Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ…

№667 14-август-20-август, 2015-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

Бир күнү ушул оюн ортого салды.
– Адел, доктурга барып көрүнүп келбейлиби?
– Эмнеге?
– Эми, балалуу болсок жакшы эмеспи?
Аделдин көздөрү чоӊоё түштү. Ал азыр абалдын мындан ары өзгөрүп кетишине таптакыр даяр эмес эле.
– Жок, мен барбайм, ден соолугум жайында эле,- деп жиберди шашыла.
– Эмнеге көӊүлүӊ ачылбайт? Асмандагы айды алып бер десеӊ да алып берет элем, чет өлкөгө барып эс алып келели десем да жок деп койдуӊ. Айтчы, деги сенин жадырап жүрүшүӊ үчүн эмне кылышым керек?
Адел оор улутунуп койду. Эмне дейт? Бул дил азабы экенин, көӊүлү жок экенин кантип түшүндүрөт? Бир чети көзүнүн агы менен теӊ айланып жатканы үчүн Карыпбекке да боору ооруп кетет. Кантсин, бечара, «эмне жейсиӊ, эмне ичесиӊ?» деп эле турат. Башын көтөрүп эмне дээрин билбей, Карыпбекти тиктеп туруп калды. Карыпбек келиндин көзүнөн өөп койду.
– Антип карабай жүрчү.
– Эмнеге?
– Өзүмдү акмак сезип кетем ушул көз карашыӊдан.
Ушул сөз менен дилиндеги нерсени айтып алды.
Жашоо өз нугу менен өтүп жатты. Аделге эми биринчи күндөрдөгүдөй оор болбой калды. Күйөөсүн берилип сүйбөсө да, боору ооручу. «Сүйбөсөм да, жок дегенде аялдык милдетимди толук аткарайын» деп үйдө үй кызматчысы болгонуна карабай күйөөсү менен Айкөлгө өзү тамак жасап берчү. Кичинесинен жумушка бышкан ал тынч отура алчу эмес. Бакчаны да өз колуна алып, ага чанда жолукчу гүлдөрдү эгип, өзүнө-өзү иш таап алса кубанар эле. Тилегени эле Айкөл байкесинин бул үйдөн кетип калбашы. Кичинесинен чогуу өскөнү үчүнбү, кадимкидей аны дем кылып, ага-карындаш катары эркелеп алар эле.
Бир күнү оор улутунуп алды.
– Айкөл байке, кайсы бир күнү бул үйдөн кетесиз да, ээ?
Жигит бул суроону күтпөсө керек, шашып кетти.
– Эмне болду?
– Сиз жок мен эмне кылар экем? Мага аябай оор, жок дегенде сиз менен сүйлөшүп алаксып калам. Кайсы бир күнү кетип калышыӊызды ойлогондо аябай коркуп кетем. Жашоо ушундай эмеспи, баары биз каалагандай болбойт тура.
– Ой, биздин кичинекей Адел чоӊ адамдай сүйлөп калган го,- деди Айкөл тамашага бурмакка.
– Эми чоӊойбогондо эмне кылам? Турмуш мени тез чоӊойтуп койду.
– Эк, сени десе... Эч нерсеге капа болбо, мен сени эч качан таштап кетпейм.
– Кантип эле, эртеӊ үйлөнөсүз, өз уяӊызды курганга аракет кыласыз. Билесизби, бир жылы биздин үйгө чабалекейлер уялаган болчу. Эки балапан чыгарышкан. Сиз экөөбүз аларды тиктеп отура берчүбүз.
– Эсимде...
– Мына ошол чабалекейлердей өз уябыз болот экен. Мен өз уямды тапканым менен, баары бир бул жерде чоочунмун. Таякеӊиз балалуу болсок эле баары ордуна келет деп ойлойт, бирок мен...
– Болду эми, тентек кыз. Мен сага айтпадымбы, сени жалгыз таштап эч кайда кетпейм. Жок, сенде баары жакшы болмоюнча, Адел мурункудай бактылуу жадырап-жайнамайынча эч жакка кетпейм.
– Сөз бересизби?
– Сөз берем!
Мурдунан чымчып эркелетип койгон Айкөл артынан Карыпбектин жөтөлгөнүн угуп селт чочуду.
– Кандайсыӊар, сен эрте келдиӊби, Айкөл?
– Ооба, таяке, бүгүн кеӊседе көп деле иш болбоду.
– Иш аз десеӊ мен сага чоӊ тапшырма берет элем.
Карыпбек кызганып кеткенин билдирбегенге аракет кыла калп күлүмүш болуп калды. Башынан эле Аделге чымын конушун каалабаган неме ушул окуядан кийин экөөнүн сүйлөшүп калганын көргөндө кызганычтан ордун таппай кетчү болду. Канчалык жашыргысы келип, бул ойду өзүнө жууткусу келбегени менен, ичтен жеген кызганыч аны ар
кандай ойлорго түрткүлөчү. Бирок канчалык экөөнүн мамилесин аӊдып, кыраакылык менен байкаса да, экөөндө ага-карындаштан башка жылуу сезимди көрө албады.
Ансайын өзүнө-өзү жини келип кетет. «Карыганда мени Кудай урду го. Өзүмдүн жээнимден кызганып» деп күбүрөнүп калчу. Экөөнүн мамилесинде эч кандай ыпылас нерсе жок экенине көзү жеткенден кийин аларды жайына койду. Ал тургай Аделди Айкөлгө ишенип тапшырып кете турган. Айкөл болсо канчалык аракет кылса да, бул үйдөн чыгып кете албады.
Окурман, ушул жерден бир чоӊ сырды ачып койбосок, сизге да түшүнүксүз болуп калчудай. Айкөл кичине кезинен баштап эле Аделди балалык махабаты менен сүйчү. Күнөөсүз достуктан, таза балалык сезимден жаралган нерсе чоӊ сүйүүгө айланып кетерин ал кезде эч ким билбесе керек. Өз сезимин жеткире түшүнө албай, ал тургай аны жан адамга айткандан коркуп жүргөн маалда колунан жулдуруп ийгендей болду. Аделге болгон сезимин эрте айтпаганына, өз колу менен картаӊ таякесине түрткөнү үчүн кандай гана азап тартпады. Кир кол менен кармагыс асыл адамына башка адам ээлик кылып алганына жаны катуу сыздап жүрдү. Бирок көкүрөктө бугуп жаткан махабатын акылдын, эрктин күчү менен басып, өзүнөн башка эч бир жанга шек алдырбады. Атүгүл Адел дагы анын сезими тууралуу билчү эмес. Болгону бир гана адам бул жөнүндө шектенип калган.
Аделдин таякесинин аялы болгонун укканда өӊдөн кеткен Айкөл чарбакты көздөй баскан. Ичи эӊшерилип, биринчи жолу эркек башы менен ыйлаган эле. Ошол учурда аны Турсун апа көрүп калган. Мурунтан эле кызын көргөндө Айкөлдүн кабагы жарк эте түшкөнүн байкаган ал жигитте тымызын сезим бар экенин билген. «Аттиӊ, Аделимдин кадырына жете турган жашташ, кадырлаш жар болмок экен» деп ичинен сызып калганы бар. Бирок болор иш болгондуктан ал дагы бул сырды көкүрөккө катканга аргасыз болгон эле.
Ортодон жылдар өтүп жатты. Башында секелек кыздай болгон Адел эми баралына келип, керилген келин болду. Дене-мүчөсү да келишип, бою өсүп, көздүн сугу түшө турган жан болду. Көздөрү сырдуу балбылдап, ак саргыл өӊүнө капкара чачтары куп жарашып, көчөдө басканда көптөрдү карата турган көркөм жан эле. Айкөл окуусун бүтүп жеке юридикалык компания ачып, башы менен карьерасына киришкендей. Бирок дагы деле таякесинин үйүнөн кетип кала албай, Аделди кыя албай жүрдү. Үмүт деле кылбайт, болгону күндө ушул жандын үнүн угуп, жүзүн көрүп турганына ыраазы. Андан аркысын таптакыр ойлогусу келчү эмес. Карыпбек анын кете албай жүргөнүн өзүнө байланыштырып, менин беделим, кадыр-баркым менен дагы да болсо ишин илгерилетип алмакка, чогуу иштеп тажрыйба топтогонго аракет кылып жатат деген ой менен жүрдү. Айтор, үч адам теӊ өзүн-өзү алдоо менен жашап жүрүштү. Карыпбектин бирден-бир кыялы – балалуу болуу эле. Эчен жолу Аделди доктурга текшертсе да, баары жайында экенин айтышкан. Андыктан өзү текшериле баштады.
– Карыпбек Абышевич, сиз менен ачык сүйлөшүү керек деп ойлойм. Бүгүн бардык сурооӊузга жооп аласыз,- деди дарыгер.
– Айта бергиле, мен баарын укканга даярмын.
– Биздин клиника эӊ мыкты жана тажрыйбалуу экенин билесиз да. Сиздин ден соолугуӊузду кылдат текшерип чыктык. Ачык айтууга аргасызбыз, сиз балалуу боло
албайсыз.
– Кандайча?
– Муну бир нерсенин таасиринен деп айта албайм, балким, жашыӊыз өйдөлөп калгандыктанбы же башка себеби барбы, билбейбиз. Күйөө катары милдетиӊизди аткарганыӊыз менен, сизде балалуу болуу мүмкүнчүлүгү аз же дээрлик жок десек болот. Эгерде башка жерден текшерилип көрөм десеӊиз өз эркиӊиз.
Карыпбек бул сөздөрдөн денеси ичиркене түшүп, кабинеттен шарт чыгып кеткенге аргасыз болду...

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Башка сандарда:
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 661-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 662-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 663-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 664-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 665-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 666-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 668-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 669-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 670-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 671-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 672-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 673-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 674-сан
Комментарийлер(16)
17.08.2015. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызга боорум ооруп кетти(((.
17.08.2015. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карыпбек менен ажырашып, Айколго тиеби?
17.08.2015. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ошондой окшойт...
17.08.2015. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оа айколго тиет
17.08.2015. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоо ар нерсе кылып сынайт
17.08.2015. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уф дагы бир жума
17.08.2015. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурдагы санын кантип окусам болот экен ким билет жардамдашып койгулачы.рахмат
17.08.2015. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nur1975
жан дүйнө рубрикасына кирсеңиз мурункуларын окуй аласыз.
17.08.2015. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Запретная любовь деген турк сценарийине окшоп кетет экен.
18.08.2015. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми тиги кыз Айкол менен мамиле тузуп,анан бул Карыпбектин баласы дебесе болду эми...
18.08.2015. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болгон серияларын кантип окуса болот, же болбойбу
20.08.2015. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башынан окубаганыма тушунбойт башын кантип окусам болот айтып койгулачы
20.08.2015. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tima1986, KENEWBEK88,
Саламатсыздарбы! http://www.super.kg/allsearch/?where_to_search=article&search_term=МЕНИ+БАКЫТ+АРАЛЫНАН+ИЗДЕБЕ...&x=0&y=0&media_search=1 ушул шилтеме менен кирип окусаңыздар болот.
21.08.2015. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KENEWBEK88,
Саламатсызбы! Макаланын астында баштагы сериялары көрсөтүлдү. Ошол жерден окуй берсеңиз болот.
Модератор admin_media түзөттү 2015-08-21 17:26:45
21.08.2015. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтауу админ бир жумалык тв передажаларды да гезитиниздерден окуп калам бирок эмнеге сайтта жок? бул суроомду башка болумго жазганым учун кечирим сурайм
.
22.08.2015. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
BAYAW-KG, саламатсызбы!
Сайтка ТВ-программа жарыяланбайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо