№665 31-июль-6-август, 2015-ж
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, театр жана киноактёру Мукамбет Токтобаевди 30-июль күнү автоунаа сүзүп, 68 жаш курагында көз жумду. Кырсык Бишкектеги Анкара жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кырсык болору менен «Тез жардам» кызматы чакырылып, тилекке каршы, аны ооруканага алып бара жатканда жолдо жан берген. Суук кабарды актёрдун кесиптештери тастыкташты.
Таланттуу актёр Мукамбет Токтобаев өмүрүнүн акыркы жылдарында Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында иштеп жаткан. Ал 1947-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылында туулган.
1967-жылы А.В. Луначарский атындагы мамлекеттик театралдык искусство институтун бүтүргөн. 1972-1976-жылдары Ош облустук драма театрында, 1976-жылдан баштап Кыргыз мамлекеттик академиялык театрда, 1990-жылы «Туӊгуч» театрында иштеп кеткен. Актёр «Фудзиямадагы кадыр түн», «Айыл өкмөтү», «Боз салкын», «Бабалардын керээзи», «Чиркин өмүр», «Белгисиз маршрут», «Аят «, «Аят-2», «Президент жана бомж» сыяктуу бир катар тасмаларда роль жараткан. 2013-жылы «Супер-Инфо» гезитине берген маегинде: «Театрдан арманым жок. А бирок тасма жаатында ачкамын, толугу менен мага арналган тасма тартылып, ошол фильмде башкы ролду ойносом деген кыялым бар»,- деп айткан эле.
Актёрдун жакындарына, үй-бүлөсүнө, кесиптештерине тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтабыз. Жаткан жери жайлуу болсун!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |