08.2015. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Девушкасын ото сынадым ана сынап жатам деген создору жакпады аа Дайыр эмне асмандан туштубу кыздарга сын койо тургандай биринчи адам озуну билиш керек,озу тогорогунон топ келгендей сынадым сынаш керек дебей,баарыбызды кудай жаратканда,анан Дайырга айтарым кичине токтоо оор басырыктуу болчу мактанганынды кой эркек кишиге жарашпайт,мактан бирок ошо максаттарына жеткенде гана,мен Омардын характерин ото баалайм жигит деген мына ушундай болуш керек тогорогунон топ келген жигит адамдык сапаты кучтуу!
21.08.2015. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толук окуй албадым, жарымына келгенде эле кускум келип кетти.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо