Жыл өткөн сайын белгилүү бойдок мырзалардын саны кыскарып, алардын ордун жаш муун толуктап келет. Бүгүн биз жаш, популярдуу бойдок мырзаларды тизмектеп, кыздардын сынына коёбуз. Ким билет, балким, дал ушул макаладагы бойдок жигит сиздин келечектеги жолдошуӊуз болуп калат. Андыктан мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаӊыз.
Урмат Борченов, тамашоучу: «КЫЗДАРДЫН АШЫКЧА САЛМАГЫ – АШЫКЧА «ПРОБЛЕМА»
Толук аты-жөнү – Борченов Урмат Бейшенкулович
Туулган жери – Чүй облусу, Чүй району, Шамшы айылы
Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 7-февраль
Бою – 177 сантиметр
Салмагы – 70 килограмм
Билими – Туризм академиясынын туризм жана менеджмент, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин эл аралык мамилелер факультетин аяктаган.
Учурда – «Тамашоунун» «Позитифф» командасынын оюнчусу.
Бул жигитти «Тамашоунун» оюндарынан көрүп калсаӊыз керек. Жок, тааныбайт экем десеӊиз, анда кокусунан сыналгыдан көргөнсүз, анткени кызыктуу берүү болуп жатканда ортосунда жарнама берип коюшат го, мына ошол жарнамада Урмат бар. Бери дегенде эле мукам үнүн уккансыз, анткени Кыргызстандын башкы каналындагы жарнамалардын көпчүлүгүн дал ушул жигит окуйт.
Учурда тамашоучу жигиттин оттой ысык, жалындап күйүп турган курагы. Кыздарга болгон табитине келсек, бул мырзага жароокер, ийкемдүү, заманбап ойлонгон, эл эмне дейт дебеген ачык-айрым кыздар жагат экен.
«Кайда жүрдүӊ, кимдин колуӊ кармадыӊ?» деп ар бир кадамы тууралуу сураган кызганчаак кыздар, убара болбогула! Урмат андай кыздардан коркот. Анткени кичинесинен эркин өсүп калган, эркиндигин чектегендерди жактырбайт.
Анан да Урматтын жүрөгүнө жол табууга толук кыздардын да мүмкүнчүлүгү азыраактай, себеби бул жигит
«кыздардын ашыкча килограммы – ашыкча «проблема» деп эсептейт. Болбой эле
«жок, бул жигит меники болот» деп көгөрүп туруп алсаӊыз, анда абайлаӊыз, Урматтын «Тамашоудо» ойнолчу тамашаларынын каарманы болуп каласыз. Жакшы жагы – тамашоучу мырза мыкты күйөө болчудай, дегенибиз, үйдө апасына жардамдашып тамак жасап жибермей да өнөрү бар экен, кыскасы, үй жумуштарына тыӊ. Анда бир, эки, үч деп туруп аракетти баштаӊыз!
Гүлжигит Калыков, ырчы: «АПАМДЫН ЖАКШЫ САПАТТАРЫН БОЛОЧОКТОГУ ЖУБАЙЫМДАН КӨРГҮМ КЕЛЕТ»
Толук аты-жөнү – Калыков Гүлжигит Касейинович
Туулган жери – Нарын облусу, Ат-Башы району, Ак-Муз айылы
Туулган жылы, күнү – 1989-жыл, 23-июль
Бою – 173 сантиметр
Салмагы – 68 килограмм
Билими – Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин экономика-информатика факультетин аяктаган.
Учурда – Чыгармачылык менен алектенет, ырчы.
Жогоруда сөз болгон бойдоктордун эӊ эле «тажрыйбалуусу», жигиттин гүлү – Гүлжигит. Себеби бул жигит бойдок деген статус менен көп жылдан бери жүрөт.
«Ана үйлөнөт, мына үйлөнөт» деген күбүр-шыбыр кептерди угуп эле жүрөбүз, же ырчы бул кептерди ачыктабайт. Биз сураганыбызды койбойбуз, Гүлжигит жашырганын койбойт. Адам чоӊойгон сайын кыздарга болгон табити да өзгөрөт эмеспи. Анын сыӊары, ырчы жигит мурда кыздардын сулуулугуна эле караса, азыр акылмандыгына, ой-жүгүртүүсүнө, мээримдүүлүгүнө карап калыптыр.
Кыздар, бул мырзаны амалкөйлүгүӊөргө салып чаап алам десеӊер жаӊылышасыӊар, анткени ырчы үчүн «дары ичип өлөм» деген кыздар болгон, бирок дагы деле бойдок жүрөт. Сыягы, Гүлжигит бир сулууга көзү түшсө көпкө байкап жүрөт окшойт. Жигиттин материалдык, руханий байлыгы да апасы экен. Андыктан ырчынын жубайы болгуӊуз келсе, дароо апасын колго алыӊыз.
Ырчы:
«Келечектеги жубайым апама окшош болсо дейм. Жубайымдан апамдын жакшы сапаттарын көргүм келет. Башкысы, ал менин жумушумдун кыйынчылыгын түшүнүшү керек. Менин мүнөзүм айрымдарга жеӊил, оӊойдой көрүнөт, бирок чорт мүнөзүм деле бар, ошол кыял-жоруктарыма чыдаш керек. Үйлөнсөм жубайым даяр үйгө келет, ошол нерсенин баркын билип, ата-энеме ысык чайын сунуп жашаса эле болду»,- дейт. Түрк кыздары ашык болгон Гүлжигиттин кыялына чыдап, апасынын көзү менен теӊ айланууга даяр болсоӊуз, анда марада туруӊуз, ырчынын жары болуп калуу бактысы сизге буюрушу мүмкүн.
Болотбек Тилек, актёр: «КЫЗДАР МЕНИ АЛА КАЧЫП КЕТСЕ ЭЛЕ ҮЙЛӨНӨМ»
Толук аты-жөнү – Болотбек Тилек
Туулган жери – Нарын облусу, Ат-Башы району
Туулган жылы, күнү – 1989-жыл, 20-февраль
Бою – 178 сантиметр
Салмагы – 70 килограмм
Билими – Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин театр жана кино факультетин бүтүргөн.
Учурда – Борбор калаабыздагы медиа-студиялардын биринде башкы режиссёр болуп иштейт.
«Түндүктүк келин» тасмасында түндүктүк кызга үйлөнүп, ойдон чыгарылган салттарды айтып жубайын түйшүккө салган актёр Болотбек Тилек да бопбойдок, кыздар! «Качан үйлөнөсүӊ?» деп суроо салганыбызда, «кыздар мени ала качып кетсе эле үйлөнөм» деп тамашалуу жооп берди. Ал «Менин кыздарга үч эле талабым бар. Болочоктогу жубайым акылдуу, ыймандуу, анан жылдыздуу болушу керек. Ушул үч сапатты теӊ өзүнө камтыган кыз тапмайынча үйлөнбөйм» дейт. Анан тамакка анча жок, курсагы ачып кетсе «тамакты тезирээк бышыр!» деп жинденбейт, өтө чыдамкай. Кызыгы, Болотбек чыгармачыл чөйрөдө жүргөн кыз менен өзүн көрө албайт экен. «Мага карапайым эле кыздар жагат» дейт. Кемчилиги тууралуу «Абдан эркемин, ошондуктан аялым мени күндө эркелетүүгө тийиш. Кыялым ачык-айрым, кээде аша чаап өтө эле катуу кетип калсам, аялым көтөрүшү керек» дейт. Актёр жигитке шуулдаган кыздар жакпайт экен. «Өзүм шуулдаган жигитмин, аялым да шуулдап кетсе, балдарыбыз кандай болот? Мага назик, жөнөкөй кыздар төп келет» дейт. Болотбекти күндө эркелетүүгө даяр кыздар, барсыӊарбы, чамдагыла!
Лунара Бекиева
star@super.kg
Admin@super.kg дарегине жазсаңыз болот.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек!