№667 14-август-20-август, 2015-ж
Өткөн саныбызда мушкер Алмазбек Раимкулов Германияда жашаган мекендешибиз, музыкант Вера Осмонкуловадан карызга акча алып, бербей жүргөнүн жазган элек. Мушкер буга «Вера мага жалган жалаа жаап жатат» деген жообун кайтарган болчу. Аталган макала гезитке чыккан соӊ Вера Осмонкулова Алмазбек Раимкулов Германияда жүргөн убакта ага кийим алып берип, жашаган жерине чейин төлөгөнүн айтып агынан жарылды.
– Мен жашоомдо биринчи жолу Алмазбек Раимкуловдой аферист адамды жолуктурдум. Өзүм үчүн да бул жакшы сабак болду деп ойлойм. Бул чычалаганымдан эмес, болгону Алмазбектин туткунуна түшө турган кийинки айымдарга сабак болсун деп айтып жатам. Анткени ал жалган сүйүүсүн канча кызга арнап, канча кыздын башын айлантып жүргөнүн ким билсин. Алмазбек Германияда жашап жүргөнүндө ага кийген кийиминен баштап, жашаган жерине чейин мен төлөгөм. Ассоль Молдокматова менен ажырашкандан кийин ал айым алып берген кийимдерин, машинасын кайра тартып алыптыр. Алмазбек мага эч нерсеси жок келген. Кайра учуп кетип жатканда «мага кетирген каражатыӊдын баарын эсептеп кой, сөзсүз төлөп берем» деп айткан эле. Азыр сурасам, «мүмкүнчүлүгүм жок, болгондо төлөйм» деп камырабай жүрөт. Ага сатып берген тамак-аш, кийим-кечелердин баарынын квитанциялары сакталуу. Алмазбектин кылган кылыктарын айтсам сөз бүтпөйт. Билишимче, анын ар кайсы аялдан никесиз 7-8 баласы бар. Бирок бирөөсүн да ата катары карап, каржылаган эмес.
Менден Кыргызстанга спорт комплексин курам деп да акча алган, көрсө, ошол учурда бир тууган карындашы Москвада бир кишини бычактап, түрмөгө түшүп калыптыр. Менден алган акчага спорт комплексин курбай эле, карындашын түрмөдөн чыгарыптыр. Германияда жашаган батири үчүн күнүнө 50 евродон төлөп, заказ кылган ичимдиктерин сумка менен ташып барчумун. Мас болуп түн ичинде «фашисттер!» деп кыйкырып жүргөндө полиция кармап кетпесин деп жашырганымчы? Айтор, Алмазбекке жакшылык жарашпайт экен. «Сени сүйөм» деп ата-энеси менен тааныштырганын айтпай эле коёюн. Бул адам бардык айымдарын сүйөм демиш болуп ата-энеси менен тааныштырып, акчасын соруп максатына жеткенден кийин жоголуп кетет экен.
Алмазбектин алдоо ыкмаларын жакшы билип калдым. Америкалык кыргыздарды да ушинтип алдап келген, эми европалык кыргыздарды алдаганга өтүптүр. «Качан мени аялдар жайыма коюшат» деп айтканы күйдүрөт, аялдар эмес, өзү аялдарды жайына коё албай жүрөт. Мага карыз болгон акчаны Кыргызстандагы балдар үйүнө котормоюнча Алмазбекти жайына койбойм! Апасы чалып, «сенин көзүӊдү тазалайм» деп коркутту, булар үй-бүлөсү менен эле криминалдашып кетиптир.
Лунара Бекиева
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
алмаз вера ким булар озу Ассоль эжекеге кандай тиешеси бар ушундай адамдар бетинер барбы озу атынар чыкпай калсале бири биринди жамандапле КРдин силерден башка промлемасы жыктан коп
Вера сени колдонуп кеткенин неге эми айтып жатасн ошол мезгилде айтпайснбы ал кезде кайф кылып жургонсун да э
Эскертүү!