Омар, ырчы: «ЖАКШЫЛЫГЫМ ДАЛЫМА БЫЧАК БОЛУП САЙЫЛДЫ»

№666 7-август-13-август, 2015-ж

Омар «тергөө иштери аяктаганча эч жакка чыгып кетпейм»деген тил кат менен үй камагына бошотулду. Анын эртеси эле интернет айдыңына Омар жана Нуржанбек Токтогуловдун (ырчы менен чогуу айыпталып жаткан досу) сүйлөшүп жаткан видеосу тарады. Ал видеодон Омар Нуржанга «качпай, алган карызыңды кайтарып бер, мени ортого салып уят кылганы турасыңдеген кептерди айтып жатканын угууга болот. Бул жолу, тилекке каршы, ырчы менен ызы-чуу жараткан ушул окуя тууралуу маектештик.

– Омар, кандайсың, ден соолугуң жакшыбы?
– Рахмат, Кудайга шүгүр, жакшы.
– Өзүңдүн оозуңдан угалычы, Нуржан Токтогулов менен кайдан таанышсың?
– Атам Таластын Бакай-Ата районундагы Ынтымак деген айылынан болот. Нуржан дагы ошол жактан. Мен Бишкекте туулуп-өскөнүм менен, айылда атамдын инисинин классташтары менен жакшы мамиледемин. Нуржан дал ошол атамдын инисинин классташы. Төө буурчакты сатып алган түрктөрдүн ишканасында тааныштарым бар эле, айылдаштарымдын айрымдарын ал жакка жумушка киргизгем. Алардын арасында Нуржан да бар.
– «Нуржан менен жабырлануучунун тууганчылык жайы бар» дешүүдө. Эки туугандын ызы-чуусуна кайдан аралашып калдың?
– Нуржан менен жабырлануучу Болот Бейшеналиев таяке-жээн экен. Өткөн жылы 2-июлда жээни таякесинен төө буурчак алып сатып, акчаны өзүнө коротуп салыптыр, карызынан кутулам десе аба ырайы начар болуп, буурчактар кар астында калып калган. Таякеси «акчаны бер» дегенде, декабрда Нуржан мага чалып, «экөөбүз айылдашпыз, таякемден төө буурчак алып,ал акчага сарай алгам. Сарайды саттым, акчасын бир айдын ичинде казактар беришет. Ошондо берет деп таякемден мен үчүн суранып койчу» деди. Болот байке телефон чалганынан жакшылык кылайын деп «таяке-жээн экенсиздер, күтө турбайсызбы, иниңиз акчаңызды берет» десем, «Омар, сен бул акчаны алдың беле?» деди, «жок»десем, «анда сага чыгармачылык ийгилик, ишиңди кыла бер» деп койгон.
– Ошондо азыр ким калп айтууда?
– Андан көп өтпөй Нуржан «Бишкекке келдим, таякем экөөбүздү чакырып жатат» деп калды. «Ал пенсиядагы подполковник, келип апамды уруп кетти, өлтүрөм деп жатат, түшүндүрүп айтчы, сени угат» деп аябай суранды. Чындыгында, Нуржан үчүн дагы бир жолу сурандым. Көрсө, ал сарай албаптыр, мени жөн эле колдонуп кетиптир. Анысы аз келгенсип Умрага атам экөөбүз барабыз деп топтогон 5 миң долларымды «визаң даяр болгучакты берем»деп сураганынан берген элем. Аны да убагында бербеди. Умрага жалгыз барып келдим. Кийин акчамды алыш үчүн шаардагы үйүнө барсам апасы ыйлап, «Болот мага кол көтөрдү, «балаңды өлтүрүп кетем» деп жатат. Омар, бизге акчалай жардам кылчы»дегенинен, «апа, силер мага 5 миң доллар карызсыңар. Сиздин көз жашыңыз үчүн күзгө чейин күтө турайын» дегем. «Мейли, балам, рахмат» деп айткан. Эми тескерисинче мени айыптап жатат.
– Сага жөн эле жалаа жаап жатышат го?
– Мени жөн жерден эле аралаштырып коюшту. Мага чалып «Омар, буурчакты сен үчүн берип жатам» деген эмес. Нуржан кача баштаганда жазга маал Болот Бейшеналиев мага чалып «жолугалы» деди. Жээнинен акчаны ала албай «Омар, сен келип сурангансың, мен тигил баланын үйүнө барсам, итинен башка эч нерсеси жок экен. Мен акчаны сенден алам» деп айтып кирди. «Байке, эмнеге менден аласыз, сиз төө буурчакты кимге бердиңиз эле, эмнеге мени бул ишке аралаштырып жатасыздар?» деп уруша кеттик. Милицияга арыз жазайын десем, айылдаш байкелерим чалып «туугандар ич ара чечишип алабыз деп жатышат» дегенинен кайрылган эмесмин.
– Сени алгач «күбө болуп бер» деп алып кетишкен турбайбы?
– Сотко арыз жазып, мага чакыруу жиберишкен жок. Концертте ырдап бүткөндөн кийин «сен күбө катары көрсөтмө бер, жарым саатта бошотобуз» деп алып барып камап салды. Эртеси эле сот болуп, «1 айга камакка алынсын» деген чечим чыгарып коюшту.
– Жээнинен өндүрө албаган акчаны сенден өндүрөйүн дептир да?
– Нуржанды коркутушуп, «ишти Омарга оодар, биз сот аркылуу акчаны өндүрүп алабыз» дешкен окшойт. Нуржанга «Омар экөөбүз Болот деген кишини атайын алдайлы деген максатта төө буурчакты алып кеткенбиз» деген көрсөтмө бердирип, жарандык ишти кылмыш ишине, алдамчылыкка которуп салышты. Бирок төө буурчакты ал кишинин колунан мен эмес, Нуржан жүктөп кеткени далил эмеспи. Болот мырза сөзгө чечен, калпты чындай сүйлөгөн киши экен, «адал эмгек менен тапкан акчамды Омар жеп койду» дейт. Ал кишиге акчаны кимден болсо да өндүрүп алыш керек болуп жатат окшойт.
– Соттун чечими боюнча Таластан чыкпашың керек да, ээ?
– Бир ай Таластан чыкпайм, тергөөчүнүн уруксаты менен зарыл учурда Бишкекке бара алам. Ал чакырган учурда дароо барышым керек. Таласта жүрөктү текшере турган аппарат жок. Ошого «Бишкекке барып текшерүүдөн өтүп келели» деген арыз жаздым, алар макулдугун беришти. Мен ачыкка чыгаргым келчү эмес, жүрөгүм ооругандыктан кардиология бөлүмүндө каттоодо турам. Февралда эле дарыланып чыккан болчумун. Адилетсиздиктен улам эмоцияга алдырып күч келди окшойт, түн ичинде жүрөгүм кармап ооруканага түшүп калдым. Мен го мейли, апамдын да жүрөгү оорулуу, аны ойлоп жатам.
– Сен үй камагына чыккандан кийин интернетке Нуржан менен сүйлөшүп жаткандагы видео тарады. Бул видеону эмнеге сотто далил кылбадыңар?
– Нуржан качып жүргөндө «Болот байке аны сотко бергени жатыптыр» деп угуп калгам. Ошондо Нуржан мага чалган, жанымда менеджерим Миргүл Эсеналиева бар эле. «Микуся, менин сүйлөшкөнүмдү тартып коёлу, качып жүрсө сатып кетип жүрбөсүн» деп жүрөк сезгендей тартып алган экенбиз. Ал эми кеч таркатылганы – тергөө иштери бүтүп, шаардан ноутбук алынып келгичекти ушул убакыт болду. Ызаланып , ыйлагым келет. Ойлосоңор, акча үчүн кашыктап чогулткан аброюмду эл алдында төкмөк белем? Менин айдап жүргөн унаам 20 миң доллар турат. Аны сатып болсо да кутулмакмын. Ырчылар «1000 доллардан чогултуп берели» дешти. Мен эч нерсени албасам эмнеге төлөшүм керек? Адилеттүүлүк болсун деп көгөрүп жатам.
– Бул иштен өзүңө кандай сабак алдың?
– Жакшылыгың жонуңа бычак болуп сайылышы мүмкүн экенин түшүндүм. Ден соолугума доо кетип калды, муну тагдырыма жазылган буйрук деп билем. Бул сыноодо менин чыныгы досторум ким, туугандарымдын кимиси мага күйөрү билинди. Мен дайыма интервьюларымда «маданият кызматкери коомдун күзгүсү. Элди жакшы жакка тарбиялап, жаштарга үлгү болуш керек» дечүмүн. Эми мындан кийин кандай маек берем, билбейм. Коомчулукта кандай ой-пикирлер болуп жатат, аны айта албайм.

Мадымаров Орозбек, Омардын жактоочусу: «ОМАРДЫН КОЛУНА КИШЕН САЛЫП, КАМАП МЫЙЗАМДЫ БУЗУШКАН»
– Омар учурда Талас облустук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылды. Тергөө иштери аяктаганча облустун аймагынан чыкпайт. Биздин чогултуп жаткан материалдардын жыйынтыгы боюнча Омарда күнөө жок. Анткени жабырлануучу төө буурчакты Омарга эмес, Нуржанбек Токтогуловго бергем деп жатат. Омарга төө буурчак берилгендиги тууралуу эч кандай далил жок, алды деген тил кат да, күбө да жок. Негизи, Нуржандын үстүнөн апрель айында иш козголгон экен. Анан жок жерден эле 27-июлда Омардын колуна кишен салынып, камалып, мыйзам бузулуп жатпайбы. Эгерде сотко чакырганда келбей койсо, качып жүрсө, анда ушундай жолго барса болот эле.

Замира Рахманбердиева
koom@super.kg


"Эл сени алдамчы катары карап турса, андайда ырдоонун кереги барбы?" дейт Омар

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(184)
SUPER.KG видео
09.09.2015. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
В последнее время ты и не пел особо....Раз не виноват,то докажи свою не виновность...а то надоели твои друзья..Омар не такой, он хороший человек, он верующий...намаз читает...ну и что то человек хороший и намаз читает ????зачем прикрываться этим ?? Сделал бедное личико и всё что ли ??? Скажи людям правду...что обманул людей ради наживы..ради денег !!!!
SUPER.KG видео
09.09.2015. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
куноосу болсо отурсун эмне атристтер ,чондор адам эмеспи экен жооп бериши керек .
SUPER.KG видео
09.09.2015. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Койсонор боло
Медиа-портал
09.09.2015. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суттон акмын дейт го бир кудай билет ким кандай экенин.
SUPER.KG видео
09.09.2015. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Косягы бар да ошол учун болгондур. Жон эле андай болбойт. Однакласснике атайын видеосун киргизген кордум негедир чындыкка жатпайт. Ошончо акчаны 1 жыл кутуунун себеби барбы??? Жон гана популярность бар ошол учун кообу андай эмес деп коргошот. Эгер жонокой адам болсо омур бою камап салмак
Медиа-портал
09.09.2015. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Омар ар ким ар кандай ойлошу мумкун алардын ар бирине конул бурсан жинди болуп кетесин.Андан коро алдыга гана умтула бер, Биз сени менен!!! Ушул окуядан кийин буйруса жанында чыныгы досторун, алдында чыныгы куйормандарын гана калат.Мен сени чындап баалайм, сабырдуулугуна сабыр берсин.Озун айткандай кудай буйруса баары жакшы болот.
SUPER.KG видео
09.09.2015. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Еми Омар ырларында фа менен соль деген ноталар менен ырдайбайт дейби!!!
SUPER.KG видео
09.09.2015. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр теректин башы шамал болбосо деле кыймылдап калган, албетте оз оозуна ээ боло албаган
адамдар кыймылдатат. Эгер Омар силере жакпаса укпагыла, корбогуло, Ким силерди кыйнап жатат. "Ырдабай эле кой " дер ага акыл айтканга акынар да жок, озу билет эмне кылышты. Уга турган , коро турган куйормандары толтура, аман болсо, тынчылык болсо Омар байке багындырчу ийгиликтер буйруса али алдыда. Силерге да Кудайым Омар байкенин ыйманындай таза, кучтуу ыйман берсин.
Медиа-портал
09.09.2015. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карарган тундун артында, агарган тан баар деген соз бар эмеспи, баары жакшы болот буюрса!
Медиа-портал
10.09.2015. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
биз сиз менен Омар баары жакшы болот иншаллах
Медиа-портал
10.09.2015. 03:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ак ийилет бирок сынбайт деген сөз эң туура.Жакшы күндөр алдыда Омар. Бирөөгө көр казган адам албетте убагы келгенде өзү түшкөнүн сезбей калат.Кыргызымдын сендей ыймандуу,достойный эр азамат жигиттери көбөйсүн.Ылайым жакшы күндөрүң алдыда болсун!
SUPER.KG видео
10.09.2015. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омар алга котор башынды чокпо баары жакшы болот мен сага ишенем
SUPER.KG видео
10.09.2015. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ме сага деп уйлонуп салчы баары корушсун
SUPER.KG видео
11.09.2015. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла ыразы болсун! Мен деле ишенген эмесмин и ишенбейм! Рахмат азаматсын алладан эч качан умут узбо! Жамандын аркасынан Ар дайым жакшылык бар! Аллахым озу колдосун! Сага ден солук ишине ийгилик болсун! Куда каласа бары жакшы болуп дагы деле ата энен сыймыктанган даражага жетесин!
Медиа-портал
11.09.2015. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырчыбы, чоорчубу кылган иши учун жооп бериш керек!!! Калп эле журогу ооруп, больницага жатып албай!!!
SUPER.KG видео
11.09.2015. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чынын айтсам ушул ырчынын маектерин, интервьюларын кайра-кайра коргум келе берет. Ар созундо Аллахты эскерип, таалим-тарбиялык мааниси бар ушунчалык маанилуу, грамотный суйлойт. Карап отуруп Омар байкеден уйрончу нерселер коп экенин байкадым. Анан кантип ушундай адамды жаман деп, ал ж-до жаман ойлоп жатасынар.Журогунор такыр эле муз болуп катып калган го... Кудайым баарыбыз сабр ж-а коооп ыйман берсин. Аллах бизди ар кандай жаман иштерден сактасын.
SUPER.KG видео
12.09.2015. 05:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омар азамат!Оор басырыктуу,токтоо, жонокой муноздору жагат. А бул болсо жакшыы ойлонулуп пландалып жасалган подстава деп ойлойм.
Медиа-портал
13.09.2015. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омар брат ушул болгон окуя жонундо ыр жазып ырдап жиберсен боло, кичине женилдей тушосун.
SUPER.KG видео
13.09.2015. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким кунолуу экенин бир алла билет бир озу билет
Медиа-портал
13.09.2015. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омар Бул Аллахтын Бир сыносу Ишине Ийгилик калайм!!! Ардайым алга Биз сени менен!!!
Медиа-портал
13.09.2015. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эххх!!!! Киминер шам кармап турдунар эле Омар фасоль алып жатканда. Тилинерди эки тишинердин ортосуна кымчып куто тургула. Жаман болсо озу бетине кармап жаткан кудайдын алдында алар жазасын алат. Жакшы болсо аны да коро жатаарбыз.
AyPeKa түзөттү 2015-09-14 00:03:16
SUPER.KG видео
14.09.2015. 07:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Иииий жаным десе, сенин эмес менин дагы журогум ооруду. Эр жигиттин башына нелер келип кетпейт. Озун айткандай бул сага чооон сабак болду.Жашоо деген адамды бир колу башынан сыласа, бир колу менен далыга чаап турат тура. Жашоо бул эрежесиз окуткан мугалим, андан алган сабагын сени кучтуу жана сабырдуу кыларын унутпа. Сенин талантынды сыйлаган адамдар абдан коп, андыктан башынды бийик которуп ырларынды элине арноодон талыкпа. Ийгилик сага ОМАР!!!!
Медиа-портал
14.09.2015. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tux, жөнү жок башка тилдеги сөздөрдү жазууга тыюу салынган! Билдирүүңүз өчүрүлдү!
SUPER.KG видео
14.09.2015. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суперчилер ушул видеону гезитиниздердин кайсы санында жарыялагансынар ээч эле таппадым же макала видео турундо элеби?
Медиа-портал
17.09.2015. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омар сен ишенчек, элдин баарын озундой ойлогон адам турбайсынбы. Сага ишенебиз. Дайым колдойбуз.
Медиа-портал
27.09.2015. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ак ийилет бирок сынбайт, Омар эл сени менен
Медиа-портал
04.10.2015. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
буурчактын акчасын табыш учун ырдаш керек башка иш билбесе емне кылсын
Медиа-портал
04.10.2015. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
омар аралашканбы же кунолу меспи бул сот чечет бирок деген соз бар емнеге жылдызга дак тушсо даро еле ал жакшы сонун боорукер ыймандуу боло тушот, егерде анын ордуна сен же досун же саседин болсо коз карашын даро озгорулот, мисалы ачкоз тез акчалуу болом деп же бул бизнести билбесе мне аралашат же елди алдабаганда бундай болбойт еле деп ошол учун камалды дейт еле омардан башка адам болгондо. озу омарды алдап кеткен адамга тан калыш керек жоош танышы жок ичким билбеген,ичким таныбаган жылдыз да
Медиа-портал
04.10.2015. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошол учун алдап кетти. озу омардын ырлары анча мынчасы мага жагат билем кыргызстандын ишенген артисти болуп саналат егерде ыймандын,бийликтин, елдин астында ак болсон сага ийгилик ак жол ел артисти деген наамга татыкту бол . бул коз караш азыркы никке тиешеси жок(raia)дегенге бул менин оз оюм туура кабыл аласынар деп ойлойм
09.10.2015. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
omar ixenem caha
1
2
3
4
5
6
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо