АЛМАЗБЕК РАИМКУЛОВ ВЕРА ОСМОНКУЛОВАДАН КАРЫЗГА АКЧА АЛЫП БЕРБЕЙ ЖҮРӨБҮ?

№666 7-август-13-август, 2015-ж

Учурда Германияда жашап, Берлиндеги симфониялык оркестрде иштеген мекендешибиз, скрипкачы Вера Осмонкулова (ырчы Ырыскелди Осмонкуловдун эжеси) социалдык тармактагы жеке баракчасына мушкер Алмазбек Раимкулов тууралуу көпчүлүктү таӊ калтырган маалымат жарыялады. Эске салсак, белгилүү мушкер теле алпаруучу Ассоль Молдокматова менен ажырашкандан кийин дал ушул музыкант айым менен сүйүү мамилесин курган эле. Вера айым Алмазбек мырзанын биз билбеген жоруктарын баяндаган жеке баракчасындагы билдирүүлөрүн өзгөртүүсүз беребиз.

«АЛМАЗБЕКТИН КАРЫЗЫН КЕЧТИМ. АМАН БОЛСУН!»

  1. – Кыргызстандан ыпысык жаӊылык... Белгилүү кыргызстандык мушкер Алмазбек Раимкуловдун бир тууган карындашы Элмира Раимкулова 40 жаштагы байкесинин алдамчылыгы жана менин үй-бүлөмө финансы жактан ыӊгайсыз абал түзгөндүгү үчүн кечирим сурады. Мушкердин психикалык оорудан жабыр тартарын эске алып, Вера Осмонкулова кечиримди кабыл алат. Дегеним, мындай финансылык кылмыш жасап, алдамчылык менен алектенип жүргөндө Алмазбек Раимкулов психикалык жактан ооруп жүргөн имиш. P.S. Кыскача маалымат: Учурда Раимкулов дин жолуна түшүп, 5 маал намаз окуп, мурунку досторунан жана айрым туугандарынан да баш тартыптыр. Пландарында молдо болуу ниети бар экен. Алмазбек, туура жолго түшөйүн дегениӊиз жаман эмес. Эгерде мээнетиӊиз таза болсо, Кудай жолуна келесиз. Эгер жеӊил акча үчүн бардык ыйык нерселерди аттап өтүүгө даяр болгон жоругуӊуз кала берсе, анда аман эле болуӊуз!
  2. – Кыргызстандан дагы бир ысык жаӊылык... Кыргызстандык спортчу мырзаларга алдыӊкы беш жылда чет өлкөгө чыгууга мамлекет виза бербейт имиш. Мына, Алмазбек Раимкуловдун күлкүлүү шылтоолору.
  3. – Кыргызстандан түз жаӊылыктар... Алмазбектин туугандары мени кат аркылуу коркутушууда. Эгер андан карызымды доолаганды токтотпосом, ал өзүнүн спортчу жигиттерин чогултуп келип көзүмдү тазалайт экен. Анын апасы мага «картайып алжып калган неме, сени өзүм адам жалдап түбүӊө жетем!» деди. Жазгыла журналисттер, жазгыла, Кыргызстанда криминал менен ким алектенерин эми билебиз.
  4. – Кыргызстандан түз жаӊылыктар... Мага Алмазбек Раимкуловдун да, анын спортчуларынын да колу тие албайт. Анткени мен Германиянын жаранымын. Бир коӊгуроо менен Алмазбекти, анын спортчуларын кошуп, өмүр бою абакта отургузуп коё алам. Германиянын полициясы бул окуя боюнча кабардар.

«ҮЙЛӨНҮП УШАКТАРГА ЧЕКИТ КОЙСОМ ОКШОЙТ»
Аталган окуянын чоо-жайын билүү максатында Алмазбек Раимкуловго байланышканыбызда: «Тобо, качан мени бул аялдар жайыма коюшат? Мени капчык кылып алышты го, бер дегенден башканы билишпейт. Мен ага жакшы сүйлөп, сылык мамиле кылганым үчүн карыз кылып койдубу? Жаман мамиле кылсаӊ «грубиян» дешсе, мен эмне кылышым керек? Мен андан карыз алган эмесмин, эмнени айтып жатканын түшүнбөдүм. Мени Альфонс, Ромео кылып жиберишти. Тезирээк үйлөнүп, ушактардан кутулбасам болбой калды. Ата-энем 11 жылдан бери Америкада жашап, мына бүгүн аларды аэропорттон тосуп алдым. Алар да «үйлөн» деп жатышат. Бирок азыркы кыздар акчаӊды эле карап калышыптыр, чет өлкөлүк кызга эле үйлөнсөм окшойт. Ал эми дин жолуна түшкөнүмө көп болду. Бул жаӊылык деле эмес. Учурда Кыргызстандын жаш спортчуларын колдоп, өзүм да спортко кайтып келгени жатам. Мени ушундай интригага аралаштырбай эле коюшса жакшы болот эле»,- деп билдирди.

 

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(35)
10.08.2015. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
наверно алмаздын апасы
10.08.2015. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bilbeim, kyskasy aman boluwsun. Kimisine iweniwti. Birok uwul Almaz myrzanyn ailanasynda takyr yzy chuu tugonboit...
10.08.2015. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
boyunda bar ayalin tashtap Assol menen jashap algan almazdan jakshilip kutup bolboit kandai konulunor kalbait bul ozu ayal janduu bolso kerek da
10.08.2015. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чыныгы таза так жургон эркек болсо ушинтип ушак ээрчимек беле?!
ХХХ ХХХ бул да гещит бетинен тушпой калдыго.
Аялдар да кызык ушуга кызыгышып...
Модератор admin_media түзөттү 2015-08-10 13:13:34
10.08.2015. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул да болсо аялдардын кадырына өз убагында жетпей, аарыыга окшоп ал гулдөн бул гүлгө конуп жүргөндүгүнүн жазасы!
10.08.2015. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыздар,алыс эле жургулочу ушуга окшогон жигиттерден,биздин кыргыздын кыздарынын атына доо кетирбе АЛМАЗ,Чет олконун кызына уйлонот окшойм деп озунду башкача сезип койупсунго)))) Анан Омар ырчы айтмакчы Эркектер Эркек боюнча эле калганы жакшы,шамал болбосо дарактын башы кыймылдайт беле,Вера эже деле оз оюнан токуп чыгарганга убакыты деле жок болсо керек дейм,ал эми апасы бизди уятка калтырып жатат деген ойдо коркутуп уркуткондур Вераны.
10.08.2015. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
LaraKroff, KYRGYZJERI,
Эскертүү!
Кимдир бирөөнү мазактоого тыюу салынат!
10.08.2015. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин да оюм озгоргон эчак Раимкулов жонундо,шамал болмоюн чоптун башы кыймылдабайт да.
10.08.2015. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дагы аял алам дебей,биринчи аялына барса жакшы болоор беле Алмаз мырза!
10.08.2015. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
nurzada78,Биринчи аялы муну эми тенине албаса керек дейм анан эч убакта кечирбесе да керек,Алмаз озуно озу иш ашырып алды менимче,1чи аялы макул болуп жашаган кезде да бактылуу кылышы кумон эми бул кетишинде,мына ошондуктан бир ишти баштаар алдында 7олчоп бир кесиши керек деп ойлойм.Бул мн не демекчимин мен коп адамдан байкадым, адам бир нерсени короордон мурун колунда бар алтындын кадырына жетпей калат экен козуну туман басып калат экен,ошондо акыры жакшы мн аяктабашына 100% ишендим.
10.08.2015. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Азыр эркектер катындан айырмасы жок кээлерин карап отурсан, алардын жанында озунду эркек сезип кетесин!
16.08.2015. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pantherka,катырыпсыз! Жуз пайыз кошулам!
10.08.2015. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Uyaty jok neme go bul almaz degen. ...
10.08.2015. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Дагы жакшы Германиянын жараны экенсиз. Сыймыктанып, коркпой законго таянып суйлопсуз. Бизде да закон кучуно кирип коркпой калаар бекенбиз?
10.08.2015. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи аялына жалко..кийинкилери но таштап кетти
11.08.2015. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздар акчана эле карап калышканбы деп...Озуно окшогон адамдар менен журсон,алибетте алардын арасында жалан акчага карап мамиле кылган адамдар чыгаар.Андан коро жакшы адамдардын(чойросу башкалардан)да издеп корчу.Бир адамдын кадырына жетпеген,кийинкилердин кадырына дале жетпейсин го...
11.08.2015. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
өзүн жылдыз сезип куп ойнодуго Алмаз кыздардан кызды алмаштырып
11.08.2015. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тезирээк уйлонуп ушактардан кутулбасам дейт да. Уйлоно берип чарчагыдай деле болуптур го.
11.08.2015. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Комментарийлерге соз жок баарынарга кошулам
11.08.2015. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркек башы менен чалжактап суйлойт турбайбы. Менин оюмча бул аялдын да акчасын курутуп анан араны ачык кылган окшойт да. Айтпайын дегенди айттырышат ушинтип.
12.08.2015. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биринчи жубайы менен жарашса болот да балдары бар эмеспи кайра кайра уйлоном дебей
12.08.2015. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дүйнө ар ким өз өңүн көрө турган күзгү деп коет го Алмазбек ким экенин убакыт көрсөтөт.
12.08.2015. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бул жерде туура жазылган коменттер да бар,биринчи аялын боюнда бар туруп 2 баласы менен таштап Ассолду шумдук мечта коруп уйлонуп кетти эле кудайдын корсоткону бул еще корот,биринчи аялына барса да ал жизини кечирбейт кечирбеш кк,аны таштап кеткенде 2 баласы менен корбогон кунду коруп кыйынчылыкты басып эми бутка турганда пайда болгон эркектин эмне кереги бар.
12.08.2015. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kanu,Жаратканыбыз кечиримдүү болгонду колдойт! Идеалдуу эч ким жок! Ката кетирген адамга жакшы жакка оогонго мүмкүнчүлүк бериш керек! Андай иш кылыш үчүн бирок ички дүйнөсүндө Жаратканыбызга жалынып байлйаныш тузүп жүргөн чын дилинен Кудай деп жүргөндөр эле күч кубат таппаса, катардагы жөнөкөй кишинин андай жолго барууга өзүн катуу аяагандын, жакшы көргөндүн дэнгээлинен чыга албаса керек.
12.08.2015. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mmmmmm wymdyk wymdyk Vera eje oilonyp mamile tyzsonyz bolmok aialin baldarin tawtagan erkekten jakwilik jok ech kachan
12.08.2015. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ассоль Молдокматова жанылыштык кылды ушуга тийип. Жакшы киши болсо кетпей эле жашай бермекго дейм Ассоль деле. Же болбосо ошо тапкан аялдарынын эсебинен жашайбы Раимкулов ай билбейм оозу эле суйлойт кылган ишинен дайын жок
12.08.2015. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Спортсмендердин колунан келет мындай иштер.
12.08.2015. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Убагында Кыргызстандын желегин Америкада далай желбиретти бул киши! Ал Кыргызстанга сиңирген эмгеги! Эми Кыргызстанда спортсмендердин материалдык акыбалын жакшы билебиз! Күнөө кылып көзүм менен көрбөгөн нерсени жасады дегенден алысмын! Эгер башка көп муштум жеп өзүнүн боксердук кесиби аркылуу чын эле акыл эси айнып калган болсо жакындары кайра бокска чыгарбай эле башка өзү жасай ала турган кесип таап берип каралашышы абзел! Мамлекеттен үмүт жок!
12.08.2015. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу кептин бары Алмазбекте деп да ойлоп кетем!
12.08.2015. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
А бул Германиядагы айым эмнеге акча берет бул боксер байкеге? Менимче жашы бир топко барып калган айым бул жаш немени акча берип алдап паралап тийип алам деп ойлогон. А бул шустрый боксер байке да акчасын алышы алып анан алданбай койгонун карасан. Бир карасан комедия эле.
13.08.2015. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматту суперчилер, Алмазбектин биринчи аялы жана бала-чакасы жонундо маалымат барбы сиздерде? Атасы таштап кеткенде кызы ыйлап журчу экен го. Азыркы жашоосу кандай, Алмазбек бала-чакасынан кабар алып турабы? Ошол тууралуу билгибиз келди.
13.08.2015. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булардын ушагы тугонбойт экен го!
14.08.2015. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жигиттин баскан жерлери бутун б.. Менин билишимче 2004 жылы америкада, мас абалында башка машинаны сузуп, еркининен ажыраган.Андан сон Асольдун башын аилантып..Еми бул аиымды минтиптир. Деги бул жигитте бир позитив барбы?
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо