№666 7-август-13-август, 2015-ж
Жогорку сот Чүй облустук сотунун судьясынын өрт чыккан кабинетинен МАРОДЁРЧУЛУК боюнча кылмыш ишинин материалдары уурдалганын тастыктады.
Ошто 30 миң сом пара алып жаткан жеринен Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын Ош шаарындагы башкармалыгынын башчысы ГАЛМАМАТ АНАПИЯЕВ кармалгандыгы тууралуу кабарланды. Ал кылмыш дүйнөсүнүн лидерлеринин бири маркум Алманбет Анапияевдин бир тууган агасы.
«БИЛАЙН» уюлдук операторунун башкы директору Олег Клочко жол кырсыгына байланыштуу кармалып, тергөө жүрүп жатканынан улам кызматынан убактылуу четтетилди.
АКШнын Сенаты 5-август күнү аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси кылып ШЕЙЛА ГУОЛТНИНИ бекитти. Учурда бул кызматты Ричард Майлз убактылуу аркалап жатат.Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |