ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

№667 14-август-20-август, 2015-ж

КЕСИП ЖААТЫНДА
Копирайтер (copywriter)
– англис тилинен которсок «copy» – кол жазма жана текст, «write» – жазуу дегенди түшүндүрөт. Бул жарнама жана презентация тексттерин жазуу боюнча адистештирилген копирайтинг ишмердиги менен алектенген адам. Башкача айтканда, кайсы бир товарды, адамды, компанияны популярдуу кылуу максатында айтылган же жазылган тексттерди копирайтинг дейбиз. Ал эми андай тексттерди ойлоп тапкан, копирайтинг менен алектенген адамды копирайтер деп аташат. Бирок мезгил өткөн сайын интернет ааламы кеӊейип, копирайтерлер бир аз башка өӊүттө да иш алып бара башташты. Тактап айтканда, учурдагы копирайтерлердин көпчүлүгү кызыктуу мазмундагы тексттерди жазып, аны ар кандай интернет сайттарына сатышат. Кыскасы, сен кызыктуу текст жазсаӊ, эгер ал текстти сенден сатып алышса, демек, сен копирайтерсиӊ.

ЖАӉЫ ТЕХНОЛОГИЯДА
Гоупро (GоPro)
– бул «GoPro, Inc.» компаниясына таандык соода маркасы. Бул логотиптин алдында активдүү спорт жана күнүмдүк жашоону тасмага түшүрүүгө ылайыкталган экшн-камера жана ага керектелүүчү каражаттар чыгарылат. Сиз да көрүп калсаӊыз керек, мотоцикл айдаган байкерлердин же велосипед сүйүүчүлөрдүн башына кийилүүчү каскасында кичинекей камера турат. Мына ушул камералар соода маркасынын аталышы менен гоупро деп аталат. Учурда гоупро тасма тартууну мыкты билген адистер арасында же жөн эле өз жашоосун ар кандай ракурстан тартканды жакшы көргөн катардагы адамдардын арасында абдан популярдуу. Баса, бул кичинекей камераларды жаныбарга да чаптап коюп, алардын жашоосуна көз салуу үчүн пайдаланып келишет.

АШКАНАДА
Смузи
– бул быйылкы жайда популярдуу болуп жаткан коюу суусундук. Англис тилинен которгондо «smooth» – жумшак, жылмакай, жагымдуу деген маанини берет. Миксер же блендер менен сабиз, малина өӊдүү жемиштерди сүткө же ширелерге кошуу менен жасалат. Адатта смузи вегетариан ашканасында көп колдонулат. Дени сак жашоо образын жүргүзгөн адамдар, ошол эле спортчулар арасында смузи эӊ керектүү суусундуктардын бири.
1930-жылдары смузи алгач Калифорния штатында сатыла баштап, 2000-жылдарда гана эл арасында бул суусундук көп ичиле баштаган. Смузини алгач ким ойлоп тапканы белгисиз. Айрымдар Тынч океанда сёрфинг спорту менен алектенген адамдар биринчи болуп смузи ичип башташкан деп айтышат.

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
17.08.2015. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
заманбап создор кобойуп кетти го...
18.08.2015. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Укмушго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо