Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Аяна, Айыма: «ЭКӨӨБҮЗДҮ УРУШТУРУП, БӨЛГҮСҮ КЕЛИШЕТ»

№666 7-август-13-август, 2015-ж

Айыма жана Аяна керемет үндөрү менен чет элдик сынактарды багындырып, өлкөнүн сыймыгына айланган өспүрүм кыздар. Жакында эле Жолдубай Кайыповдун «Атам менен энеме» аттуу ырын дуэт аткарып, мактоого арзышты. Анда келечектен көптү үмүттөндүргөн бул кыздардын маеги достук, сахна жана жеке жашоо тууралуу болсун.

Толук аты-жөнү – Аяна Касымова
Туулган жылы, күнү – 1999-жыл, 30-март
Туулган жери – Бишкек шаары
Учурда – №29-мектептин 11-классынын окуучусу

Толук аты-жөнү – Айымжан Айылчиева
Туулган жылы, күнү – 1998-жыл, 26-март
Туулган жери – Бишкек шаары
Учурда – №6-гимназиянын 11-классынын окуучусу

– Силерде табияттан берилген өзгөчө үнүӊөр бар. Бул ырчыга ийгиликтүү карьера жасаганга жетиштүүбү?
Айыма:
– Убакыттын өтүшү менен артистке бир гана үн эмес, актёрдук чеберчилик, өзүн көрсөтө билүү, сахнада өзүн туура алып жүрүү керек экенин түшүндүм.
Аяна: – Сахнага чыгыш үчүн келишимдүү келбет жана жакшы бийлей алыш керек го дейм.
– Өспүрүм кыздарга шоу чөйрө кандай тараптан ачылып берди?
Аяна:
– Шоу чөйрөнү ырайымсыз десем болот. Анткени атаандаштык күч алган.
Айыма: – Аянага кошулам. Бирок атаандаштык мыкты иштөөгө шыктандырып, стимул берет.
– Ырчы артист катары өз ордун табыш үчүн кандай сапаттарга ээ болушу керек?
Айыма:
– Талыкпай эмгектенип, ал чөйрөнүн оӊ жана терс жактарына чыдай билиш керек экенин баамдадым.
Аяна: – Артыбыздан бизди жамандаган комментарийлерди калтырышат. Аны туура кабыл алыш үчүн мүнөзүӊдү ийкемдүү кылып тарбиялашыӊ зарыл экен.
– Заманбап музыкалык долбоорлорго көз карашыӊар кандай?
Аяна: – Сынактар эч качан ашыкча болбойт. Бир тепкичке жогорулайсыӊ.
Айыма: – Бул чоӊ тажрыйба. Күчтүү атаандаштарыӊды көрүп, мыкты болууга аракеттенесиӊ.
– Чыгармачылыгыӊар музыканын кайсы жанрына тийиштүү?
Аяна:
– Айыма экөөбүздүн жанрыбыз эки башка. Мен жүрөккө жакын лирикалуу ырларды жакшы көрсөм, Айыма болсо шаӊдуу ырларга басым жасайт.
Айыма: – Жок, мен «релакс» ырларды көбүрөөк ырдайм да. Ал кандай чыгарма экенин түшүндүрүп бере албай жатам (ред. оюн түшүндүрө албай отурду).
Аяна: – Бийлөөгө ыӊгайлашкан музыканы айтып жатам (ред. Айымага карап). Меникине караганда сеники шаӊдуу да, мен болсо андайларды такыр ырдабайм.
Айыма: – Мен өзүмө ырахат тартуулаган ырларды гана аткарам. Акыркы учурда жай ырларга тартылып жатам.
– Бири-бириӊерди качантан бери тааныйсыӊар?
Айыма: – Биз 3 жыл мурун лагерден таанышып, ырчы Салтанат Аширова эжебизден вокалдан бирге сабак алганбыз.
– Ортодо достук мамиле барбы? Деги эле канчалык деӊгээлде жакынсыӊар?
Айыма:
– Сүйлөшүп турабыз, бирок өтө деле жакын эмеспиз.
Аяна: – Анын үстүнө экөөбүздүн досторубуз да эки башка чөйрөдөн. Жок дегенде тааныштарыбыз бир болсо, балким, мындан да жакын болмокпуз.
– Ортоӊордо атаандаштык бар дешет...
Аяна:
– Жок, көпчүлүк учурда элдер бизди уруштургусу келип, чындыкка дал келбеген ушактарды таратышат.
Айыма: – Экөөбүздү бөлүп, ортобузга от жагып, бири-бирибизди жек көрүп калуубузду каалашат. Дуэт ырдап чыкканыбыздан кийин мунун баары бир заматта токтоду.
– Дуэт ырдоону ким сунуштады?
Айыма:
– Мен демилгелеп чыктым. Бул ырды өзүм жаздырайын деп даярданып жүргөм. Акыркы учурда экөөбүздү аябай салыштыра башташты. Анын үстүнө ата-эне баарыбызга жакын, жалпы тема болгондуктан чогуу ырдасак элдердин жүрөгүнө жакшыраак жетет деген ойдо болдум.
– Топ түзүп ырдап чыксаӊар, балким, мындан да атактуу болмоксуӊар?
Аяна: – Байкашымча, кыргыз эстрадасында кыздардын тобу жокко эсе экен. Келечекте, балким, топ түзүп ырдап чыгарбыз, аны убакыт көрсөтөт. Бирок азырынча планда жок.
– Көчөдөн элдер таанып, кол тамга сурашабы?
Айыма:
– Ооба, бирок азыркыга чейин ошол нерсеге көнө элекмин, уялам.
Аяна: – Эгер ошол маалда досторум жанымда болсо, «ай, ий, Аяна, сени элдер таанып калыштыбы?» деп тийишип калышат (күлүп).
– Ырдап жүрүп тапкан акчаӊарды эмнеге коротосуӊар?
Айыма: – Мен тойлордо ырдабаганга аракет кылам. Иш-чараларда, концерттерде гана ырдайм. Ырдап баштаганымдан бери ата-энемден акча сурабайм. Алардын өздөрүнүн түйшүктөрү бар, кыйнагым келбейт. Мүмкүнчүлүк болсо, үйгө керектүү буюм алгым келет.
Аяна: – Баары үй-бүлөлүк казынага салынат. Өзүбүзгө алып калалы деп жанталашпайбыз.
– Жылдыздардын көӊүл ачуу кечелерине барасыӊарбы?
Айыма:
– Жок, мен андайлардан алысмын.
Аяна: – Кызыгуу жок, ата-энем деле жибербейт.
– Эмдиги жылы мектепти аяктап чоӊ жолго аттанасыӊар, кайсы кесипти тандаганы жатасыӊар?
Айыма:
– Музыка менин жашоом, ошондуктан вокалды таштабайм. Ата-энем «олуттуу кесиптин ээси болуп, билим алыш керек» деген кеӊештерин беришти. Бирок азырынча кайсы кесипти тандаарымды билбейм.
Аяна: – Мына ушул кесипти тандадым деп айта албайм. Бирок кийимдердин дизайнери, журналист же котормочу болууну самап жүрөм.
– Айыма, казакстандык топтон кетишиӊе эмне себеп болду?
Айыма:
– Келишим боюнча казак ырларды ырдап, казакча сүйлөп, накта казак кызы болушум керек экен. Ошондуктан баш тарттым.
– Стилист менен иштешесиӊерби?
Айыма:
– Жок.
Аяна: – Мен өзүмө жаккан кийимдерди гана кием. Эч кимди укпайм, эч кимге жагынайын дебейм.
– Анда кандай стилдеги кийимдерди кийбейт элеӊер?
Айыма:
– Рок стилиндеги кийимди эч качан кийбейм. Назик образдар гана табитиме туура келет.
Аяна: – Мен ачык кийимдерди жактыра бербейм. Кыздар ошентип кийинип жүрүшсө жаман болуп кетем.
– Тийишип, сөз айткан күйөрман жигиттер барбы?
Айыма:
– Көбү мени 13-14 жашта деп ойлошот. Ошондуктан Кудай жалгап мени эч ким карабайт (күлүп).
Аяна: – Албетте, чалып, жазышат. Бирок аларга жооп бербейм.
– Ырчы жигит сүйүүсүн билдирсе мамиле курат белеӊер?
Аяна:
– Сүйгөнүӊ же болбосо жолдошуӊ ырчы болуп, сени менен чогуу концерттерге барса сонун болмок.
Айыма: – Мага ырчы жигит сүйүүсүн арнап көрбөгөнгөбү, эмне деп жооп беришти билбей жатам. Аяна айткандай, сүйгөнүӊ бир чөйрөдөгү адам болсо жакшы деӊизчи. Бирок мындай мамиленин да жакшы-жаман жагы бар да. Ошондуктан көпкө ойлонуп чечим чыгаруу керек.
– Жигиттерге болгон талабыӊар кандай? Сырткы келбети, кийингени маанилүүбү?
Айыма:
– «Фейсконтроль» кылып «сен жарабайсыӊ!» деген менде жок. Мен үчүн сыртына караганда ички жан дүйнөсү маанилүү.
Аяна: – Сырткы келбетине, кийингенине, капчыгына караган кыздар бар. Мага болсо мени түшүнгөн, колдогон адам керек.
– Өзүӊөрдү сулуумун деп эсептейсиӊерби?
Аяна:
– Менден сулуу кыздар бар экенин билем. Андыктан өзүмдү сулуумун деп эсептебейм (күлүп).
Айыма: – Көзүм бүтүк, сурмам жоктугунан улам өзүмдү сулуумун деп эсептебейм. Ал эми Украинага барганда, тескерисинче, мени карап таӊ калгандар «Көздө сурма жок болсо сонун көрүнөт турбайбы. Мен дагы сурмамды алып салгым келип жатат» дешти. Мен болсо «Чын элеби? Биз сурма кыла албай жүрсөк, силер аны алып салгыӊар келет турбайбы?» деп «шок» болдум.
– Айыма, узаткан суроолорумду Аяна сага орусчага которуп берип жатты, кыргызча түшүнбөйсүӊбү?
Айыма:
– Үй-бүлөбүз менен орус тилинде сүйлөйбүз. Орус тилдүү бала бакчага барып, орус тилдүү мектепте окуйм. Ошондуктан кыргыз тилинен кыйналам. Сүйлөй алам,
бирок тоскоолдуктар менен. Учурда эне тилин толук өздөштүрүү үчүн курстарга барып үйрөнүп жатам. Казакстандыктар өзүнүн тилинде сүйлөшүп, абдан патриот келишет экен. Аларды көрүп «болду, мекениме барганда сөзсүз өз тилимди үйрөнөм!» деп өзүмө сөз бердим.
– Маегиӊерге рахмат!

"Атам менен энеме" дуэтин Айыманын сунушу менен жаздырышкан.

Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Бизди уруштургусу келгендер көп" дешет Аяна менен Айыма

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(89)
10.08.2015. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экоо тен талантуу озгочо Айыма, ийгилик экооно тен!
Медиа-портал
10.08.2015. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жеткиликтүү ырдаган кыздарга бали!!!
10.08.2015. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик каалап кое берели мындай тигиндей,жагат жакпайт дебей...буларда баары алдыда али.жаманбы жакшыбы Кыргызстандын атын чыгарып келишти...азаматсынар!
10.08.2015. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун кыздар экен. Бактылуу болгула!
10.08.2015. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азаматсынар кыздарым,бирок чынында оз тилинерди уйронгуло!
10.08.2015. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супсулуусунар экоонор тен! Азаматсынар кыздар!!!
10.08.2015. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оркундоп осо бергиле сулуулар. Келечекте Кыргызстандын желегин коп жерде желбиреткиле. Ийгилик!
11.08.2015. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылык ийгилик ! Келечегинер али алдыда окуунарды ийгиликтуу аяктай бергиле. Ит уро берет кербен журо берет.
11.08.2015. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаш эле кыздар экен,талантынар осо берсин!Тобоо,адамдар мынча кызыкпыз.Бул кыздарды мындай,тигиндей деп сындагандын ордуна жон Гана ийгилик каалап коелучу.Коро коро косом болот,суйлой суйлой чечен болот дейт эмеспи элибизде.Турмуш,убакыт кыздарды озу тарбиялап алат.
18.08.2015. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ALBIKA, туура айтасың,отуруп алып "тигиндей, мындай экен" деп сын айтуу оңой,андан көрө биз сыймыктанышыбыз керек го,ушундай сонун, таланттуу кыздарыбыз менен.Шумдуктуудай сындарды жазышат,ар ким өз деңгээлине жараша сын айтат окшойт
11.08.2015. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыздар ийгилик! Сындагандар озунорду карагыла "17 жашта эмнеге жетиштим эле" деп
SUPER.KG видео
11.08.2015. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жыргагандын баары эле турмуш эмес.
''Жылт,,эткендин баары эле жылдыз эмес.
Билебиз деп, тошторун каккан менен,
Билбегендер, оз тилин кыргыз эмес.
11.08.2015. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аяна журогу менен, Айыма кобуроок акыл менен жашай тургандай корунду. Жакшы кыздар, ийгилик!
11.08.2015. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун Айымжан жана Аяна ишинерге ийгилик,онорунор оркундой берсин!!! Аябай акылдуу кыздар экен,суроолорго жакшы жооп беришиптир.
11.08.2015. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырдоо стили, үнү үчүн Аянаны көптөн бери жактырып жүрөм. Өзү да татынакай. Ал эми Айыма мага ачылыш болду. Жаштыгына карабай түшүнүгү кенен, оор басырыктуу, анан да абдан жылдыздуу кыз экен. Ийгилик! Экөөңдөн көптү үмүт этебиз.
11.08.2015. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аянанын суйлогондору Малика Динага окшоп кетет экен
11.08.2015. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы!
11.08.2015. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы ырдап чыктынар ийгилик силерге
12.08.2015. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аяна Айыма экоонорго тен ийгилик каалайм!Онорунор оркундой берсин!
12.08.2015. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы кыздар
Медиа-портал
12.08.2015. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба, кыздар таланттуу, үндөрү бар, азаматтар!Өзгөчө бул экөөнүн дуэтинен ачык көрүндү.Бирок булардын шоу чөйрөгө аралашканына аз эле болду го, анан баштарынан көөп нерсе өтүп, шоу чөйрөдөн запкы тарткан адамдардай болгондору, "бизди уруштургусу келгендер көп" деген теманын өзү ойго салып койду.Жаш күнүндө эле ушундай нерселерге кабылып жатышса, көңүлдөрү калып калбайт бекен...
Медиа-портал
18.08.2015. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ajar.,эң туура байкагансың,сага 100% кошулам
12.08.2015. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз кыргыздар кыргыз тилин ушунчалык уномдойбуз керек болсо кыргыз кыргызга орусча суйлойбуз! Француздар Испандар башка тилди атайлап уйронбойт. Анткени биздин тил ото красивый дешип. А мы как всегда наоборот
SUPER.KG видео
12.08.2015. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алга
13.08.2015. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Экоонун тен талантына соз жок,ийгилик онугуп осо бергиле,Аяна бой которгондой корунду башына бир жакшылык келсе которо албайгандай сезилди мага,кыз кыздай болгону жакшы койнок кийиптир бирок Айымага окшоп олтурбаптыр демекчимин,ал эми Айыма мага аябай жакты Азаматсын токтоо оор басырыкттуу тушунуктуу акылдуу келбеттуу таланттуу баардык жагынан бериптир кудай сага ушунундан жазба эч качан!
14.08.2015. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсынар просто сссупер, унунор абдан жакшы экен, желаю удачи,,
SUPER.KG видео
15.08.2015. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
булар аябай эле высокомерная кыздар экен
15.08.2015. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баралына келгенде ,Кыргызстанды мындан да дуйного дунгуроткон белгилуу ырчылардан болот
16.08.2015. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
azamatsynar, kyrgyzstandy taanytyp juro bergile
SUPER.KG видео
21.08.2015. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Укмуш орусча билет турбайсынарбыы......опкону кармаш керек.патриот болбойсунарбы мен кыргызмын деп.ырдаганда бизден таза суйлойсунорго кыргызчаны.


SUPER.KG видео
22.08.2015. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айыма Кыргызча билбесен кантип ырдап журосун уялбай
Медиа-портал
04.09.2015. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аяна улуу, Айыма жаш корунот экен, а чындыгында тескери го.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо