Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ГАВАРДАН АКЧА ТАБУУГА ЖАНА АЙЫГУУГА БОЛОТ

№665 31-июль-6-август, 2015-ж

Учурда түштүк жергесинде окуучулардан тартып улгайгандарга чейин гавар өсүмдүгүн терип өткөрүп, акча таап жаткан кездери. Ал эмне болгон өсүмдүк? Эмнеге колдонулат? Кайда экспорттолот? Өзүбүз пайдалансак болобу? Жооп таап көрөлү.

«БИЗДЕ КАПЕРС САРЫ ТОПУРАКТУУ АДЫРЛАРДА ӨСӨТ»
Мыскалай Ганыбаева, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Биология-топурак таануу институтунун флора лабораториясынын улуу илимий кызматкери:
– Эл оозунда «гавар» деп айтылып жүргөн өсүмдүктүн илимий аталышы – каперс (латынча сapparis). Жапайы өсүүчү өсүмдүк катары белгилүү. Мекени Түндүк Африка, Азия жана Түштүк Европа, Франция, Италия, Индия, Греция, Сирия, Түркия, Армения жана башка өлкөлөрдө таралган жана тамак-ашка колдонулат.
Жер жүзүндө 300гө жакын түрү кездешет. Кыргызстанда 1 гана түрү бар жана сары топурактуу адырларда өсөт. Узундугу 1-1,5 метрге чейин жетип, жерге төшөлүп өсүүчү тикенектүү, көп жылдык өсүмдүк. Май-июль аралыктарында гүлдөп, июль-август айларында уруктайт. Мөмөсү клетчаткага, органикалык кычкылдарга жана витаминдерге бай. Ачыла элек гүлүндө белок, май, кальций, магний, йод жана витаминдер бар. Уругунан май алынып, массаж жасоодо колдонулат. Тамыры элдик медицинада дары катары пайдаланылат.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көп аймактарында, ал эми Талас менен Чүй облусунун айрым гана жерлеринде кездешет. Нарын, Ысык-Көл облустарында өспөйт. Койлор жана төөлөр жешет.
Чүйдүн Боз-Бөлтөк тоосунда (Бишкекке жакын тоо) өскөндөрүн көрүп жүрөбүз. Каалоочулар түштүк аймагында пахта өсүүчү талаалардын ордуна уругунан эгип, маданий түрдө өстүрүшсө болот.

ЭЛДИК МЕДИЦИНАДА

  • Көк боордун оорусунда, кызыл жүгүрүктө, суук тийгенде. Кургатылган тамырынан 20 грамм алып термоско салып, үстүнө 500 грамм кайнаган суу куюп, 1-2 саат демдеп коюу кажет. Анан тамактан 30 мүнөт мурун 100 граммдан 3 маал ичет.
  • Богокто. Кургатылган мөмөсүн майдалап, андан 1 чай кашык алып, 200 грамм сууга кошуп, 3-4 мүнөт кайнатуу оӊ. Анан 2 саат тыныктырып, сүзүп, 3 маал 1-2 аш кашыктан ичилет.

Эскертүү: Өз алдынча колдонуудан мурда врачтан кеӊеш алыӊыз.

«ЖАКШЫ ТЕРГЕНДЕР КҮНҮНӨ 700 СОМДОЙ ТАБЫШАТ»
Түштүк жергесинде каперсти дүӊүнөн алып, кайра өткөзүүчүлөрдүн бири, Жалал-Абад шаарынын тургуну Гүлзат Эрматова менен байланыштык.
– Мен 3 жылдан бери элден гавар алып, кайра Түркиядан келген компанияга өткөзүп иштейм. Гавар терүү сезону башталгандан тартып биз, дүӊүнөн алуучулар көбүнчө Сузак, Кара-Суу, Базар-Коргон, Өзгөн, Ноокен, Араван райондорундагы айылдарды жана Кочкор-Ата, Жалал-Абад, Ош жана Майлуу-Суу шаарларын кыдырып, ар жерлерге кабыл алуу түйүндөрүн ачабыз. Ал жерде иштей турган адамдарга мүшөк, акча, тараза таштайбыз. Алар бизге элден гаварды чогултуп беришет. Ачыла элек гүлүнүн килограммын 60 сомдун тегерегинде алышып, бизге 65 сомдон өткөрүшүүдө. Биз үстүнө 5 сомдон кошуп өткөрөбүз. Ал эми быша элек көк мөмөсүнүн килограммы
25 сомдун тегереги болууда. Гаварды эл адырлардан теришүүдө. Жакшы тергендери 1 күндө 15-20 килограммга, ал эми мектеп окуучулары 5-6 килограммга чейин терип, мектеп формаларына акча табышууда. Өсүмдүктүн тикени сайбасын деп кол кап кийип тергендери бар. Кээ бирлеринин колдору аллергия болуп кетүүдө.
Гавардын диаметри 6-8 миллиметр келген ачыла элек гүлү сапаттуу деп кымбат бааланат. Андан чоӊдору кабыл алынбайт.
Мен күнүгө 1 тоннадай өткөзүп жатам. Чогулган гавардын ачыла элек гүлү соолубай формасын сакташы үчүн 10 килограмм гаварга 1 килограмм туз сээп коюшат. Болбосо 1 аптадан кийин соолуп, былжырай баштайт. Айрым түрк компаниясынын кызматкерлери гавардын көк мөмөсү Түркияга сапатын жоготпой жетсин деп алгач сууда өӊү саргайгыча кармашат. Анан бочкаларга салып, үстүнө туздан салып, суудан куюп жөнөтүшүүдө. Ачыла элек гүлүнө тузду жөн эле себелеп коюп жөнөтүп жатышат. Түркияга алып барышкан соӊ аларды банкаларда маринаддап, туздап Европага, анын ичинде Испанияга да экспорттошот экен. 1 килограмм туздалган ачыла элек гүлү 20-25, ал эми көк мөмөсү 8-11 долларды түзөт дешет.
Эл ичинде колу-бутка суук тийгенди айыктырат деп колдонгондор бар. Гаварды сууга кайнатып, дакини ал сууга нымдап, ооруган жерге компресс кылып тартышат. Богокко каршы да колдонот деп угам. Биз азырынча гаварды жебегенибиз менен акырындап аларды маринаддап, туздаганды үйрөнүп, колдоно баштайбыз го деп ойлойм.

«ТҮРКИЯГА 899 ТОННА КАПЕРС ЭКСПОРТТОЛДУ»
Асылбек Жумабеков, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу жана агромаркетинг саясат башкармалыгынын башчысы:
– Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда азыр элден каперс алып, кайра Түркияга жөнөтүп жаткан түркиялык бир чоӊ компания иштеп жатат. 1-23-июль аралыгында ал компания Түркияга 899 тонна каперс жөнөткөн.

КУЛИНАРИЯДА
Ачыла элек гүлүн жана көк мөмөсүн бадыраӊ сымал эле туздашат, маринаддашат. Аларды майонез, соус даярдоо үчүн колдонушат. Ошондой эле балыктын, малдын жана канаттуулардын этинен, жумурткадан жасалган тамактарга, салаттарга кошушат.

Каперстин маринаддалган ачыла элек гүлү жана көк мөмөсү.

Бышкан мөмөсү.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(42)
03.08.2015. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
гаварынар тугонуп оспой калбайбы тере берсенер
03.08.2015. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mer 88 тугонбойт экен.Кайра терген сайын шактап осо берчу осумдук экен.
03.08.2015. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Тубунон жулуп салса да осуп жатат. Кантип жок кылса болот экен?
03.08.2015. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sagidko88,жок кылып эмне кыласыз сиздагы туркияга экспорттон да
03.08.2015. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
биз муну менен машина жасап ойнойт элек жаштык кезде . кимдин эсинде бар
03.08.2015. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
moskyrsat,вертолет дагы жасайт белен
04.08.2015. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tursunbaev2004,ха ха ова да
04.08.2015. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
moskyrsat,хаха точно вертолёт жасап ойнойт елек
04.08.2015. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jiku_83,да
05.08.2015. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
moskyrsat, жаш кезде машина вертолет жасап ойнойт элек. эх эсиме тушту балалык..)))
07.08.2015. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aibo_85, Ошону айтсан .
03.08.2015. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз талаада бышкан маалында уй багып журуп жечу элек
03.08.2015. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз муну жаштыкта колтугуна суйкосон кулдурот дешсе ишенип суйкоп алып анан ачышканынан ыйлаганмын бир жолу))
03.08.2015. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кабардын 2апта мурун элдик кабарга жонотсом чыгарбай койдуго
03.08.2015. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бизде да осот турбайбы. Мен иштеген ресторанда баардык нерсеге кошулат. Гавар деп аты да башкача экен. Маринаддалган 1банкасы 223рубль турат экен. Сухой вес 420грамм..Турцияга экспорттобой озубуздо эле иштеп жасап чыгарса мындан да жакшы пайда болмок.деп ойлоп койдум. Бул менин жеке оюм.
04.08.2015. 05:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
гавар десе тушунбой журупмун каперс турбайбы корсо мен муну кунуго иштетем да ресторанда. салатка кошуп.
04.08.2015. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына менин жанымдада жатат.Балдарым варталёт кылып берин деп кундо мээмди жейт.
04.08.2015. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай кылып туздап маринаддап сактоону кененирээк жазып коёсуздарбы, айылдарда аябай коп, жегенге кызыгам, оз алдымча даярдагандан корком, ууланбайбызбы деп, даамы кандай болду экен?
04.08.2015. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш кезимде Озбекистанда кошуна озбек айылдар адырдан мешок мешок кылып терип сатчу. Талаа адыр чол баарын терип сатышып анан азыр отурушат коон айдай албай. Коон айдаса сразу ушул коолду жеген курт коондорун тешип салышат. Ошол коонду жесен ич оору болосун. Кыскасы табиятка зыян келтируу.
05.08.2015. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
15жыл башта да гавар терип саткан элек,анда жарыбаган эле акча болчу,дагы башталыптыр да,700сомдон табышса тузук экен
05.08.2015. 05:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тобоо, Кыргызстанда осот турбайбы, мен Италияда ресторанда кухняда иштейм бул жакта каппери дешет салаттарга балык ж.б. тамактарга кошобуз
05.08.2015. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Магазиндерден корчум. бирок Кыргызстанда осот деп эч ойлобогом эми барсам издеп жеп коромго))
06.08.2015. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хахаа менен вертолетим гоо
06.08.2015. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адашпасам муну тулку ....ак дебейт беле
06.08.2015. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хахаа бул менен вертолетум даа
06.08.2015. 07:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай бул верталетко биздин уйубуздун астында жарда чубалып эле осуп жатат дагы кыпкызыл болуп жарылып ачылганычы.
06.08.2015. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
достор билесинерби бул нерсени базарда анжирдин кагы деп сатышатгоо.Жалал-абад шаарынан кимдер теришет билгендер,тергендер болсо айтып койгулачыыыы
06.08.2015. 08:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыртын сыйрып колтука кармап турсан кечке кулдурот бул салаттан да жакшы болот
06.08.2015. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Былтыр айылда жургондо мен ла тердим гоо чиркин. Бир гундо аран 4.5 кг терчумун кг 75-80 сомдон болчу
06.08.2015. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээх бул осумдукту бизда терчу элек аябай кунуно 10 кг чейин. Ал кезде бир кгмы аябай арзан болчу 15 сомдон которулбойт эле. Азыр жакшы экен кымбаттап калыптыр
07.08.2015. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да тергем, бизде "КƟƟЛ" дейт гавар десе анча маани бербемин. Бул осумдук айыл элдерине Кудайымдан берген берекеси. Сыртка чыгып эле терип, акча иштеп алганга мумкунчулук. Дарылык касиети коп окшойт, элибиз маани бербей журот, чет мамлекеттерге сатып. Бизде да ушндай табияттын дары-дармектерин пайдаланган лабароториялар, адистер болсо кана эми.
07.08.2015. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балким, айрым окурмандарга пайдасы тиер. КƟƟЛдун 1-2 даана жалбырагын тиштин мулктору ооруганда кайнак сууга демдеп, жылымылык кылып чайкаса оорууну тез басат.
08.08.2015. 06:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mm jese bolot eken da,baari bize bar paydasin bilbeyt ekenbiz a
08.08.2015. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин уйдун айланасынла толтура бирок кызыл болуп бышып ачылганда жегем жана ак болуп гулдогон учурда бал болот ошоо балды жечумун быйыл бирда жебедим кызыл болуп бышкан учурунда жесен канды кобойтот деп уккам биз азыр тескерибиз мурун 10-15 сом болгондо элдин баары терип сатчу азыр болсо 60-70 сом терип саткан адам жокко эсе
08.08.2015. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз Кыргыздар ушундай экенбиз озубуздо чыккан нерсенида чет жактан келди деп сатабыз Бишкектен чыккан кийимдерди Туркиядан келди деп сатышат Туркиядан келген товар болсо белгиси болотко импорттолгон бизде осуп жаткан мисте деген осумдукту бизден 100-200 дон алып кеткендер Ошко алып барып чет жактан келди деп сатканын коруп озум ачылды билеспи буну менден сатып алган болчунузго чет жактан келбей эле десем жок сен адаштасын деп сатып атат 400-600 дон ушундай адамдар бар экен
09.08.2015. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин айылда да өсчү мындай өсүмдүк
10.08.2015. 04:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мм каппери бизде осот турбайбы! Кандай жакшы
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо