ЖАНЕТА КАЛП АЙТАБЫ ЖЕ “СУПЕР-ИНФОбу?”

№375 8-14-январь, 2010-ж.

Аста-пыр-алла!

“Супер-2009” тандоосу 22-декабрда жыйынтыкталганы эсиңизде болсо керек? Мына ошондо талапкерлер арасында көмүскө да, көрүнөө да салгылаштар болуп өттү. Кайсы бир ырчы келип өзүнө добуш кошуп коюубузду суранып, биздин кызматкерлерге акча сунуштаганы да бар. Ким экенин изилдесек аты-жөнү такталат деңизчи, бирок добуштарды акчага сатып алуу эч мүмкүн эмес эле. Бул эми өткөн иш. А биз кеп нугун башкага бурабыз.
“Адам адамга ишенет” деп айтылып жүргөн сөз кашкайган чындык. Гезитибизде “Жылдыздын үйүндө конокто” деген рубрика бар эмеспи. Ырчы Жанета Бобкованы гезитибиздин өткөн сандарынын биринде ушул рубриканын коногу кылалы деп пландаганбыз. Ырчы биздин сунушубузду кабыл алып, “жакында эле курдук” деп заңгыраган эки кабаттуу үйүнө чакырган. Ал гана эмес, жыгачтан оюлган тепкичин “Денис өз колу менен жасады” деп таң калтырган. “Денис кандай азамат! Ырдайт, каражат табуучу дагы бир топ иштери бар, жадакалса колунан көөрү төгүлгөн уста да турбайбы!” деп ыраазы болуп жатканбыз. Белгилүү ырчы айтып жаткан соң конокко барганда, ырчы айымдан үйдүн документин суроону туура көргөн эмес элек. Бирок материал жарык көргөн соң окурмандардан коңгуроо кагыла баштады. Бир окурман телефон аркылуу “гезитке чыккан Жанетанын үйү эмес, мен анын үйүн билем” деп узун сабак кеп баштады. "Көрө албаган эле бирөө айтып жатса керек" дегичекти, дагы бирөө чалып: “Жанета менин кошунам, сиздер чыгарган үй ырчыныкы эмес”,- дейт. Буга чейин мындайга туш келбеген жаныбыз, кандай кыларды билбей, ырчыны редакцияга чакырдык. "Аттуу-баштуу эле ырчы, анан кантип бизди, бизге кошо элди алдасын?" деп ойлодук. Бирок Жанета айым: “Ал үй меники эмес экени чын. Гезитке чыгат дегенинен, туугандардыкына барып тарттырып койгом”,- деп жатпайбы!
Жанетага окшогон белгилүүлөр айтса, калп айтпайт деп ишене берген бизде да күнөө бар. Бул окуядан кийин гезиттердин бири “Жанета Испанияга барган эмес” деген өңүттө жазып чыкканы да чын го деп бүшүркөй түштүк. “Bon Voyage” Эл аралык сынагында биринчи орунду жеңген Жанета Бобкова” деп дүйнөлүк интернет булактарына суроо салсак, жергиликтүү сайттардан башка бир дагы булак жооп берген жок. Айрым сайттарда “Bon Voyage” Эл аралык балдар фестивалы деп чыкты.
Бирок Жанетанын ыйманы бар экен. ЭлТР коомдук телеканалында түз эфирде “Супер-Инфого” мен жөнүндө жазылган маалыматтардын 80 пайызы калп” деп моюнга алды. Ошондон улам Барселона шаарында сынак өткөнүнө да, өтсө чын эле биринчи орунга татыганына да ишенүү кыйын экен деген ойго такалдык.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(17)
11.01.2010. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ырдаган ыры да эски ырды жасаган, уй
11.01.2010. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уйу башка, ж.б. Жанетта адам катары ото пастык иш кылган. Жасалма нерсе эч качан ийгилик алып келбейт! рейтинг -100%
11.01.2010. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pazoooorrr!!! Kyrgyzdyn belgiluu yrchysy ushul joruktu kylsa, anda Kyrgyz eli kanday bolot!!!
11.01.2010. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ааай Жанетта ачыгын эле айтсанго-биз эми сага ишене албай калабызго.
11.01.2010. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман уят болуптур чынын эле айтса болмок
11.01.2010. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
щарманда щарманда, какой позор!!!
11.01.2010. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Деги Д.Бобковго тийгени чын бекен?
12.01.2010. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chyndygynda oto chon janylyshtyk kilgan eken..anchalyk namystansa azyryncha yiybyz elge taanyshtyrarlyk shartta emes degen joobyn yzatsa bolmok eken...emy ozynyn atyn emes kainatasynyn atyn da bylgap koiot go,,kyrgyz elim namys ychyn janyn kyrmandykka salat emespyzby ..elybyz emy kanday kabyl alat degen oi meny tynchsyztandyrat..jakshy bolyy asta-asta jaman bolyy byr pasta degen yshyl eken da...Super info gezity da janylyshtynyzdar oto ele populiardyybyz dep biroonyn aiybyn achkanynyzdar gezytyn
12.01.2010. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул макала Жанеттанын ЭлТР телеканалында айткандарына карата жазылгандай таасир калтырып жатат. Чындап келгенде "Супер-Инфо" коп эле белгилуу адамдардын калпын билсе керек...
13.01.2010. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мактаган кыз тойдо... деген макалдай болду да.Москва.
14.01.2010. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы ырчылар да кызык,гезит бетине, телеге, радиого чыгуу учун баарына даяр турушат. Эгер оз уйун элге корсотууну каалабаса "Супер-Инфо" макаланы сунуш кылганда эле баш тартпайт беле? Ал макаланы мен да окугам. Бироонун спальнясына жатып алып, кантип суротко тушуп берди экен? Жанета ушинтип абийирин токпойле койсо болмок. Анын уйу чыкпайтат деп куйормандары капа болмок эмес да.
14.01.2010. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyzyk.........kanda bolgon kezde da ayal zaty tuurasyn aytysh kerek dep oiloimmmmmmmmmm...........
14.01.2010. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
blinamalina

tuura aytasiz birok Janetta bargan konkurstu men da izdedim birok ech jerden taba albadim. Bolgonu anday konkurs ospurumdor konkursu bar eken. Balkim Janetta munu da kalp aytti
eger jobu bolso elektronduk daregin jazsaniz men da oshol jerde jurgon surottorun koroluk
15.01.2010. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bilinbeitdep kalp aitpa ukbait dep ushak aitpa dep bekerinen aityl basa kerek .emi bul sabak bolot...
16.01.2010. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
guzalya
eger jobu bolso elektronduk daregin jazsaniz men da oshol jerde jurgon surottorun koroluk suroonguzdu jakshy tushungon jokmun/ surottoru bolso vecherniy bishkek,jana bashka kyrgyz gazetalardan (super=infodon chykkany esimde jok, ozdorunon surash kerek ozunguz ele ozdoru bolbosonguz( ala=too degen jangylyktardan korgonbuz
20.01.2010. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Блинамалина, сиз случайно, Жанетанын озу эмессизби? Андай эмес болсо капа болбонуз, билдируулорунуз ошондой таасир калтырууда.
26.01.2010. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой ой бул тема таза эле чатак болуп кетти го!!! =)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо