Нэна, ырчы: «МЕНИ УШУЛ ЭРКЕК МҮНӨЗ КЫЗДЫ КИМ АЛСЫН ДЕП АЙТЫШЧУ»

№667 14-август-20-август, 2015-ж

Шоу-бизнесте айланадагыларын күлкүсү менен шаӊга бөлөгөн эркек мүнөз кыз бар. Айрымдар бул ырчы айымдын мүнөзүн гана эмес, чач жасалгасын да мырзалардыкына салыштырып калышат. Көптөгөн кароо-сынактардын катышуучусу Нэна эки баласын тарбиялап, үйдө энелик милдетин аткарып жүргөн эле. Эми балдары чоӊоюп, жакында Түркиянын Денизли шаарында өтө турган «Түркчөвизион» сынак-фестивалына катышууга даярдык көрүп жатканын айтат.

– Нэна, куш келипсиӊ! Адатта турмушка чыккан ырчы кыздардын чыгармачылыгы солгундап же, тескерисинче, активдүү иштей баштайт, сен өзүӊдү кайсы топко кошосуӊ?
– Саламатсыздарбы? Мен деле эл катары турмушка чыккандан кийин жаӊы ырларды жаздырып, клиптерди тарттырып иштеп жаттым. Анткени жолдошум, кайын журтум баары мени колдоп турушту. Болгону балдар менен алаксып калдым окшойт. Өмүрлүк жарым Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматында иштейт. Анын жумушуна байланыштуу Ошко которулуп, ошол жакта көбүрөөк жашап калдык. Быйыл май айында Ошто жеке концертимди бердим. Турмушка чыккандан кийин чыгармачылыкта активдүү иштедим деп айта албайм, бирок солгундап деле калган жок, орто жолдо жүрдүм го дейм.
– Жакында Кыргызстандын атынан «Түркчөвизион» сынагына катышарыӊды угуп калдык?
– Ооба, буюрса, бул сынак сентябрь айында болот. Ага 27 мамлекеттин өкүлдөрү катышат экен. Мага «Манас FM» радиосунан чалып сунушташты, 10 талапкердин арасынан мени тандап алышыптыр. Учурда аталган сынакка кызуу даярдык көрүп жаткан кезим. Биздин ырчылар белгилүү болгондон кийин сынак-фестивалдарга катышат эмеспи, а мен, тескерисинче, ырчылык карьерамды сынактарга катышуу менен баштагам. Алгач Башкортостанда өткөн «Урал моно» деген музыкалык фестивалга, андан кийин «Славян базары» сынагына катышып таанылдым десем болот. Билинбей эле чыгармачылык менен алпурушуп жүргөнүмө эмки жылы 10 жыл болот экен.
– Биз сени "кыска чачтуу Нэна" деп тааныйбыз, имиджиӊ дагы деле өзгөрбөптүр…
– Ооба, мени көпчүлүк чачымдан таанышат. Башында чачым узун, тиземден ылдый болчу.
Ырчы катары тааныла баштаганымда продюсерим Назира Раимкулованын сунушу менен кыска кылып кырктырып, сары түскө боётуп салгам. Андан кийин өстүрүп көрдүм, бирок көнө албай, кайра эле кыска чачты тандадым.
– «Мен сенден сүйүү күтөм» деген ырыӊды көп жерден угам. Ыр жөн жерден жаралбаса керек, айтсаӊ, ошол учурда сүйүү күтүп жүрдүӊ беле?
– Буюрса, «Түркчөвизион» сынагында ушул чыгармамды аткарайын деп жатам. Бул чыгарма ак жолтой болду. Дал ушул ырды аткаргандан кийин жолдошум Майрамбекти жолуктурдум, ал дагы ушул ырымды жакшы көрөт.
Мени "ушул эркек мүнөз кызды ким алсын?" деп айтышчу. Бирок турмуштан ордумду таптым, учурда бактылуумун. Жолдошум менин күйөрманым. Экөөбүз баш кошо элек кезде кафеде ырдачумун. Ал ошол жерге күнүгө келип, ырларымды угуп кетчү. Кесиптештери жалаӊ улуу курактагы адамдар болгондуктан Майрамбекти үй-бүлөлүү болсо керек деп ойлогом. Таанышкандан кийин бойдок экенин билдим. Турмуш курганыбызга 4 жылдай болуп калды, ортобузда Санкара жана Айбек деген балдарыбыз бар. Балдарымдын экөөсү теӊ мага жакын, анткени атасы эртеӊ менен жумушка кетип, кечинде балдар уктаганда келет. Кээде аны көрбөй деле калышат. Мени атасынан кадимкидей кызганышат, аны түртүп мага жолотпой коймой адаттары бар.
– Учурда кыргыз эстрадасында жаӊычылдык алып келген аткаруучу жоктой, жаӊы агым келиш үчүн эмне кылыш керек?
– Эстрадага жарк этип ырдап чыгыш үчүн стереотиптерди бузуш керек. Ал эми бизде баары менталитет, каада-салтка байланып калган. Кыска кийинсеӊ «кокуй, шерменде!» деген сөз угасыӊ, анан ким өзгөчөлөнгүсү келсин? Биринчиден, элдин маданий түшүнүгүн кеӊейтип, искусство деген эмне экенин жеткириш керек. Азыр концертке келе турган эл жок, эс алуу күндөрү театрга, балетке баргандар чанда гана кездешсе керек. Тойго барсаӊ да «мени таӊ калтырчы» деп тиктеп турган көз карашты байкайсыӊ. Элге шоу керек болуп жатат. Шоуну уюштуруш үчүн аз эмес акча керек. Аны той ээлери төлөп бере алабы? Албетте, алардын капчыгы жол бербейт.
– «Стереотиптерди бузуш керек» деп калдыӊ, ошол нерсени өзүӊ бузганга даярсыӊбы?
– Мындан 5 жыл мурун ошол нерсени бузганга даяр болуп чыгармачылыкка аттангам. Бирок кийинчерээк мындан ары ырдап жүрө беремби, турмушка чыкпай каламбы деген коркунуч болгон. Жыйынтыгында экөөнү теӊ тандадым. Көрсө, экөөнү бирдей алып кетсе болот экен. Азыр үй-бүлөлүү айыммын, балдарым бар, стереотиптерди бузган күндө деле мага ал нерсе жарашпай калат.
– Өзүӊ чоӊоюп-өскөн кичинекей "мамлекетиӊ" тууралуу айтып өтсөӊ...
– Атам айдоочу, апам үй кожойкеси. Үй-бүлөдө 4 бир тууганмын, эки агам жана сиӊдим бар. Мендеги ырчылык талант атам тараптан өткөн. Ал ырдайт, түрдүү аспаптарда ойнойт. Улуу агам музыкант, мектепте музыка мугалими. Үй-бүлөдөн улуу байкемди композитор же мыкты артист болот деп ойлошчу, кокусунан эле мен ырчы болуп калганымда баары таӊ калышкан. Чыгармачылыкты 16 жашымда баштагам, бирок ата-энем "убактылуу кызыгуу болсо керек" деп көӊүл бөлүшчү эмес.
2008-жылы «Славян базары» сынагына катышып жүргөнүмдө ата-энем Владивостокто иштешчү. Менин ырдаганымды алгачкы жолу ошол сынактан көрүп, экөө теӊ шолоктоп ыйлашыптыр. Апам ыйлап жатып «кызым эмне кийип алыптыр?» деп атамдан сураптыр. Ошону айтып азыркыга чейин күлөбүз, сыналгыдан көрүп жатып кийимиме деле көӊүл бурбай калган окшойт да. Ошондон кийин ырчылык менен олуттуу алектенип жатканыма көздөрү жеткен.
– «Шоу-бизнес өтө катаал нерсе, каалашынча калчайт» дешет, сен анын кандай сыноолоруна чыдадыӊ?
– Чынында эле ошондой, өзүм жөнүндө оюма келбеген ушактарды уктум, жасалма адамдарды көрдүм. Алгач ырчылыкка кадам таштаганда аябай кыйналгам. Ошон үчүн да балдарымдын ырчы болушун каалабайм. Бирок эки уулум теӊ музыкага жакын, экөө теӊ музыканын коштоосунда укташат.
Чыгармачылык курмандыкты талап кылат. Эсимде, «Урал моно» фестивалына катышардын алдында тууганыбыз каза болуп, анын акыркы сапарга узатуу зыйнатынан келе жатып жолдо автокырсыкка учураганбыз. Ошондо бутумдун сынганына карабай фестивалга таякчан чыгып ырдап, 2-орунду алып келгем. Таягымды кооздоп алган элем, залдагылар атайын ушундай кооз декоративдик таяк экен деп ойлошсо керек. Калыстар «кыймыл-аракетин, актёрдук чеберчилигин көрсөтө алган жок» деп айтышыптыр. Мен бутумду гипстен жаӊы чечип чыксам, сахнада кантип кыймылдамак элем? Шиш така кийсем көзүмө жаш тегеренип бутум жерге койдурбай оорутканын айтпа. Ошентип барып эле байгелүү орун алганыма ыраазымын.
– Курбуларга байсыӊбы?
– Мурун Бишкектин теӊи эле курбум болчу. Турмушка чыккандан кийин иргелип отуруп эки-үчөө эле калды. Негизи, мырзалар менен жакшы достошом.
– Жолдошуӊду кызганганда...
– Улам-улам «ээ, братан, жакшы эле жүрөсүӊбү?» деп телефон чалып турам.
– Сахнада шайыр экениӊди билебиз, ал эми үйдөчү?
– Бардык жакта бирдеймин, кайын журтума анекдот айтып берип күлдүрүп турам. Досторум болсо «кечени шаӊга бөлөйсүӊ» деп айтып калышат. Алпаруучу болуп жүргөндө «көп күлөсүӊ» деген эскертүүлөрдү алчумун.
– Жолдошуӊ экөөӊөрдүн айырмачылыгыӊар...
– Ал реалист, мен оптимистмин. Учурда жолдошума кыялданганды үйрөтүп жатам.
– Маегиӊе рахмат.

"Ата-энем мени менен сыймыктанышат".

"Жолдошум экөөбүз эки баланын ата-энесибиз, көп балалуу болуу планыбызда бар".

"Жолдошум сүйүктүү актёрум Вин Дизелден да кызганат".

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


Нэна: "Улуу балам ырдаба деп тыйып турат"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(28)
SUPER.KG видео
15.08.2015. 03:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан кызыктуу маек болупур
Бактылуу бол Нена
SUPER.KG видео
15.08.2015. 05:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай шайыр,позитивная кыз экен

SUPER.KG видео
15.08.2015. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нэна эжеге ийгилик!!!
чачынызды узартып да корбойсузбу???
SUPER.KG видео
15.08.2015. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун маек болуптур!уй булоолук бакыт каалайм!
SUPER.KG видео
15.08.2015. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйоому шоу бизнеске аралаштырбайм,себеби куйоом красавчик жоготкум келбейт деген эле бир интервьюда.Чын эле куйоо красавчик мага да жагат.Уй булолук бакыт каалайм.Нэнанын жузундо баары жакшы экен корунуп турат.
Медиа-портал
15.08.2015. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай шайыр айым уй булон менен бактылуу бол,жонокой айым айрымдарга окшоп озун жана уй булосун реклама деле кылбайт,ден соолук ишине ийгилик.
SUPER.KG видео
15.08.2015. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ууртунан жылмаюсуу кетпеген сонун эже да,мага жагат ушул эже,эч кимдин конулун калтырбаган,баарын бетке айткан эжедей корунот.
SUPER.KG видео
16.08.2015. 02:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
йээй! !кыргыздар бири бирине кыргызча суйлойт экенсин го? деп суроо берип калышты э?
Медиа-портал
16.08.2015. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайырдыгы жагат
SUPER.KG видео
17.08.2015. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен мурун жакшы билчу эмесмин Ненаны ырларын угуп койчумун.азыр коруп алып аябай жагып калды соонун суйлойт экен
17.08.2015. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Нарындан жазган салам кат"-деген ырын угуп тажабайм. Ачык айрым создору да маанилуу ордунда таап суйлоптур. Ийгилик.
17.08.2015. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат кыз экен Нэна, акылдуу, создорду орду менен суйлогон жакшы энергиясы бар кыз экен. Мурун анча укчу эмесмин. Бактылуу болсун.
17.08.2015. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коз тийбесин уй булонузго бактылуу болунуз
17.08.2015. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бравону алып барып жатканда азыраак кулчу дей беришет элего ... Катуу гулот го ... Ырларын укпайм бирок озу энергиялуу мыкты кыз экен
17.08.2015. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырларын жакшы коруп угам десемда болот. Сынакка даярданып жатыптыр, Ийгилик каалайм!
17.08.2015. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул ырчы аябай жагат. Жасалмасы жок, ак конул кыздай туюлат.
17.08.2015. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгиликтер коштосун, шайыр эже экенсиз
17.08.2015. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин суйуктуу ырчым Нена эже бактылуу болунуз уй булонуз менен.
SUPER.KG видео
18.08.2015. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй - булоолук бакыт каалайм
18.08.2015. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула
18.08.2015. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик сага Нэна! Бир балаңдын аты Санкара депсиң,бул башкача ат экен,же башка элдикиби?
18.08.2015. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Санкаранын атынын маанисин видеосун көрүп түшүндүм, мен интервьюну окуп сурадым эле
19.08.2015. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куйоо красавец го я
19.08.2015. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super Info, Style Mix triosunun prodyuseri (ili menedjeri bele)Mirgul degen kyzdan da intervyu algylachy suranych. A Nena ejege iygilik!!!
19.08.2015. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tattybubu93,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жекирип коебуз.
19.08.2015. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нена жагат да. Ийгилик каалайм. Желегибизди дагы бир жолу желбиретип келиниз!!!
20.08.2015. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орустардын Елка деген ырчы кызына окшото берем ушу Нархан эжени))
27.08.2015. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйоосу аябай эле красавчик го,бактынарга коз тийбесин!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо