ПУТИНДИН БАСМА СӨЗ КАТЧЫСЫ МОСКВАДАГЫ БАТИРДЕН ДА КЫМБАТ СААТ ТАГЫНАБЫ?

№666 7-август-13-август, 2015-ж

Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков муз үстүндөгү бийлер боюнча олимпиадалык чемпион Татьяна Навкага 1-августта баш кошту. Алар буга чейин мамилесин жашырып келишкен эле. Кептин баары тойдун эртеси уланды.
Оппозиционер Алексей Навальный Песков үйлөнүү тоюнда тагынып жүргөн сааттан чоң чуу жаратып койду. Анын айтымында, басма сөз катчы үйлөнүү тоюнда тагынган саат Richard Mille RM 52-01 дүйнө жүзү боюнча болгону 30 даана гана чыгарылган. Баасы 37 миллион рублду чапчыйт. Буга катар Навальный Песков тапшырган декларациясына ылайык, бир жылдык кирешеси 9 миллион рублдан бир аз ашканын эске алып, «Песков 4 жылдык кирешесине барабар болгон саатты кайсы каражатына алган?» деп суроо койду. Ал эми Песков cаатты жубайы Татьяна белек кылганын, мындай кымбат сааттарды сатып алууга анын капчыгы жол бербей тургандыгын айткан. Навальный өз кезегинде чиновниктер баасы 3000 рублдан ашкан белек алууга болбой турган мыйзам бар экенин кыйытып, Песковдун бул жообуна интернетте жайылган басма сөз катчынын башка кымбат сааттарды тагынып түшкөн сүрөттөрүн илип, «муну да Навка бергенби?» деп бурчка такады.
Айтор, талкуу жараткан бул окуядан Песков: «Бул биздин жеке ишибиз, ал эч кимди кызыктырбайт»,- деп кутулду. Ал арада бир катар чет элдик ММКлар «путиндик режим» ушуга алып келди деген сыяктуу сындарды жаадырышууда.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(11)
10.08.2015. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кызык эле,такса эмне болуптур.
10.08.2015. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Oceana.,Эмне болмок эле конкретно жеп жатат деген да, биз эле маани бербейбиз хитпи, фитпи иши кылып жеп жатат деп койобуз ))))
10.08.2015. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
демек сааттарга кызыгат озуно жаккан нерсенин кымбаттыгына карабай аласын го ошондой эле болсо керек, тагынса тагыныптыр да тобооо ММКлар да тапбай эле турушат экен да.
10.08.2015. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
37млн рублдук саатты бизнесмен такса жарашат,ал эми мамлекет кызматындагы чиновниктин мындай кымбат баалуу саат тагышы коп нерседен кабар берет...
10.08.2015. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Россия деле бардак мамлекет коррупция биздикинен жаман
10.08.2015. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде эмне иш жазылбасын "эмне болмок эле" деген кайдыгер, туркой суроо салгандар арбын. Эстуу адамдын башына андай суроо келбейт.Эмне болмок эле эмес бул жерде жогорку мам.кызматкер жонундо соз.Мамлекеттин демек элдин эсебинен тагынган деген олутту кечирилгис иш тууралуу соз журуп жатат.Бул деген Путинге да кара коо жапчу соз тушунгон адамга
10.08.2015. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
оой баай бироолор ошончо акчага болгону саат эле тагынат экенда мен андай акчам бар болушун онумдо эмес даже тушумдо да корбогом, жуксун! жуксун! Акчасынан.
13.08.2015. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен налоговыйда иштеген бироону кордум, ото кымбат баалуу сотка которуп алыптыр. Мен: эй алдагы сотканды жашыр элдин акчасынан алган деп ойлоп калышат - дедим.
15.08.2015. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Путин кандай саат тагынат болду экен??
16.08.2015. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Apple Watch Edition 38mm 1'199'000 рубль турат экен. Спрос болгон учун, ушундай баада турат да.
16.08.2015. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Путиндин тагынган сааты Philippe Patek
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо