№666 7-август-13-август, 2015-ж
Белгилүү композитор Түгөлбай Казаковдун «Жамгыр төктү» чыгармасы менен 2012-жылы Түркияда өткөн «Евразия жылдызы» аттуу эл аралык музыкалык биринчи сынактын жеңүүчүсү, алтын үндүү эстрада жылдызы Гүлжигит Калыков «Кыргызстан» саясий партиясынын катарын толуктаганы белгилүү болду.
Гүлжигит учурда партиялык билетин колуна алып кубанып турган кези. «Чоң саясатка баш-отум менен кирбесем да, жаратмандык сапаты менен өлкө экономикасын көтөрүүгө опол тоодой салым кошуп келе жаткан ага-эжелеримдин катарына кошулууну туура көрдүм»,- дейт ырчы. Гүлжигитке ийгилик каалайбыз!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |