Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ОМАР АЛДАМЧЫЛЫККА ШЕКТЕЛИП КАМАЛДЫ. ЫРЧЫНЫ ДОСУ САТЫП КЕТТИБИ?

№665 31-июль-6-август, 2015-ж

Кыргыз эстрадасында аттын кашкасындай таанымал ырчылардын бири Омар 27-июль күнү Талас шаарынан алдамчылыкка шектүү катары кармалып, камакка алынды. Учурда бул окуя коомчулукта кызуу талкуу жаратып, кандай жыйынтыкталары табышмак бойдон калууда.

БИЗ БИЛГЕН ОМАР
2008-жыл. Юрмала. Жаш ырчылардын «Жаӊы толкун» аталыштагы эл аралык сынагын ар бир кыргыз толкундануу менен көрүп отурду. Себеби экранда алгачкылардан болуп эл аралык абройлуу сынакта жаш, таланттуу мекендешибиз ырдап, жыйынтыгында Алла Пугачёванын колунан «Алтын жылдыз» сыйлыгын алып жаткан эле. Так ошол күндөн баштап кыргыз эстрадасында Омар деген ысым жанды.
«Супер-Инфо» гезити Омар менен ушул жылдар аралыгында тыгыз иштешип, ырчыны ыймандуу, билимдүү, мамилеге бекем, туруктуу, керек учурда сатып кетпеген жакшы адам катары билет.

ЫРЧЫНЫН КАМАЛЫШЫ ИНТЕРНЕТТЕ ЧУУ ЖАРАТТЫ
28-июль күнү Талас райондук соту ырчы Омардын баш коргоо чарасын карап, соттун чечиминин негизинде ал бир айга камакка алынды. Чечим чыкканда ырчынын ден соолугу начарлап «Тез жардам» менен Талас облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Аталган оорукананын жетекчиси Шаршенбек Жумалиев ырчыга «туруксуз стенокардия» (жүрөк оорусунун бир түрү, жүрөктүн булчуӊундагы кан айлануунун бузулушунан пайда болот, оору өтүшүп кеткенде адам инфарктка жетиши мүмкүн) деген диагноз коюлганын билдирди. Учурда ырчынын абалы жакшырып, палатага чыгарылганын дарыгерлер билдиришти. Көрүнүктүү ырчынын камакка алынышы интернетте кызуу талкууга алынды. Айрымдар «күнөөсү болсо жазасын алышы керек, карызы болсо төлөсүн да!» дешсе, басымдуу бөлүгү Омардын мындай ишке барганына ишенбей турганын, бул жөн гана «подстава» экендигин жазышууда. Кыргыз элин даңазалап келген ырчыны камап коюу туура эмес экенин, мындай иштерди сот аркылуу эле чечип алса болоорун айткандар да четтен табылды. Коомдук активист Айбек Баратов өзүнүн интернет баракчасына "Омар бирөөгө карыз болгон күндө да, кайтарып берүүнү убада кылып жатса - аны сөзсүз камоо керек эмес. Эгерде кимдир бирөөнүн бирөөгө нааразычылыгы болсо сотко кайрылып, баардык маселени мыйзам чегинде чечип алса болот да!? Ойлонсоңор, силерге деле канча адам карыз, а силер канчасына карызсыңар? А эмнеге силерди убактылуу кармоочу жайга камабайт? Мыйзамды үйрөнгүлө, кылмыш менен жарандык укук мамилелерди айырмалай билгиле!", - деп жазды. Ошондой эле ырчыны колдогон чыгармачыл адамдар: «Омардын эч жакка качпашына биз кепил болуп беребиз, аны үй камагына чыгарууну суранабыз»,- дешип Талас райондук сотуна кат жолдошту. Кат жолдогондордун арасында Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлнур Сатылганова, ырчы Нурлан Насип, алып баруучулар Нурзат Токтосунова, Эркин Рыскулбеков жана башка 50гө жакын чыгармачыл адам бар.

ИИМ ЭМНЕ ДЕЙТ?
Бул окуя боюнча Ички иштер министрлиги төмөнкүдөй билдирүү таратты: «Милицияга Талас районунун тургуну 6-апрелде кайрылып, «Бакай-Ата районунун тургундары Нуржанбек Токтогулов жана Өмүрбек Жанышов (Омар) 40 тонна төө буурчак алып, акчаны бербей жатышат» деп билдирген. 16-апрель күнү «алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөөдө аталган жарандардын ишкерден көп көлөмдө төө буурчак алышканы аныкталган. Мындан улам 21-июль күнү Нуржанбек Токтогулов кармалып, Талас ОИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми 27-июль күнү Өмүрбек Жанышов Талас райондук ички иштер бөлүмүнө чакыртылып, жактоочунун катышуусунда суракка алынган соӊ камакка алынган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө».

«АК ЭМГЕГИМДИ ЖЕБЕГИЛЕ ДЕП ЭСКЕРТТИМ»
Окуянын чоо-жайын билүү үчүн жабырлануучу Болот Бейшеналиевге кайрылып, жооп алдык:
– Өмүрбек Жанышов менен Нуржанбек Токтогулов экөө айылдаш. Бизге туугандык жайлары бар. Экөө буга чейин менин туугандарымдын төө буурчактарын алышып, үстүнө акча кошуп сатып, кайра акчасын кайтарып берип жүрүшчү. 2014-жылы июль айында ортого туугандарыбызды салып, менден 40 тонна төө буурчакты килограммын 100 сомдон баалап, «бир айдан кийин акчасын беребиз» деп алып кетишкен. Андан кийин да «төө буурчактын акчасына кошуп беребиз» деп акчалай 20 миӊ доллар алышкан. Булар төө буурчакты Түркияга алып барып сатып, менин акчамды чыгарып бермей болушкан. Бирок товарды Түркияга алып барбай эле Кыргызстандан килограммын 74 сомдон сатышып, акчанын көбүн Өмүрбек алыптыр. Төө буурчактын акчасын мага бир айдан кийин, 2014-жылдын 16-августунда беришмек. Жай өттү, күз өттү, беришкен жок. Экөөнө ал ортодо 3-4 жолу жолугуп «ак эмгекти жебей акчаны кайтарып бергиле» дедим. Өмүрбек «акчабыз келбей жатат, келсе эле берем» деген. Кийин ар кандай шылтоону айтууга өттү. Шериги болсо акчаны Өмүрбек «унаа ташып, үстүнөн пайда табабыз» деп алганын айтып туруп алды. Ортодо бирөөлөр аркылуу 5 миӊ доллар берип жиберишиптир. Жакшынакай сүйлөшүүдөн жыйынтык чыкпагандан кийин айлам кетип, ушул жылдын 6-апрелинде алардын үстүнөн милицияга арыз жазгам. Алгач Нуржанбек кармалып, ал күнөөсүн моюнуна алды. Ал эми Омарды милиция кызматкерлери Таласка партиялардын бири менен концерт коюп келгенде кармашты. Сурак учурунда Өмүрбек менен шериги Нуржанбек беттештирилип, Нуржанбек акчанын көбүн ырчы алганын бетине коюп берди. Баш аягы экөө мага 100 миӊ доллар карыз. Менин талабым – акчамды кайтарып беришсин. Төө буурчакты иним экөөбүз банктан 500 миӊ сом насыя алып айдаганбыз. Менин жана инимдин 2-3-класстагы балдарыбызга чейин барып 17 гектар жерди отоп, чаап, маӊдай терибиз менен бакканбыз.

Ырчынын жакындарына кайрылып, бул окуя боюнча алардын оюн уктук.
Арсен, ырчы: «ДОСУМДУН КОЛУНА КИШЕН САЛЫП АЛЫП КЕТИШКЕНДЕРИНЕ КАПА БОЛУП ЖАТАМ»
– Бул окуя болгондон бери уйкудан калдым. Ал мындай ишке бара турган жигит эмес. Ишенчээктиги, боорукердигинин айынан ушундай жагымсыз кырдаалга туш келип отурат. Берки досун таанычумун. Мурда 2-3 жолу көргөм. Нуку деп койчу, мурда концерт менен 2-3 жолу Таласка барганда бизди кой союп сыйлаган эле. Ошол досу иш жок калганда Омар ага иш таап берип, жардамын аяган эмес.
Баарынан капа кылганы – милиция кызматкерлери Омарды террорист же коркунучтуу кылмышкер катары колуна кишен салып кармап кеткени болду. Кыргыз элинин маданиятын дүйнөгө таанытып жүргөн, эли-жери үчүн күйгөн жигитке мындай мамиле кылгандары менин оюмча, туура эмес. Бул иш акыйкат тергелип, досубузга көө жапкысы келгендердин ою оӊунан чыкпайт деп ишенем.

Миргүл Эсеналиева, Омардын менеджери: «ОМАРДЫ «ПОДСТАВА» КЫЛЫШТЫ»
– Омарды качып жүргөн дешүүдө. Ойлонсоӊор, качып жүрсө Таласка бармак беле? Аны кармап кетмекчи болгондо жанында элем. Стадиондо концерт болуп жатканда милиция кызматкерлери келишти. Аларга «концерт бүткөн соӊ барабыз» деп Омар өзү качпай эле суракка барды. Ал жерден Нуржан деген досу жалган көрсөтмө берип, өзү камалганы аз келгенсип Омарды кошо ала кеткиси келди. Нуржан Омарга келип «бир иш баштаганы жаттым эле, сени эл тааныйт, кадыр-баркыӊ бар, мага кепил болуп бер, ал акчаны мен тез эле кайтарам» деп сураныптыр. Бул тууралуу Омар мага айтканда «өзүӊ бил, кийин ал качып кетип же төлөй албай калса жабыркап калба» дегем. Ишенчээктигинен макул болсо, эми тиги «боорго тээп» жатат. Омар акчаны алмак түгүл көргөн да эмес. Досу өзү барып акчаны алып, жок кылып салыптыр.
Буга чейин Омар тууралуу жаман нерселерди угуп же көрдүӊөр беле? Омар андай бала эмес, тескерисинче, жардам сурагандарды, ооруп калгандарды көргөн сайын мага келип «акчалай жардам берели, буга дары, мунусуна азык-түлүк алып берели» деп турат. «Ак ийилет, бирок сынбайт» дейт го, Омар патриот жигит. Азыр өзү да «Эмнеге мага минтип жалаа жаап жатышат?» деп капа болуп, кыйналып жатат. Анын жүрөгү оорулуу. Акыбалы начар.

Шейшенбек Жанышов, Омардын атасы: «КУРУ ЖАЛАА БАЛАМДЫН ДЕН СООЛУГУНА ДОО КЕТИРДИ»
– Мени азыр эӊ негизгиси баламдын ден соолугу тынчсыздандырууда. Жалган, ырайымсыз, ыплас жалаа, адамгерчиликсиз мамиленин айынан ак жүрөк баламдын ден соолугуна чоӊ доо кетти. Соттун эч кандай далили жок ушундай иш кылганы мыйзамга дагы, адамгерчиликке дагы жатпайт. Массалык маалымат каражаттары сизге чейин бири да бизге кайрылган жок, баары бир беткей маалымат таратышты. Ушуга да нааразымын. Жактоочу иш менен таанышып чыгып, негизсиз камалганына көзү жетип, облустук сотко доо арыз менен кайрылдык. Нуржан бала кезден эле чай ичишип, коюн-колтук жүргөн инимдин досунун баласы. Жабырлануучуну мен тааныбайм, Нуржан менен таяке-жээн болуп кетет экен. Жээнинен акчаны ала албай калган соӊ, Омарда акча бар деп андан акча өндүргүсү келип жатат окшойт.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -4 
Комментарийлер(118)
04.08.2015. 04:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Омар элге керексин. Ишенебиз акталасын..
04.08.2015. 04:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vrach сен жебеген акына толойсунбу???? Омурбек байкеге ишенем ал андай адам эмес ойлоп суйлосонда ойлоп суйло деген соз бар ким куноолу ким куноосуз жалгыз Жараткан билет мен ишенем 100% Омурбек андай эмес !!!!!!!!! Омар байке жакшы болуп кетиниз биз сизди кандай учур болбосун колдойбуз!!! биз сизге ишенебиз!!! ден-соолугунузду караныз!!!!!!!!!!!!!!!!
04.08.2015. 08:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омар күнөөлү болушу мүмкүн. Бирок Омардын акталышын каалайм
04.08.2015. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эээ достор сатыб кетет менин да башыман откон
04.08.2015. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ЭЭэ достор силер бул жакта урушуп журосунор, а Омар уже чыгыптыр :)

http://www.super.kg/media/uservideo/146823/

http://www.super.kg/media/uservideo/146841/

http://www.super.kg/kabar/news/120387/
04.08.2015. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым жардамын берип аман эсен акталып чык Омар
04.08.2015. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Оо Жараткан Аллахым,Калп күлүп,жаныбызда жүрүп,ичибизге кирип, сырыбызды билип,сатып кеткен дос деген аты бар душмандардан сактай көр.Ак ийилет,бирок сынбайт.Омар сиз элдин адамысыз,биз ар дайым сиз менен!
04.08.2015. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эгер чын эле Омардын куноосу болсо Таласка концерт коюп бармак беле.Аллахтан башкабыз чын-жалганын билишке ажызлык кылабыз.Бир гана умутубуз жалгыз Аллахтан,Аллах д.н пендесин Аллах эч качан таштап койбойт,буйруса баары жакшы болот.
04.08.2015. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kim kandai adam ekeni saparga 4ykkanda bilinet. Aityw kyiyn
04.08.2015. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Omar alga daiym biz seni m.n biz...
Aktalyp chyk seni kamatkandyn ozun kamat...
04.08.2015. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Omardyn ak ekenine iwenem.Any karalap,adamgerchiligne wek keltirip, jalgan jalaa jaap,akcha ondurup jatkandardyn jazasyn Kudayim ozu bersin!
05.08.2015. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eee tuugandar, byltyr Talasta fasoldun kilogrammy 100 somgo chykkan jok, aldagy jabyrlanuuchu kalp aityp jatat, 40 tonnany byltyr kilosun 100 somdon baalap bergenine takyr ishenbeim...
05.08.2015. 08:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurjan Toktogulov Omar m,m Fasol alyptyr, Tutkiyaga baryp satyptyr, akchasy aktabai kalyptyr...takyr ele iwengen jokmun uwul soz dorgo.Bul biznesti Nurjan degen ozu ele kylyp, bankrot bolgon, ortkondo Azattyk ta jurbodu bele, Fasoldu Nurjan algan, Omar degendi taanibaibyz dep owol jabyrlanuuchu.Kanchalagan kylmywkerler jurot,adam olturup,urdap,kylmyw jasap. Owolordu karmabai alynar urchylarga jetiptur da sottor.Jet jerde kyrgyz elin taanytyp jurgon talanttu yrchyny karmap...Kudaidan korkkula...
05.08.2015. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омар эр жигиттин башына эмнелер келбейт! Озунду таштаба!
05.08.2015. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мени таң калтырганы кимди кармап отургузса ооруп больница жатып калат.Мыйзам баарына бирдей.Көрөсүңөр Омар ак болуп чыгат да,шериги камалат.
05.08.2015. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иним жашсин да))
05.08.2015. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окда журот го эмне болгону ачык айкын виде одно корунуп
05.08.2015. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Deniza88, бул жакта деле журот видео, досу куноолуу экенине далил, бирок Омар ортомчу болгон окшойт озу

http://www.super.kg/kabar/news/120555/
05.08.2015. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куноосу бар болгон учун кармалып жатат да,куноосу далилденип мойунуна койулса досу экоону бетештирип,анан дагы кандай далил керек..
05.08.2015. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акталып чыкты!
06.08.2015. 08:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
это палит ика
06.08.2015. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омар сен Украинадан же Россияданбы бир жылы 40 мин доллар утуп келгенин эсимде. Ошондо Темир Сариев айткан болуучу телевизордон налог толосун деп, ошонун кесепети тийбедиби дейм да. Бирок мен ишенем сен аксын.
06.08.2015. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омарга жаман болду эл козундо журсо балким чын эле карыз алгандыр эмне болсо да мыйзам баарына бирдей
06.08.2015. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омар байкеге сабыр тилейм..бул да бир жакшы ийгиликтин алдында берилчу сыноо..Аллахым озу сизди колдосун..сизди колдойбуз жана сиздин куноонуз жок экнгине толук ишенем..ден соолугунузду берсин Аллахым..мен ар дайым сиз менен!!!
06.08.2015. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Omar aiypsyz
06.08.2015. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик
07.08.2015. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омарга Аллахым шыпаасын берсин..Биздин милицияларда акыйкаттык жок..Акчага сатылышкандар!!!
08.08.2015. 05:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен ишенбейм,Омар байкенин мындай кылуусуна.Кудайдан коркбогон ушундай адамдар адамдар бар экен,тобоо кылдым.Омар байке жакшы болуп кетиниз,Аллахым колдосун!!!!
08.08.2015. 05:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Omar kuchtuu bol!Ak iyilet birok sinbayt!
09.08.2015. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омардын кутулуп чыкканы менен куттуктайм! Башы аман болуп, омуру узун болсун! Жакшынакай бала деги озу. Омар мындай чала-чарпык ызы-чууга алдырбай кайратту, сабырдуу бол, ден соолукту жоготуп аласын. Биз колдойбуз!!!! Сеннин фанаттарын!
12.08.2015. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шамал болбосо чоптун башы кылмылдабайт!
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо