КЫРГЫЗ ЧЕК АРАЧЫСЫНА ОК ТИЙДИ

№667 14-август-20-август, 2015-ж

8-август күнү Баткен облусунун Көчө-Карын деп аталган жеринде кыргыз чек ара кызматкери октон жаракат алды. Окуя болгон күнү 10дон ашуун тажик жарандары мыйзамсыз чек арадан өтүшкөнү аныкталып, анын бири кыргыз чек арачылары тарабынан колго түшүрүлгөн. Мыйзам бузгандардын калгандары Тажикстандын аймагына өтүп кетүүгө жетишип, ал жактан кыргыз чек арачыларын көздөй ок чыгарган. Ок кыргыз чек арачысынын бутуна тийген. Айтымдарга караганда, чек арадан мыйзамсыз өтүшкөн тажик жарандары Кыргызстандагы дарыянын нугун өз айылына карай бурмакчы болушкан.
Өткөн аптанын 3-август күнү Баткен облусунун Көк-Таш айылы менен тактала элек аймактагы Май айылында жашаган кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда чыккан жаӊжал чечилип бүтө элек. Талашка түшкөн 20 сотых жер тилкесин алмаштыруу боюнча долбоорлор түзүлүп, аны кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын талкуусуна алып чыкмай болушууда.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
18.08.2015. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз жоокерлери мынча ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-08-18 12:54:07
18.08.2015. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alibi, - эскертүү!
Кимдир бирөөнү мазактоодон алыс болуңуз!
27.08.2015. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу маселе 20 жылдан бери проблема болуп келип жатат. Деги чече турган адам тороло электей сезилет
02.09.2015. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баягы эле мамайдын кору. Не биздин чек арачыларда курал ок дары деген жокпу? атса атып тепсе тээп дегендей оозун ачып таяк жеп кала беришпей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо