Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Малайзиялык журналисттер: «ТУРИСТТЕР КЕЛСИН ДЕСЕӉЕР, ДААРАТКАНАЛАРДЫ ЖАКШЫРТКЫЛА»

№666 7-август-13-август, 2015-ж

«Учактын иллюминаторунан карасак, булуттар менен жарыша бийиктикте тоолор көрүнүп жатты. Силерге көнүмүштүр, бирок жунгли токойлуу Малайзияда бийик тоолор жок болгондугуна байланыштуу катуу таасирлендик» деп жатышты алыскы Куала-Лумпурдан Бишкекке келген малайзиялык журналисттер. Кыргыз жергесинде созулган 6 күндүк сапар тоолордон башка чет жердиктер үчүн эмнеси менен таӊ калычтуу жана кызыктуу болду?

ТЕЙЛӨӨ АКЧАСЫНА ТЕТЕ ЭМЕС
Он сааттан ашык жол жүрүп келген малайзиялык журналисттерди аэропорттон Бишкек шаарында жайгашкан «Парк отель» мейманканасына алып жөнөдүк. Бизде «эшигин көрүп, төрүнө өт» деп коюшат эмеспи, мейманканага келгенибизде коноктордун жүгүн алып киргизүүгө жардамдашкан кызматкери же сылык-сыпаа тосуп алар адамы болгон жок. Мындай кабыл алуудан улам шаабайыбыз сууй түштү. Баарынан жагымсызы – коноктордун сапарын видеого тартып жүргөн операторго мейманкананын күзөтчүсү «бул жерди тартпа» деп тыюу салганы болду. Отелди тартуу менен жарнама кылууга жан талашуунун ордуна алардын жоругу ого бетер мамилени суутту.
Кыргызстандагы тейлөө көрсөтүү акчасына туура келбесине, тийиштүү деӊгээлде эместигине Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылындагы «Каприз» эс алуу борборуна келгенде да күбө болдук. Конокторду тосуп алууга чейин бөлмөлөр бир жолку кароодон өтпөгөнүн мындан билиӊиз, ачкычтары туура келбей, аны алмаштырып берүүчү кызматкерлери чакырууга карабай, маалкатып жүрүп алганы бушайман кылды. Жээгине келсек, күнгө какталып жатчу керебеттерин алуу үчүн өзүнчө жерге кайрылып, аны жайгаштырып бүткүчө жүдөсөӊ, күндөн тосуучу чатырдын ижара акысын дагы башка жерине барып төлөп, кийин аны орноткуча эле жарым саатыӊ кетчүдөй. Сен эс алганы келдиӊби же жээкте ыӊгайлуу шарт түзгөнү келдиӊби? Ары-бери чуркап күч кетирип убара тартчу болсоӊ, анда эмнеге пансионатта сервисине дал келбеген жогорку бааны төлөшүӊ керек? Кардарлар ушундай ойдо калары бышык. Эӊ эле жөнөкөй мисал: Түркиянын Антальясындагы эс алуу жайларынын жээктеринде керебеттери менен чатырлары тизилип турат. Ошого тете акча алган жана «люкс класс» деп өздөрүн мактаган мейманкана менен пансионат тийиштүү сервисти эмне үчүн көрсөтпөйт? Белгилей кетүү керек: «Парк отель» ар бир номери үчүн 1 күнгө 195 доллар, «Каприз» 145 доллар алды.

«АБАСЫ САЛКЫН, ЭЛИ СУЛУУ КЫРГЫЗСТАН»
Малайзиялык журналисттердин учактан түшөрү менен айткан сөзү мындай болду: «Абаӊар кыйла салкын жана таза экен, бизде нымдуу жана үп болуп турат». Бишкектин абасын салкын дешсе, анда Ысык-Көл буларга майдай эле жакса керек деген оюбуз да оӊунан чыкты. Ысык-Көлдүн суусун «Кандайча ысык көл? Суусу муздак экен» деп ичиркенип жатышкан. Соӊунда деӊиздин, океандын +30 градус суусуна түшүүгө көнүп алышкан конокторго берметибиз суук сезилбей калды.
Кой, уй жана жылкы этин, болгондо да нан менен кошо көп жегенибиз алар үчүн аш кыла алгыстай болду. Ошентсе да бешбармак, аш, куурдак, лагман, форель балыгы, тоок этинен грилди эӊ көп мактап жатышты. Мөмө-жемиштер, өзгөчө дарбыздын ширелүүлүгү, алкоголдук ичимдиктердин арзандыгы таӊ калтырса, кымыз, жарма жана бозо Американы ачууга тете эле болду.
Сапардын алкагында коноктор Бишкек, Бурана тарыхый комплекси, Чолпон-Ата шаары, анын ичинде «Рух ордо» маданий борбору, Чоӊ Ак-Суу капчыгайы, Өрүктүдөгү арашан булагы жана башка жергебиздин кооз, тарыхый жайларында болушту.

БИР КАРЫН МАЙДЫ ЧИРИТКЕН КУМАЛАКТАР КАЧАН ОӉОЛОТ?
Кыргызстан менен таанышуу саякатынан тышкары малайзиялык журналисттер президент Алмазбек Атамбаевге жолугуп, маектешип кайтышты. Чолпон-Атада жайгашкан мамлекеттик резиденцияга маек алууга келгенибизде дагы бир жагымсыз окуяга кабылдык. Кире бериштен тосуп алган резиденциянын күзөтчүсү журналисттердин документтерин жана буюм-тайымдарын текшерип жатып, биринин көзгө куюучу дарысын кармалап, «мунуӊар баӊги эмеспи?» деп суроо салды. Малайзиядан журналисттер келгенин беш колдой биле туруп, алардын бирин баӊгиге теӊеп суроо салышы менен оӊтойсуз абал бүтүп калган жок. Текшерүү учурунда журналисттер өз ара англис жана малай тилинде сүйлөшүп жатышканда, ошол эле күзөтчү «Кыргызстандасыӊарбы, кыргызча сүйлөгүлө» деп оозду ачырды. Айткан сөзүн тилмеч которуп беришин да буюрду. Кыргыз жери менен таанышып, аны өнүккөн өлкөгө жарнамалоо ниети менен келген, келгенине 5 күн боло элек чет жердиктерден кыргызча сүйлөгүлө деп талап кылуу патриоттукпу? Жок, бул псевдопатриоттук, иштеп жаткан кызматына деӊгээли туура келбеген караӊгылык! Керсейген күзөтчү коноктордун көзүнчө түкүрүнүп-какырынганына жийиркене түшкөн малайзиялыктарга «мени талкуулай турган болсоӊор, Кыргызстандан кетпей каласыӊар» деп зекиди. Биз бул күзөтчүдөн ырсайып гана кутулуп, интервью жакшы өтсө экен деп болгон үмүтүбүздү президентке артып калдык.
Бир сааттан ашык созулган маектен малайзиялык журналисттер көӊүлү көтөрүӊкү чыгышты. «Президент жөнөкөй жана ачык-айрым киши экен. Кийинки жылы Ысык-Көлдөгү аэропорттун эл аралык статусу бекемделип, Малайзиядан да түз учуп келе турган каттамдардын ачылышы боюнча ниеттери бар экенин айтты»,- деп чыгышты. Минтип, президент өлкөгө инвесторлорду жана туристтерди тартуу, өлкөнү бутка тургузуу аракети менен күнү-түнү чуркап жүрсө, күзөт кызматкерлеринин жанагыдай маӊкурттугу ажонун кашыктап жыйнаган аракетин чөмүчтөп чачып жатканы өкүндүрдү.

«ЖЕРИӉЕР БЕЙИШТИН ТӨРҮНДӨЙ ЭКЕН»
«Биз силерден үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана достор арасындагы мамиле боюнча сабак алсак болчудай. Эс алууда, тамактанууда кол алышып же кучакташып саламдашууда ушул адамдардын бири-бири менен болгон башкача жакындыгы аябай жылуу учурады»,- деди «The Star» медиа мекемесинин саясий кабарчысы Ох Чин Энг. Сапар учурунда малайзиялык журналисттерге карапайым калктын турмушу кызыгууну жаратып жатты. 3 күн «элитный» делинген «Капризде» түнөгөнгө караганда 1 күн жөнөкөй шарттуу конок үйдө жашаган көбүрөөк жакканын айтышты. Кымбат баалуу ресторан менен кадимки кафенин тамак-ашы бирдей даамдуу экен дешти.
«TV3 Malaysia» телеканалынын телеоператору Ахмад Азизи бин Эднандын айтымында, Кыргызстанда сүрөтчү жакшы сүрөт тартууга жан үрөбөй эле койсо болчудай. «Пейзаждын өзү фотограф үчүн иштеп берет тура. Кайсы бурчтан туруп тартпа, фото жана видео эч кандай эффект колдонбой эле кооз чыкты»,- деди ал. Ошондой эле сапарда Малайзиянын «Bernama» мамлекеттик маалымат агенттигинин журналисти Суриати Сануси жана телеоператору Хайрул Икхван бин Жаафар, «TV3 Malaysia» телеканалынын журналисти Азария Тагайа жана «The Star» медиа-мекемесинин фотокабарчысы Онг Сун Хин болушту.
Туризм тармагында киреше таап иштеп жаткан мекендештерибизге кайрылар элек: «Кыргызстанга келген бүгүнкү 1 туристке эртеӊ 5 туристти ээрчитип келчүдөй мамиле кылууга жана тейлөө көрсөтүүгө үйрөнөлү. Кыргыздар меймандос эл деген бекеринен айтылган сөз эместигин иш жүзүндө көрсөтөлү, туугандар».
«Жериӊер бейиштин төрүндөй экен, кесиптештерибизге барганда айтам, алар да келип көрүп кетишсин» деген малайзиялык журналисттер ушундай кызыктуу сапарды уюштурган жана 6 кишинин келип-кетүүсүн каржылаган Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султановго ыраазычылык билдиришти. «Кыргызстанга эле эмес, Борбор Азияга биринчи жолу келишибиз. Малайзияга деле кыргыз жери жана кыргыз эли тааныш эмес. Ушундай биз үчүн чоӊ ачылыш менен коштолгон сапарды уюштуруп бергени үчүн рахмат айтабыз»,- дешти алар.

СУНУШТАРЫ:

– Англис тили. Сүйлөшүүдө түшүнүшүү үчүн англисче билүү өтө маанилүү.
– Даараткана. Чет жерден туристтер келсин десеӊер, даараткананы жакшыртуу керек. «Демиӊди токтотуп койгондой кооз көрүнүштүн фонунда Кыргызстандагы дааратканалар тереӊ ойлорго түртүп, мага бир топ сюрприз тартуулады»,- деп жазды кабарчылардын бири интернет баракчасына.
– Тейлөө чабал.

ТАӉ КАЛУУСУ:

– 6 күндө жеген эттүү тамак-аш, нан жана чай бизге 6 айга жетет.
– Кымыз: Биринчи жолу ичип көргөнгөбү, абдан кычкыл сезилди.
– Алтын менен капталган тиштер: Силерде алтын арзанбы же эл байбы?

СУКТАНДЫРГАНЫ:

– Кыргыздардын сулуу келгени;
– Жаратылыштын ажайып кооздугу;
– Кой, уй, жылкынын көптүгү;
– Тоо жана талааларда жапайы мөмө-жемиштердин өскөнү.

"Кыргыздар бир боз үйдүн ичинде кантип батышып жашашкан? Ашканасы, уктоочу жайы, конок тосчу бөлүгү бир боз үйдүн ичинде болгонбу?" деп таӊданып жүрүштү.

"Ысык-Көлдү атына заты жарашкан деп айтуудан алыспыз, анткени бизге биринчи сууга түшкөндө абдан муздак сезилди".

Малайзиялыктарга кыргыздар көп жылмайбаган, сүрөткө түшүүдөн качкан суз калк сезилди. Бирок минтип ойду өзгөрткөн жердештерибиз да болду.

Журналисттер көргөн жерден эле бүркүт жана шумкарлар менен сүрөткө түшүп, "Кыргызстандын алгыр куштары биздикине караганда чоӊураак экен" деп жатышты.

Кыргызстанга биринчи жолу келген малайзиялык журналисттер кызыктуу сапар уюштуруп бергени үчүн элчи Кылычбек Султановго ыраазычылыгын айтышты.

Эльвира Караева
Нургазы Аматов
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(30)
10.08.2015. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
23 жылдан бери туризмди онуктуро албаган мамлекет, буларды качан онуктурмок эле.Ушунча акча алгандан кийин, жок дегенде сервизди жакшыртып койсо болмок.Мындай корунуштор баардык эс алуучу жайларда орун алган.
10.08.2015. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ии бангизат дегени уят эле болуптурго,билип туруп антип айткан кандай адам болду экен тан калыштуу
10.08.2015. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Туалетте бумагасы бар бекен :-Dже куудулдар айткандай чоптон жула кириш керек экенби
10.08.2015. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Chyndygynda uwundai. Keede nemets dostor menen ailanyp jurup kalabyz. Korgon kee bir mekendewteribiz alardy fawist dep atap, adamdy it ele kylywat. Onugoluchu tuugandar. ..
10.08.2015. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Элдин мунозу табияттын кооздугуна дал келбейт экен деп да ойлошсо керек
10.08.2015. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ысык колдогу тейлоочулордун кулагына кумуш сырга.Сервисти ондогула.145 $кунуно деген эмне шумдук Анталья бул жакта калган го?
10.08.2015. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
колго кеткен акчага анталяга барып дем алып келе турган болуп калды нерф коротпой.колдо жумушун билибейт акча алышты эле билишет
10.08.2015. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир жума мурун менда чолпон атага барып келдим. Бизге сунуш кылган комнаталары сийдик сасыйт.жийркеничтуу
gulnara2014 түзөттү 2015-08-10 14:49:16
10.08.2015. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бишкегинерди билбейм анан жайлоодо кайдан туалетке условие ))))
10.08.2015. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда тейлоо сапаты ото начар,адамдарга сылык мамиле кылуу,ойго,тушко кирбес нерсе.
10.08.2015. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
fittoniya,айрыкча ыссык колдо жаш кары дебей ото корс мамиле кылышат экен.супер ошо конок келерин билип алдын ала баарын даярдап койбопсунарда.элчиликти уят кылыпсынар.эми кыйраткансып жамандап жазып жатасынар.куноо силерде да бар.пляжды да бироон 10мунот мурда барып даярдап койсонор болмок.уялып бетинер кызарып жургонунорду элестетип жатам
10.08.2015. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_media, Супер инфо, сураныч, ушул журналисттердин Кыргызстан жонундо жасаган репортаж же документалдуу фильмдерин дагы порталга жуктоп койсонор жакшы болот эле.
10.08.2015. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uulbolsun1996,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
10.08.2015. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyztanga karaganda ispaniada arzan eken 108 evrogo eki kungo zakaz kyldyk .
10.08.2015. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мамлекеттин экономикалык абалын тезиреек которо турган тармак бул туризим болуп саналат. Ошондуктан тиги мейманкана сервизи даараткана топоздонгон кузотчу сыяктуу корунушторду жок кылуубуз керек. Булардын баары биздин билимибиздин маданияттын этиканын жоктугунда. Президентти кайтырып турган кузотчунун орой туркой манкуртук кыялы ото эле уят кылыптыр. Кымбат толонгон Акчасына жараша кызматтык сервиси жоктугу мейманканалардын да алга жылуу эмес маданиятты баалабагандыгы. КЫСКАСЫ уят кылышыптыр..
10.08.2015. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер ошончо конок тоскондон кийин баарын алдын ала айтып деп,даярдасанар болмок.билесинерго бизде шарт жоктугун.уйуно деле конок келсе даярданасынго .элчиликти уят кылыпсынар!ыссык колдун элинин баары эле оздорунчо керсеишет экен.мамилеси корс.туалети аман эле болсун.касиетуу жерди жакшы,таза кармашса болмок.айта берсен соз гоп.
11.08.2015. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
maks1980bishkek, булга супердин тиешеси жокго делегаттар келип жатса ал Кыргызстанга келди да, Кыргыз олкосун коруп тартып кетели деп.
Кыргызстан онугуш учун сен мен дебей БИЗ деп чогу иш кылганда озубузго келебиз, болуно берсек каякка бармак элек!
11.08.2015. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Колдо пансионаттын пляжына барсан дагы туалетине акча толотот экен.толотконго жараша тазалыгын карап койсочу,киргенден чыкканча шашасын.бекер жашап аткансып пансионаттын админдери да ундору аран чыгып жооп беришет укпай калып кайра сурасан козун алайтып карап жооп берет экен айрыкча Рохатт пансионатында.чет мамлекетте болсо тейлоо кызматы сонун да озунду аз убакытка болсо да королева сезип кетесин,чиркин
11.08.2015. 04:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин "тейлоочулорубуз"жакшы соз менен жаман создун айырмасын билбеген,эн эле жонокой болгон созддор менен адамдардын конулун алууга болоорун билбеген "озун ото КРУТОЙ"сезгендер го.
11.08.2015. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ыссык-колдо чындыгында адамдар отто корс копол экен албетте жакпайтда атайын эс алганы келсен оздорун крутой сезишсе!!! болбосо ошол эс алганы баргандардын акчаларына жашап жатышат
11.08.2015. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Колдогу пансионаттарга барганда болмонун чанын бир сыйра суртуп озубуз алып барган шейшептерди салынып жатабыз.Тейлоо сапатынын начардыгы козго даана корунуп турат.
11.08.2015. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чынында колдогу тейлоо, кызмат корсотуу ото начар мен дагы жакында колго барып жакамы кармап келдим,тамактарынын кымбаттыгын айтпа ошого жараша дамдуу болсочу, берген акчанада ыраазы болосунда, переправага чыланган ет жедик, фуу отпой койду.ананда уч кунго тологон акчабызга толук жашабадык жарым кун ерте чыгарып салышты.кыскасы ото начар тейлоо.туристер байкагандай пляжда да зонтикти сатып алып аны орноштургуча чарчап кетет екенсин.бул нерсе ото кейиштуу.
12.08.2015. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Колго барып эмне башынарды оорутасынар
12.08.2015. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ажатканасы сатып кетиптирда
12.08.2015. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чын эле баарын байкашыптыр,туптуура биринчи сервиз керек,бизда Капризде эсалып келдик акчасы аябай кымбат,бирок тейлоо ото начар,мурдун которушот керсейишип,акчаны толодук ошого жараша эсалышыбыз керек,ото начар экинчи барбайбыз Капризге деп келдик.
12.08.2015. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкты экен кантсе да журналист да. Баарын бетке айтыптыр минткиле тигинткиле деп айтыптыр. Чыгып баратып жамандабай. Чынында Ысык-Колдо ошондой экен. 145-195 доллар кунуно деген не деген шумдук. Башка мамлекетте чуркап келип жугун алып кетишет го.
13.08.2015. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
башка олкого барып кыргызстанга келгенде эле аэропорт кызматкерлеринин орой мамилесинен анан инфрастуктуранын начардыгынан олкон учун ыйлагын келет.
14.08.2015. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар жагалданбаган,кошоматтанбаган эл да,анан бирөө келсе эле ырсайып күлө бермек беле?!
14.08.2015. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын биздин туалеттер эми озубузго ко конумуш болуп калган,бир жолу бир франциядан Мишель деген кыз менен Таластын Манас ордосуна барды элек,анан бир кезде туалетке барам деп ,же туалет таппай ал жактан,анан бир уйго суранып киргенбиз,ошондогу кыздын кебетесин коргуло эми,дааратканага кире албай бир топ бушайман болду,айласы кеткенинен эле кирди окшойт,чыгып алып бир окшуду дейсинер,журогу айланып.
16.08.2015. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даа Кг да аэропорт тон башталат керсейуу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо